МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРДИН АБАЛЫ

  • 27.05.2021
  • 0

(психологиялык талдоо)

Мамлекеттик органдарга, андагы кызматкерлерге элдин көпчүлүгү өтө нааразы болуп калды окшойт. Албетте, бул биздин соӊку отуз жыл аралыгындагы саясий сабатсыздыгыбыздын, жоопкерсиздигибиздин натыйжасы. Бирок эми аткаминерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди эле сындап, тилдей бергенден пайда жок. Аң-сезимдүү жаран катары, биз саясий жараянга башкача катышуубуз керек.

Биринчи кезекте «бул начар иштеп жаткан мамлекеттик органдарды кайра кантип калыбына келтирсе болот?», «Мен өлкөбүздүн өнүгүшүнө кантип салым кошо алам?» деген суроолор боюнча ой жүгүртсөк туура болчудай.

Биз бүгүн «Эмне үчүн мамлекеттик органдардагы команда алсыз?», «Эмне үчүн алардын иштери өнүмдүү, майнаптуу эмес?» деген маселе тууралуу кеп кылалы. Балким, ушул жердеги ой-пикирибиз аркылуу мамлекеттик бийликтин ишинин оӊолушуна салым кошорбуз?

Эмесе бүгүн аткаминердин командасынын иш-аракетинин натыйжалуу болбой жаткандыгынын кээ бир психологиялык себептерин иликтеп көрөлү. Анткени, мамлекеттик органдын начардыгы бир гана жетекчиден көз каранды болбойт…

  1. Ашыкча, керексиз “иштер”

Биздин мамлекеттик мекемелердин көпчүлүгүндө кызматкерлер эч нерсе кылбай эле отурат деген пикир көп айтылып келет. Бирок, чындыгында, аларга ашыкча жүк жүктөлгөн. Тилекке каршы, бул милдеттемелердин, тапшырмалардын көпчүлүгү кереги жок, акылга сыярлык эмес. Мисалы, эч ким окубай турган, жалган маалыматтарга толгон отчётторду жазуу, формалдуулук, планды толтуруш үчүн аткарылуучу “иштер” баарыбызга белгилүү. Менимче, биздин мамлекеттик органдардын иштешине жогору жактан жеме угуп калбайлы деген эле мүдөө көбүрөөк таасир этип калгансыйт.

Биринчи кезекте керексиз, логикасыз тапшырмаларды бергенди токтотуу зарыл. Антпесе мындан ары да мамлекеттик кызматкерлер убактысы менен күч-аракетинин көпчүлүгүн өзүнүн жетекчисинин көзүн боёш үчүн отчёт жазганга жумшай берчүдөй.

Аткаруу бийлигиндеги ашыкча формалдуулуктун сакталып келе жатышына Жогорку Кеӊештин да күнөөсү чоӊ. Эл өкүлдөрү кол тийгис болсо боло берсин, бирок алар сын тийгис эмес. Муну ачык айтуу керек. Министрликтер депутаттардан жеме угуп калбайлы, бирдемени чукуп чыгышпасын деп коркуп, зарыл кадамдарды жасоодон дайым тартынып турушат. Депутаттар дайыма эле чын ыкластан жакшы болуп кетсин деген максатта пикир айтпайт, алардын ой-пикирлери сындыруучу эмес, ар ишти сынына чыгаруучу мүнөздө боло бербейт. Эл өкүлү көбүнесе жемелеп, кемсинтип сүйлөйт, министрликтерден келген өкүлдөр алардын алдында “2” алган окуучудай унчукпай туруп берет. Аткаруу бийлигинен келгендер үчүн эл өкүлүнүн ачуусун келтирип албоо – эң башкы максат. Ошондуктан жөнү жок, беймаани сын пикирге, сунушка деле: «Макул, карап чыгабыз, аракет кылабыз», – деп турушат.

  1. Пигмалион таасири (Pygmalion effect)

Мамлекеттик кызматкерлердин ишин солгундаткан дагы бир себеп – жетекчи менен колунда иштегендердин мамилеси… Биздин мамлекеттик мекемелердеги жетекчилер колунда иштегендерге жетиштүү деңгээлде сылык-сыпайы, сый-урмат менен мамиле кылбайт деп эсептейм. (Чыныгы лидер эч качан командасында иштегендердин кишилик намысына доо кетиргидей мамиле жасабашы керек).

Кагуу жеген, кетирген катасынан эселеп ашып түшкүдөй жемени, алтургай көңүлдө кала турган оор сөздөрдү уккан кызматкерлерди көп эле көрдүм. Жетекчинин мындай мамилесинен кийин кызматкердин жигердүү иштешин күтүүгө болбойт.

Пигмалион таасири адамдын ишинин илгерилешине же жакшы жүрбөй калышына сырттан көргөн мамилесинин, сырткы күтүүлөрдүн (expectation) таасири чоӊ болорун билдирген термин. Демек, бул теорияга ылайык, кайсы бир мекемеде эмгектенген кызматкерге жетекчиси жакшы, киши катары сый-урмат менен мамиле кылса, ал киши ошол сый-урматка татыктуу болуп, мыкты иштегенге умтулат экен. Ал эми жеме угуп, кагуу жеген, жетекчисинин алдында өзүн төмөн, колунан иш келбеген бечарадай сезип калган киши автоматтык түрдө ошол сөздөргө ылайык начар иштеп каларын психологдор пигмалион теориясына таянып түшүндүрүшөт.

  1. Коомдогу жакындык теориясы (Social Bond theory)

Бул теория кишинин өзү жашаган коомчулукка болгон жакындыгы ал кишинин терс жосундардан кадамдардан оолак болуусу менен тикелей катыштуу экендигин билдирет. Башкача айтканда, бир киши өзү жашаган коомчулукка канчалык өзүн жакын, тиешелүү сезсе, анын терс кадамдарга баруу ыктымалдыгы ошончолук аз болот. Тескерисинче, өзү жашаган коомчулуктун үрп-адатына, баалуулуктарына өзүн жакын жана тиешелүү сезбеген кишинин туура жолдон чыгып кетиши көбүрөөк ыктымал.

Бул көрсөткүч ошол коомдогу топко да тиешелүү экени айтылат. Эгер бир кызматкер өзү иштеген уюмду көңүлүнө жакын кабыл алса, өзүн ал жерде уникалдуу, сыйга татыктуу деп эсептесе, жигердүү иштеп бериши көбүрөөк ыктымал экен. Ал эми «Керек болсо сени иштен айдап ийем, сенин ордуңа иштейм дегендер толтура» дегендей жериген мамилеге кабылган кызматкер ал уюм жана ал жердеги жамаат менен коомдук жакын мамиле кура албагандыктан, иштеген жерине өзүн толук тиешелүү сезбегендиктен, туура эмес кадамдарга оңоюраак барышы ыктымал экендигин да ушул теория менен түшүндүрүшөт.

Демек, жетекчинин кагып-силкүүсү, өлкөдөгү жумушсуздукту колунда иштеген кишини коркутуу үчүн колдонуусу оң таасир бербейт. Тескерисинче, кызматкерге сылык мамиле жасоо жана кызматындагы ийгиликтерин айтып, мактап туруу анын ишин өнүмдүү кылат.

  1. Сынык терезе теориясы (Broken Windows theory)

Бул теория коомдук жайлардагы тартиптин, иреттүүлүктүн сакталышы аркылуу бүлдүрүүчүлүк (вандализм) менен кыйла оор кылмыштардын алдын алынарын туюнтат. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул теория коомдук жайлардын таза күтүлүүсү, андагы сынык буюмдардын оӊдолушу, терезе, каалга, отургуч сыяктуу бумдардын сырдалуусу сыяктуу жөнөкөй иретке келтирүү иштери ал жерлердеги кыйла одоно адепсиздиктин, жаман жосундардын азаюусуна өбөлгө түзөрүн билдирет.

Бир мисал келтирели. Рудолф Жулиани 1980-жылдары Нью-Йорк шаарындагы кримтөбөлдөр менен күрөшүүдө Федералдык прокуратураны жетектеп турган экен. Бул кишинин шаардагы коомдук жайлардагы майда-барат деп эсептелген нерселерди оңдотуп, калыбына келтиртип, «Бул жерде тартип бар» деген түшүнүктү аз-аздан болсо да сездире алуу менен шаардагы чоң кылмыш жана мыйзамсыз иш-аракеттерди азайтууга жетишкендиги ушул теориянын чындыгын далилдеген. А бул көрсөткүчтөрдүн тескериси болсо өзүнө жараша терс натыйжалардын көбөйүшүн шарттайт экен.

Кыскасы, бул теорияга ылайык, башаламандык өкүм сүргөн, жазылуу эрежелер толук иштебеген мекемедеги кишилер «бөөдө убара боло бербеш керек» деген ойго келет. Так ушул жерде: «Мыйзамдар так сакталбаган, натыйжага эмес жасалмалуулукка ыктаган, илеӊ-салаӊ, шалаакы иштегендерди эч ким жаман көрбөгөн, жетекчинин өзүнүн байма-бай ката кетиргенине кызматкерлери күбө болгон, каалгасынын сыры көчкөн, терезесинен жарака кеткен, буюмдары эскирген, ажатканасы каралбаган мамлекеттик мекемеде так, туура, кылдат иштөө деген түшүнүк калыптанабы?» – деген суроонун жообу чоң мааниге ээ болуп турат…

Жыйынтыктоочу кеп

Мамлекеттик кызматкерлер – биздей эле кишилер. Алардын баарын жаман, жалкоо, жегич дешке болбойт. Адам дайыма эле дээринен жаман болгондугу үчүн жаман кадамдарга барбайт. Кээде мажбур болгондуктан, башка себептерден улам өзү каалабаган кадамдарга барып калуусу мүмкүн. Бул чындыкты турмуштук тажрыйбадан баарыбыз эле көрүп жүрөбүз.

Биз жогоруда мамлекеттик кызматкерлердин так, калыс, таза иштешине өбөлгө түзүүчү бир катар психологиялык себептерди санап өттүк. Булардан тышкары аларды тетири жолго түртүп жаткан экономикалык, саясий себептердин да бар экенин унутпаш керек.

Бул макалада мамлекеттик кызматкерлердин ишин жакшыртуу үчүн саясий маданиятты көтөрүү, экономикалык абалды жакшыртуу менен кошо жогорудагы психологиялык себептерди да эске алуу керек деген илимий тезисти чечмелеп беришке аракет кылдык.

Элмурат Кочкор уулу, докторант. Түркия.

Бөлүшүү

Комментарийлер