БАТКЕНИМ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ

  • 28.09.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде республиканын бардык билим берүү мекемелеринде балдарды мекенчилдикке тарбиялаган, ынтымакты бекемдөөгө чакырган иш-чаралар өтүүдө. Алардын ичинде окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептер да бар.

БАТКЕНИМ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ

Лейлек районундагы “Билим нуру” орто мектебинде окутуу тажик тилинде жүргүзүлөт. Бул мектепте да 19-сентябрда сабактар Баткен окуясында курман болгон аскер кызматчыларын жана  жарандарды эскерүү менен башталды. Бул күнү “Баткендин ар бир карыш жери биз үчүн ыйык” деген темада тарбиялык сааттар өткөрүлүп, окуучуларга Ата мекен жана аны сүйүү, улуттар менен өз ара түшүнүшүү, бири-бирин урматтоо, биримдикте болуу деген сыяктуу багыттарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. “Эр достугу – эгиз, эл достугу — деңиз” жана “Элдердин достугу өлкөнүн күчү” деген темаларда 1-4-класстар жана 5-8-класстар арасында сүрөт сынагы өтүп, байгелүү орундарды алган окуучуларга демөөрчүлөр тарабынан белектер тапшырылды.

  • Андан сырткары “Кыргызстан Баткенден башталат” деген темада 10-11-класстар арасында дилбаян сынагы өткөрүлдү. Окуучулар өтө активдүү катышып, өз пикирлерин кеңири баяндап, Баткенибиздин ыйыктыгын, аны коргоого даяр экендигин жана өнүгүүсүнө салым кошо тургандыгын билдирген окуучулар да болду. “Мекенди коргоо парз” деген темада 10-11-класстар жана мугалимдер арасында тегерек стол да өткөрдүк. Учурда Баткен окуяларында курман болгон аскерлерди жана жарандарды эскерүү иш-чаралары уланууда, — дейт мектеп директору Воситов Хоким.

БАТКЕНИМ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ

Лейлек районунда дагы бир ушундай окутуу толук тажик тилинде жүргүзүлгөн  мектеп бар. Анда иштеген мугалимдердин сегизи кыргыз улутундагылар. Алар негизинен кыргыз тили жана адабияты, англис жана орус тили сабактарынан беришет.

  • Биздин мектепте жалаң тажик балдары окуганы менен баарыбыз кыргыз тилин жакшы билебиз. Тарбиялык сааттар, иш-чаралар кыргыз тилинде өтөт. 17 жылдан бери ушул мектепте иштеп келе жатам, бир жылдан бери мектепте директормун, өзүм деле кыргыз болуп калдым. 23-сентябрда кыргыз тили күнүн да жогорку деңгээлде өткөрдүк. Конференция уюштуруп, окуучулар да, мугалимдер да активдүү катышып берди. Бизде дайыма улуттар арасында достукту бекемдөө, ынтымакта жашоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Азыр дагы ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатабыз, — дейт Илим орто мектебинин директору Эргашев Сухробжон.

Сухробжондун айтымында, бул айылдын эли толугу менен кыргыз тилин мыкты билет. Мектепте окутуу тажик тилинде болгону менен башталгыч класстан баштап 11-класска чейинки тарбиялык сааттар кыргыз тилинде өтөт. Окуучуларын Жалпы республикалык тестирлөөгө да кыргыз тилинде даярдашат. Ошондуктан окуучулар өзүнүн оюн кыргыз тилинде эркин айта алат жана дайыма коомдук жайларда кыргызча сүйлөшөт.

  • Мен өзүм дагы дайыма эки элдин ортосундагы достукту бекемдөөгө аракет кылып, түрдүү долбоорлорду ишке ашырып турам. Өткөн окуу жылынын аягында коңшу айылдардагы төрт кыргыз мектеп менен биргеликте достукту бекемдөө боюнча чоң долбоорду ишке ашырып, июнь айында отуз окуучуну Ысык-Көлгө алып барып келдик. Сентябрь айында мектепте ашпозчулук курсун уюштуруп, анда дагы төрт мектептин окуучулары таттуу токочторду жасоонун ар кандай түрлөрүн үйрөнүштү. Эми октябрдан баштап дагы бир спорт боюнча чоң долбоор башталуу алдында турат. Бул дагы эки элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталат. Биздин окуучулар сен кыргыз, сен тажик дебей долбоорлорго ынтымакта катышып келе жатышат, — дейт жетекчи.

БАТКЕНИМ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жээмуратовдун айтымында, чынында Лейлекте жашаган тажиктер менен кыргыздардын мамилеси абдан жакшы. Кыйын күндөрдө тажик туугандар чек ара жактан качып келген кыргыздарга жакшы жардам берди.

  • Биз менен аралашып жашаган тажиктер менен мамилебиз абдан жакшы, ынтымакташып эле жашап келе жатабыз. Баткенге кол салганда жергиликтүү тажиктер абдан жакшы жардам берди. Илим мектебинин директору өзү башында туруп бир жума бою күнүнө 200-300дөн нан жасап келип, бала бакчаларда, мектептерде жашап жаткандарга таратып жатышты. Билим нуру мектебинин жамааты дагы тамак-аш, күнүмдүк керектелүүчү гигиеналык каражаттарды, балдарга памперс, таттууларды алып келип берип жатышты, — дейт Улукбек агай.

 

БАТКЕНИМ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ

МЕКЕНЧИЛДИК СЕЗИМДЕРДИ ОЙГОТКОН ИШ-ЧАРАЛАР    

Учурда Баткен окуяларында курман болгон аскерлерди жана жарандарды эскерүү, мекенчилдикке тарбиялоо иш-чаралар республиканын бардык аймактарында да өтүп жатат. Талас облусунун мектептеринде 19-сентябрда аза күтүү күнү белгиленип, Баткендеги кол салуудан курман болгон аскер кызматкерлерин жана жарандарын эскерүүгө арналган класстык сааттар өттү. Андан сырткары “Кыргызстан Баткенден башталат” темасында дил баяндар, “Элдердин достугу өлкөнүн күчү” темасында балдар сүрөтүнүн сынагы, “Достук Ритмдери” онлайн флешмобу, “Ар бир үйгө тынчтык” веб-плакаттар сынагы өтүп жатат. 5-9-класстар арасында “Кыргызстан Баткенден башталат” деген темада дил баяндар жазылып, жогорку класстар арасында “Карегимде мекен чеги…” аттуу тегерек столдор өттү. Окуучулар “Баткеним менин жүрөгүмдө” аттуу дубал газеталар, буклеттерди чыгарып, түрдүү видеолорду жасашты. “Карегимде Мекен чеги, капаланба Баткен, кыргыз эли” деген аталыштагы флешмобдор даярдалып, окуучулар тынчтык, биримдик чакырыктары менен жөө жүрүштөргө чыгышты.

 

Кыргызстанда үч мектепте окутуу толук тажик тилинде жүргүзүлсө, беш мектепте аралаш окутулат.  

 

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер