«МЕКТЕБИБИЗДИН ТҮПТӨЛҮШҮНӨ АЗЫРКЫ МИНИСТР ӨЗҮ ДЕМИЛГЕЧИ БОЛДУ»
- 11.09.2025
- 0
Муратбек КАСЫМАЛИЕВ,
«Тунгуч» онлайн мектебинин директору:

— Муратбек Усонакунович, буга чейин жалпы орто билим берүүчү, сырттан билим берүүчү, кечки мектептерди билсек, жакындан бери бул тизмеге аралыктан билим берген «Тунгуч» онлайн мектеби кошулуп отурат. Буга эмне себеп болду?
— Орусияда 2025-жылдын 1-апрелинен тартып мектепке кабыл алуу эрежелери татаал болуп, орус тили боюнча жогорку деңгээлде тест тапшыруу талабы коюлуп,
керектүү документтердин саны көбөйдү.
Бул шарттар мигранттардын балдарына мектепке кирүүдө чоң тоскоолдук жаратты. Ушундай кырдаалда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы «Тунгуч» онлайн мектебинин пилоттук долбоорун ишке ашыруу тууралуу №136 токтомунун негизинде “Тунгуч” онлайн мектебин ачты. Максат — чет өлкөдө жүргөн 5-11-класстын окуучуларына Кыргызстандагы мектептердин стандарттарына ылайык онлайн билим берүү. Мектебибиздин түптөлүшүнө азыркы министрибиз өзү демилгечи болду.
— Кырдаалга жараша убагында кабыл алынган туура чечим болуптур.
— Мен да ошондой ойдомун.
— Эми бул мектептин артыкчылыктарына да токтоло кетсеңиз?
— Мектептин аталышы эле айтып тургандай, бизде окуу иши бүтүндөй онлайн форматта жүрөт. Окуучуга убакыт, акча коротуп билим берүү мекемесине келүүнүн эч кереги жок. Мындайча айтканда, Кыргызстанда биринчи жолу мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык электрондук окуу китептерин колдонуп, интерактивдүү тапшырмаларды аткаруу аркылуу үйдөн чыкпай билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Онлайн окутууда сабактардын жазууларын каалаган убакта көрүүгө болот. Окуу бүткөндө башка мектептердей эле мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк берилет.
— «ТУНГУЧ» онлайн мектебине кайсыл категориядагы окуучулар кабыл алынат?
— Эң биринчиден; чет мамлекеттерде, атап айтсак, Орусияда, Казакстанда, АКШда, Италияда, Кытайда жана башка өлкөлөрдө ата-энесинин жанында жүргөн кыргызстандык балдар кабыл алынат. Бул топко чет мамлекеттерде жашаган этникалык кыргыздар, кайрылмандар жана «соотечественник» статус бара чет өлкөлүк жарандар кирет. Алар Кыргызстандагы мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча окуп, аттестат ала алышат. Экинчи топту ден соолугу боюнча салттуу мектепке бара албаган окуучулар, узакка созулган ооруга чалдыккандар, майыптыгы бар, же реабилитациядан өтүп жаткандар, ар кандай себептерден улам кыймыл-аракет жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер (мисалы, майып коляска колдонуучулар) түзөт. Үчүнчү топту спорттун кайсыл бир түрү менен узак убакыт машыгууда жүргөн окуучулар, ошондой эле жыл ичинде предмет боюнча эл аралык олимпиада катышкан окуучулар же атайын предмет боюнча даярдыктан өтүп жаткан окуучулар түзөт. Буларга да үйдөн чыкпай билим алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Ушундай эле мүмкүнчүлүккө төртүнчү топтогу үй-бүлөлүк себептерден улам салттуу мектепте өз убактысында окубай калгандар, үй-бүлөсү сапарга көп чыккан окуучулар да ээ боло алышат.
— Эскини бүлдүрүш оңой, жаңыны түзөш кыйын дегендей, онлайн мектепти бутка тургузуу да жеңил болгон эместир?
— Биз 2025-жылдын 25-апрелинде юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өттүк. Онлайн билим бериш үчүн эң биринчи жабдуулар жакшы болушу керек. Ошондуктан «Улут Софт» компаниясы менен платформанын техникалык талаптары иштелип чыкты. Платформанын жардамы менен электрондук окуу китептерин иштеп чыгууга кириштик. Жабдууларга (видеостудияга, серверлерге, коюпьютерлерге/ жалпы 25,013,139.90 сом жумшалды. Мында ЮНИСЕФтин каржылоосу 8,785,969.56 сом болду. Министрликтин бюджетинен эмерекке 2,498,300 сом бөлүндү.
Онлайн билим берүүдө деле окутуу иши окуу китептерисиз мүмкүн эмес. Салтуу мектептен айырмасы биздеги окуу китептеринин баары электрондук форматта болот. Алардын баары жаңы стандарттарга ылайык жаңыланды.
Бизге келип иштөөчү мугалимдерди унуткан жокпуз. Алар үчүн 2025-жылдын июль-август айларында атайын окуулар уюштурулду.
Базистик окуу планына ылайык биринчи чейрек үчүн предметтер боюнча окуу электрондук материалдары 2025-жылдын 30-августуна чейин даяр болду. 16 штаттык бирдикке эң мыкты предметтик мугалимдерди жумушка алдык.
Ата-энелер менен келишимдерди түзүү жана окуучуларды электрондук мектеп платформасына каттоо системасы 2025-жылдын 10-августунан баштап ишке кирди. 5-11-класстардын окуучуларынын документтерин онлайн режиминде кабыл алдык, бирок бизге Бишкек шаары, Токтогул кѳчѳсү 68 дареги боюнча кайрылган ата-энелер да болду. Кошумчалай кетейин, эмки жылдан баштап сырттан билим берүү токтотулат. Сырттан окуу жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу жөнүндө жакында эле Агартуу министрлигинин (№ 857/1, 22.07.2025) буйругу чыкты. Министрлик бардык жарандар, анын ичинде салттуу билимге жеткилиги чектелгендер үчүн жеткиликтүү жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүнү улантууда.
— Окутуу иши кандай тартипте жүргүзүлөт?
— Эң биринчиден, окуучу окууга катталышы керек. Каттоо жана даярдоо – окуучулар ата-энелеринин арызынын негизинде билим берүү порталы аркылуу катталат, алардын жеке кабинети түзүлөт. Каттоо аяктагандан кийин окуучуларга логин жана сырсөз берилет, ошол аркылуу окуу материалдарына жана сабактарга кирүү мүмкүнчүлүгү ачылат.
Сабактардын форматы асинхрондук формада болгон үчүн материалдарды окуучулар өз алдынча өздөштүрүүсү зарыл. Сабактар интерактивдүү тапшырмалар, электрондук окуу китептери жана мультимедиялык ресурстар аркылуу өтөт. Мисалы: “Информатика” предмети боюнча «Маалымат жана маалыматтык процесстер» деген темадагы сабакты алып көрөлү. Алдын тема боюнча теориялык материал берилип, теманын мазмуну боюнча даяр презентациялар тиркелет; теманын мазмуну боюнча аудио-видео материалдар же ушул темага арналган видео сабак; тема боюнча компьютердик тест (5–6 суроо) берилет. Тест бүткөндөн кийин алынган жыйынтык платформа аркылуу электрондук журналга түшөт. Тест тапшыруу учурунда окуучуда бул теманы бир нече жолу кайра тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок ар бир жолу тапшырмалар өзгөртүлүп турат. Акыркы эң жогорку көрсөткүчтүү жыйынтыкка жеткенден кийин «Тестти аяктоо» баскычын басып, электрондук журналга киргизүүгө болот. Ушул сыяктуу ар бир предмет боюнча өз алдынча окуу процесси жүрөт. Окуучулар ички чат аркылуу мугалимге суроолорун бере алышат. Мугалим топтолгон суроолорго жараша синхрондук формада (мугалим менен реалдуу убакытта) сабак өткөрүү үчүн убакыт белгилей алат. Бизде окуу ресурстары – окуучулар үчүн электрондук окуу китептери, видеосабактар, тесттер, лабораториялык иштер жана онлайн-вебинарлар жеткиликтүү. Ар бир курс модулдардан турат жана билимди текшерүү үчүн тесттерди, интерактивдүү тапшырмаларды камтыйт.
— Окуучулардын баалоо кандай болот?
— Баалоо жана мониторинг мугалим алдын ала даярдаган автоматтык тесттер аркылуу текшерилет. Жыйынтыктар электрондук журналга киргизилип, ата-энелер аларды өзүнүн жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөй алат. Дагы бир артыкчылыгыбызды баса белгилеп кетейин. Окуучулар өзүнүн жашаган жери, саламаттыгы же башка шарттарына карабай, каалаган жерден билим ала алышат. Видеосабактардын жазмалары порталда сакталат жана кайра көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Кыскача айтканда, онлайн-окутуу – бул интернет аркылуу уюштурулган билим берүү процесси экенин билишибиз керек: мында каттоо, платформага кирүү, онлайн-сабактарга катышуу, өз алдынча тапшырмаларды аткаруу жана мониторинг системасы аркылуу баа алуу зор мааниге ээ.
— Анда баштаган ишиңер ийгиликтүү болсун!
— Чоң рахмат!
Маектешкен: А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер