МЕКТЕПТЕРДЕ «ЭРУДИТ-КВИНТЕТ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНДАРЫН КАНДАЙ УЮШТУРУУГА БОЛОТ?

  • 24.01.2023
  • 0

Билим берүү мекемелеринде «Эрудит-Квинтет» интеллектуалдык оюнун кандай уюштуруу керек? Ал бир нече кадамдан турат.

МЕКТЕПТЕРДЕ «ЭРУДИТ-КВИНТЕТ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНДАРЫН КАНДАЙ УЮШТУРУУГА БОЛОТ?

1-кадам: Оюндун эрежесине ылайык бир топто бештен окуучу болот. Алгач, дал ошол топторду түзүп алуубуз керек.

2-кадам: Ар бир топко экиден жооп баракчасын таратып берүү керек.

3-кадам: Биринчи жооп баракчасына биринчи турда ойнолуучу категориялар жана жооптор жазылат. Алып баруучу ар бир суроону окуп болгондон кийин, окуучулардын ойлонуп жооп жазуусу үчүн аларга 40 секунд убакыт берет. Белгиленген убакыт бүткөн соң алып баруучу кийинки суроону окушту баштайт.

4-кадам: Ар бир турда бештен категория, ар бир категорияда бештен суроо болот. А бирок суроолордун жайгашуу тартиби жөнөкөйдөн татаалга карай орун алгандыгын эскертип кетүү керек. Демек, жооп баракчасында ар бир суроо үчүн атайын сандар көрсөтүлгөн. Эгерде окуучулар 10 упайлык суроого туура жооп берсе, анда аларга 10 упай, 20 упайлык суроого туура жооп берсе, анда аларга 20 упай берилет. А бирок окуучулар 30 упайлык суроого туура эмес жооп жазышкан болсо, анда алгачкы 30 упайынан 30 упай кемитилет жана жалпы упайы 0го тең болот. Эгерде топ мүчөлөрү суроого эч кандай жооп жазбай турган болсо, анда көрсөткүч 0 боюнча тура берет. Кабыл алынган эрежеге ылайык бир турда ар бир топ мүчөлөрү сөзсүз түрдө кеминде 25 суроодон 5 суроого жооп жазышы милдеттендирилет.

5-кадам: Биринчи тур аяктагандан кийин жооп баракчалары жыйналып алынып, калыстар тобу тарабынан текшерүүгө алынат. Жыйынтыгында топтордун туура жана туура эмес упайлары кошулуп, кемитилип отуруп, алардын жалпы упайы маалымдалат. Мисалы, +120 упай, +20 упай, же болбосо -1200 упай, -60 упай болушу мүмкүн. Бул көрсөткүчтөр топтун жоопторуна байланыштуу болот.

6-кадам: Биринчи жана экинчи тур аяктагандан кийин топтордун жалпы упайы маалымдалат жана алдыңкы беш топ финалга жолдомо алат. Эгерде топтордо бир эле топ + менен, ал эми калган топтор – менен оюнду жыйынтыктай турган болсо, анда эң төмөнкү – алган топтор финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

7-кадам: Финалда да беш категория ойнотулуп, ар биринде бештен суроо болот. А бирок финалга чыккан беш топтун окуучулары бирден гана оюн талаасына чыгышат. Ар бир топтон чыккан беш окуучу катары менен отуруп алышат. Алып баруучу алгач категориялардын ирети менен тааныштырат. Ал эми окуучулар категорияны ич ара тандап алышып, ар бир категория үчүн бирден чыгышат. Алып баруучу суроону окуп болгондон кийин 30 секунд убакыт берилет. Ким биринчи болуп кол көтөрсө, ошол оюнчу жооп берүү укугуна ээ болот. Эгерде эч ким жооп бербей турган болсо, анда алып баруучу жообун айтып, кийинки суроого өтө берет. Финалдык турда да адаттагыдай эле суроолор жеңилден татаалга карай 10, 20, 30, 40, 50 упайлык болуп ирети менен берилет. Эгерде команда мүчөсү туура эмес жооп берсе, анда ал топ минуска кирип кетет. Биринчи категориянын беш суроосу ойнотулган соң оюнчулар алмашып, ордуна команданын кийинки мүчөсү келип отурат. Эгерде беш категория жыйынтыкталган учурда кайсы топ такыр жооп берүүгө аракет жасап, кол көтөрбөгөн болсо, анда ал топ автоматтык түрдө оюндан четтетилет. Оюн ушундай тартип менен улантылат.

МЕКТЕПТЕРДЕ «ЭРУДИТ-КВИНТЕТ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНДАРЫН КАНДАЙ УЮШТУРУУГА БОЛОТ?

Жооп баракчасы

I ТУРДУН КАТЕГОРИЯЛАРЫ:

  1. Пляж
  2. Матрица «КУ»
  3. Белгилүү сүрөтчүлөр
  4. Гүлдөр
  5. Канаттуулар

II ТУРДУН КАТЕГОРИЯЛАРЫ:

  1. Белгилүү инсандар
  2. Катар үнсүздөр
  3. Кесиптер
  4. Баарык Кдан башталат
  5. Матрица «ПЕ»

ФИНАЛДЫК КАТЕГОРИЯЛАР

  1. Адан Ага чейин
  2. Гарри Поттер
  3. Австралия
  4. Салат
  5. Жыландар

Пляж

Пляж 10. Сен-Мартен аралындагы Махо пляжында чоң толкундар дээрлик жадыбал боюнча пайда болот. Албетте, мындай толкундар сёрфинг сүйүүчүлөрүн өзүнө тартат. Сиздер бул пляждын жанында канайым Жулиананын ысымы менен аталган кандай объект бар экендигин айтыңыздар.

Жообу: Аэропорт.

Түшүндүрмө: Бул пляж аэропортко жакын болгондуктан, учактар эс алуучулардын башынан 10-20 м гана бийиктиктен учуп өтөт. Учак себептүү пайда болгон чоң толкундар сёрфинг сүйүүчүлөрүн өзүнө тартат.

Пляж 20. Лас-Вегастагы эң чоң мейманканалардын бири жасалма пляж жасаган. Алгач алар 250 пляждын кумун изилдеп чыгып, андан кийин денеге жагымдуу жана сырткы көрүнүшү кооз кумдарды алып келишкен. Сиздер кызматкерлер кайсыл эл аралык уюмдун стандарттарына жооп берген кумдардын аралашмасын жасагандыгын айтыңыздар.

Жообу: Эл аралык пляж волейбол федерациясы.

Пляж 30. XIX кылымдын аягында Коктебел пляжы үч бөлүккө бөлүнгөн: эркектер, аялдар жана алар үчүн. Аларды табууда сиздерге сүрөтчү Петров-Водкиндин эмгеги жардамга келет. Сиздер пляждын үчүнчү бөлүгү эмнелер үчүн кызмат кылгандыгын айтыңыздар?

Жообу: Аттар үчүн.

Түшүндүрмө: Сүрөтчү Петров-Водкиндин «Кызыл атты жуунтуу» деген эмгеги бар.

Пляж 40. 1985-жылдан баштап Европа шериктештигинин атайын комиссиясы европалык пляждарды эки себептен улам көк желек менен сыйлап келет. Биринчи себеби пляждын ыңгайлуулугу үчүн. Сиздер экинчи себепти айтыңыздар.

Жообу: Экологиялык жактан таза болгондугу үчүн.

Түшүндүрмө: Белгилүү болгондой пляждарда тазалыкты көзөмөлдөп туруу да чоң мээнетти талап кылат.

Пляж 50. «В-52» журналы эс алуу алдындагы кеңеш катары пляжга бара жаткандарга алгач аны иретке келтирүү керек экендигин айтат. Макалада ага төмөндөгүдөй мүнөздөмө берилет: «Ал – формага ээ болгон бийлик». Аны эки муундан турган сөз менен айтыңыздар.

Жообу: Булчуң.

Түшүндүрмө: Булчуңдун көрктүү болушу сиздин пляжда уялбай жүрүшүңүзгө себеп болот.

Матрица «КУ»

Матрица «КУ» 10. Байыркы Грецияда бул нерсе сөөктөн же айнектен жасалган. Өз мезгилинде ал шарап, сыра же бал ичүү үчүн колдонулган идиш катарында колдонулган. Аны бир сөз менен айтыңыздар.

Жообу: Кубок.

Түшүндүрмө: Бүгүнкү күндө кубок спорттук ири мелдештерде жеңүүчүлөргө берилүүчү негизги сыйлык катарында каралат.

Матрица «КУ» 20. Бул жердеги үңкүрдү алгач ресторанга айландырмакчы болушкан. А бирок анын айланасындагы мүрзөлөр себептүү бул ойдон кайтышып, аны башка объектке айландырышкан. Сөз эмне жөнүндө болуп жаткандыгын тапкан болсоңуздар, анда анын илгерки атын айтыңыздар.

Жообу: Беракух.

Түшүндүрмө: Беракух – Сулайман-Тоонун мурунку аты. Сөз Сулайман-Тоодо жайгашкан мураскана тууралуу болуп жатат.

Матрица «КУ» 30. Бул инсан Леонид менен алгачкы ирет жолукканда төмөндөгүдөй сөздөрдү уккан: «Сага макияж жасабасак да болот. Себеби сенин жүзүң күлкүлүү экен. Сага чоң кирпиктерди чапташсын. А сен көзүңдү ирмеңдетесиң. Бул кыймыл сенин жүзүңдүн көркүн ачат». Сиздер бул инсандын атын айтыңыздар.

Жообу: Юрий Владимирович Никулин.

Түшүндүрмө: Жогорудагы сөздөр кинорежиссёр Леонид Иович Гайдай тарабынан айтылган.

Матрица «КУ» 40. Бул инсан 19443-жылы эффективдүү дем алдыруучу түзүлүштү ойлоп тапкан. А бирок 1997-жылдын 25-июнунда 87 жаш курагында дем алуу органдарынын оорусунун татаалданышынан улам миокард инфарктынан каза болгон. Сиздер бул инсандын аты-жөнүн айтыңыздар?

Жообу: Жак-Ив Кусто.

Түшүндүрмө: Жак-Ив Кусто алгачкылардан болуп суу алдында дем алдыруучу түзүлүштү, тагыраак айтканда, аквалангды ойлоп тапкан.

Матрица «КУ» 50. «Кантип бактылуу болуу керек?» деп аталган советтик тасмада жазуучу өзүнүн чыгармаларын өрттөп жиберет. Анын бул иш-аракетине күбө болгон уулу өкүнүү менен чет элден келген ушул сөздү эстейт. Сиздер дал ошол сөздү айтыңыздар.

Жообу: Макулатура.

Түшүндүрмө: Тасмада бала кагаздын кайра иштетилбей калгандыгына өкүнөт.

Белгилүү сүрөтчүлөр

Белгилүү сүрөтчүлөр 10. Белгилүү сүрөтчү Илья Ефимович Репин өзү төрөлгөн Чугуев шаарындагы үйлөр бири-бирине абдан окшош болгондуктан, жадагласа, алар да жаңылып калгандыгын эскерет. Аны үч муундан турган бир сөз менен айтыңыздар.

Жообу: Көгүчкөн.

Түшүндүрмө: Кат ташыган көгүчкөндөр окшош үйлөрдү көп учурларда алмаштырып жиберген.

Белгилүү сүрөтчүлөр 20. Бул белгилүү сүрөтчү тамактанып бүткөндөн кийин көп учурларда курма жегенди адатка айландырган. Сиздер анын аты-жөнүн айтыңыздар?

Жообу: Сальвадор Дали.

Түшүндүрмө: Курма жеген учурда колдор шире болот. Ал эми шире болгон колдор анын мурутун иретке келтирүү үчүн жардам берген.

Белгилүү сүрөтчүлөр 30. Механик Энди Сондерс унаасы үчүн адаттан тыш тюнинг ойлоп тапкан. Натыйжада, эшиктери кыйшайган, радиатор капталга жылган, эки фарасы бир тараптан орун алган унаа пайда болгон. Сиздер механик бул унааны кайсыл сүрөтчүнүн аты менен атагандыгын айтыңыздар?

Жообу: Пабло Пикассо.

Түшүндүрмө: Пабло Пикассонун сүрөттөрүндө да адамдын дене мүчөлөрү көп учурда ордунан жылып кеткендигин көрүүгө болот.

Белгилүү сүрөтчүлөр 40. Бул мексикалык сүрөтчү өзүнүн автопортреттери менен белгилүү. Ал эми анын мурутунун болуусу аны дүйнөгө дагы да болсо таанымал кылган. Бул кайсыл сүрөтчү?

Жообу: Фрида Кало.

Түшүндүрмө: Анын муруту болгон. А бирок сүрөтчү аны көп учурда жашырууга аракет кылган.

Белгилүү сүрөтчүлөр 50. Анын чыгармачылыгында деңиздерди, сууну чагылдырган картиналар басымдуулук кылат. 1837-жылы «Тынч деңиз» ага Италияга акысыз саякаттап келүүгө мүмкүнчүлүк берген. Сиздер сөз болуп жаткан сүрөтчүнүн атын айтыңыздар.

Жообу: Иван Константинович Айвазовский.

Түшүндүрмө: Ал «Тынч деңиз» картинасы үчүн Италияга акысыз саякаттап келүү сыйлыгына ээ болгон.

Гүлдөр

Гүлдөр 10. Россиялык жазуучу Михаил Пришвиндин чыгармасында бул гүл мындайча ойлонот: «Эгерде өтүп бара жаткан адам мага көңүл бурбаса, анда ал өзүн гана сүйөт». Сиздер бул гүлдүн атын айтыңыздар.

Жообу: Ромашка.

Түшүндүрмө: Көп учурда ромашканы адамдар кимдир бирөөнүн аны сүйөрүн же сүйбөшүн текшерип көрүү максатында үзүп алышат.

Гүлдөр 20. Лихтенштейндеги ресторандардагы идиштерди кооздоодо роза гүлдөрүн пайдаланышпайт. Себеби розанын жыты даам сезүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Андай болсо алар кайсыл гүлдү пайдаланышарын үндүү менен сөз менен айтыңыздар.

Жообу: Орхидея.

Түшүндүрмө: Орхидеянын жыты роза гүлүнө салыштырмалуу төмөнүрөөк болот.

Гүлдөр 30. 1980-жылы советтик гүл өстүрүүчүлөр Москва олимпиадасынын урматына бул гүлдүн жаңы түрүн өстүрүшүп, аны «Олимпиада оту» деп аташкан. Анын отко окшош экендигин эске алып, анын атын каалаган тилде айтыңыздар.

Жообу: Тюльпан. Жоогазын деген жооп да кабыл алынат.

Түшүндүрмө: Гүл өстүрүүчүлөр оттой жаркыраган жоогазындарды өстүрүп, аларды «Олимпиада оту» деп аташкан.

Гүлдөр 40. XV кылымда Францияда бул шириндик «таффи» деген ат менен белгилүү болгон. 1902-жылы кондитер Жозюэ де Морнас анын рецептин Санкт-Петербургда сынап көрүп, ага башка аталышты ойлоп табуу керек деп чечет. Кызыгы, дал ошол шириндиктин аты менен бирдей гүлдүн түрү да бар. Сиздер үндүү менен башталган гүлдүн атын айтыңыздар.

Жообу: Ирис.

Түшүндүрмө: Сөз «Ирис» деп аталган шириндиктер жөнүндө болуп жатат.

Гүлдөр 50. Бул Кыргыз эл жазуучусу 2012-жылы 88 жаш курагында дүйнө салган. Сиздер анын калемине таандык гүлдөр менен аталган эки чыгармасын айтыңыздар.

Жообу: «Астра гүлү», «Жапайы розалар».

Түшүндүрмө: Сөз Зуура Сооронбаева жөнүндө болуп жатат.

Канаттуулар

Канаттуулар 10. Журналист Фазиль Абдулович Искандер бул канаттууну аккордеонго окшотот. Сиздер канаттуунун аталышын айтыңыздар?

Жообу: Үндүк.

Түшүндүрмө: Үндүктүн эркеги куйругун жайган учурда кудум эле аккордеонго окшойт.

Канаттуулар 20. Бул социалдык тиркеменин логотибинен көмүскөдө жаткан он беш даана тегерекчени көрүүгө болот. Сиздер сөз болуп жаткан тиркемени эмес, андагы канаттуунун атын айтыңыздар.

Жообу: Колибри.

Түшүндүрмө: Сөз Twitter тиркемеси тууралуу болуп жатат.

Канаттуулар 30. Бул канаттуунун сырткы көрүнүшү абдан кооз болгону менен а бирок анын добушу анчалык жагымдуу эмес. 2011-жылы тартылган мультфильмде ал бакшы менен ата-энесинин сөзүн угуп калып, натыйжада тагдырын өзгөртүүнү каалайт. Сиздер сөз болуп жаткан канатуунун мультфильмдеги атын айтыңыздар.

Жообу: Лорд Шэнь.

Түшүндүрмө: Сөз «Кунг-фу Панда — 2» мультфильми жөнүндө болуп жатат.

Канаттуулар 40. Желиндүү айбандардын бир түркүмү болгон дамандар күнгө түз карай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул иш-аракет аларга дал ушул жырткыч канаттуудан кутулууга жардам берет. 1966-жылы тартылган кыргыз тасмаларынын биринде баш каарман аны таштап кеткендигин көрүүгө болот. Сиздер канаттуунун атын эмес, тасмада аны таштап кеткен каармандын кичүү уулунун атын айтыңыздар.

Жообу: Калык.

Түшүндүрмө: «Бакайдын жайыты» тасмасында каарман карып калган бүркүттү таштап кетет.

Канаттуулар 50. Бул канаттуу тынчтыктын жана үмүттүн символу катары белгилүү. Ал сиздердин каалоо-тилектериңиздерди орундатуусу үчүн сиздер аны адамдарга тартуу кылышыңыздар керек. Мен сиздерден бул канаттуунун атын эмес, каалоо-тилектер орундалышы үчүн аны канча адамга белек кылуу керек экендигин сураймын.

Жообу: 1000 (миң).

Түшүндүрмө: Сөз турна жөнүндө болуп жатат. Жапониялык Садако Сасаки ысымдуу кыз он жашында шыпааканада жатып кагаздан 644 турна жасап жатып көз жумган. Кийинчерээк ал жасаган турналарды миңге жеткиришип, кагаздан жасалган миң турнаны аны менен кошо жероге беришкен. Ошол мезгилден баштап турна Жапонияда тынчтыктын жана үмүттүн символу катарында белгилүү.

Белгилүү инсандар

Белгилүү инсандар 10. XIX кылымдын аягында балдары менен Лондонду кыдырып жүргөн Ханна кээде көчөдө бара жаткан адамдардын кыймыл-аракетин туурап, алардын көңүлүн көтөргөн. Сиздер Ханна кайсыл белгилүү инсандын апасы болгондугун айтыңыздар.

Жообу: Чарли Чаплин.

Түшүндүрмө: Ханна – Чарли Чаплиндин апасы болгон. А балким апасындагы куудулдук жөндөм кийин баласына өткөн болушу мүмкүн. Чарли Чаплин ичкилик себептүү 37 жаш курагында дүйнө салган.

Белгилүү инсандар 20. Интернеттеги тамашалардын биринде бул бейтап дарыгерге мындайча арызданат: «Мен күнү-түнү бир эле коркунучтуу түштү көрүп жатам. Мен Антарктидадамын. Айланамда пингвиндер. Алар барган сайын көбөйүп, мени муз жардан деңизге карай түртүшөт». Сиздер бул бейтаптын ордунда кайсыл белгилүү инсан болгондугун айтыңыздар.

Жообу: Билл Гейтс.

Түшүндүрмө: Бүгүнкү күндө «Windows» менен атаандашкан «Linux» [линикс] системасынын символу пингвин болуп саналат.

Белгилүү инсандар 30. Бул шайманды алгач дан эгиндерин ажыратып алуу максатында колдонушкан. Ал эми бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинде ал курал катарында классификацияланат. Сиздер сөз болуп жаткан курал 1972-жылы Батыш өлкөлөрүндө ким аркылуу белгилүү болгондугун айтыңыздар.

Жообу: Брюс Ли.

Түшүндүрмө: Сөз нунчактар тууралуу болуп жатат.

Белгилүү инсандар 40. Бул белгилүү инсан өз интервьюларынын биринде мындай дейт: «Күндөрдүн биринде биздин жатаканабызга өзгөчө сулуу жигит келди. Мен андан качууга аракет жасадым. Себеби ал мени ар дайым кайдадыр алып кеткиси келчү». Сиздер бул интервьюну берген актрисанын аты-жөнүн айтыңыздар.

Жообу: Наталя Варлей.

Түшүндүрмө: Наталя Варлей «Кавказ туткуну» тасмасында Нинанын ролун ойногон.

Белгилүү инсандар 50. Гвинеялыктар жөргөмүш, малагасилер зебра, индейлер жылкы. Сиздер тибеттиктердин көз карашы менен дал келген атактуу англичлык инсанды атаңыздар.

Жообу: Чарлз Дарвин.

Түшүндүрмө: Чарлз Дарвин адамдын маймылдан келип чыгышы жөнүндөгү теориясын айткан.

Катар үнсүздөр

Катар үнсүздөр 10. 2008-жылы белгилүү студиянын сүрөтчүлөрү бир канча убакыт таштандыларды аралап, ар кандай унаалар менен аппараттардын иштөөсүнө көз салышкан. Сиздер алар кайсыл эмгектин үстүндө иштеп жатышкандыгын жазып бериңиздер.

Жообу: ВАЛЛ-И.

Түшүндүрмө: Сөз «Pixar» анимациялык студиясы тарабынан даярдлаган таштандыны иреттөөчү робот жөнүндө болуп жатат.

Катар үнсүздөр 20. Россия империясында жана Советтик Россияда 1930-жылдарга чейин бул илим атчан жана артиллериялык окуу жайларында окутулган. Сиздер бул илимдин атын грек тилинен келген сөз менен жазыңыздар.

Жообу: Иппология.

Түшүндүрмө: Иппология – байыркы грек тилиндеги «ат» жана «сөз» деген сөздөрдөн келип чыккан жылкылар жөнүндөгү илим.

Катар үнсүздөр 30. Бул сөздү француз тилинен которгондо «сүртүү» деген маанини берет. Ал эми араб тилинде «тийүү», «сезүү» деген маанилерди туюндурат. Үнсүз менен башталган бул кайсыл сөз?

Жообу: Массаж.

Түшүндүрмө: Француз тилинде «masser», араб тилинде «mass» деп аталат.

Катар үнсүздөр 40. Euglandina [эвгландина] деп аталган үлүлдүн түрү дүйнө жүзүндөгү эң ылдам кыймылдаган үлүлдөрдүн бири болуп саналат. Аны тамактануу өзгөчөлүгүнөн улам «Ушундай үлүл» деп аташат. Сиздер «ушундай» деген сөз кайсыл сөз менен алмашкандыгын жазыңыздар.

Жообу: Каннибал.

Түшүндүрмө: Үлүлдүн бул түрү өзү сыяктуу башка үлүлдөрдү кууп жеш үчүн жогорку ылдамдыгын колдонот. Мына ошондуктан үлүлдүн бул түрүн илимде «Каннибал үлүл» деп коюшат.

Катар үнсүздөр 50. Испанияда айтылып жүргөн тамашалардын биринен: Жаш баладан «Сен христиан болгуң келеби?» деп сурашат. А бирок бала сурооду туура эмес түшүп алып, мындай дейт: «Жок, мен ал болгум келет». Ал деген сөздүн ордунда жашырылган адамдын аты-жөнүн алфавитте катар келген эки тамга менен жазып бериңиздер.

Жообу: Лионель Месси.

Түшүндүрмө: Испан тилинде «христиан» деген сөз «криштиану» деген сөз менен баш тамгасынан гана айырмаланат. Тамашада бала Криштиану Роналдуну айтып жатат деп ойлоп, ал башка футболчунун атын, тагыраак айтканда, Лионель Мессидей болгусу келерин айткан.

Кесиптер

Кесиптер 10. Жаш мезгилинде Том Савининин достору үйлөрүнө моюну же колдору кесилген, башы күйгөн абалда көп барышкан. Бүгүнкү күндө Том Савини бул кесипти аркалаган инсандардын арасында эң белгилүүлөрүнүн бири болуп саналат. Сиздер анын кесибин жазып бериңиздер.

Жообу: Гримёр.

Түшүндүрмө: Ал жаш мезгилинен баштап бул кесипке көңүл буруп, бой жеткенде «Өлгөндөр таңы» жана «Өлгөндөр күнү» деп аталган тасмалардагы эмгеги үчүн эң мыкты грмёр катарында таанылган.

Кесиптер 20. Жазуучу Михаил Веллер мындай деп жазат: «Өз мезгилинде бул кесип ээлери Ленинди «багуучу» деп аташкан. Ал анткени Ленин себептүү алар 10 000 ден ашуун буюртма алышкан». Сиздер бул кесип ээлеринин кыргызча аталышын жазып бериңиздер?

Жообу: Бедизчи.

Түшүндүрмө: Тагыраак айтканда, советтик скульпторлор. Лениндин эстелигине болгон суроо-талап көптөгөн бедизчилердин үзгүлтүксүз буюртмаларды алуусуна себеп болгон.

Кесиптер 30. Бул кесип ээлери мүмкүн болушунча төмөнкү үч иш-аракетти жасабаганда аракеттенишет: ачуу тамактарды жеп-ичүү; тамеки тартуу; спирттик ичимдиктерди колдонуу. Жумжак үнсүз менен башталган бул кесиптин жазып бериңиздер.

Жообу: Дегустатор.

Түшүндүрмө: Дегустатор – ар кандай ичимдиктердин жана тамак-аштардын даамын татып, аларга баа берүүчү адис. Жогоруда саналган үч иш-аракет бул кесип ээлеринин даам билүү сезимине тоскоолдук жаратат.

Кесиптер 40. 1996-жылы Австралиялык С.Вестернак банкты тоноого кылдат даярдык көргөн. А бирок анын «Каракчылык! Баарыңар жерге жаткыла!» деген сөзү залда күлкүнү жараткан. Аны колго алган милиция кызматкерлери ага дарыгердин ушул түрүнө кайрылууну сунуш кылышкан. Сөз кайсыл кесип тууралуу болуп жатат?

Жообу: Логопед.

Түшүндүрмө: Австралиялык С.Вестернак ысымдуу каракчы кекеч болгон.

Кесиптер 50. Америкалык актриса Грейс Келли бул кесип ээлеринин иш таштоосунан улам нымдуу чачы менен фотосессияда жүргөн. Сиздер бул кесип ээлерин төрт муундан турган сөз менен жазып бериңиздер.

Жообу: Энергетик.

Түшүндүрмө: Грейс Келли электр жарыгы жок болгондуктан, чачын фен менен кургатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.

Баары «Кдан» башталат

Баары «Кдан» башталат 10. Бул сөздү латын тилинен которгондо «төмөн», «таштоо», «ыргытуу» деген маанилерди берет. Төрт муундан турган бул сөздү жазып бериңиздер.

Жообу: Катапульта.

Түшүндүрмө: Катапульта — Байыркы мезгилдерде чептерди курчоого алууда колдонулган согуш куралы.

Баары «Кдан» башталат 20. «Манас» эпосунда Алмамбет, Чубак, Сыргак, Көкчө, Музбурчак баш болгон Манастын бел байлаган баатырлары кытайдын дал ушул көзгө атар мергенинин колунан окко учушат. Сөз кайсыл каарман тууралуу болуп жатат?

Жообу: Кожожаш.

Түшүндүрмө: Эпосто Кожожаш Манастын колунан, Аккелтенин акыркы огунан каза болот. «Көзгө атар» деген сөз сиздерди туура жоопко жетеледи деп ойлойбуз.

Баары «Кдан» башталат 30. Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен бул сөздү кезиктирүүгө болот. Ал эми XIX кылымдын башында адамдар бул нерсени пайдалана баштагандыктан, натыйжада киттерге болгон аңчылык төмөндөп кеткен. Сиздер үч үндүү катышкан бул сөздү жазып бериңиздер.

Жообу: Керосин.

Түшүндүрмө: Повестте Толгонай Касымдын керосин жыттанган колдорун эстейт. XIX кылымга чейин адамдар киттерге чырак майы үчүн аңчылык жасашкан.

Баары «Кдан» башталат 40. 2012-жылы тартылган тасмалардын биринде башкы каармандар учак кырсыгы себептүү белгисиз аймакта калып кетишет. Мына ошондо жарадар болгон адамды дарылоо үчүн командир ушул буюмду бузууга буйрук берет. Бул буюмдун атын эки туюк муундан турган сөз менен жазып бериңиздер.

Жообу: Компас.

Түшүндүрмө: Белгисиз токойдо аларга компас керек болушу мүмкүн эле. А бирок командир аны сындырууга буйрук берет. Себеби компастын ичинде жараны дезинфекциялоо үчүн спирт болгон. Сөз «В белом плену» тасмасы тууралуу болуп жатат.

Баары «Кдан» башталат 50. Кинорежиссёр Такэси Китано тарткан комедиянын каарманы жер алдына түшүп кенч издемекчи болот. Жер алдына түшөр алдында ал Хти өзү менен ала кетет. А бирок ал механика менен иштегендиктен, натыйжада каарман жер алдында жарылууда калып кетет. Сиздер Х ордунда катылган сөздү жазып бериңиздер.

Жообу: Канарейка.

Түшүндүрмө: Каарман шахтага түшөт. Белгилүү болгондой шахталарда канарейка канаттуулары уулуу газдарды алдын ала сезүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. А бирок каарман механика аркылуу иштеген канарейканы алып алгандыктан, ал аны сактай алган эмес.

Матрица «ПЕ»

Матрица «ПЕ» 10. Лондондун Кенсингтон бакчасында флейтада ойноп жаткан баланын коло эстелиги бар. Ал 2004-жылы 100 жашка толгон. А бирок убакыт аны бир күн да карыта албайт. Сиздер баланын атын эки бирдей тамга менен башталган сөздөр менен айтыңыздар.

Жообу: Питер Пен.

Түшүндүрмө: 1904-жылдын 27-декабрында «Питер Пен» пьесасынын премьерасы болгон.

Матрица «ПЕ» 20. Бул нерсе аркылуу адамдар айлана тегеректи күзөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аны грек тилинен келген бир сөз менен айтыңыздар.

Жообу: Перископ.

Түшүндүрмө: Перископ – грекче «periscopeo» деген сөздөн келип чыгып, бизче мааниси «айланамды караймын», «изилдеймин» деген маанилерди берет.

Матрица «ПЕ» 30. [Таркатма материал] Сиздердин алдыңыздарда Патагонияда жайгашкан Канаттуулар аралынын сүрөтү турат. Сиздер бул сүрөткө карап, 1929-жылы Аргентинадагы почта компанияларынын биринин директору болуп эмгектенген адамдын аты-жөнүн жазып бериңиздер.

Жообу: Антуан де Сент-Экзюпери.

Түшүндүрмө: Антуан де Сент-Экзюпери аба почтасынын пионерлеринин бири болгон. Тагыраак айтканда, Aeropostale Argentina компаниясынын директору болуп эмгектенген. Бизге жеткен маалыматтардын биринде жазуучу учактан көп жолу көрүп өткөн бул аралдын формасы ага пилди жутуп алган Удав жыланын элестеткен. Кийинчерээк бул идея анын «Кичинекей канзаада» чыгармасынан орун алган.

Матрица «ПЕ» 40. 2004-жылдын 1-июлунда чуулгандуу уурулуктан кийин борбор калаадагы гезиттердин бири «Сиз биздин пилди көрдүңүзбү?» деп аталган макала жарыялашкан. Сиздер уурулук болгон борбор шаарды жазып бериңиздер.

Жообу: Копенгаген.

Түшүндүрмө: Уурулар Даниянын эң жогорку ордендеринин бири болгон Пил орденин уурдап кетишкен. Бул орден пилдин формасында баалуу металлдардан жасалат.

Матрица «ПЕ» 50. Сан-Францискодогу «Алтын дарбаза» көпүрөсүнүн сырдалуучу бөлүгү 10 млн чарчы метрди түзөт. Бул көпүрөнү сырдоо үчүн түзүлгөн малярлардын жетекчиси Рокки Делларокко мындай деп тамашалайт: «Бир четинен баштайсың, анан экинчи четине барасың. А бирок көп убакыт өтпөй кайра эле башынан сырдап чыгууга туура келет». Ал бул сөздү айтып жатканда дагы бир сөздү иштеткен. Ал иштеткен сөздү эки муундан турган сөз менен жазып бериңиздер.

Жообу: Пенсия.

Түшүндүрмө: Албетте, көпүрөнү толугу менен сырдоо көп убакытты талап кылат. Сырдоо иштери жыйынтыгына жеткен учурда эң алгач башталган жери эскирип келе берет.

Адан Ага чейин

Адан Ага чейин 10. 1942-жылы Мурманск шаарынын милиция бөлүмү жаңы имаратка көчүп өтүүгө мажбур болушкан. Алардын көчүүсүнө таасирин тийгизген материалдык объектти атаңыздар.

Жообу: Авиабомба.

Түшүндүрмө: 1942-жылы Мурманск шаары немис учактары тарабынан катуу бомбаланган. Бомбалоонун натыйжасында алдыңкы имарат жараксыз абалга келип, натыйжада алар имаратты алмаштырууга мажбур болушкан.

Адан Ага чейин 20. 1999-жылы түзүлгөн бул компаниянын аталышын «казына издөө» деп которуп койсок да болот. Сиздер бул компаниянын аталышы кимдин урматына коюлгандыгын айтыңыздар.

Жообу: Алибаба.

Түшүндүрмө: Сөз «Alibaba» деп аталган онлайн дүкөн тууралуу болуп жатат. Белгилүү болгондой «Алибаба жана кыркы каракчы» жомогу казына менен байланыштуу.

Адан Ага чейин 30. Франциялык Жозеф Моннье ысымдуу багбан 1867-жылы өзүнүн гүл идиштеринин сапатын бекемдөө максатында өзгөчө ыкманы ойлоп тапкан. Ошол окуядан кийин анын ойлоп табуусун адамдар «Монньенин темири» деп атай башташкан. Ал эми бүгүнкү күндө ал ойлоп тапкан нерсе кеңири пайдаланылат. Сиздер Жозеф Моннье гүл идиштерин бекемдөө үчүн алгачкылардан болуп эмнени пайдалангандыгын айтыңыздар.

Жообу: Арматура.

Түшүндүрмө: Бул инсан ичке арматураларды колдонуу аркылуу бетондон жасалган гүл идиштерин бекемдөө идеясын ойлоп тапкан. Бүгүнкү күндө арматура болоттон жасалат.

Адан Ага чейин 40. Бул сөз латын тилинде «кичирейтүүчү» деген маанини туюндурса, ал эми грек тилинде «амфора» деген мааниде келет. Бул жерде сөз герметикалык жабылган идиш тууралуу болуп жатат. Сиздер анын аталышын жазып бериңиздер.

Жообу: Ампула.

Түшүндүрмө: Ампула – заманбап мааниде дары-дармектерди сактоочу идиш.

Адан Ага чейин 50. Байыркы Римде жергиликтүү тургундар кеменин мачтасын ушундай аташкан. Адатта, алар анын үстүнө чыгып душмандардын кыймыл-аракеттерине көз салышкан. Эки үнсүз катар келген бул кайсыл сөз?

Жообу: Антенна.

Түшүндүрмө: Бүгүнкү күндө да антенналарды мүмкүн болсо бийик жерге койгонго аракет кылабыз.

Гарри Поттер

Гарри Поттер10. 2002-жылы Гарри Поттердин көптөгөн күйөрмандары «Скуби-Ду» тасмасын көрүү үчүн массалык түрдө театрларга барышкан. Алардын театрга барышына себеп болгон нерсени англис тилинен келген бир сөз менен жазып бериңиздер.

Жообу: Трейлер.

Түшүндүрмө: Күйөрмандар «Гарри Поттер жана сырлар каанасы» тасмасынын чыгышын чыдамсыздык менен күтүп, театрга анын трейлерин көргөнү барышкан.

Гарри Поттер 20. «Гарри Поттер» тасмасынын эпизоддорунун биринде Гарри менен Рон бири-бири менен сүйлөшпөй, Гермионанын жардамы менен сүйлөшүшөт. Аягында тажаган Гермиона «Мен силерге Афина эмесмин» деп айтат. Биз «Афина» деген сөздү кайсыл сөз менен алмаштырдык?

Жообу: Үкү.

Түшүндүрмө: Белгилүү болгондой тасмада бардык кабарлар үкүлөр аркылуу жеткирилет. Үкү – байыркы грек кудайы Афинанын атрибуту.

Гарри Поттер 30. Рита Скитер – «Гарри Поттер» сериясындагы каарман. Күйөрмандардын айткан бир верциясына ылайык, Рита сыйкырчылар дүйнөсүнөн чыгарылып, ага башка тапшырма жүктөлгөн. Сиздер ага жүктөлгөн ишти эмес, ал каарман кимге айлангандыгын эки сөз менен жазып бериңиздер.

Жообу: Жоан Роулинг.

Түшүндүрмө: Рита Скитер – окуялардын баарына өзү күбө болгондугу үчүн аны сыйкырчылар дүйнөсүнөн чыгарып, ага Гарри Поттер китептерин жазуу тапшырмасы жүктөлгөн.

Гарри Поттер 40. Бүгүнкү күндө Уэльстин жээгинде «Гарри Поттер» тасмасындагы бул каарманга арналып атайын күйөрмандар тарабынан мүрзө курулган. А бирок бул иш-аракет таштандылардын көбөйүшүнө алып келгендиктен, жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдирип келишет. Сиздер бул каармандын атын эмес, анын мүрзөсүнө коюлган бир нече буюмдардын атын кыргыз алфавитинде экинчи тамга менен башталган сөз менен жазыңыздар.

Жообу: Байпак.

Түшүндүрмө: Күйөрмандар Гарри Поттер эльф Доббини көмгөн жерди таап, ага арнап мүрзө курушкан. Алар мүрзөгө бир канча байпактарды коюп кетишкен. Байпак – Добби үчүн сүйүктүү кийим-кечектердин бири жана эркиндиктин символу болгон.

Гарри Поттер 50. «Гарри Поттер» тасмасында эң күчтүү каармандардын аты-жөнү окшош тамгалар менен башталат. Мисалы, III орунда Северус Снейп турса, ал эми II орунда Минерва Макгонагалл турат. Сиздер I орунда турган каармандын аты-жөнүн айтыңыздар.

Жообу: Геллерт Гриндевальд.

Түшүндүрмө: Геллерт Гриндевальдды тасмада Волан-де-Морт өлтүрөт.

Австралия

Австралия 10. Эгер сиз аны үйдө багууну чечсеңиз, анда Австралиянын Квинсленд штатынын мыйзамдарына ылайык сизге 40 000 $ айып пул салынат. Эгер сиз аны Австралияга алып барууну кааласаңыз, анда ал канчалык «тарбиялуу» болбосун, сиз айып пул төлөп гана тим болбостон, өмүр бою визаңыздан ажыратылып, кайра кайтарыласыз. Аны беш тыбыштан турган бир сөз менен жазып бериңиздер.

Жообу: Коён.

Түшүндүрмө: Бир кездерде Австралиянын экологиясына олутуу зыян келтирген коёндорго каршы күрөшүү жергиликтүү мыйзамдарда бүгүнкү күндө да сакталып турат.

Австралия 20. XIX кылымда жеңил жана соккуга чыдамдуу жыгачка ээ болгон дарактын түрү Индияга, XX кылымда Австралияга алынып келинген. Сиздер ал дарактан эмне жасаларын эки сөз менен жазып бериңиздер.

Жообу: Крикет битасы.

Түшүндүрмө: Сөз болуп жаткан дарактын түрүнөн крикет биталары жасалат. Бүгүнкү күндө бул оюн Англияда гана эмес, Индия жана Австралияда да кеңири ойнолот.

Австралия 30. Австралиянын пляждарында жылына бир жолу күнөстүү ысык күнү эс алуучулар кызыл силуетти көрүү үмүтү менен алысты тиктеп турушат. Сиздер силуеттин ордунда катылган каарманды эки сөз менен жазыңыздар.

 

Жообу: Аяз ата.

Түшүндүрмө: Декабрь жана январь айларында Австралияда 30°С ысык болуп, бул учурда пляж сезону кызуу жүрүп жаткан болот. Ал эми Аяз ата чана менен эмес, сёрфинг тактасы менен келет.

Австралия 40. 1881-жылы Лондонго Австралиядан бир кеме келет. Кемеге барган журналист таң калуу менен анын таштай катуу экендигин жазган. Себеби ошол мезгилдерде аны Австралия алгачкы жолу Лондонго экспорттогон. Сиздер аны бир муундан турган сөз менен айтыңыздар.

Жообу: Эт.

Түшүндүрмө: Ага чейин Австралия негизинен койдун жүнүн гана экспортточу. А бирок көп сандагы асыл тукумдуу койлордун этин эмне кылуу керек экендигин көп ойлонушкан. Себеби Австралияда калктын саны аз болчу. Мына ошондо алар тоңдурулган этти ойлоп табуу менен аны Лондого жеткирүү мүмкүн экендигин билишкен. Анын үстүнө ошол мезгилдерде шаарда тамак-аш абдан кымбат болгон. Шаардыктар үчүн эттин ташка айланышы кереметтей көрүнгөн.

Австралия 50. 1979-жылы Манилага жакын жерде люкс Марбелла курорту ачылган. Филиппиндик диктатордун жубайы Имельде Маркос курорттогу ушул нерсе көңүлүнө жакпагандыктан, аны алып келүү үчүн Австралияга учак жөнөткөн. Анын атын бир сөз менен жазып бериңиздер.

Жообу: Кум.

Түшүндүрмө: Учак Австралиядан көп өлчөмдө кум алып келген.

Салат

Салат 10. Мирон Гениндин «Акыркы сокку» деп аталган повестинде баш каарман ресторанда отуруп, салаттын ушул түрүнө буюртма берет. Андан соң вилка менен алты ирет сайып, тарелканы бир четке жылдырып коёт. Сиздер бул салаттын атын жазып бериңиздер.

Жообу: Цезарь.

Түшүндүрмө: Вилка менен алты ирет сайганда баары биригип 24 сокку болот. Бул сан Цезардын жараттарынан бир санга көп.

Салат 20. Артем Вейнанын айтымына караганда,  бул салаттын түрүн кулинардык колледждин студенттери ойлоп табышкан. Бир ирет алар досун куттуктоо үчүн гүлгө акча таппай, анан ушул салатты жасоого аргасыз болушат. Сиздер бул салаттын түрүн үч үндүү катышкан бир сөз менен жазыңыздар.

Жообу: Мимоза.

Түшүндүрмө: Суроодогу «гүл» деген сөз туура жоопту тапканга бир илмек болчу. Ал анткени мимоза деген гүлдүн түрү да белгилүү.

Салат 30. Бул салаттын түрүн орустар ойлоп табышкан эмес. А бирок орус эли салаттын бул түрүн абдан көп пайдаланышат. Мындан сырткары француздар да бул салатты «орус салаты» деп аташат. Бул салаттын атын үч муундан турган сөз менен айтыңыздар.

Жообу: Винегрет.

Түшүндүрмө: Орусияда бул салат белгилүү майрамдарда даярдалат.

Салат 40. Кафеге кирген кыз-жигит официанттан салаттын бул түрүн угуп, анын сырткы көрүнүшүн болжолдошот. Кыз айтат: «Балким,  бул салатты жасоо үчүн бир гана тоголок азык-заттарды пайдаланышат окшойт». Жигит айтат: «Балким бул салаттын түсү көк болуп жүрбөсүн». Кыз-жигит талкуулап жаткан салаттын атын сиздер табыңыздар.

Жообу: Нептун.

Түшүндүрмө: Кыз-жигит салаттын атын Нептун планетасына окшоштуруп мүнөздөгөн. Нептун планетасы негизинен суутек, гелий жана метандан тургандыктан, алар планетаны көк түскө боёп турат.

Салат 50. Бул салаттын классикалык өзгөчөлүгү — аны жасоо үчүн азык-заттарды жана мөмө-жемиштерди майда тууроонун кереги жок. Ал эми Иерапетра шаарынын тургундары бул салатты жасоо аркылуу Гиннестин рекорддор китебине кирген. Сиздер бул салаттын аталышын жазып бериңиздер.

Жообу: Грек салаты.

Түшүндүрмө: Иерапетра – Грециядагы шаар.

Жыландар

Жыландар 10. Бул жыландын үстү көгүш, оозунун тегереги саргыч, ал эми боору ак. Узундугу 37 см, жоондугу 7 см. Кызыгы, жыландын бул түрү дүйнөдөгү эң кымбат-баалуу жыландардын бири болушу мүмкүн. Бул жыланды табууда «бийлик», «акыл-эс» жана «билим» деген сөздөр жардамге келет. Сиздер бул жыландын атын эки сөз менен жазып бериңиздер.

Жообу: Бриллиант жылан.

Түшүндүрмө: Сөз Чолпонбек Абыке уулунун «Бриллиант жылан» чыгармасы тууралуу болуп жатат.

Жыландар 20. Байыркы Индияда кол жазмаларды зыянкечтерден коргоо максатында ушул нерсени пайдаланышкан. Аны эки сөз менен айтыңыздар.

Жообу: Жыландын териси.

Түшүндүрмө: Байыркы Индияда кол жазмалардын негизги душманы болуп термиттер эсептелинген. Ал эми жыландын териси термиттерди коркутуп, кол жазмаларга жакындаткан эмес.

Жыландар 30. Мындай жылан Американын ажайыпканасында пайда болгондо кызматкерлер аны ачкачылыктан сактап калууну чечишкен. Бул үчүн алар жыланга чычканды көрсөтүшүп, жылан ага жеткен учурда анын башына уруп сабашкан. Мына ошондо бул жыландар узак убакыт жашай башташкан. Сиздер сөз болуп жаткан жыландын өзгөчөлүгүн айтыңыздар.

Жообу: Эки баштуу. Сөз эки баштуу жыландар жөнүндө болуп жатат.

Түшүндүрмө: Жаратылышта эки баштуу жыландар көп кездешет. А бирок алар көп учурда тамак талашып өлүп кетишет. Ажайыпкананын кызматкерлери жыландын бир башын гана тамактандырган. Натыйжада, экинчи башында тамактан боо рефлекси пайда болгон.

Жыландар 40. Эскертүү! Биз төмөнкү суроодо чыгарманын атын өзгөртүп окуйбуз. «Ар түрдүү жыландар» китебинин автору жазган маалыматтарга караганда, чоң жыландар оозун ачкан учурда үч тамгадан турган үндү чыгарышат. Сиздер дал ошол үндү жазып бериңиздер.

Жообу: Каа.

Түшүндүрмө: Редьярд Киплинг өзүнүн «Жунгли китебинде» питон Каа эмне үчүн ушундай аталгандыгын түшүндүрүп берген.

Жыландар 50. XIX кылымда жашаган француз механиги Жак де Вокансон өзү ойлоп тапкан бир канча механикалык буюмдары менен белгилүү болгон. Ал чоор ойноп жаткан механикалык чабанды, механикалык өрдөктү жана механикалык жыланды ойлоп тапкан. Ал жасаган жылан өзүнөн ышкырган дабыш чыгарып, аны кармаган адамдын баарын чаккан. Сиздер бул жылан кайсыл мекеменин буйругу менен жасалгандыгын айтыңыздар?

Жообу: Театр.

Түшүндүрмө: Жак де Вокансон жасаган жылан Клеопатра жөнүндөгү пьесаларда колдонулган.

Барчын Абдылсакы кызы, Ош шаарындагы №52

«Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер