МЕНЧИК МЕКТЕП АЧУУ ЖЕҢИЛДЕДИ
- 15.09.2025
- 0
Буга чейин мамлекеттик мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы жана мектеп директору болуп иштеген Айбек Токтобаев учурда менчик мектеп ачууга камынып жатат.
Тажрыйбалуу педагог өзүнүн мындай чечимине өкмөттүн акыркы чечимдери негиз болгонун айтат.
— Мурдагы талаптар мага окшогон демилгелүү адамдарды токтотуп келген болсо, азыркы жеңилдетилген тартип айыл жергесинде да альтернатива түзүүгө шарт берди, — дейт ал.
Айбек агайдай жаңы тартиптен пайда таап жаткандар өлкөбүздө жок эмес. Бул жаатта ийгиликтүү иштеп жаткандардын катарында
Ош шаарындагы “Алтын тажы” мектеби да бар. 2023-жылы негизделген бул мектеп 250 балага эсептелип, учурда 370 окуучу билим алууда. Директорунун айтымында, мурда лицензия алуу дээрлик бир жылга созулса, азыркы өзгөрүүлөр менен жаңы корпусту ачууга документтерди бир нече ай ичинде алууга мүмкүн болуп калды.
Бишкектеги “ЭлМектеп” жеке гимназиясы
2024-жылы ата-энелердин демилгеси менен ачылган. Алгач 120 бала кабыл алынып, азыркы учурда 300гө жетти. Мектеп жетекчилиги лицензиялоо тартиби жеңилдесе, жаңы окуу блокторун ачып, заманбап лабораторияларды курууга батынарын айтууда.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин жеке мектеп ачуу үчүн ондогон документтерди чогултуу зарыл болсо, эми алардын саны кыскартылды. Лицензия алуу үчүн негизги документтерди электрондук форматта АИС “Лицензиялоо” системасы аркылуу онлайн тапшырууга шарт түзүлдү.
Мисалы, мурда мектеп ачам деген ишкер жер тилкесинин техникалык паспорту, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын уруксаты, өрт коопсуздугу боюнча бүтүм жана башка көптөгөн кагаздарды ар кайсы мекемеден айлап күтчү. Азыр болсо бул талаптар жеңилдетилип, негизги шарт — окуучулар үчүн коопсуз жана ылайыктуу имарат, сапаттуу билим берүү программасы жана тиешелүү кадрлар болушу зарыл.
Билим берүү боюнча эксперттер Кыргызстанда менчик мектеп ачууга болгон кызыгуунун күчөшүн менчик мектептерди ачуу жана лицензиялоо тартибинин жөнөкөйлөшү менен түшүндүрүшүүдө. Өкмөттүн бул кадамы билим берүү системасында орун тартыштыгы күчөгөн, ата-энелер сапаттуу билим издеп жаткан учурда ишке ашууда.
Министрлер кабинети билим берүү тармагындагы бул реформанын негизги максаты — мамлекеттик мектептердеги орун тартыштыгын азайтуу жана ата-энелерге альтернатива берүү экенин белгиледи.
Бул арада Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев:
“Биз жеке сектордун мүмкүнчүлүгүн колдоп, атаандаштык түзүүнү каалайбыз. Мектеп куруу жана иштетүүдө бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салуу — сапаттуу билим берүү үчүн негизги кадам”, — деп билдирди.
Өкмөттүн мындай аракеттерине карабастан, жеке мектеп ачууда көйгөйлөр толугу менен чечиле элек. Мисалы, айыл жергесинде финансылык мүмкүнчүлүк чектелүү. Ишкерлер мектеп курууга даяр болсо да, инфраструктура — электр энергиясы, жолдор, интернет маселеси тоскоолдук жаратууда.
Мугалимдердин жетишсиздиги да оркоюп турат. Айрым райондордо кадр маселеси курч бойдон калууда. Билимдин сапатын көзөмөлдөө да зарыл. Эксперттердин айтымында, лицензиялоо шарттары жеңилдеген менен, билим берүү сапатына көзөмөл күчтүү болушу абзел.
Ошентип менчик мектептерди ачуудагы жаңы эрежелер — Кыргызстандын билим берүү системасындагы олуттуу кадам. Бул өзгөрүүлөр жаңы демилгелерге жол ачып, ата-энелерге тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бирок сапат жана стандарт маселеси унутулбай, мамлекет тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынса гана, жеке сектордун өсүшү жалпы билим берүүнүн өнүгүшүнө чыныгы салым кошо алат.
Маалымат үчүн айта кетели. Республика боюнча 2 377 мектептин ичинен 219у жеке менчик болуп эсептелет. Алардын көпчүлүгү Бишкек (108) жана Ошто (54) жайгашкан.
Акыркы беш жыл ичинде жеке мектептердин саны дээрлик эки эсе өскөн. Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, 2027-жылга чейин жеке сектордун үлүшү жалпы мектептердин 15%ына жетиши мүмкүн.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер