МУГАЛИМДЕР КИТЕП ОКУШАБЫ?
- 03.04.2024
- 0
Мектептеги окуучулардын билим сапаты көп жагынан мугалимге көз каранды экендиги белгилүү. Азыркы санарип замандын агай-эжейлери канчалык деңгээлде китепке жакын? Кайсыл китептерге кызыгат? Бүгүн ушул суроолорду иликтеп көрсөк деген ойдобуз.
Сурамжылоонун көңүл жубаткан жыйынтыгы
Биз жогорудагы суроолордун тегерегинде мугалимдерден жабык түрдөгү анкета алдык. Катышуучулар үч даяр жооптун өзүнө жакканын белгилешти. Сурамжылоого Ош, Жалал-Абад облустарынын айыл шартында эмгектенген 25 педагог катышты. Респонденттерге аты-жөнүн, мектебин көрсөтүү талабы коюлган жок.
Респонденттердин 20сы «китеп окуйм» десе, бешөө «кээде» деп жооп берген. Тестирлөөгө катышкандардын арасынан төртөө жылына 10дон ашуун, ону 10го жетпеген, 11 респондент 3-4 китеп окуганын билдик. 17 мугалим адабий китеп окуганды жакшы көрсө, бешөөсү өз предмети боюнча, үчөө педагогика, философияга байланышкан китептерди окуйт. «Китеп окууга эмне тоскоол болот?» деген суроого 17 респондент «жазуу иштеринин, ар кандай отчёттордун көптүгү», 8 респондент «үйдөгү жумуштар тоскоол болот» деп жооп кайтарган. Дагы бир кызык көрүнүш: респонденттердин басымдуу бөлүгү же тагыраак айтканда, 17 катышуучу «Мугалим окуп турса гана мугалим» деген учкул сөз В.А.Сухомлинскийге, төртөө К.Д.Ушинскийге, үчөө А.С.Макаренкого таандык деп көрсөтүшкөн. Бул жерде туура жооп, албетте, орустун улуу педагогу, элдик педагогиканын, эне тилинин баланын инсандык жактан калыптануусундагы баа жеткис орду тууралуу жазып келген Константин Дмитриевич Ушинский экендиги чындык. К.Д.Ушинский ар дайым мугалим өз үстүнөн көп иштеши керек деп айтып келген. Бирок биз респонденттерди бул суроого туура эмес жооп берди дегенден алыспыз. Китеп окубаган мугалим деле өзү билбеген маалыматты Гуглга кирип, алеки заматта билип алса болот. Бизди кубандырган жыйынтык башка. Респонденттердин дээрлик бардыгынын китеп окуганды жактырганы кубанычтуу көрүнүш, анткени китеп окуганга убакыт тапкан мугалим албетте, жаңылыкка, жаңыланууга жакын болору шексиз.
Чыгармачылык менен иштеген мугалимдер эмне дешет?
«Китеп окууга кандай маани бересиз?» деген суроо менен биз өлкөбүздөгү чыгармачылык менен изденип иштеген төрт мугалимге блиц-суроо менен кайрылдык. Бул респонденттерибиз «Кут Билим», «Кутбилим сабак» гезиттери менен тыгыз байланышта болуп, биздин редакцияга элет жеринен эң кызыктуу жаңылыктарды, өз предметтери боюнча сабак иштелмелерин жөнөтүп турушат. Бул топтогулардын жашы жагынан эң эле улуусу — Бишкектеги №55 орто мектептен Билим берүүнүн мыктысы Күлүйпа Мамбетова. Ардагер мугалим өзү окуткан технология жана көркөм өнөр предметинен мугалимдер үчүн эки усулдук колдонмо жазып, басмаканадан чыгарган.
Мындан тышкары, Күлүйпа Акматалиевна – «Жалгыз дарак» жана «Жылдыздуу асман» аттуу эки ыр китептин автору. Биздин сурообузга ал мындайча жооп узатты:
— Методикага байланышкан китептерди үзбөй окуйм. Жаш педагогдорго жардам болсун деген ниетте өз предметим боюнча эки китепти чыгардым. Ыр китептерим да бар.
Алыскы Лейлек районунда эмгектенген курч калем акын, мыкты педагог Тайир Аширбай үчүн китеп окуу – эң жакшы көргөн жумушу. Ал балалык чагынан адабий жана илимий китептерди окуп келерин жазыптыр. Акын мугалим азыр электрондук адабияттарды окуганга чоң мүмкүнчүлүк жаралганын айтат:
— Мен негизинен кыргыз, өзбек, казак жана орус тилиндеги эмгектерди окуймун. Ушул кезге чейин он төрт миң даана китепти окуганга үлгүрүпмүн.
Китеп окууга байланыштуу Тайир Аширбай армиядагы бир окуяны эске салат:
— Жоокердик күндөрүмдү А.С.Пушкин өскөн атактуу Царское Селодо өткөрдүм. Ошол жердеги китепкананын окуу залында эки-үч саат китеп окуп олтура берипмин. Китепканачы мени унутуп коюп, эшикти кулпулап, кетип калыптыр.
Тайир Аширбай азыр өзү төрт китептин автору болду. Учурда анын калемдеш достору арбын.
— Ии, баса, мени окуткан устатым, ардагер агартуучу Жаңылай Бегалиева бир-эки жыл мурда мага кырк даана китепти белекке бергендигин айтып койбосом болбойт. Кечээ жакында бирге иштеген кесиптешим Мактуба Алиматова мага Өзбекстандан Гайрат Мажит ысымдуу акындын «Жолдомун, нурлуу жолдо» деген китебин алып келди. Сөздү уга турган адамга айтып, китепти окуй турган инсанга берүү керек, – дейт ал.
Энергетиктердин шаары Кара-Көлдүн көрүнүктүү мугалими Байыш Мүсүралиевден болсо, өз сурообузга төмөнкүдөй жооп алдык:
— Мен өзү китепти көп окугангандарга, тез окугандарга кирем. Жаңы китеп колго тийсе, дароо окуганга аракет кылам. Көлөмү орто болсо, бир күндө бир-эки китепти окуганга жетишем. Күнүгө кечинде саат сегиз жарымдарда үй-бүлөлүк китеп окуу сааты бар бизде. Адабий китеппи, методикалык китеппи, ага карабай окуй берем. Азыркы учурда «Мугалимдик чеберчиликтин сырлары» деген түрк педагогдорунун колунан чыккан китепти кайталап окуп жатам.
Агайдын айткандарына кошумчалай кетсек, Байыш Мүсүралиев өзүнүн агартуучулук узак жолунда кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча 3 усулдук китепти басмага даярдап чыгарган. Айтуусунда бул усулдук китептер учурунда Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуу педагогдорунун зор баасына татыктуу болгон экен.
Аксы районунун алдыңкы агартуучусу, Надыр Мамбетов атындагы №6 жалпы билим берүүчү орто мектептин директору Узен Атаканов да – китепкөй педагогдордун бири.
— Мен китеп дүйнөсүнө жаштайыман эле аралаштым. Эсимде, 5-класста окуп жатканымда, Касымалы Баялиновдун «Көл боюнда» повестин окуп, китепке болгон кызыгуум ушунчалык арткан. Ошондон бери такай окуп келем. Жакшы китепти издеп таап, ээсинен жалдырап сурап окучумун. Азыркы учурда да иш канчалык көп болбосун китеп окууга убакыт табам. Акыркы окуган китебим «Полиана» болду. Учурда Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» китебин кайрадан окуп жатам, – деп жооп берди ал биздин сурообузга.
Фейсбук баракчасындагы окурмандарына өз ырларын сунуштап жүргөн чыгармачыл мугалимдин ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында балдар үчүн кыргыз тилиндеги эки электрондук китеби жарык көргөнүн кабарлай кетели.
— «Аракет кылсаң, берекет» дегендей өзүмдүн ырлар жыйнагым да басмага даярдалууда, – дейт Узен агай.
Кара-Суудагы чакан мектептин өрнөгү
Кара-Суу районундагы №27 Топ-Терек негизги мектебинде мугалимдерди китеп окууга тарткан иш-чаралар байма-бай өтүп турат.
Жакында эле мугалимдер Гапыр Мадаминовдун “Өзүн-өзү тарбиялоо — асыл инсандык сапат” жана ”Акыл эмгегинин маданияты” китептерин окуп чыккан соң, тест тапшырып, өз сабактарында жогорудагы китептерде айтылган усул-ыкмаларды колдонуп көрүүнү чечишет. Алдыдагы иш-чараны ары-бери өткөрө койбостон, чыгармачылык таймаштын максатын бийик коюп, заман талабына ылайык STEM, PISA программаларын айкалыштырып сабак өтүү милдетин күн мурунтан белгилеп алышат. Угушубузда таймашка өз каалоосу боюнча 10 мугалим катышыптыр.
— Күткөн күн да келип, Гапыр Мадаминовдун китептерине негизделген сынак ары кызыктуу, ары пайдалуу өттү. Шарк айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Рыскелдиев Нээткабыл 1-орунга ээ болгон кыргыз тили жана адабияты мугалими Салтанова Бактыканга өзүнүн эсебинен түстүү телевизор, 2-орундун ээси орус тили жана адабияты мугалими Самидинова Нурияга кир жуугуч машина, 3-орунду ээлеген физика, математика мугалими Бекболотова Гүлданага микроволновка, дагы бир 3-орундун ээси, башталгыч класстар мугалими Жомарт кызы Берметке ток менен нан бышыргыч тапшырды, – дейт конкурстун демилгечиси, мектеп директору Назира Шайлиева.
Баса, конкурска активдүү катышкан мугалимдерге жергиликтүү кеңештин депутаты Кыдырова Райха азыркы билим берүүнүн устаттары Орозали Сайдилкановдун “Заман мектеби” эмгегин, Орозали Сайдилканов менен Абдыкерим Муратовдун “Атыңдан айланайын сабак”, Куштарбек Кимсановдун “Эң мыкты адам”, “Өлкөнү өнүктүрүүчү өзгөчө өрнөктөр», Дүйшөн Шаматовдун “Билим – бакыт канаты”, Гапыр Мадаминовдун “Педагогикалык этюддар”, Адылбек Батыралиевдин “Педагогика”, Кен Робинсондун “Креативдүү мектептер”, Тимотинин “Финдердей окуталы. 33 стратегия” деген китептерин белекке берди. Белекке берилген китептер кийинки сынактын темасы болору бышык.
— Мугалимдер китептерди алмашып окуп, дагы да өздөрүнун чыгармачылыктарын өркүндөтүп, мыктылардын катарын толуктайт деген үмүттөмүн, – деди Назира Шайлиева кичинекей бирок мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү үчүн зор мааниси бар максаттын орундалганына кубанып.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер