Кыргыз тил сабагындагы жасалма интеллект жана инновациялар

  • 16.10.2025
  • 0

Бүгүн 16-октябрда Ленин райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү: маселелер жана келечек” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чара Агартуу министрлиги жана Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин иш-планына ылайык уюштурулду.

Конференцияга Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Гулчехра Мадумарова, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Билим берүү департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле Ленин районунун жалпы билим берүү уюмдарынын мамлекеттик тил боюнча орун басарлары жана жаш мугалимдер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдер кыргыз тили сабагында жасалма интеллект жана инновациялык платформаларды (Baamboozle, JeopardyLabs, Zep Quiz, Quizlet, LearningApps ж.б.) колдонуу тажрыйбалары менен бөлүштү.

“Кыргыз тилин өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин орду” жана “Тарсия методикасы” темасындагы баяндамалар катышуучулардын кызыгуусун жаратты.

Конференциянын жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө санариптик технологиялар менен жасалма интеллекттин ролу жана келечеги белгиленип, мугалимдер үчүн бирдиктүү Google аккаунт түзүлүп, тажрыйба алмашуу иши улантылмакчы.( БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер