МУГАЛИМ ӨЗГӨРГӨНДӨ – КООМ ӨЗГӨРӨТ

  • 14.10.2025
  • 0

Республикадагы 90 миндей мугалим Мамлекеттик билим берүүнүн стандартынын төрт негизги компетенттүүлүгүн (таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүк; социалдык-коммуникативдик; маалыматтык-санариптик; эмоционалдык-инсандык) жана баалуулуктарды камтуу менен жаңыланган сабактардын моделин иштеп чыгып, мамлекет тарабынан коюлган талаптарды аткарышууда. Албетте, жаңы талаптарды ишке ашырууда мектеп мугалимдери жалгыз эмес, аларга мамлекет жана Агартуу министрлиги алгылыктуу колдоолорду көрсөтүп келет. Бирок ошол колдоолорду аткаруу менен мугалим журтчулугу өзгөрдүбү деген суроо өзү эле чыгып келет. Анда эмесе, мугалимдерге сөз берели.

Жаңыча ой жүгүртүүнү талап кылган доор 

Мугалимдерди ойготуп, шыктандыруу үчүн мамлекет, Агартуу министрлиги жаңы окуу жылы башталгандан бери STEM жана чет тили мугалимдерине “Алтын Казык” ноутбуктарды таратты. Аталган ноутбуктар STEM предметтери боюнча сабак өтүүгө ылайыкташылган “Санарип кампа” программасы менен камсыздалган. Агартуучулардын айтымында, бул ноутбуктар мугалимдин сабак өтүүсүнө бир топ жеңилдиктерди алып келди. Мындан тышкары электрондук күндөлүк дагы мугалимдердин ишмердүүлүгүн арттырууга убакытты үнөмдөп берүүдө.

Агартуу министрлиги жөн эле колун куушуруп отурган жок, бардык күч-аракетин мугалимдерди ишке кызыктыруунун, шыктандыруунун үстүндө иштеп жатат.

Коомчулукка белгилүү болгондой, Кыргызстанда билим берүүнү бүтүндөй трансформациялоонун “Алтын Казык” программасы ишке ашырылууда. Бул программада мектептик билим берүү 12 жылдык моделге көчүрүлдү, анын мазмуну заманбап жаңыланды.

“Алтын Казык” — тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк атаандаштыкка келечек муун жөндөмдүү болуу, бул жөндөмдүүлүктү сактап калуу үчүн билимдин жана көндүмдүн бекем фундаментин камсыз кылып, багыт берүүчү маяк экени талашсыз.

«Алтын Казык» — жаш муунду окутуунун жарык жолу

Эльмира ЖУМАЕВА, Жусуп Иманалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин биология мугалими, Нарын району:

МУГАЛИМ ӨЗГӨРГӨНДӨ – КООМ ӨЗГӨРӨТ

— Кыргыз Республикасынын  Өкмѳтү  билим берүү  системасын түп-тамырынан  ѳзгѳртүүгө  багытталган  “Алтын  Казык”   мамлекеттик  программасын  ишке киргизди. Программанын  негизги  максаты  – сапаттуу   билим  берүүнү  камсыз  кылуу,  окуучулардын  жөндөмүн  өнүктүрүү  жана эл аралык  деңгээлге   ылайык   билим   системасын  түзүү  болуп  саналат.

Окуу  системасы  11 жылдык  билим берүүдө, окуучуларга билим берүү базалык   көндүмдөрдү берүү, сабактар теориялык  негизде өтүлгөн. Баалоо системасы  негизинен  тест  жана баа коюу. Ал эми “Алтын  Казык”  программасы  ар  бир окуучунун жөндөмүн  ачуу, компетенцияга негизделген  билим берүү, окуу практикага, долбоордук   ишке  жана жашоо көндүмдөрүнө  негизделген.

Сабактардын мазмуну

  • 11 жылдык: Теориялык багыт негизги, практика чектелген.
  • Алтын Казык: STEM багытына басым жасалып, практикалык жана креативдүү предметтер кирет.
  • Окуу китептери жана методика
  • 11 жылдык: Эски китептер, стандарттык окуу ыкмалары.
  • Алтын Казык: Жаңы китептер, Кембридж жана Сингапур тажрыйбаларына негизделген.

Мугалимдердин ролу

  • 11 жылдык: Теорияны түшүндүрүүчү.
  • Алтын Казык: Фасилитатор, окуучунун активдүү иштөөсүн колдойт.

Баалоо жана экзамендер

  • 11 жылдык: Жазуу жана тесттик баалоо.
  • Алтын Казык: Портфолио, долбоордук жумуштар, презентациялар, практикалык көндүмдөрдү баалоо.

Даярдоо жана келечекке багыт

  • 11 жылдык: Университетке даярдоо негизги максат.
  • Алтын Казык: Жогорку билимге, кесиптик багытка жана дүйнөлүк талаптарга даярдоо.

«Алтын Казык» – бул 11 жылдык системанын модернизациясы, 12 жылдык окуу мөөнөтү, STEM багыты, инновациялык методика жана практикалык көндүмдөр менен айырмаланат. “Алтын Казык”  программасынын  алкагында окуучуларга билим берип жатам, Z муундагы  окуучулардын  санариптүүлүгү жогору  болгондуктан олимпиадага даярдоодо жакшы муүмкүнчүлүктөр бар.

38 жылдык иш тажрыйбам менен биология сабагынан окуучуларды үзгүлтүксүз даярдап, республикалык, дүйнөлүк олимпиадаларга катыштык. ЖРТда биология сабагынан 139 баллга ээ болгон көптөгөн окуучуларым медициналык академияны бүтүрүп, Россияда, Түркияда, Германияда эмгектенип жатышат. Ар дайым чыгармачылык изденүү менен окуучуларга жеткиликтүү билим берүүдө “Алтын Казык” программасы колдоо көрсөтөт, аны өз ишимде пайдаланам. “Алтын Казык” – бул  Кыргызстандын  билим  берүү   тармагындагы  ири  реформанын  негизги  кыймылдаткычы.

STEM багытындагы предметтик мугалимдердин  жоопкерчилиги жогорулады

Жээнбүбү НАДЫРБЕКОВА, Ж.Мамытбеков атындагы №10 жалпы орто билим берүү мектебинин химия мугалими, Аксы району, Жалал Абад облусу:

МУГАЛИМ ӨЗГӨРГӨНДӨ – КООМ ӨЗГӨРӨТ

— 12 жылдык билим   берүү модели терең жана кеңири билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо  менен  билим  берүү  системасына  болгон  талапты  өзгөрттү. Кыргыз   Республикасынын   Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүп,  STEM багытындагы предметтик мугалимдерди  ноутбук  менен  камсыздап,  жоопкерчиликти жогорулатты.  Бул  терең  билим  берүүдө эффективдүү  сабак   өтүүгө  мүмкүнчүлүк  түзүлдү. Окуучулардын сынчыл жана чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө бүгүнкү мугалим интернет булактарынан ар кандай түрдөгү тапшырмаларды алуу үчүн шарты бар, ал эми өткөн окуу жылдарында китеп менен чектелген учурлар болгон, азыр окуучулар теманы жаттоо эмес, окуп түшүнүп, талдоого катышуу зарылчылыгы сабактын интерактивдүүлүгүнө түрткү болду. Жасалма интеллект билим берүү процессинде биздеги мүмкүнчүлүктү күчөттү, сабак көргөзмө куралдарга байыды, бул учурга чейин сабактын көргөзмөлүүлүгү үчүн көп түйшүк тартканбыз. Учурда Ж.Мамытбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде күндөлүк сабактын планын химия жана биология предметтеринин мугалимдери 3С+1Е модели менен жазууну колго алышкан, себеби окутуу усулдарын учурдун талабына ылайыкташтырып, билим берүүнүн активдүү моделине таянуу керек. 3С+1Е модели менен күндөлүк сабактын планын жазууда мугалим изденет, билимдин жеткиликтүүлүгү, толуктуулугу үчүн интерактивдүү ыкманы колдонот. Окуучулар топтук талкууларга, анализдөөгө, тыянак чыгарууга катышат, мындай аракеттер 12 жылдык билим берүүнү ишке ашырууда чоң мааниге ээ. Жасалма интеллект  менен окуучулар иш алып барууда жоопкерчилигин, турмушта керектүү көндүмдөрүн өнүктүрө алышат, бул азыркы учурдагы билим алуунун артыкчылыгы   болсо, өткөн окуу жылдарында даяр маалыматты жаттоо гана болгон. Андыктан азыр окуучу окуп, түшүнүп, түшүнүгүн айтып, талкууга катыша алса, күтүлүүчү натыйжа ишке ашып, окуучу окуп, кыялына жеткен болот. Окуучулардын эс-акылын, ойлонуусун өнүктүрүп, кошумча адабияттар, жасалма интеллект менен иштөөсүн активдештирип, химия предметине болгон кызыгуусун  арттырсак,12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруудагы алгачкы ийгиликтер болуп эсептелет.

7-класста билим предметинде химия боюнча 12 практикалык иш бар, бул практикалык сабактар билимдин сапатын аныктайт, окуучу жөн гана маалымат албастан, талдап, түшүнүп, практикада колдонгонго үйрөнөт, кесиптик багыт алат. 12 жылдык билим берүү процесси терең билимди гана эмес, кесипке багыт алган, жаңылыкты жаратуучу муунду тарбиялоого  багытталган.  Билим берүүдө мугалим менен окуучунун биргелешкен иш-аракети ишке ашкандыктан, мугалим өзү өзгөрүүсү керек.   Мугалимдин кесиптик, педагогикалык, психологиялык, санариптик көндүмдөр жана усулдук билиминин үстүндө изденүүсү учурдун талабы.   Окуучу талдоочу, анализдөөчү, тыянак чыгаруучу болсо, мугалим сабактарды терең өздөштүрүүгө шарт түзгөн жаратуучу, өз алдынча ойлонууну, жоопкерчиликтүү болууну, максат коюп ага жетүүнү үйрөтүүчү болуп эсептелет. Сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачыл көндүмдөрдү калыптандырып, өнүктүрүү багытында  бүгүнкү өтүп жаткан сабагыбызда  Jigsaw, Think-Pair-Share, Gallery Walk, Round Robin, Pair Work (Пазл ыкмасы, ойлон — жуп бол — бөлүш, галерея боюнча жүрүү, кезектешүү ыкмасы, топтук иш) ыкмалары терең орун алды. Бул ыкмаларды колдонуудан окуучулардын функционалдык сабаттуулугу жогорулап, алган билимдин турмуштагы маанисине мисал келтире алышат. Кембридж системасын, Сингапур методикасын  мугалим терең өздөштүрүү  менен сабакта колдонсок, билим сапатын жогорулатууга салым кошкон болобуз. Сапаттуу билим болсо, окуучу келечекте атаандаштыкка туруштук бера алат, алган билимин жашоодо натыйжалуу пайдалана алат. 12 жылдык билим берүү реформасын мектепте ишке ашыруучу —  бул мугалим, андыктан биз учурдун талабына ылайык изденүү жана чыгармачылык менен эмгектенген мугалим болуп  өзгөрүүбүз керек.

“Мугалимдик жүрөк менен иштесең, ар бир өзгөрүүнүн майнабы чыгат”

Гульзар САРИЕВА, Жусуп Сары уулу  атындагы  жалпы  билим  берүү мектебинин башталгыч  классынын мугалими, Жумгал району:

МУГАЛИМ ӨЗГӨРГӨНДӨ – КООМ ӨЗГӨРӨТ

 — Мугалим болуу — бул жөн гана жумуш эмес, бул өмүр  бою адамдын  тагдырына таасир берүүчү  улуу  милдет. Мен өзүм  бул кесипти  жүрөгүм  менен тандагам, бүгүнкү күндө ошол тандоомо  ыраазымын. Ар бир  күн мектептен  башталып, балдардын  көз  карашынан, суроолорунан, жаңы  нерсени  үйрөнгөнгө   болгон дилгирлеринен  күч алам. Ар  бир  мугалим  сыяктуу  эле  мен да түйшүктүн  даамын  татып  келем. Ар  бир  окуучунун  жүрөгүнө жол  табуу, ар кимдин  мүнөзүнө  жараша  мамиле  кылуу — булардын  баары  мугалимдин  ар  күнү  кезиккен  түйшүгү. Бирок  бул  түйшүктүн  артында  жаш  муунга  билим  жана  тарбия берүү  сыяктуу  чоң  миссия  жатат.

Акыркы  жылдары  билим  берүү системасында  олуттуу өзгөрүүлөр  болуп, 12 жылдык  билим  берүү  системасына өтүү  жараяны  ишке  ашууда. Бул  жаңылык башында көпчүлүгүбүздү  ойлонткон, ар  кандай суроолор  жаралганы  да чындык. “Балдар  көнө  алабы?”, “Сабак  оор болуп  кетпейби?”, “Ата-энелер  кандай  кабыл  алат?” деген кооптонуулар  болду. Бирок  мугалим  катары мен  бул  системанын  жакшы  жактарын  көрүп  жатам. Азыркы программалар  заманбап, окутуу  мазмуну балдардын  жаш өзгөчөлүгүнө  ылайыкталган.  Окуучулар  мурдагыга  салыштырмалуу эртерээк  ой  жүгүртүүгө, маселени  өз алдынча  чече  билүүгө, ойлорун  так  айтууга  үйрөнүшүүдө. Башталгыч  класстарда  чыгармачылыкка, логикага, критикалык  ой  жүгүртүүгө  багытталган  сабактар  көбөйдү. Китептер  кызыктуу, жеткиликтүү, заман  талабына  ылайык  келүүдө. Эң  негизгиси, 12  жылдык билим берүү  системасы баланын өнүгүүсүнө  кеңири мүмкүнчүлүк  берет экен. Окуучу  акырындык  менен  билим  алып, татаалдашкан темаларды жаш курагына ылайык өздөштүрүүдө. Бул өз  кезегинде баланын  окууга  болгон кызыгуусун  арттырып, психологиялык басымды азайтат.

Мугалим  катары менин милдетим — бул системаны туура түшүнүү, анын ичинен 12 жылдык билим берүү системасы — бул келечекке  жасалган олуттуу  кадам. Биз, мугалимдер, бул өзгөрүүнү  кабыл  алып, аны  балдарга  жеткиликтүү  кылып  түшүндүрүп  бере  алсак, анда  билим  сапаты  дагы  жакшырмак. Ар бир мугалимдин  жүрөгүндө балага  болгон    сүйүү, жоопкерчилик жана  ишеним болгондо  гана билим берүү  чыныгы  натыйжа  берет деп терең ишенем.

Айылдагы ар бир жаңы окуу жылы — жаңы үмүт, жаңы  милдет. Бирок быйылкы өзгөрүү  өзгөчө   чоң — 12 жылдык билим берүүгө өтүү  жана жаңы окутуу  методдорун сабактарыбызга киргизүү  болду. Сингапур методун кыргыз мектептеринде колдонуу акырындык менен кеңейүүсү мени кубандырбай койбойт. Ал үчүн  мугалимдерге   атайын окутуулар, семинарлар уюштурулуп, сабактарды интерактивдүү  форматта өткөрүү  шарттары  түзүлүүдө. Мугалим  катары бул жаңычыл кадамды кубаттайм, бирок анын артында кандай  жоопкерчилик турганын  да  сезе  билем.

Айыл шартында кыйынчылыктар да жок эмес. Кээде ресурстар да жетишпейт, кээде убакыт тар. Сингапур методун колдонууда мугалимге даярдык, убакыт жана чыдам керек. Айрым учурда  ар бир окуучуну активдештирүү  кыйын. Баары эле топто иштөөгө  даяр эмес. Бүгүнкү  окуучулар мурункудай  эмес. Ал маалыматты  китептен эмес, телефонунан  алат. Демек, мугалимдин  милдети — маалымат  берүү  эмес, ой жүгүртүүгө үйрөтүү деп эсептейм. Жаңы программада баланы жаттоого эмес, ой жүгүртүүгө, талдоого, сүйлөөгө көбүрөөк  талап кылынат. Бирок акырындап, көнүгүү менен жыйынтык өзүн көрсөтөт.

Сабактарда кызыктуу ыкмаларды колдонууда, балдар бири-бири менен сүйлөшүп, ой бөлүшүп, сабактын борборуна айланып жатышат.  Сабакты  отуруп  эле уккан бала эмес, сүйлөп, талдап, оюн билдирген окуучу пайда болууда. Бул — мугалим  үчүн  чоң  кубаныч. Алардын көздөрүндөгү  кызыгуу мен үчүн эң чоң сыйлык.

Балдар эркин ой жүгүртүп, пикир айтуудан тартынбай  калышат. Бул ыкмалар окуучунун акыл жүгүртүүсүн, сүйлөө  маданиятын, лидерлик  сапатын  жана өзүнө ишенимин өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Мугалимдик жүрөк менен иштесең, ар бир өзгөрүүнүн майнабы чыгат.  Мен ишенем: 12 жылдык билим берүү жана Сингапур методунун  айкалышы — замандын талабына жооп берген инсанды тарбиялоонун жолуна  айланат.

Жанара ПЫШАЛИЕВА, Анарбек Токтогожоев атындагы Көк-Сай орто мектебинен башталгыч классынын мугалими, Айтматов району,  Талас облусу:

МУГАЛИМ ӨЗГӨРГӨНДӨ – КООМ ӨЗГӨРӨТ

— Заман талабына ылайык Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү колго алынып, алгачкы этаптары ийгиликтүү ишке ашып келе жатат. Бул билим берүү тармагындагы өзгөрүүнүн негизги максаты — эл аралык стандарттарга шайкеш билимди чет өлкөлөрдө таанууга өбөлгө болот. Даярдык этабында республика боюнча мугалимдер окуудан өтүп, жер-жерлерде 12 жылдык билим берүү боюнча 1-2-5-7-класстарды окутууну башташты.

Ар бир жаңы башталган иштин артыкчылыктары жана  кемчиликтери сөзсүз болбой койбойт. Артыкчылыктарын айта турган болсок: балдар предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө шарт түзүлөт, мугалим менен окуучунун ортосунда сапаттуу, жекече иш жүргүзүлөт жана эң негизгиси окуучулар өздөрүнүн кызыгуусуна, жөндөмүнө жараша багыт тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ушул жерден мисал катары, мен 12 жылдык билим берүүгө алгачкылардан болуп кабыл алынган 1-класстардын математика китебиндеги өзгөчөлүктөргө токтолгум келди. Бул китепте сандарды саноо, салыштыруу, сандардын арасындагы боштуктагы санды табуу, эң чоң, эң кичине сандар бардыгы сүрөттөрдүн жардамы менен туура жана тез табууга ыңгайлуу түзүлгөн. Б.а. тамганы толук тааный элек окуучу китепте берилген сүрөттөргө карап ыкчам ой жүгүртүү менен тапшырманы жеңил иштей алат. Ал эми маселе чыгарууда дагы ошол эле иш дептериндеги сүрөттөрдү суроого жараша туташтырып табуу аркылуу жообун оңой бере алат. Бул жазуу ишин эми гана өздөштүрүп келе жаткан окуучу үчүн көп деле кыйынчылык жаратпайт, тескерисинче, бир кыйла кызыктуу. Мурда аталган материалдарды окутууда мугалим атайын көрсөтмөлөрдү чыгарып даярдык көрүшү керек болсо, азыр даяр китеп, иш дептери менен иш алып барууда.

Эми 12 жылдык билим берүүдөгү айрым кыйынчылыктарды айта турган болсок: окуу китептеринин толук даяр боло электигин, жаңы системага ылайыкташуудагы маселелер, жаңы программа жана баалоо системасында мугалимдер көбүрөөк иштеп, үйрөнүү зарылчылыгынан улам кошумча жүк менен отуруп жаткандыгы сыяктуу бир аз кыйынчылыктар болууда.

Жыйынтыктап айтканда, 12 жылдык билим берүүнү толук ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жалпы коомчулук, мугалимдердин дыкат даярдыгы, ата-энелердин түшүнүгү өтө маанилүү ролду ойнойт.

Кымбат ИБРАИМОВА, Маданият айылы Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинин биология мугалими, Бакай-Ата району, Талас облусу:

МУГАЛИМ ӨЗГӨРГӨНДӨ – КООМ ӨЗГӨРӨТ

— Сингапурдун 12 жылдык билим берүү системасындагы STEM (Science, Technology, Engineering, Mathematics) багытындагы ыкмалары дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбалардын бири болуп саналат. Бул ыкма билим берүүнү жөнөкөй маалыматты жаттоодон алыстатып, окуучулардын илимий жана техникалык түшүнүктөрдү практикалык иш-аракет, долбоорлоо жана көйгөйлөрдү чечүү аркылуу өздөштүрүүсүнө басым жасайт. 12 жылдык жаңы ыкмаларды ишке ашырыш үчүн ар бир мектептерге толук кандуу шарт түзүлүш керек. Онлайн китептер менен сабактар окутулуп жатат. Китептер жогорку деңгээлде түзүлгөн. Агартуу министрлигинен мугалимдерге, айрыкча, STEM/STEAM (Илим, Технология, Инженерия, Искусство жана Математика) багытындагы мугалимдерге ноутбуктардын берилиши жана аларга атайын маалыматтардын жүктөлүшү – бул заманбап билим берүүнү киргизүүдөгү маанилүү жана туура кадам деп ойлойм.

​Себеби: Ноутбуктарга жүктөлгөн материалдар мугалимдерге «санарип мугалим» болууга, сабакка даярданууда жеңилдик алып келип, окутууда интерактивдүү жана жаңы ыкмаларды (3D-моделдер, симуляторлор, санариптик лабораториялык иштер ж.б.) колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Бул алардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

​Окуучулар үчүн STEAM багытындагы окутуу өзү эле изилдөөчүлүккө, долбоорлоого жана чыгармачылыкка негизделгендиктен, ал эми санариптик ресурстар жана ноутбуктар менен иштөө сабактарды өтө кызыктуу болот. Сингапурдун методдору менен STEAM багытындагы санариптик окутууну айкалыштыруу – Кыргызстандын 12 жылдык билим берүү системасына өтүү алкагында окуучулардын билим сапатын эл аралык деңгээлге жеткирүүгө жана аларды келечектеги кесиптерге даярдоого багытталган абдан натыйжалуу жана келечектүү жол экендигин түшүнөлү. Барыбыз биргеликте мамлекетке колдоо көрсөтүп жаңыланууга багыт алалы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер