МЕКТЕП ФОРМАСЫ ТЕҢСИЗДИКТИ ЖОЁТ

  • 14.09.2022
  • 0

Жаңы окуу жылы  башталаары менен  мектептеги көйгөйлөр калкып чыгып келди. Көйгөйлүү маселелердин бири  – мектеп формасы. Айрым ата-эне  окуучу кыздардын өтө кыска юбка кийгени коомчулуктун кыжырын келтирип жатат десе, экинчилери – сабакка жоолук кийип барганга укугу бар деп чырылдашат диний көз караштагылар, үчүнчүлөрү болсо “0” класста окугандарга форманын кереги жок, эркин кийинсин  деп  чурулдап чыгышты. Бирок министрлик  1-11-класстардын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилгенин, быйыл окуучулар классикалык форма кийип, окуй баштаганын айтышты.

МЕКТЕП ФОРМАСЫ ТЕҢСИЗДИКТИ ЖОЁТ

Окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек

Окуучулар мектеп бекитип берген форманы кийип жатат. Эң башкысы, “асты кара, үстү ачык (ак) түс” деген классикалык үлгү сакталышы керек. Бирок айрым статустуу мектептер Уставда көрсөтүлгөн бирдиктүү форманы талап кылып келишет. Бул эрежеге ата-энелер өздөрү макулдугун беришкен.

Окурмандын эсине сала кетсек, Өкмөт  “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө”  2015-жылы 12-августта токтом кабыл алган. Мына ошол токтомго ылайык,  окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону кийимдин классикалык стилинде болууга тийиш. Окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек. Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рыспековдун айтуусуна караганда, мектеп кийими тууралуу токтомдо ийне-жибине чейин такталып жазылган.

МЕКТЕП ФОРМАСЫ ТЕҢСИЗДИКТИ ЖОЁТ

— Маселен, эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн: пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет. Пиджак бир борттуу же эки борттуу, жарым-жартылай кыналган, же түз сөлөкөттө болушу мүмкүн. Жилет классикалык түрдө бычылып, шымдын же пиджактын өңүндө, же чакмак түрдө болот. Пиджактын жана жилеттин топчулары костюмдун/жилеттин өңүндө болуп, жөнөкөйлүгү менен айырмаланууга тийиш. Шым түз бычылат, бирок багалек жагы бир аз ичкеришине жол берилет. Көйнөк кебез кездемеден, жеңи узун же кыска болот. Жол берилүүчү түстөр: ак, агыш боз, ачык-көгүш, ачык-саргыч. Мектеп формасынын комплектисине мектеп формасынын негизги өңүнө ылайык же анын өңүнө контрасттуу түстөгү классикалык формадагы галстук киргизилиши мүмкүн. Эркек балдар үчүн мектеп формасынын комплектиси бирдей түстүк гаммада болууга тийиш. Балдарга, кыздарга да үчтөн ашпаган түстөрдүн айкалышуусуна жол берилет, — дейт башкы адис.

Ал эми кыздар үчүн мектеп формасы классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак болот. Юбка түз, кенен же этеги кууш формада, ошондой эле бүктөлмө же плиссе болушу мүмкүн. Юбканын (көйнөктүн) минимум узундугу –  тизеден ылдый беш см., максимум узундугу – балтырдын ортосуна чейин.

Көйнөк кебез кездемеден тигилип, жеңи узун же кыска болот. Жол берилүүчү түстөр: ак, агыш-боз, ачык-көгүш, ачык-саргыч.

Ата-энелердин эсине сала кетсек,  жалпы билим берүү уюмдарында  мектеп формасы классикалык мүнөздө болот. Ал эми  спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы, пляждагы, үйдөгү бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт. Болгону  окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.

Мектепте бирдей форма кийүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору сунушталды

Мектеп окуучуларын  форма кийүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору сунушталып, коомдук талкууга коюлган. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы, Гүлшаркан Култаева, Лейла Лурова жана Гуля Кожокулова иштеп чыккан.

Авторлордун айтымында, мектеп формасын киргизүү жөнүндө көп кайрылуулар келип түшкөн. Мыйзамдын өзүндө окуучулар мектеп формасын милдеттүү түрдө кийүүсү жөнүндө ченем жок экендигин белгилеп кетүү керек. Бул окуучулардын сырткы көрүнүшүнө карата талаптын жоктугуна алып келет.

— Бул мыйзам долбоору кабыл алынган учурда мектепте социалдык теңсиздикти жоюуга жардам берет. Балдардын бардыгы форма менен жүргөндүктөн кедей үй-бүлөнүн балдары басымга кабылбайт. Эки же андан ашык балалуу үй-бүлөлөр үчүн бир окуу жылында кийимге короткон каражатты бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мектеп формасы балдардын көңүлүн окуу процессине багыттап, тартипке чакырат. Ошондой эле окуучулардын бир командада ынтымактуу жүрүшүнө өбөлгө болот, — дейт ЖКнын депутаты, “Ынтымак” фракциясынан Аида Исатбек кызы.

МЕКТЕП ФОРМАСЫ ТЕҢСИЗДИКТИ ЖОЁТ

Милдеттүү түрдө кийүүгө негиз болгон мектеп формасынын үлгүсү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат.

— Мектеп формасын кийип жүрүү окуучунун ѳзүнүн сырткы келбетине жооптуу мамиле кылуусун иштеп чыгып, жүрүм-турумун карап жүрүүсүн калыптандырат, баарлашууда ѳзүнѳ ишенимди арттырат. Ошондой эле парламенттин Депутат аялдарынын Форумунун Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ыссык-Көл облусуна кѳчмѳ отурумунун алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле орто мектептердин директорлору диний түрдүү агымдардын таасири күчтүү болуп жаткандыгы тууралуу пикирлерин да айтышты. Мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелеринде мектеп формасын киргизүү жѳнүндѳ жазуу түрүндѳгү кайрылуулар келип түшкѳн, — дейт эл өкүлү.

Мыйзам долбоору менен 1-беренеге «мектеп формасы» түшүнүгүн киргизүү сунушталууда, 16-беренеде мамлекеттик орто мектепте окуучулар мектепте жүргѳн мезгилинде алар үчүн кийимдин күнүңкү мектеп формасын милдетүү кийип жүрүшү каралган. Кийимдин күнүңкү формасынын үлгүсү Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат. Ошондой эле мыйзам долбоорунун 27-беренесинде билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген милдеттүү мектеп формасына коюлуучу талаптарды аткарууга милдеттүү ата-энелердин жоопкерчилиги жѳнүндѳ ченем каралган.  Эл аралык мыйзамдарга жүргүзүлгѳн талдоо кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрдѳ мектеп формасы киргизилгендигин кѳрсѳттү. Алсак, Улуу Британияда мектеп формасы окуу жайынын тарыхынын бѳлүгү болуп саналат. Демилгечилер мындай талаптар Сингапурда, Японияда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Казакстанда бар экенин да баса белгилешүүдө.

Бул Мыйзам долбоору менен 27-беренеге билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген милдеттүү мектеп формасына талаптарды баланын  ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү) аткарышы жѳнүндѳ ченем киргизилип жатат.

Формасыз келген окуучуну билим алуу укугунан эч ким ажырата албайт

— Жүйөлүү себептерден улам мектеп формасына ылайык келбеген кийим кийип келген окуучуну эч ким (мектеп администрациясы, мугалимдер, класс жетекчилер) билим алуу укугунан ажырата албайт жана ар кандай жаза берүүчү иш- аракеттердин жасалышына тыюу салынат, — дейт Б.Рыспеков.

Соцтармакта эмне кеп?

Соцтармактын колдонуучусу Марлен Наримбетов (10 September, 09:12) Президент Садыр Жапаровго кайрылып,  “Мектеп окуучу кыздар тизеден  узун форма, фартукту кийишсин” деген мыйзамды киргизгиле сураныч! Керек болсо,  ар бир мугалим кыска форма кийинген окуучуну мектепке киргизбей коюу керек деген катуу тартипти да киргизүү керек!” — деп өз баракчасына жазган.

“Ата-энелер! Силер дагы оюңарга келген кийимди сунуштабай мугалимдерге, мектеп талап кылган форманы балдар-кыздарыңарга кийдиртип үйрөнгүлө! Кыздарыбыздын тагдырына балта чаппастан! Мектеп талап кылган форманы окуучулар кийишсин!

Мамлекет тарабынан болобу, Билим берүү жана илим министри тарабынан болобу ушундай сапаты жактан жакшы форма, фартукту жылда тигип бере турган тигүүчү цех ачыш керек окуучулар үчүн!

Жаман иштин баарысы майда-чүйдөдөн башталат.  Жакшы иштер да бардыгы майда чүйдөдөн башталат”. (Өзгөртүүсүз, бирок кыскартылып  берилди)

Сөз соңу

Мектеп формасы, албетте, көптөгөн көйгөйлөрдү чечет. Бул советтик мезгилде тастыкталган. Бирдиктүү форма бай менен кедейге бөлбөйт. Тигилген форма сөзсүз санитардык нормага жооп бериши керек жана бардык үй-бүлө алалгандай баа коюлушу шарт. Эл өкүлдөрү айткандай, бирдиктүү форма айрым социалдык жактан начар үй-бүлөлөрдүн балдарын басмырлоого жол бербейт. Тескерисинче, ал балдар дагы башкалардай эле жашоого ишенимдүү карап, койгон максаттарына умтулушат. Эң башкысы, ата-энелер дагы атаандаштыктан арылып, балдарга туура тарбия беришет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер