МЕКТЕПТЕГИ ЖООЛУК МАСЕЛЕСИ КАЙРАДАН КӨТӨРҮЛДҮ

  • 29.01.2021
  • 0

Базар-Коргон районунда жоолук салынган окуучуларды мектепке киргизбей жатканы тууралуу окуучу кыздын ыйлап жардам сураган кайрылуусу социалдык желеде чагылгандай тарады. Райондук билим берүү бөлүмү өз кезегинде жоолук салынып келүүгө чектөө жок экенин, бирок хиджаб менен мектепке келүүгө тыюу салып жатканын билдиришти.

“Бир тараптуу маалымат”

“Эжекеден запкы жеп, өзүмдү өлтүрүп алгым келип атат. Ар тараптан мени кысымга алып жатышат. Жүрөгүм кысылып атат. Жардам бергилечи”, — деген аудио кайрылуу Базар-Коргон айылындагы мектептердин биринде окуган окуучу кызга таандык экен. Ал мектепке жоолук салынып барган үчүн мугалимдерден жеме угуп, басмырлоого кабылганын айтат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевдин айтуусунда, мектептер алгоритмге ылайык реалдуу окутууну баштаган кезде, өздөрүн толук тааныштырбаган, билим берүүгө жол тосуп, ар кандай интернет айдыңына жалган маалымат чыгаргандар мектептердин иш алып баруусуна кедергисин тийгизип жатат.

— Акыркы күндөрү бүтүндөй өмүрүн билим берүүгө арнаган мугалимдердин эмгегин жокко чыгарып, “нөл” деп баалаган укук коргоочу пайда болду. “Кеңеш маалымат” уюмунун жетекчиси, укук коргоочумун деп өзүн тааныштырган Кубанычбек Бакировдун көкүтүүсү менен билим берүү бөлүмүнө, мектеп деректирлерге, мугалимдерге ар кандай жол менен телефон аркылуу түрдүү суроолорду берип, жашыруун диктофонго жаздырып, камерага тартып, ютуб каналына (https://youtu.be/HPvb_bYKDhY шилтемеси менен) 2021-жылдын 19-январы күнү, (https://youtu.be/ulOAP4m-EJs шилтемеси менен) жана 20-январы күнү бир тараптуу видео маалыматты чыгарып, жалпы мугалимдерди каралаган жосундар болду, — дейт С.Сариев.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө 19-январь күнү алты-жети аял, эки эркек өздөрүн тааныштырбай, камерага, телефонго тартып, жаздырып, ызы-чуу салышкан. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы окуучулар мектеп формасын кийип келүүгө милдеттүү экенин белгилеп, өкмөттүн токтомун эске салган.

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы токтомунун негизинде жалпы билим берүү уюмдарында бирдиктүү форма кийүүгө милдеттүү. Өкмөттүн 2011-жыл, 12-сентябрдагы токтому менен бекитилген “Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобонун” 7-бабындагы 75-берененин 42-бөлүмүндө: “Ички тартипти сактоо боюнча жалпы билим берүү уюмунун, анын ичинде мектептик кийим талаптарын аткарууга окуучулар милдеттүү”, — деп жазылган. Ушул ченемдерге таянып, мыйзам бузуу мектептерде болгон жок десек да, түшүнгүлөрү келген жок. Жаш жеткинчек окуучулардын ишенчээктигинен пайдаланып, укук коргоочу каалаган жолго буруп алуу аракетин жасап, мугалимдердин тарбия берүүсүнө каршы үгүттөп жатат. Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 10-, 18-,19-беренелерине таянсак, биздин беделибизди түшүргөндүгүнө байланыштуу сотко кайрылууга аргасыз болобуз, — дейт бөлүм башчы.

Жаңыдан реалдуу окутууну уюштуруп жаткан мезгилде, сабак учурунда эч кимден уруксатсыз окуучу кыздарды алып чыгып кеткен адамдар пайда болгон.

С.Далбаев гимназия-мектебинде 2021-жылдын 19-январь күнү сабак учурунда бир топ окуучуларды мектептен сабак учурунда алып чыгып кетишсе, Кеңеш айыл аймагындагы К.Бакиев ат. орто мектебинин деректири менен орус тили жана адабияты мугалиминин телефонуна 13-январда окуу процесси маалында ата-энемин деп телефон чалып, WhatsAppтан аудио жазууну жана басмырлаган маалыматты жөнөткөн. Деректирдин кызмат абалына чейин асылган. Азыркы тапта ушул окуянын айынан деректир ооруканага жатып калган. Ошондой эле Сейдикум айыл аймагындагы мектептин деректири Сайитова Токтобүбүнү сабак мезгилинде алагды кылып, класстан тышкары иштерди уюштуруучу Маматсаева Алиманы тоготпостон, мектепке келип, мыйзамсыз иш жүргүзүшкөн.

— Кеңеш айыл аймагындагы №11 М.Алыкулов гимназия-мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асыранова Үпөлдүн сабак учурунда ишине жолтоо кылып, телефондо жалган аталышта өзүн тааныштырып, сүйлөшкөн сөздөрүн жашыруун диктофонго жаздырып, аны монтаждап, уруксатсыз ютуб каналына чыгарып, укугун тебелешкен. Мындай осол жосунга №6 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиянын деректири Матраимов Арстан да кабылган. Ага ата-энемин деп бир топ чагымчыл маанайдагы суроолорду берип, сүйлөшүүлөрдү кыркып, кыскартып, интернет тармактарына жарыялашкан. №25 К.Артыкалиев орто мектебинин деректири Дубанаев Өмүрбекке да психологиялык чабуул кылышкан, — дейт Сопубек Сариев.

Жоолук салынууга тыюу жок

Базар-Коргон районунда жоолук салынып барган ондон ашык мектеп бар экен. Алардын бири Кеңеш айыл аймагындагы №11 М.Алыкулов атындагы мектеп-гимназия. Аталган мектепте эки миңден ашуун окуучу билим алат, алардын ичинен 7-8-класста окуган 12 окуучу кыз жоолукчан келишет. Мектепке жоолукчан окуучулар киргизилбей жатат деген маалыматты мектептин деректири Ибрагим Эрматов төгүндөдү.

  • Былтыр эки кыз оронуп баштаган, алар молдонун кыздары эле. Окуп жатышат. 2021-жылы ар кыл түстөгү жоолукту салынып келген окуучулардын саны көбөйдү. Ата-энелер менен сүйлөшүп, талап боюнча бирдиктүү мектеп формасы менен келиши керек, үстү ак болуш керек деп айттык, — дейт деректир ютуб каналына берген маалыматта.

Интернетке жайылган тасманы тартып, окуучулардын укугун коргоп жаткан укук коргоочу Кубанычбек Бакиров окуучулар жоолук кийип же хиджаб менен барганга толук укуктуу деп эсептейт. Ал ак жоолук салынып келген окуучуларга тыюу салынып, мектепке чечтирип киргизген учурлар арбын экенин айтат.

Мындай талаш-тартыш маселе бүгүн эле келип чыккан жок. Өлкөдөгү бардык аймактардагы мектептерде бир топ жылдардан бери бул маселе орун алып келет. Анткени өкмөт мектеп окуучуларына бирдиктүү форма бекитип бергени менен, жоолук салынып келгенди чектеген эмес. Базар-Коргон районунда 66 мектеп болсо, алардын ичинен он чакты мектепте ак жоолук салынып, бирок бирдиктүү мектеп формасын кийүү менен киргизилет.

Пандемия шартында ата-энелердин социалдык-экономикалык абалын эске алып, Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылында бирдиктүү форма талап кылынбай турганын билдирген.

Соцтармакта эмне кеп?

Бексултан Жакиев, Кыргыз Эл баатыры:

“Жоолук күйөөгө чыккандын белгиси. Кыргыз кыздар топу кийген, кичине чоңойгондо үкүсү менен топу кийген. Анан тебетей кийген. А эгерде кыз кара далы болуп, күйөөгө чыкпай калса, 40-50 чыкса деле үкүсү жок тебетей кийген. Ал эми күйөөдөн чыгып келген кызды кайманалап, “баланчанын жоолукчан кызы” деп айтышкан. Кыргыз ушундай акылдуу эл. Маданият өнүкпөгөн жерде, маданияттуулук өксүгөн жерде ыймансыздык, уурулук, калпычылык, ырксыздык өкүм сүрөт”.

Бурулкан Карагулова:

“Мектепте стандарттуу форма кийилсин! Оронгон-чулганган дегендер жөнүндө сөз да болбош керек. Алардын өзүнүн мектеби бар, ошол жактан окушат. Болбогон жерден мугалимдерди эзе бербегиле? …”

Жыпаргүл Маматканова:

Форманы колдоймун, форма менен келсин. Кандай сонун эле мектепте форма, фартук. Муну кийгендер баары билишет”.

Эльмира Кенжетаева:

“Салына берсин, дүрбөп болбой калдык. Жоо чаап жаткандай болуп”.

Билим берүү жана илим министрлиги менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жалпы билим берүүчү уюмдарда баш кийим кийүү боюнча биргелешкен түшүндүрмөсү.

КР Конституциясы жана “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

КРдин Өкмөтү 2015-жылдын 12-августунда КРдин жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын мектеп формасына карата бирдиктүү талаптарды бекиткен. Аларга ылайык:

  • эркек балдар үчүн мектеп формасы ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджактан турат, ал эми кыздар үчүн классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджактан турат;
  • окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону кийимдин классикалык стилинде болууга тийиш, ал эми окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек;
  • спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

Өкмөттүн аталган чечиминде баш кийим (калпак, жоолук, орогуч, бандана ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр каралган эмес. Ошондуктан, билим берүү системасы жоолукчан кыздардын билим алуу укугун камсыздоого милдеттүү.

Билим берүү уюмдарынын администрациялары мындай себептерден улам окуучулардын билим алуу укугун чектебеши керек. Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон калкка сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасоосу кажет.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер