КЫРГЫЗ МЕКТЕП ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИЛИКТИ ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 10.11.2023
  • 0

2023-жылдын 29-октябрынан 5-ноябрына чейин Түркия мамлекетинин Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим олимпиадасына Бишкек шаарындагы “Креатив-Таалим” ББКсынын 20 окуучусу катышып, анын 16ы 1-, 2-, 3-орундарды камсыз кылышты. Дүйнө жүзүнөн келген эң мыкты 57 мектептин зээндүү балдары менен  тең тайлашкан креативчилер бардык жагынан биринчи экенин тастыктап, Кыргызстандын желегин бийик желбиретишти. Жеңүүчүлөр Түркияга эс алууга жолдомо утуп алышты.

КЫРГЫЗ МЕКТЕП ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИЛИКТИ ЖЕҢИП АЛДЫ

КЫРГЫЗ МЕКТЕП ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИЛИКТИ ЖЕҢИП АЛДЫ

КЫРГЫЗ МЕКТЕП ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИЛИКТИ ЖЕҢИП АЛДЫ

 “Мыкты мектеп” деп табылды

Аталган интеллектуалдык сынакка 14 мамлекеттин 57 мектебинен келген 1000ден ашык мыкты окуучулар, студенттер чогулду. Маалыматка караганда, бул олимпиада жаштарды билимге шыктандыруу менен билим алмашуу аянтчасына айлантып, жаңы билим берүү ийгиликтерине жол ачмакчы.

Бул сынакка өзүнүн күчүн сынап, билимин көрсөтүүнү кыялдангандар үчүн  чоң мүмкүнчүлүк жаралганын катышуучулар билдиришти.

Эл аралык билим олимпиадасы таланттуу, жөндөмдүү окуучуларды бир аянтчага чогултуп, ар бир катышуучу жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнө терең сүңгүп, татаал маселелерди чечүүгө жана дүйнө жүзүндөгү эң мыктымын деген акылдуулар менен атаандашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бул иш-чаранын өзгөчөлүгүнүн бири — катышуучулар билимдин ар түрдүү тармактарында – математика менен физикадан, тарых, тил, адабият жана искусствого чейин өзүн көрсөтө алышты. Сынак ар бир баланын өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк бергенин, олимпиада бардыгы үчүн жеткиликтүү жана кызыктуу болгонун окуучулар менен чогуу барган мугалимдер айтышты.

Зээндүү балдар

Эл аралык билим олимпиадасы – бул акыл таймашы гана эмес, 14төн ашык өлкөнүн өкүлдөрү, т.а. дүйнө жүзүндөгү 57 менмен деген мектептен барган зээндүү балдар үчүн билим, спорт, маданият жагынан тажрыйба алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болду. Иш-чаранын катышуучулары улуттук каада-салт, улуттук тамак-аштын өзгөчөлүктөрү боюнча, спорт жагынан дагы эч кимди алдыга чыгарышкан жок.

КЫРГЫЗ МЕКТЕП ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИЛИКТИ ЖЕҢИП АЛДЫ

— “Креатив-Таалим” ББКнын негизделгенине жети жылдын жүзү болду. 1000 чукул окуучу бар. Бул олимпиадага жети жылдан бери даярданып,  жетинчи жыл болгондо билимди жана тарбияны кошкон олимпиадага катышууну туура таптык. 20 окуучу барса, анын 16ы ийгиликтерди жаратты.

Биздин максатыбыз – “Креатив-Таалим” ББКсынын концепциясы канчалык деңгээлде туура баратканын көрүү эле. Предметтик олимпиададан сырткары, маданий, спорт иш-чаралары да болду. Дүйнөлүк тренд боюнча окуучу алган билимин турмушта колдоно алышы керек. Б.а. жумшак жана катуу көндүмдөрдү канчалык деңгээлде калыптанганын текшерүү максатында окуучуларыбызды 15-жолу өтүп жаткан эл аралык сынакка жөнөттүк. Биздин балдар олимпиадада химия, физика, география, тарыхтан 1-орунду алышты. Бардыгын кошкондо 16 байгелүү орунду камсыздашты. Мындан тышкары, балдардын бийлеген бийлери калыстар тобунун купулуна толуп, жыйынтыктоо аземинде биздин окуучулар бийлеп, комуз черткендери өзгөчө бааланыптыр. Ошондой эле спорттук мелдештерде дагы камчы салдырбай, алдына эч кимди чыгарышкан жок.

КЫРГЫЗ МЕКТЕП ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИЛИКТИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Биздин балдар — билим менен тарбияны, кошумча спортту бирге алып жүргөнүбүздүн жыйынтыгын берди. Дүйнө жүзүнөн барган 57 мектептердин ичинен медалдардын саны боюнча 1-орунду алганыбыз баарыбызды өтө толкундантты. Б.а. биз иштеп жаткан концепциябызда балдарга билим менен кошо эртең мененки таңкы көнүгүүнү жасатканыбыздын, таң эрте бийлеткенибиздин пайдасы тийди. Биздин мектепте 1-класстан баштап шахмат менен комуз милдеттүү түрдө окутулат. Шахматтан дагы 1-орунду алышты. 56 баланын ичинен биздин балабыз 1-орунду алганы андан бетер бизди кубантты. Демек, бул биздин жеңиш Кыргызстандагы окутуу кыргыз тилиндеги мектепте окуп жаткан балдарга мотивация болот деп ишенемин. Англис тилдүү мектептер катышкан дүйнөлүк олимпиадада биздин балдар англис тилинен 3-орунду үч окуучу алышты. Бул өтө чоң көрсөткүч деп эсептеймин. Демек, кыргыз тилинде билим алып жаткан балдар орус жана англис тилдеринде окугандар менен тең тайлаша тургандарын тастыкташты. Биздин балдардын маданияттуулугу, билим менен кошо тарбиялуулугун баса көрсөтүшкөнү бизди кубандырбай койбойт. Биздин балдарда үй-бүлөлүк мамиле калыптанганын, б.а. 7-класстын баласы менен 11-класстын баласы бир үй-бүлөдөй болуп, бири-бирин толуктап, спортто ийгиликтерге жетишкендери да баса белгиленди, — дейт окуу жайдын негиздөөчүсү, генералдык директору, КР эмгек сиңирген мугалим, “Даңк” медалынын ээси Гүлнара Дайырбекова.

КЫРГЫЗ МЕКТЕП ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИЛИКТИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Олимпиаданын калыстар тобунда эки түрдүү пикир жаралыптыр. Биринчиси – “Кыргызстандан келгендер Бишкектин мыкты мектептеринен чогулуп келгендер болуш керек. Анткени бир мектептен 16 бала предметтик сынакта ийгиликке жетиши мүмкүн эмес”, — деп айтышыптыр. Экинчиси – спорттон биринчи орунду алгандыктан, “спорт мектебинен келген балдар дагы кошо келген болуш керек” деген күмөн саноолор болуптур.

— Чындыгында эле “Креативдеги” эртең мененки таңкы көнүгүүнү калтырбай жасаганыбыздын пайдасы тийиптир. Анткени эртең менен ал жерде дагы физзарядкага чыкканда кээ бир мектептердин балдарында комплекс бар экен, балдар тартынып, көнүгүү жасагандан уялып жатышты дешти. Таңкысын дайыма бий болгондуктан, флешмобго чыкканда деле биздин балдарда эч кандай проблема болбоптур. Бул дагы туура багыт экен. Үчүнчүсү — комуз черткенде баары чертишет, бийлегенде баары бийлешет, биздин комплекстин концепциясы туура багытта баратканына дагы бир жолу ишендик. Негизгиси предмет боюнча барган балдардын билимине суктангандар өтө көп болуптур.

Бизде балдар толук күндө окушат. Үч маал тамак ичишет, командалык дух абдан күчтүү. Эл алдында сүйлөөгө, өзүн алып жүрүүгө, оюн айта алууга, башкалар менен мамиле түзүүгө Билим фестивалы, Билимдер жомоктор дүйнөсүндөгү иш-чараларыбыздын пайдасы тийип жатканын көрүп жатабыз. Мындан ары концепциябызды тереңдетип, билим менен кошо тарбияны дагы толук кандуу бергенге аракеттенебиз, — дейт кубануу менен жетекчи.

Командалык күчтүү дух

Билим чемпиондорун тосуп келген эне Анара Жусупова, Элдос Осмоналиевдин апасы экенин тааныштырды.

— Балам англис тили, химия, математикадан кеткен. Химия менен математикадан 3-орунду алды. Абдан кубаным жатам. Бул олимпиада 15-жолу өтүп жатыптыр. Мектеп дагы быйыл катышып калганына абдан кубанычтабыз. Биринчи жолу барып, жакшы ийгиликтер менен келишти. Кыргызстандан барган “Креатив-Таалим” ББКсы сынакка барган 57 мектептин ичинен эң мыкты деп табылыптыр. Олимпиаданын уюштуруу жагы дагы абдан жакшы экен. Түшкө чейин ар бир предмет боюнча сынак болуп, түштөн кийин спорттук, маданий мелдештерге катышып жатышты. Бардык жагынан биринчи орунга чыгып, кубокторду алышты. Ушул билим уясында иштеген бардык мугалимдерди, жамаатты куттуктайбыз! Жети жылдык талыкпаган эмгектин  үзүрүн көрүп жатышат, — деди эне.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысы, п.и.д. Кыялбек Акматов менчик мектептер өз алдынча эл аралык сынактарга даярданышаарын белгиледи.

— Дүйнөлүк олимпиадаларга жолдомо алган балдарды даярдоочу бирдиктүү борбор бар. Ал жерде окуучуларды топтоп, даярдоо процесстери жүргүзүлөт. Албетте, бул министрликтин жасаган кадамы. Жеке менчик мектептеринде сынакка өз алдынча даярданып келишет. Бирок министрлик колдоо максатында шарт түзүп берет, — деди жетекчи.

Химия сабагынан 1-орунду ээлеген 10-класстын окуучусу Курбаналиева Фирдаусийдин айтымында, химиядан суроолор ал үчүн оңой эле болуптур. Бирок математикадан татаал маселелер келгендиктен, 2-орунга чыккан.

Аталган олимпиада дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарынан келген жаштарды билимге жана өнүгүүгө умтулуу үчүн бириктирүүнүн чыныгы символу болуп саналат.

Бул билимди өнүктүрүүгө, чыгармачыл ой жүгүртүүгө жана командалык кызматташууга өбөлгө түзгөн укмуштуу окуя болгонун билим уясынын директорунун орун басарлары Жылдыз Сарыгулова менен Кайырбек Байтик уулу да билдиришти.

— Олимпиадага катышкан окуучуларыбыз бир эле мектепти эмес, Кыргызстандын намысын коргошту. 11-класстар арасында географиядан катышкан Мелисов Нурсултан 1-орунду, ал эми  орус тилинен 2-орунду камсыздаса,  тарыхтан Төрөбаев Эрбол 1-орунду,  англис тилинен Дуйшекеев Аскарбек 3-орунду багындырышты. Ал эми 10-класстар арасында  химия сабагынан Курбаналиева Фирдаусий 1-орунга, ушул эле окуучубуз  математикадан 3-орунга жана англис тилинен  Кулубекова Аяна деген кызыбыз 3-орунга чыгышты. 9-класстар арасында физика боюнча Арстанбекова Нурсулуу 1-орунду, шахматтан Абдырахманов Осмон 1-орунду, математикадан Кемелова Сайкал  2-орунду, шахмат боюнча Жолдошов Исхак 3-орунду,  англис тилинен жана химиядан Осмоналиев Элдос 3-орунду камсыздашты. Ошондой эле 8-класстар аралык сынакта географиядан Кенешов Жоомарт 2-орунга чыкса, математикадан Бектенова Сезим деген окуучубуз 3-орунду жеңди. Мындан сырткары 7-класстын окуучусу Иминова Мээрим биологиядан 3-орунду камсыздады. Жалпылап айтканда, биздин окуучулар 5 – 1-орун, 3 – 2-орун жана 8 – 3-орунду багындырып, баарыбызды кубанычка бөлөштү, — дейт жетекчилер.

Ошентип, креативчилер билим сынагында 16 орунду камсыздап, анан командалык эсепте дагы 1-орунга чыгып, тарыхтын жаңы барактарын ачышты. Демек, окутуу кыргыз тилиндеги мектепте бир эле предметтерге эмес, окуучунун ар тараптуу билим, тарбия алышына өзгөчө маани бургандыгынын далили десек болот. Анткени олимпиадага катышкан ар бир окуучу предметтен сырткары спорт оюндарына дагы, каада-салтты көрсөтүүдө, тамак-ашты жасоодо камчы салдырбай аткаргандары катышуучулардын, калыстар тобунун сүймөнчүлүгүнө арзышты.

Кыргызстандын намысын бийик көтөргөн мыктыларга, аларды даярдаган мугалимдерге, ийгиликтерди жаратканга бардык шарттарды түзүп берген окуу жайдын жетекчилерине алкыш!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер