МЕКЕН ДЕП КҮЙҮП-ЖАНГАН ЭНЕ ДЕМИ

  • 23.02.2021
  • 0

Ишкер, эне, мекенчил жаран Диля Акматова:

“Жаш кезде эл кыдырып, жер көрүп, иштеп алууга эмнеге болбосун. Кайда жүрбөйлү, ар дайым жүрөгүбүздө Кыргызстан. Акыры айланып барар жерибиз – мекенибиз…”

“…алыста жүрсөк да, өлкөбүздүн өндүрүшүнө салым кошуп жатабыз”.

“Балаӊарды алыста калтырбагыла…”

Кыйынчылыктар адамды чыйралтат

Соңку жылдары Кыргызстанда эле эмес, чет жерде жүрүп өз ишкерлигин түптөгөн айымдардын катары калыңдоодо. Бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөн кыргыз аялдары дээрлик бардык тармакта эмгектенип, коомдун чоң жүгүн көтөрүп келишет. Арасында ишкердикке аралашып, ийгиликке жеткендери да бар. Алардын бири – үч баланын энеси, отуз жаштан эми эле ашкан Диля Акматова.

МЕКЕН ДЕП КҮЙҮП-ЖАНГАН ЭНЕ ДЕМИ

16 жылдан бери чет жерде жүргөн Диля Акматова миграциянын түмөн түйшүгүн жакшы эле тарткан. Анткени көпчүлүк мигранттардай эле кайда иштеп, кайда турарын билбей барган. 100-150 рублга токойдон тобурчак терген күндөрү да болгон. Токойдо адашып кетип, бир өлүмдөн калган.

— Москвага биринчи жолу 17 жашымда эл катары поезд менен келгем. Алдыга койгон так максатым жок келип, көп жылымды коротуп алдым. Эч нерсени билбей келсең, азапка кабылышыӊ мүмкүн. Токойдо тобурчак, талаада картошка, капуста тердим. Ал учурда жанымда жол көрсөткөн адам болгон эмес. Кыйынчылык бардык жерде бар, ансыз жашоонун даамы деле болбойт окшойт. Турмуштун сыноолорунан татыктуу өтө билсеӊ, азаптарга чыдап, жалкоолонбосоӊ, жеӊил-желпи нерселерге азгырылбасаӊ, чыйралып, өсөт экенсиң, – дейт турмуштун татаал мектебинен өткөн мекендешибиз.

МЕКЕН ДЕП КҮЙҮП-ЖАНГАН ЭНЕ ДЕМИКандай гана ишкерлик болбосун, башында баары кичинекей нерседен башталат эмеспи. Диля Акматова дагы жеке ишин 2010-жылы бир даана үлпөт көйнөктөн баштаптыр. Ошол биринчи көйнөктү күнү-түнү сайттардан издеп, 30 миң  рубль турган көйнөктү бир ай соодалашуу менен үч миң рублга сатып алган экен. Аны ар кимге жарнамалап, ижарага берип, колуктуну үлпөткө даярдоо жөрөлгөлөрүнүн баарын аткарганым үчүн 10 миң рубль алчумун дейт. Жалгыз көйнөктөн башталган бизнесин өркүндөтүп, азыр Москвада бир, Санкт-Петербург шаарында үч филиал ачууга жетишиптир.

— Менин үлпөт көйнөктөр салонум – Москвада биздин мекендештер түптөгөн салондордун ичинен эң чоңу. Алгач ишкерликке киришип баштаганымда бир-эки жолу кийилген үлпөт көйнөктөрдү кавказдыктардан алсам, азыр кайра алар менден дүң баада ала башташты. Ал эми көйнөктөрдү өзүм Кытай, Түркия, Европадан алдырам. Биздин салондон жылына миңден ашык кыз апакай көйнөк кийип, турмуш жолуна кадам коёт.

МЕКЕН ДЕП КҮЙҮП-ЖАНГАН ЭНЕ ДЕМИ

Бизнести жаңыдан баштаган мезгилде бардыгын өзүм бүтүрчүмүн.  Көйнөк, косметика ж.б. көтөрүп алып, таңга маал кыздарды тойго даярдоо үчүн үйлөрүнө жөнөчүмүн. Кээ бир квартираларда 10-15 киши менен кысылып жашаган кездер болот. Көйнөк алганы келген колуктуну жасантканга жер жок, бут кийим тизген жерде боёнтчу элем.

Ал күндөрдүн баары артта калды. Азыр бир гана салондун иши менен токтоп калбастан, башка бир нече тармакта дагы иш жүргүзөм: сулуулук салонун, сулуулук окуу борборун, фото, видео студияны, азык-түлүк дүкөнүн иштетем. Мусулман кийимдерин дүң жана чекене баада сатам.

Биз алыста жүрүп эле өлкөбүздүн өндүрүшүнө салым кошуп жатабыз деп ойлойм. Анткени Кыргызстандан тигилген кийим-кечелерди Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанга сатып келем. Ошондой эле биздин азык-түлүк дүкөнгө атайын Кыргызстандан күрүч, бал алдырып турабыз.

Алдыда мекенибиздин өндүрүшүн жайылтууга дагы да болгон аракетибизди кылабыз. Азыркы учурда  алыста жүргөн 34 мекендешибизди туруктуу иш менен камсыз кылгам. Жакында ресторан ачып, дагы 12 адамды жумушка алам деп турам.

Тобокелчилик бардык жерде бар

Бизнесте акчадан да баалуу нерселер бар. Алар тажрыйба, билим, маалымат жана байланыш. Ар бир кызматташкан адамдын жеке байланыш номерин сактоо жана байланышта болуп туруу маанилүү экендигин айтат ишкер айым.

Бизнесте каражаттын, маалыматтын жана өзүңө болгон ишенимдин жоктугу чоң тоскоолдукту жаратат. Жоопкерчиликти алгандан коркуу дагы таасирин тийгизет. Артка тарткан ойлордон арылуу керек. Баардык жерде тобокелчилик, атаандаштык болот. Жүрөгү ток адам гана “конкуренция” деп башын оорутпайт, болгону алар тууралуу туура анализ жасаганды билет. Бир дагы атаандашың сенин ырыскыңды кемитип коё албайт. Баары жараткандан, бирок дайыма жасаган иштериңе анализ жасап турууга тийишсиң. Анткени ар бир жасаган аракетиңден сабак алып, кетирген катаны кайталабаганга аракет жасоо зарыл. Мен байдын аялы же байдын кызы эмесмин. Болгону жөн отурбадым, токтободум күн сайын эмгектендим, издендим. Жаңылдым, чарчадым, сындым, бирок турдум.

Алтынга бергис акыл кеп

Ишкер айым бизнестен сырткары миграцияда жүргөн кыз-келиндер менен дагы тыгыз иштешип, кеп-кеңешин берип келет. Алардын көпчүлүгү соода-сатык, коомдук тамактануу жайлары, тейлөө тармагы, тазалоо жана ар кандай үй кызматтарында иштеп келишет.

МЕКЕН ДЕП КҮЙҮП-ЖАНГАН ЭНЕ ДЕМИ

Үйүнөн алыста жүргөн аялзатынын эң биринчи жоготуусу – убакыт, жаштык, ден соолук, – деп эсептейт Диля Акматова. — Анткени Кудайдан бир гана ирет берилген өмүрүн бөтөн эл, бөтөн жерде өткөрүп жатканы кейиштүү…

— Мага айымдар  ар түрдүү суроолор менен көп кайрылышат. Ишкердикти эмнеден, кантип баштоо керек деп сурагандар баарынан көп. Чындыгында чет жерде жашаган энелер, дегеле баардык мекендештерибиз психологиялык, юридикалык жактан кеңешке абдан муктаж. Көпчүлүгү өзүнүн укугун билбей жүрүп, орто жолдо кыйналып калышат.

Миграцияда жүргөн кыз-келиндерибиз идиш-аяк, пол жууп иштегенге караганда, соода тармагына көбүрөөк ыктаса дейм. Себеби, соодада береке бар, бир жагынан аялзаты үчүн ыңгайлуу. Базарда жүрүп эле, интернет аркылуу мыкты соода кылганды, туруктуу кардарларды кантип тартуу керектигин үйрөнүп алууга мүмкүнчүлүк бар. Азыр аялзатынын иш баштоосун колдогон уюмдар, ар кандай фонддор абдан көп. Эгерде идеяң күчтүү болсо, сыртка чыккысы келип ичиңди кытыгылай берет. Андыктан бардык тараптан өзүңдү сынап, аракет кыла берүү керек.

Эне бактысы баарынан бийик

Аялдар миграциясы бир тарабынан аялзатына өзүн өнүктүрүп, дүйнө таанымын кеңейтүүгө шарт түзүп жатса, бир жагынан үй-бүлөсүнөн алыстатып, балдарды эне мээримине зар кылып өстүрүүдө. Адатта чет жерге чыккан мигрант айымдар балдарын чоң ата, чоң энелерине же жакын туугандарына таштап кетүүгө аргасыз болушат. Бир убакта каарманыбыз дагы улуу баласын чоң ата, чоң энесинин колуна 2 жылдай таштаган. Бирок кимдир бирөө жашоодогу ар түрдүү жагдайлардан улам таштоого мажбур болушса, мен эч кандай зарылдыгы жок эле таштап кетип калыпмын дейт.

— Бала үчүн эненин мээримине канып өскөнүнө баары бир эч нерсе тең келбейт экен. Эне менен бала узак убакыттан кийин жолукканда, ортодо кадимкидей салкындык пайда болот. Энеден алыс чоңойгон баланын мүнөзү дагы башкача болуп, башка балдардан айырмаланып турат. Бала энесин жакшы көрбөсө, анын мээримин апасы алыста иштеп тапкан миллиондорго сатып ала албайт.

Биз, ата-энелер, эң биринчи балдарыбыз үчүн жоопкерчиликти алганды үйрөнүүбүз керек. Азыр жаш келиндер үчүн бала эмизгенче эле акча табууга өтө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Шаарга чыга албай калган кезде, үйдөн иштей берүүгө болот. Мен өзүм деле беш жылдай балам менен отуруп калганмын. Ошондо үйдөн эле көйнөктөрдү ижарага берип, айына 30 миң рублга чейин каражат тапчумун.

Кош дебейли, күтөлү!

Диля Акматова менен ватсап аркылуу таанышып, сүйлөшкөн бир сааттай убакыт беш мүнөттөй эле сезилди. Бирок эжели-сиӊдидей сырдашкан сөзүбүз ушуну менен эле токтоп калбайт деп ойлойм. Дагы далай ийгиликтерин угуп, кубансам, сыймыктансам деп тилейм.

Дүйнө кезип, турмуштун ысык-суугуна чыдап, бир колу менен бешикти, экинчи колу менен дүйнөнү терметип жаткан айымдарыбыз аман болушсун!

Нурзат КАЗЫБЕКОВА

Бөлүшүү

Комментарийлер