МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?    

  • 29.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча 2023-жылдын 23-мартынан 26-мартына чейин «Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент» темасында өткөргөн үч күндүк семинар-тренингге  Чүй облусунун мектептеринин 350 директору катышты. Негизинен окутуулар өлкө боюнча өткөрүлөт.

МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?    

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мындай саамалыктар билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн аба менен суудай зарыл экенин, ошондой эле окутууга катышкан директорлор үч күндө алган билимин өз ишмердүүлүгүндө эффективдүү пайдаланат деген ишенимин билдирди.

72 сааттык окутуунун башкы максаты — жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине учурдун талабына ылайык  заманбап натыйжалуу менеджерлик башкаруунун усулдары, ыкмалары, каражаттары менен тааныштыруу жана талкуулоо, жеке иш тажрыйбалары менен бөлүшүү; билим берүү уюмдарына каражат тартуу боюнча долбоор жазууну үйрөнүү, эл аралык PISA программасына, жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашууну көздөдү.

— Семинардын биринчи күнү “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу процессин санариптештирүү”, “Окуучулардын чет мамлекеттен билим алуу мүмкүнчүлүктөрү”, “Билим берүүдө колдонулуучу интерактивдик технологиялар”, “Жалпы билим берүү уюмдарынын укуктук-ченемдик актылары (документтер)”, “Натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары”, “Ата-энелер мектеби” жана “Акыл эмгегинин маданияты” билим сапатын жакшыртуу өбөлгөсү темаларында презентациялар угулду. Жыйынтыгында талкууладык, — дейт министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын адиси Салтанат Омурканова.

Алсак, республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын  жогорулатуу жана кайрадан даярдоо инстутутунун директорунун орун басары Алмаз Шергазиев “Билим берүү уюмдарынын ченемдик-укуктук актылары
(документтери) боюнча сабак өттү. Ал билим берүү уюмдарын укуктук жактан камсыз кылуучу мамлекеттик, муниципалык деңгээлдерге жана локалдык нормативдик актыларына токтолду. Ошондой эле мектептерди бири-биринен айырмалап турган мектептин Уставы, окуу планы жана окуу программасы боюнча кеңири айтып берди.

— Негизинен мектептерде устав төмөндөгүдөй үч учурда кайрадан каттоодон өтүш керек: билим берүү мекемесинин статусу өзгөргөн учурда (гимназия, лицейге кайра түзүлсө ж.б); билим берүү мекемеси аталышын өзгөрткөн учурда (белгилүү инсандардын аты мектепке ыйгарылса); устав эскирген учурда (жаңы стандарттар, жоболор кабыл алынса, окуу планы өзгөрсө ж.б.). Мекеменин ичиндеги коомдук уюмдардын да уставдары болот (спорттук уюмдар, чыгармачылык союздар, профсоюз уюмдары, окуучулардын уюмдары жана башкалар), Устав мекеменин тибине (армия, партия, окуу жайы) жана коомдун талаптары, жана жетекчилик структурасына да жараша болот, — деди А.Шергазиев.
Ал эми угуу курсунун экинчи күнү абдан кызыктуу өттү, анткени мектеп жетекчилери топ-топко бөлүнүп, “Жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары”, “Жалпы билим берүү уюмдарына инвестиция тартуу”, “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу (ЖРТ)”, “Эл аралык PISA программасына  даярдануу” темаларында талкуу жүргүзүштү.  Үчүнчү күндө өткөн кайтарым байланышта  “Мектепте кандай өзгөрүүлөр жүргүзүлөт?”, “Мектептин өнүгүү планын иштеп чыгуу” боюнча директорлор презентацияларын тартуулашты. Ар бир күндү жыйынтыктагандан кийин мектеп жетекчилери  Ololo-Planet креативдүү борборуна, “Маариф” мектеп-лицейине экскурсияга барышты.

Иш-чаранын жабылыш аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышып, курстун угуучуларына  сертификат тапшырышты.

Директорлор  эмне дейт?

Бегайым Рысалиева, Сосновка орто мектебинин директору, Чүй облусу:

 

МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?    

— Семинар-тренингди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ачып, билим берүү жаатындагы болуп жаткан өзгөрүүлөр, көйгөйлүү маселелер, алдыдагы пландар жɵнʏндɵ кеңири сɵз сүйлɵдү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов агайдын ““Ата-энелер мектеби” жана “Акыл эмгегинин маданияты” билим сапатын жакшыртуунун ɵбɵлгɵсү” деген темадагы маалыматы бүгүнкү күндө мугалим – окуучу — ата-эне байланышы эң маанилүү орунда экендиги, ата-эне менен тыгыз байланышта болуп, энелерди кошо окутканыбызда гана жакшы жыйынтыкка жетерибизди тастыктайт. Биздин Сосновка орто мектебинде да “Энелер мектеби” түзүлгөн, азыркы күндө пилоттук мектеп катары иштеп баштадык. Февраль айында мектепте облустук координаторлор тарабынан семинар өткөрүлүп, мугалимдер жана ата-энелер аны колдоого алышты.

IQ consulting компаниясынын өкүлдөрүнүн берген маалыматы боюнча, бүтүрүүчүлөрдүн чет өлкөгө чыгып билим алуусу үчүн өлкөнү жана окуу жайды тандоо, керектүү документтерди топтоо, жатакана менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берип жаткандары мени кубандырбай койгон жок.

Азыркы күндүн талабы — заманбап каражаттарды колдонуу менен билим берүү.  ITECH enterprice solutions компаниясынын директору «Билим берүүдɵ колдонулуучу интерактивдик технологиялар»  деген аталыштагы маалыматында замандын талабына ылайык интерактивдүү панелдерди пайдалануу, ал панелдин өтө жогорку деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрү  жөнүндө абдан кызыктуу презентация берди. Албетте, бул интерактивдүү панелдер окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууга, билим сапатын жогорулатууга чоң шарт түзөт, бирок, каражаты аз айылдык мектеп үчүн сатып алуу кыйынчылыкты жаратат. Ошого карабастан, биздин Сосновка орто мектебинде 2021-жылдан бери “Электрондук күндөлүк” системасы аркылуу алты предметтик кабинетти: математика, физика, химия, орус тили, кыргыз тили жана башталгыч класстарынын кабинетин интерактивдүү доска, проектор, ноутбук менен камсыздай алдык. Бул интерактивдүү доскалар менен иштөөдө мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Окуучуларыбыз учурдагы өткөрүлүп жаткан республикалык, эл аралык деңгээлдеги онлайн-олимпиадаларга катышып жатышат.   Презентацияда көрсөтүлгөн сапаттуу интерактивдүү панелдер менен кабинеттерибизди жабдуу, профилдик багыттагы кабинеттерди калыбына келтирүү,  жалпысынан, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу  үчүн семинар-тренингде айтылгандай, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө керек, ошондой эле  ата-энелер коомчулугун тартуу да зарыл.

Албетте, билим берүү тармагында өзгөрүүлөр ишке ашышы үчүн бул тармакта иштеп жаткан адистер, мейли ал мугалимби же директорбу, өзүбүздөн башташыбыз керек. Мен бул семинарда мектеп жетекчисине керектүү мектептин өнүгүү планын иштеп чыгуу, мектепте окуу-тарбия процессин уюштуруудагы укук, экономика, кадр маселелери жана  укуктук-ченемдик актылары жөнүндө керектүү маалыматтарды ала алдым.  Бул семинар мага мектеп жетекчиси катары иш алып баруума чоң өбөлгө түзөт.

Мирлан Чынарбек уулу, Түркмөн атындагы орто мектебинин директору, Чүй облусу:

МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?    

 

— Үч күндүк окуунун ачылышында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев облустун жалпы билим берүү уюмдарына ыраазычылык айтуу менен бирге жалпы жетекчилерди мындан дагы алгылыктуу иштерди жасоого шыктандырды. Андан соң жумурай журтка белгилүү болгон, акыркы убактарда эл оозунан түшпѳй айтылып келе жаткан географиялык шарты боюнча катаал шартта, чек арада жайгашкан, күндѳ кечинде тынчтыкты тилеп дуа кылып жатып, таңды тынч тоскондоруна кубанышкан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов агайдын презентациясы коштоду.

Гапыр агайды мурда жанынан кѳрүп, тааныш болбогондуктанбы же агай жѳнүндѳ элестѳѳлѳрүм башка болгондуктанбы, айтор, мага ѳтѳ жѳнѳкѳй сезилди. Бирок чындыгында эле агай абдан жѳнѳкѳй, керек учурда тамаша дагы айта коймой жайы бар экен. Баса белгилеп айта кетчү жери, залда башка улуттун ѳкүлдѳрү болгондугуна карабай Гапыр Мадаминов ѳз эне тилибизде сѳз сүйлѳдү.

Уюткулуу, улуу кыргыз элибиздин учу кур болбой, Г.Мадаминов агайдай улуу педагогдордун чыгышы, ал тургай чет ѳлкѳлѳрдѳ билим алып, кѳптѳгѳн тилдерде эркин сүйлѳгѳн агайдын шакирттери,  жалпы кыргыз элибиздин сыймыгы жана кубанычы деп билем.

Андан тышкары туура максат коюу, чет ѳлкѳдѳ билим алуу тууралуу кыргыздын чыгаан уул-кыздары дагы ѳз тажрыйбалары менен бѳлүшүп, жаштарды терең билим алууга үндѳштү.

Семинар-тренингдин экинчи күнү топторго бѳлүнүп иштѳѳ менен башталып, эң жакшы жыйынтык берди. Анкени 20 кишиден турган чакан топ, чакан аудиторияда “Карусель” ыкмасында иш алып барышты.

“Эл аралык PISA программасына даярдануу” боюнча РПККЖКДИнин ѳкүлү жалпы катышуучуларга кенен маалымат берүү менен бирге практикалык иш алып барууга, ЖРТ боюнча статистика менен тааныштырууга, анын ичинде 75% катышуучулар айыл жергесинен келгендер түзѳѳрүн да айтууга жетишти. PISA боюнча практикалык ишти жалпы аудитория кызыгуу менен аткарышып тажрыйба алмашты. Суроо-жооптор болду. Жалпы катышуучулар анын ичинде мен дагы  берген суроолорума алгылыктуу жоопторду алдык, мындан ары алган билимибизди билим берүүнүн сапатын жакшыртууга пайдаланып, салымыбызды кошобуз деп ишенем.

Учурдун талабына ылайык заманбап директордун образы же мыкты менеджер болуу боюнча презентация дагы жогорку деңгээлде ѳттү. Презентация орус тилинде болгондугуна карабастан, ар бир адамга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болду деп ойлойм.

Презентациянын жүрүшүндѳ менеджмент түшүнүгү, анын ѳнүгүү тарыхы, америкалык модели, процесстеги ыкма, менеджменттин функциясы, пландоонун түрлѳрү, мотивация, SMART стратегиясы, кѳзѳмѳлдѳѳнүн түрлѳрү (сырткы жана ички), ийгиликтүү менеджерге жети кеңеш сыяктуу темаларда кеңири сѳз болду.

Иш-чара акырында “ololoго” саякаттоо  менен аяктады. Ал жерде дагы жетекчилер керектүү маалыматтар менен ѳз казыналарын толтурушту жана педагогикалык жамаат, окуучулар менен бѳлүшѳт деп ойлойм.

Үчүнчү күн Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын  жогорулатуу жана кайрадан даярдоо инстутутунун директору Алмаз Токтомаметовдун  презентациясы менен башталып, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин суроолору менен аяктады. Бул отурумда бүгүнкү күндѳгү  кадр маселесине тиешелүү суроолор абдан кѳп болуп, Алмаз Даткабекович бир дагы суроону кѳз жаздымда калтырбай жооп берди.

Андан соң иш-чара “МААРИФ” билим берүү комплексинде улантылып, Билим берүү жана илим министринин орун басары Т.Ашымбаеванын сѳзүнѳн соң, мектеп ичинде экскурсия менен  аяктады.

Борбор калаабыздагы уюштурулган семинар-тренингден кийин ар бир жетекчи “Энелер мектебин” ачууга, Г.Мадаминовдун ыкмаларын колдонуп билим берүүгѳ далаалат кылат деп ойлойм: себеби Гапыр агайдын мектебиндеги бүтүрүүчүлѳр  200% бюджеттик орундарга ѳтүшү себеп болот.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер