МАНАС БААТЫРДЫ ХАНДЫККА КАНТИП КӨТӨРГӨН?

  • 29.01.2021
  • 0

Кыргыз мамлекет башчысын шайлоо (инаугурация) тарыхынан

2021-жылы 28-декабрда Кыргыз Республикасынын шайланган алтынчы Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун кызматка киришүү анты алынды. Ушуга байланыштуу XX кылымдагы кыргыз элинин улуу манасчысы Сагынбай Орозбак уулунун (1868-1930-жж. өмүр сүргөн) айтуусу боюнча “Манас” эпосунда жана башка булактарда жолуккан маалыматтардын негизинде, кыргыз элинин орто кылымдар мезгилинен бери өз алдынча эгемен мамлекети болгондугу, анын атрибуттары менен символдору аркылуу мамлекет башчысын – ханды шайлап, дайындоо жөрөлгөсү, ага таажы кийгизип, такка отургузуу (инаугурация) аземи жөнүндө азыноолак сөз кылмакчыбыз.

МАНАС БААТЫРДЫ ХАНДЫККА КАНТИП КӨТӨРГӨН?

«Манас» эпосунун негизги каарманы Жакыптын уулу Манастын кыргыздардын мамлекетин калыбына келтирилип хандык кызматка тандалышы өзгөчө кызык кырдаалда өткөн экен. Адегенде анын 84 курдашы Чаркастандын ойунда ууда жүрүшүп, ак тердикке салып 15 жаштагы Манасты хан көтөрүп алышат. Манас дароо өзүнүн максатын айтат. Алтай жана башка жерлерди өзүбүзгө алабыз деп, буйрук берип, мыйзам чыгарат. Каракчы, ууруларды, удуң-жудундардын азабын беремин дейт.

Ара конуп арага,

Өкүматы тийиптир

Өткүр Манас балага.

 

* * *

Өкүм болбой өнүкпөйт,

Өзүнүчө бу журт жөнүкпөйт,

Башчысы болбой марыбайт.

Баш аламан жарыбайт,

Ханы болсо кор болбойт,

Жарактуу киши зар болбойт.

Тегерегиң баары жоо,

Тепсесе душман жан койбойт.

Калкалайм десең жаныңды,

Көтөрүңөр ханыңды!

Хан көтөрбөй болбос, — деп,

Каптаса душман койбос, — деп,

Хандуу журт болуп калалык,

Калаба кылса каапырлар,

Кайрат кылган бололук.

* * *

Пейли катуу бирөөңдү

Бек көтөрүп коёлук!

Калкка кабар салалык,

Кайраты бар бирөөңдү

Хан көтөрүп алалык,

Калка кабар салалык,

Каапыр келип кол салса,

Каруу – жарак асынып,

Каршысына баралык, — дейт  бай Жакып.

Курултайга чогулган эл аны шаңдуу кубаттап, үн катышты:

Көтөрөлүк ханды — деп,

Хан көтөргөн жанды! — деп,

Алты кулач ак кийиз

Астына алып салышты, —

Агала сакал Жакыпты

Акбалта менен Бердике,

Жетелешип алышып,

Көпчүлүк аны сүйрөдү,

Көтөрбөңөр мени, — деп,

Көсөл Жакып сүйлөдү.

* * *

Карыганда хан кылып,

Калабага салбаңар,

Каралдым турса кашымда,

Карып калган жашымда,

Убалыма калбаңар.

Хан кызматы көп болот,

Балаңды коюп болгун деп,

Кандай курган кеп болот.

Ырас мага кыйсаңар,

Баламды кылсаңар эп болот.

* * *

Казак, кыргыз камалап,

Калмак, мангул жабылып,

Ак кийиздин үстүнө

Бай Жакыпты салганы,

Баласы Манас баатырды,

Ак кийиздин үстүнө

Аны дагы биргелеш,

Отургузуп алганы.

Көтөрүп көп журт алганы,

Жети кадам басканда,

Болду, балдар болду! — деп,

Жеткелең Жакып карыя

Жерге түшүп калганы.

Жеке Манас баланы,

Көтөрүп алып көпчүлүк

Алиге турган жыйынды,

Жети айланып барганы.

Хандуу журт болуп калдык, — деп,

Кабылан Манас баланы

Хан көтөрүп салдык! — деп,

Тогуз күндө той тарап,

Үй-үйүнө кеткени.

Талапкердин баарысы

Талабына жеткени.

* * *

Хан өкүмүн тийгизди,

Хан таажысы ушу деп,

Хан Манастын башына

Жыгалуу бөрктү кийгизди.

Жаңы хандын атасы Жакып токсон бээни сойдуруп, тогуз күнү той берип, ата-бабасынан келе жаткан кызыл тууну көтөрөт, ханга караган элдин санын алуу башталат.

Кээ бир тарыхый маалыматтарда, маселен, XV кылымга тиешелүү булакта монголдордун ханын тандап мыйзамдаштыруусу төмөндөгүчө болот дейт: “Ак кийизге отургузушуп, аны үч жолу көтөрүшөт. Андан соң аны менен боз үйдү үч жолу айлантышып, такка отургузушуп, колуна алтын кылыч карматышат. Ал өзүлөрүнүн жөрөлгөсү боюнча ант берет”. Кыргыздардын XVI кылымдын башталышында ханы болуп көтөрүлгөн Мухаммед Кыргыз жана 1841-жылы хан болуп жарыяланган Ормон Ниязбек уулу (1792-1855-жж.) да ак кийизге отургузулуп, хандык бийликке мыйзамдуу ээ болгондугу белгилүү. Ормонду хан көтөргөндө, башына төбөсү кызыл кымкап менен тышталган бөрктүү тебетей кийгизишип, ак кийизге отургузушуп, аземге катышкандарды үч ирет айлантышкан. Дагы бир маалыматтарда казак көчмөндөрдүн аземи боюнча, хан көтөрүү аземине катышкандар ал кийиздин майда кесиндилерин же болбосо анын үстүндөгү мурунку көйнөгүнүн кесиндилеринен ырымдап ала кетишчү экен.

МАНАС БААТЫРДЫ ХАНДЫККА КАНТИП КӨТӨРГӨН?

Дөөлөтбек Сапаралиев,
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргызстандын жана Чыгыш чет өлкөлөрдүн тарыхы кафедрасынын башчысы.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер