МАТЕРИАЛИСТ БОЛУШ КЕРЕКПИ же ЖЕҢИЖОККО ЭСЕНАМАН КАНДАЙЧА ЖЕҢИЛГЕН?
- 16.10.2025
- 0
Адабият мугалимине
Өз доорундагы атактуу акындардын бири Эсенаман менен Жеӊижоктун айтышы төкмөлүк өнөрдүн тарыхындагы эӊ урунттуу окуялардын бири болуптур. Ошондо жылдызы балбылдап жана баштаган Өтөнүн (Жеӊижоктун өз аты ушундай) жеӊишине өбөлгө түзгөн бир катар шарт-жагдайларды белгилеп коёлу.
Кексе акындын каталары
Айтышта сөзсүз бирөө жеӊет, бирөө жеӊилет – күрөшкө чыккан балбандар деле чанда гана “ит жыгылыш” болот эмеспи. А бул айтыш өзгөчө курч мүнөздө өтүп, уу-дуулуу шоораты узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына угулган экен. Ошондуктан Сөз өнөрүн баалагандар ал окуядан бүгүнкүгө чейин таасирленип келет.
Таластагы төрт дубан эл чогулган ашка Ташкара болуш Аксынын журт башчылары менен кошо Жеӊижокту да атайын чакырткан экен. Ал бир кезде оорусу элге жукпасын деп сууга агызууга өзү буюрган жетим Өтө экенин билгенде, Ташкара катуу уялат. Болуш оор күнөөсүн өзгөчө сый менен жууш үчүн тойдун жарчылыгын да жаш ырчыга ыйгарууну чечет. (Журналист Болот Таштаналиевдин көп айтып жүргөнүнө караганда, жазуучу Элүүбай Отунчиев Жеӊижоктун Аксыга кетишине Ташкара болуштун катышы жок деген имиш. Бул маалыматтын чын-төгүнүн тарыхчылар териштириши керек.)
Муну сезип калган Эсенаман, албетте, нааразы болот. Анын “…казактан чоӊ акын Майкөттү, мени атайын тойго чакыртып, анан кайдагы бир тентип жүргөн Жеӊижокту жарчы кылганы эмнеси?” деп наалыганы жаш ырчыга жетет.
“Жеңижок ырын токтотуп, жарчылыкты суранбаганын, ага Ташкаранын өзү дайындаганын айтып, ‘мени Эсенамандар олтурган өргөөгө баштап бар, бул жарчылыктын башын ачып алалы!’ деп, аттан түшүп, бирөөгө кармата коюп, жигитти ээрчий жөнөп калат… Ташкара болуш ак өргөөгө эртерээк жетип, эшигин өзү ачып, Жеӊижокту биринчи кийирип, артынан өзү кирет. Жеңижок салам айтып, төр талаша Эcенаман менен Майкөттүн ортосунан орун алат”.
Майкөт кезекти берип, Жеӊижок комузун күүлөй баштаганда, бир кылы тырс үзүлөт. Жаӊысын алып таккыча болбой, Эсенаман “Жеңижокту экинчи ооз ачып ырдагыс кылайын деп каптап кирет”.1
Ал бороон-чапкындай болуп, нөшөрлөгөн жаандай төгүп токтогондо, бир аксакал: “Балам, Жеңижок, сен айтар деле сөз калган жок, бардыгын Эсекең айтып бүттү окшойт. Каяша айтам деп назарыңды сындырып, өзүңдү-өзүң аксатып албагын!” – дейт. Анда Майкөт акын: “Олай эмес, карыя! Эсекең картайып калганба, көп жаңылыс кетирди. Катесин тауп айтсаң, жеңетин кезек сеники, токтолмай сок, карагым Жеңижок!” – деп обдулуп коёт.2
Кезегин күтпөй шашкан Эсенамандын негизги каталары кайсылар?
1) Жеӊижокту “тентип жүргөн” деп басынтууга, кордоого аракет кылганы (Таластын башчылары менен элин көкөлөтө мактап, аксылыктарды кемсинтүүгө аракеттенгени да – ушул катанын уландысы); 2) өзү да ашыкча мактанып ийгени; 3) жаш ырчыны Ташкара болуш эмне үчүн колдоп жатканын ойлонбогону – тагдырдын тараза ташы каякка ооп баратканын сезбегени; 4) “пириӊ, мазарыӊ болот” деп Майкөт акынды Жеӊижокко таӊуулаганы.
Тагдыр сыноосуна чыйралган талант
Биринчи катанын жөнү мындай. Кыргыздын оозеки адабиятында эӊ эле көп таралган мактоо жана кордоо ырлары деген жанр бар. Булар негизинен көркөмдүк куну жеӊил, мазмуну жагынан да тайыз чыгат, макталуучу киши же каршылашы менен угармандардын карандай эмоциясына багытталат. Көбүнчө апырта макталган жак ырчыга сый көргөзөт – тон жабат, чамасы жетсе, ат мингизет, күмүш же алтын берет. Кордолгон жак өзү же тарапташ ырчы аркылуу жооп беришке аракет кылат, же, жүйөлүү сын укса, унчукпай калат.
Эзелтен кордоо ырлары элдин ынтымагын бузууга себеп болуп келген.
(Жазма адабиятта деле ода /көкөлөтө мактоо/ жана пасквиль /каралоо, акарат/ жанрларынын баасы ушундай – автор утурумдук пайда көрүшү мүмкүн, бирок чыгармачылык жолунда мунун мааниси дээрлик дайым минус менен белгиленет. Азыркы журналистикада муну “ак пиар”, “кара пиар” деп коюшат.)
Эсенаманга келсек, айтышта ал атаандашын кемсинтип (мисалы, “тентип кеттиӊ” деп), кордоп (“…Алда кимден туулду деп, Атасыз, тексиз, кулбу деп, Ар ким айтып артыңдан…”) ырдайт. А чындыгында Жеӊижоктун “тентигени” – анын күнөөсү эмес, кабыргасы ката электе тагдыр башына салган оор сыноо эле. Эгер бул сыноого сынып, чөгүп калса, жетим Өтө корсунуп, ар кимден жалтанып, таланты ачылбай, Жеӊижок боло албай калмак.
Эр жигиттин үч журту: ата журту, тага журту, кайын журту болот демекчи, ата журтунан куулса да, кадырын билген тагалары, өнөрүн баалаган эли бар экен, өзгөчө дараметин байкаган Осмонбек болуш, Сулайман датка жана башка башчылар да колдоп турчу экен. Жеӊижокту ушул жагынан басынтууга аракет кылганы – Эсенамандын чоӊ катачылыгы. (Дегеле тагдыры татаал адамды мазактаган жосун жакшы эмес.)
А Жеӊижок бала чагында тарткан, чыдап көтөргөн кордуктун эсесине таланты ташкындап, зоболосу бийиктеп, Ташкара болуштун да берешен сыйын көрөр учуру келген экен ошондо.

Мактануу – чоӊ өксүктүн белгиси
“Эски” ырчынын мындан да чоӊ катасы, талуу жери – мактанчаактыгы. (“Эскиге” уйкаштырылган “кески” эпитетинин ошол кезде азыркы сөздүктөрдөгүдөй эмес, кексе же курч деген мааниси болгон окшойт.) Карыя ырчы мактанууда келтирген салыштыруулардын (жоргонун таманы, манаттын жакасы, дарактын мөмөсү, ырчынын булбулу/күкүгү, жылкынын бууданы/күлүгү ж.б.) баары өзүнө каршы колдонуларын да ойлогон эмес.
Бул айтышта Эсенаман даяр уйкаш-айкаштарга көп ыктап, мактоо жана кордоо жанрларынын чегинен чыкпагандыктан, жашыраак кезиндегидей, мисалы, “Ак булутту” айткандагыдай чыгармачыл дареметин жетиштүү көрсөтө албай калган окшойт.
Эмне үчүн “…эмеспи”?
Эсенамандын эӊ орчундуу катачылыгы – Майкөт акынды пириӊ болот деп Жеӊижокко таӊуулаганы. Ал эч кандай туугандыгы жок же эч качан таалимин албаган ырчыны пир тутушу мүмкүн эмес эле. (Дегеле канчалык сыйласаӊ да, эч бир пендени ашыкча аздектеп, мазар кылып алуудан абайлаш керек.) Эсенаман Майкөттү “пир”, “мазар” кылып ийгенде Жеӊижоктун эӊ таасирдүү темага киришине түрткү бергенин билбейт:
Он сегиз миң Ааламды
Бир жараткан эмеспи.
Эң биринчи дүйнөгө
Нур жараткан эмеспи.
Суук кыштын булутун
Сур жараткан эмеспи.
Эмгексизди энчиден
Кур жараткан эмеспи!
Аалам жашап турсун деп
Күн жараткан эмеспи.
Алмаштырып Күн менен
Түн жараткан эмеспи…3
Айтмакчы, ушул жана андан кийинки кош саптарда 33 ирет кайталанган “эмеспи” сөзү Улуттук илимдер академиясынын фондунда сакталган кол жазмада “бир Алла” деп берилген экен. Муну белгилүү журналист, акын Болот Таштаналиев тир укмуштай бурмалоо деп жүрөт. Анын оюнча, текстти басууга даярдаган адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев ушул бир эле сөз айкашын алмаштыруу менен Жеӊижокту материалист кылып салыптыр.
Бирок бул жерде “он сегиз миӊ ааламды, …Күндү, …түндү ж.б. жараткан” ким? Чындыгында жандуу-жансыздын баарын жараткан Теӊир же Алла Таала деп түз айтылбаса да, сөз Кудай жөнүндө экени Жеӊижок берген жооптун башындагы 66 саптын ар биринен даана көрүнүп турат. Сопучулук (суфизм) боюнча кеӊири билимин ал Эсенамандын “пир”, “мазар” жөнүндөгү түшүнүгүнө каршы койгон. Ошол эле учурда аны динчил фанат дегенге да болбойт – акындын дүйнө таанымы ислам менен чектелип калбаганын бул саптардан баамдайбыз:
Ата-баба – пирибиз,
Адал эмгек – динибиз.
Бул саптар Кудайга сыйынуу түшүнүгүн жалаӊ гана диний жөрөлгөлөр (намаз, орозо, ажылык сапар ж.б.) менен чектеп коюуга болбостугун, дин өзү деле адамды жашоодо адашпай жүрүүгө багыттоочу таяныч катары гана мааниге ээ экендигин кыйытып турат. Жеӊижоктун динге көз карашы канчалык эркин болгонун Нурмолдо менен айтышынан да көрөбүз:
Жапыраӊдап ырдайсыӊ,
Тозок менен бейиштин
Колуӊда окшоп ачкычы.
Анык өзүӊ окшойсуӊ
А дүйнөнүн “жарчысы”!4
Эгер Ш. Үмөталиев көп кайталанган “бир Алла” сөз айкашын “эмеспиге” алмаштырбаса, атеисттик идеологиянын жаалы катуу мезгилде Жеӊижоктой залкардын мурасын элге жеткирүү мүмкүн болбойт эле. Бирок тексттеги диний мазмун дээрлик толугу менен сакталып кала берген.
Эки башка алкак, эки бөлөк деӊгээл
Бул айтыштын тарыхый-маданий, саясий-идеологиялык алкагы (контексти) чыгаан калемгер, билими тереӊ адабиятчы Аман Токтогуловдун макаласында5 абдан жакшы чечмеленген:
“…Дин тыюу салган же касиеттүү деп эсептеген нерсеге эл да сестенүү менен мамиле кыларын ырчы, албетте, жакшы билген. Ошондуктан өз учурунун идеологиялык куралы болгон диндин айрым түшүнүктөрүн өзүнүн философиялык оюн элге жеткирүү үчүн пайдаланган. Мунун, албетте, эч кандай тескери жагы жок.
Жеңижоктун чыгармачылыгында Чыгыш классиктеринин чыгармаларынан келген таасирлер маанилүү фактор катары каралууга тийиш деп көрсөттүк. Эгер Чыгыш классиктеринин терең философиялык ойлору, прогрессивдүү идеялары кыргыздын көптөгөн ырчыларына тикеден тике эмес, кимдир-бирөөлөрдүн окуп бергени же айтканы боюнча кыйыр түрдө жеткен болсо, Жеңижок алардын китептерин (же китептеринин көчүрмөлөрүн) өз көзү менен окуган, тикеден тике таалим алган…”
Тагдыр буйругу менен Таластан Аксыга барып туруп калышы, кат-сабаттуу адамдардан таалим алып, Чыгыштын поэтикалык асманындагы жылдыздарды таанып билгендиги Жеӊижоктун талантын өстүрүп, ааламдык алкакка кол сермешине өбөлгө түзгөн. Эгер ал Таласта кала берсе, балким, эч кандай кайгы-капа тартпай, жыргап-куунап чоңоймок. Бирок ошондо айрым төбөлдөрдүн “биз, тигилер”, “өз, жат” деп элди жиктеп, кайраштырган маанайына байланып, уруучул, жердешчил деңгээлден өйдө көтөрүлө албай кала бериши да толук ыктымал эле.
Материалист болгон жакшыбы же жаманбы?
Жеӊижок менен Эсенамандын доорундагы акындардын эч кимисин материалист (же кайрыдин, динсиз) болгон деп айтуу мүмкүн эмес. Мисалы, Эсенаман Чоӊду менен айтышканда беш убак намаз, Курандагы өзөктүү сүрөө (“кулпусу”) жөнүндө табышмак суроого билгичтик менен жооп берет, Шабданга ырдаганда Кудайдын кудурети жөнүндө сөз кылат:
Аалам шоокум түнүндө
Ай асмандан жүргүзүп,
Асылын жерге тийгизип,
Ак жараткан турбайбы.
Күлмүңдөйт күндүз күнүгө,
Күндү асмандан жүргүзүп,
Күчүн жерге тийгизип,
Күн жараткан турбайбы.
Ага-инилүү экөөнү
Ааламга даба болсун деп,
Жуп жараткан турбайбы.6
Мындай маанидеги саптар молдолорду жактырбаган Барпынын ырларынан да кездешет – ал пайгамбарлардын баянын да узун сабак айтчу экен. Токтогул өзү намаз окуган, бирок эшен-калпалардын элди алдаганын ашкерелеп ырдаган.
Ушундан улам улуу акындар динге эмес, аны элдин аӊ-сезимин мокотуучу курал катары колдонулушуна каршы турган деп айтууга негиз бар.
Ал эми материалисттик көз карашка келсек, ал табият таануу илимдеринин өзөгүн түзөрү, гуманитардык илимдерде дагы жокко чыгарылгыс орду бар экендиги белгилүү. Физика, химия, биология, астрономия ж.б. тармактардагы ачылыштарды жасаган аалымдар Курандагы же башка ыйык китептердеги туюнтмаларды сөзмө-сөз, үстүрт эмес, реалдуу негизи бар метафора, сыйымдуу символдор катары түшүнгөнү үчүн эле атеист деп айыпталган учурлар да көп кездешет. Демек, материализмди жектей берген жакшы эмес, бирок аны динге кескин каршы коюп, коомду жиктешүүгө, касташууга түрткөн жосундарды да тизгиндөө керек.

Арстанбектен ак бата
Сөз башына белгиленгендей, айтышта бирөө жеӊет, бирөө жеӊилет, ал ошон үчүн айтыш. Бирок мында деле утуш, жеӊиш – эӊ башкы максат эмес. Эӊ талылуу маселелерге, эӊ орчундуу түшүнүктөргө элдин көӊүлүн буруу, аӊдап билип, эсинде сактоого кызыктыруу үчүн акындар кыйла курч таймашкан экен. Алар канчалык серпишсе да, ар дайым бири-бирине сый мамилени сактай билишкен, жеӊилип калганына ашыкча арданган эмес.
Эӊ башкы мүдөө – талаш-тартыш, сөз таймаш аркылуу Чындыктын карама-каршылыктуу мазмунун ар кайсы өӊүтүнөн таанып билүүгө, ак менен каранын түбөлүктүү тирешинде кайдыгер болбоого элди дилгирлентүү.
Ушул ыӊгайдан алганда, улуу Сөздүн теӊдешсиз кудуретин, ошого жараша жоопкерчилигин сезе билген Арстанбек акындык өнөрдү аркалагандарга арнаган осуят-батасын дал ушул Жеӊижок аркылуу айтканы да тагдырдын өзгөчө буйругу болуптур:
...Ырчы болсоң сынчы бол,
Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол,
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген баатыр бол,
Алсыздарга жакын бол.
Күлүк минген күчтүү бол,
Күйдүргөнгө миздүү бол.
Жесирлерге жөлөк бол,
Жетимдерге көмөк бол.
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол.
Ууруларга айгак бол,
Ушакчыга сайгак бол.
Бечарага калка бол,
Беделсизге арка бол.
Ашта, тойдо мырза бол,
Аптыгып алкым агытпай,
Акындарга нуска бол.
Кара өзгөй болбой, калыс бол,
Кошоматтан алыс бол.
Усталарга балка бол,
Баатырларга калка бол.
Коркокторго уруш бол,
Кош сөздүүгө буруш бол.
Карыяга кайрым бол,
Алы жокко айбар бол.
Ашы жокко айран бол,
Эрегиш чыкса элчи бол,
Эл-журтуңдун кенчи бол…7
Адабияттар:
1. Жеӊижок менен Эсенамандын айтышы. /Китепте: Жеӊижок. Ырлар, айтыштар. Бишкек, “Бийиктик”, 2006. 232-бет.
2. Ошондо: 252-бет.
3. Эсенаман менен Жеӊижоктун айтышы /Китепте: Эсенаман. Бишкек, “Турар”. 2014. 65-бет
4. Жеӊижок менен Эсенамандын айтышы. /Китепте: Жеӊижок. Ырлар, айтыштар. Бишкек, “Бийиктик”, 2006. 253-бет
5. Ошондо: 286-бет.
6. Токтогулов Аман. Жеӊижок (1860–1918). Өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө. /Китепте: Таберик. Бишкек, 1997. 277-бет.
7. Эсенамандын Шабданга карата ырдаганы. /Китепте: Эсенаман. Бишкек, “Турар”. 2014. 141-бет.
8. Жеӊижок менен учурашуу ыры. / Китепте: Арстанбек. Бишкек, Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. 1994-жыл. 136-бет.
Жолдош ТУРДУБАЕВ, адабиятчы
Комментарийлер