КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИЛИМГЕ ТАЛАП ТУУРАБЫ?..

  • 21.10.2025
  • 0

Илим – объективдүү дүйнөнү таанып билүүнүн эң негизги булагы. Ошондуктан адамзат акыркы кылымдарда илимди бекем жүгөндөп алып башкарып, киши таң каларлык ийгиликтерге жетишип келе жатат. Илимдин күчү менен кыймылдаткычтар, алгачкысы буу кыймылдаткычы, анын зор ийгилиги паровоз, кийин ичинен күйүүчү, дизелдик, реактивдүү ж.б. кыймылдаткычтар ойлоп табылып, азыр адамзат алардын укмуш түрлөрүнөн пайдаланат. Илимдин натыйжасы, ийгилиги көбүнчө өтө акырындык менен жаралып, элге кызмат кылышы да көп мезгилдерден кийин ишке ашат. Мисалы, атактуу И. Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачып, ал 300 жылдан кийин адамзатка кызмат кыла баштаган. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында пайда болгон электр тогу менен фотография 100 жылдан кийин элге кызмат кыла баштаган.

Илимий изилдөөлөрдүн, илимпоздордун, илимий кызматкерлердин эмгегинин ийгилиги, үзүрү ошентип, бир топ убакыттан, кээде узак мезгилден кийин ишке ашып жемишин берет. Илимдин, окумуштуулардын колунан эмне келет, анын эң негизгилерин акыркы кылым-дардагы киши пайдаланган электр тогунун, кыймылдаткычтардын, көзгө көрүнбөгөн нурлардын, радио-теле байланыштарынын ж.б. күчтөрүнөн адамзат таң каларлык жаңылыктарды жаратып пайдаланып келатат. Кыргыз элинин “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген макалынын мааниси мына ушуларда жатат. Так мына ошондой билек күчүнө чиренген мамлекет менен билим күчүнө чиренген мамлекеттин мыктылыгын салыштырып кароо жогорку билими жок жөнөкөй кишиге да маалым. Америка кошмо штаттары, мисал үчүн, айрыкча ХХ кылымдагы дүйнөлүк согуштардан пайдаланып ар кайсы өлкөлөрдөгү окумуштууларды өзүнө кабыл алып да, чакырып алып да, уурдап алып кетип да, башка ар кандай жолдор менен да жыйнап алып илимин өркүндөтө түптөп алган. Мисалы, дүйнөлүк экинчи согуш жүрүп жатканда даниялык атактуу физик Нильс Борду аскердик учактын бомба салынчу жайына отургузуп, Швециядан “уурдап” алып кеткен. Анткени, учкучка жолдо немецтик учактар кол салып калса, окумуштууну немецтердин колуна тирүү калтырбай, бомба катары таштап жиберүү тапшырмасы берилген. Мыны илимдин баасы, окумуштуунун баасы! Натыйжада АКШ атом бомбасын чыгарууну ишке ашырып, 1945-жылы 6-августта Японияга атом бомбасын таштаган. Азыр да АКШдан башпаанек сураган илимпоздорго эшик ачык да, АКШнын окуу жайларында окуган жаштардын мыктыларын алып калууга чоң аракет жумшалат. Ошентип, ал мамлекеттин илимине азыр эч бир мамлекеттин илими теңеле албайт. Ошондуктан АКШ – дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекет.

Советтер Союзун негиздеп курган жетекчилер да билимге, илимге өзгөчө маани беришкен. Окумуштууларды, окутуучуларды, мугалимдерди баалап, алардын чыгармачыл иштерине гана эмес, эс алууларына да жагымдуу шарттарды түзгөн. Башталышында Россия соко менен жер айдап жүрсө, Батышта трактор менен жер айдап жан баккандын себеби билим берүү менен илимде экенин билген СССР күчтүү держава деңгээлине жеткен. Космоско биринчи болуп жол салып, алгачкы адам, СССРдин жараны космоско учурулган. Тутумундагы бардык Союздук жана Автоном республикаларда улуттук Илимдер Академиясынын уюшулушуна, ачылышына, иштешине кеңири шарт түзүлгөн. Союздук республикалардын катарында Кыргыз ССРинде да Илимдер академиясы түптөлүп, азыр эгемен мамлекетибиздин Улуттук Илимдер Академиясы иштеп жатат. СССРдин илимге өтө зор маани бергенин бир эле мисал менен айтып өтөйүн.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору Кадыркул Айдаркулов Советтик Армиянын катарында мыкты кызмат өтөп жүрүп КПССтин мүчөлүгүнө өтүп келип, университетти кызыл диплом менен бүтүрүп, Илимдер Академиясынын Тарых институтуна ишке кирген. Жаш коммунист партиялык кызматы менен Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын президенти Курмангали Каракеевден партиялык взнос алууга барса, академик, “менин айлыгым он жети миң эле” деп күңгүрөнө чөнтөктөрүн аңтарып взнос төлөгөнүн айтат. Ошол кезде Илимдер Академиясынын президентинин айлыгы Кыргызстанды башкарган адамдын, партиянын биринчи катчысынын айлыгынан төрт эсе көп болгон. Илимге, билим берүүгө өзгөчө көңүлдүн бөлүнгөнүн анан дагы Ысык-Көлдүн жээктеринен, курорттук жайлардан Кыргыз ССР Илимдер Академиясына, ар бир жогорку окуу жайга илимпоздордун, илимий кызматкерлердин эс алуулары үчүн атайын жер бөлүнүп, мамлекет пансионаттарды куруп бергендигинен да байкоого болот. Тилекке каршы илим менен билимге болгон мамиле Советтер Союзунун жашоосунун акыркы отуз жылдыгында “бузула баштап”, ХХ кылымдын 60, 70, 80-жылдарында мамлекет мугалимдерди, окутуучуларды, окумуштууларды, илимий кызматкерлерди “бекерчилер” катары көрүп, жыл сайын кеминде бир ай, болбосо 2-3 ай колхоз-совхоздорго, завод-фабрикаларга, башка өндүрүш тармактарына бекер иштетип жүрүп отурушкан. Орто мектептердин окуучуларын, жогорку жана адистик орто окуу жайлардын студенттерин болсо жыл сайын эки-үч ай колхоз-совхоздордун, башка мекемелердин ишине тартып иштетүү көнүмүшкө айланган. Натыйжада жаш муундар мыкты билим алуудан алагды болушкан. СССРдин илими ушинтип алсыраган. Ошо СССРдин улуу державага умтулган ийгиликтеринин бир кичинекей үзүрү биздеги билим берүүдө дагы эле колдонулуп келатат. Башка бардык кызматкерлердин жылдык эмгек иш өргүүсү (трудовой отпуск) бир ай да, мугалимдердики, окутуучулардыкы, окумуштуулук даражасы бар илимпоздордуку эки ай. Билим берүү менен илим мындан башка артыкчылыктарга ээ эмес. Кыргыз ССРи учурунда Илимдер Академисынын жетишкендиктери көп эле болгон. Мисалы, тоо-кен иштетүү үчүн машиналардын ойлоп табылып жасалгандары, буудайдын ж.б. өсүмдүктөрдүн жаңы мыкты сорттору, үй айбандарынын асыл тукум пародалары, космосту өздөштүрүүгө керектүүлөрдүн ж.б. ойлоп табылып элге кызмат көрсөтүүлөрү сыяктуу жетишкендиктери болгон. Тарых, философия, экономика, тил, адабият ж.б. илимдер боюнча да мыкты илимий монографиялар, окуу китептер Илимдер Академиясынын окумуштуулары тарабынан жаралган. Документтердин туура эмес жазылгандары, эл башкаргандардын кайсы бир районду башка бир областка тиешелүү кылып тантырагандары дээрлик болгон эмес. Ушу азыркы кезде Кыргыз Республикасынын жетекчилери илимге бир аз маани берип, Жогорку окуу жайларда илимий институттар, илимий борборлор ачылып алардын түптөлүшү башталган. Бирок ошол иштердин колго алынып алдыга жылып кете элеги өкүнүчтүү. Аракеттер бар, бирок ошол аракет кандай, кайсы тарапка баратат, кантип баратат, маселе мына ошондо. Бир нече жылдан бери жогор жактан “минтип окут, мындай окулмаларды (дисциплина) милдеттүү окутасыңар, кредит-саат эсеби мынча болсун, мындай отчет толтур, тигиндей отчет толтур” деген сыяктуу талаптар катуу берилип келатат. Анан дагы аккредитация, компетенция, мониторинг, портфолио өңдүү терминдер да пайда болгон. Булардын баары, биздин оюбузча, чет өлкөлөрдөн келип өздөштүрүлүп жаткан баш оорутмайлар. Эмне, Кыргыз Республикасынын университеттеринде, мектептеринде иштегендер кантип окутушту, адистик боюнча кандай окулмаларды (дисциплина) окутууну, өзү окутуп жаткан адистик окуулукка канча кредит-саат берсе жетиштүү боло турганын, аткарган иши тууралуу кандай отчет берерин ж.б. милдеттерин билишпейби. Орой айтканда, алар министрликте олтургандардын мээси менен иштешеби?

Акыйкатында ошол жогор жактан келген көрсөтмөлөрдүн көпчүлүгү башка бирөөлөрдөн алынган көчүрмөлөр. Анткени мына ушулар сыяктуу кагаздардын дээрлик бардыгы орусча келет. Эл башкарган мекемелерде иштегендер өз тилин, мамлекеттик тилди билишпейби. Эгемен Кыргызстандагы жетекчилер (мисалы, министрлик) ишенген кадрлар өзүнүн тилинде, өз акыл-оюнан чыккан көрсөтмө, талап, тапшырмаларды бере алышпайбы. Кызматка койгон бийликтин ишеничин актай албаса, мамлекет машинасын алдыга жылдыра турган өтө жооптуу кызматтарда иштеп эмне кылат десең. Илимде илим жазгандарга, доценттик, профессордук наамдарга талапкерлерге “минтип жаз, илим үч эле баптан (глава) турсун, экинчи бабы сөзсүз мындай болсун, илимий чыгармага белгилүү тартипте трафарет берилет да, так ушундай болуп пикир (рецензия) жазылсын, илимий иштин корголушу бир жарым сааттан ашпасын ж.б., SCOPUSка, барктуу журналдарга макалаңар чыксын” деген өңдүү талаптар коюлуп келатат. Илимий макала минтип жазылсын деген көрсөтмө-талапты да көрүп келатабыз.

Илимге кадам таштаган муундарда өз алдынчалыгы болбойбу, кантип жазышты, кандай басылмаларга эмгегин чыгарышты, деги эле макала жазышты билишпейби, өз адистиги боюнча окумуштуулар коомчулугуна өздөрүн эмгектери менен тааныта алышпайбы?

Анда илимий мекемелерге келип иштеп эмне кылат? Мугалим, врач, инженер ж.б. болуп эле иштей бербейби, илим жазам деп “мээсин оорутпай”. Илимге илимдин оор түйшүгүнө чыдап, бирдеме жаза билген гана жаштар келиш керек. Минтип жаз, мындай жазылсын, тыныш белгилери талаптагыдай коюлсун деген сыяктуу көптөгөн талаптар “илгери бирөө алыскы тоодон Фрунзедеги бир таанышына телефон чалып, “менин уулум мектепти бүттү, сага жибердим, жазуучу кылып кой”, десе, таанышы, “ай, жазуучу болуш үчүн таланты болуш керек”, дептир. Анда тоодогусу, “эмесе кандидат кылып кой”, деп трубканы коюп койгон имиш”, деген анекдоттогуларды ишке ашырып жатканга карата багытка окшоп кетет. Окумуштууларга, жогорку окуу жайларда эмгектенген окутуучуларга, доценттерге, профессорлорго SCOPUSка, барктуу журналдарга макала чыгаргыла деген талаптар бар. Биздин оюбуз боюнча, илим жазгыла, кайсы илимди окутуп жатасың да, ошол өз илимиңдин өсүп-өнүгүшүнө кандай салым кошуп жатасың, монография, окуу китеп же окуу курал чыгаргыла деген талаптар болуш керек, андайлар жок. SCOPUSка макала чыгарыш үчүн автор 100 (жүз) миң сомдон көп акча төлөйт экен. Жүз миң сомду жогорку окуу жайдын окутуучусу кеминде беш айда топтойт. Үчөөбүз жазып жибердик, арзанга түштү, 40 (кырк) миңден эле төлөдүк дегендер бар. Интернеттен карасам, күн сайын башка-башка мекемелер го, “SCOPUSка макала чыгарабыз” деген жарыялар чыгат. Бул акча табыш үчүн болгон аракеттин рекламасы экенинде шек жок. “Билимиңердин, илимиңердин өсүшү үчүн биз кам көрөбүз, макалаңарды SCOPUSка чыгарып беребиз” деген максаттагы жарыялар деп тааныган окумуштуулар да бар арабызда. Бирок, “Ай, ушу реклама менен SCOPUSка макала чыгаргандар бизнес эле кылып жатышкандар деп билип эле туруп, “SCOPUSка чыгаргыла макалаңарды” деген талап болуп жатпайбы, деп макаласын акча төлөп ошол рекламадагыларга жөнөтүп жаткандар арбын. Мени таң калтырганы, биринчиден “акчаңарды жибергиле, доллар менен жибергиле, макалаңды чыгарабыз” деген жарыялардын интернеттен байма-бай кетип жатканы да, алардын бизнесин өркүндөтүш үчүн жанын үрөп кайра-кайра жарыя берип жаткандар экенин элдин бардыгынын билип эле жаткандыгы. Окумуштуунун мээсинен жаралган эм-гекке очойгон-очойгон гонорарлар төлөнчү эле. Азыр болсо, очойгон-очойгон акчаларды, доллар менен жөнөтүп, “макаламды SCOPUSка жарыялап койгулачы”, деп “жалынгыла” маани-синде талап кылынып жаткан чак. Экинчиден, SCOPUSка макалаларды англис тилине котортуп жөнөтүшөт да, ошол макаланы билим алып жаткан студенттери жана Кыргызстандагы коллегалары эле эмес, өздөрү да окушпайт. SCOPUSка макала көп чыкса эле кыргыз илими дүйнөгө тааныла калабы?

Илгери бийик тоолордо иштей турган машиналарды, атактуу кыргыз бальзамын, кылчык жүндүү койлор породасын, буудайдын кылкансыз сортун, сүт азыктарынан жасалган биолакт деген затты ж.б. кыргыздар SCOPUSу жок эле ойлоп чыгарышкан.

Андай ийгиликтердин бир эле же беш эле жылда жаралбаганын да адам эске тутушу керек.

Жакында бизде, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде SCOPUSка макала чыгаргандарга очойгон-очойгон сыйлыктарды беришти. Ал макалаларды ким окуйт? Кыргызстанда эч ким окубайт! Ошол эле учурда монография, окуу китеп, окуу курал чыгаргандардын эч бири бир тыйын сыйлык алган жок! Студенттерибиз мына ушул монография, окуу китеп, окуу куралдардан окуп билим алыша турганын жетекчилер билбейт дейсиңби!? Билет болуштары керек. SCOPUSка макала чыгаргандарды сыйлоо деген сөз – АКШнын талаптарына баш ийгендик жана анын ийгиликтерин сыйлоо деген сөз! Ушуну кыргыздар кантип түшүнбөсүн! SCOPUSка чыккан макалалар Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан билим алып жаткандарга бир тыйын пайда алып келбейт! ЖҮЗ миң сом берин, “менин макаламды чыгарып берчи?” деп жалдырагандык УКМК жетекчиси айткандай, “өтө билимдүүлүк менен, такыр билинбей аракеттенип” баш ийдирип, жетелеп алып жалдыраткандык эмей эмне? Мыкты мугалимдер, мыкты окумуштуулар “Жүз миң сом берип, менин макаламды жарыялап берчи деп жалдырабайм” деш керек. АКШнын түпкү максаты билинбеген талаптарына жетеленип бараткандайбыз! Батыштын мээси менен эмес, өзүбүздүн мээбиз менен иштеп көнбөйлүбү! SCOPUS, “Чет тили” деген талаптардын артында эмнелер бар экенин билбей жаткандайбыз. Чет тилин үйрөнөм деген мыкты кыргыздар эч кандай талап жок эле кытай тилин (бул тилде бир жарым миллиард адам сүйлөйт), англис тилин (бул тилде төрт жүз миллиондой адам сүйлөйт), орус тилин (бул тил да биз үчүн англис тилиндей эле чет тил; бул тилде эки жүз миллиондой адам сүйлөйт), немис тилин (бул тилде жүз миллиондой адам сүйлөйт) жана башка тилдерди билип алып дүйнөнүн бардык тарабында окуп, иштеп, жашап жүрүшөт.

Ибраим, Абдувалиев, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттикуниверситетинин профессору

Бөлүшүү

Комментарийлер