КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ КРИЗИСИ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

  • 01.11.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун директору Улан Рыскулов учурда эң актуалдуу экология темасына арналган иш-чаралар, кароо-сынактар жөнүндө кызыктуу маалыматтары менен бөлүштү.

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ КРИЗИСИ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Аталган борбордо күнү десек аша чапкандык болор, кызыктуу темаларды козгогон иш-чаралар өтпөй калган учурлары дээрлик жокко эсе десек да болот.

Өсүп келе жаткан муундун экологиялык маданиятын тарбиялоо максатында жаратылышты коргоо, табиятка аяр мамиле жасоо, туристтик аймак таануу, тоолуу өлкөбүздүн артыкчылыктарын даңазалоо сыяктуу өтө актуалдуу маселелерди камтыган кароо-сынактар, программалар уюштурулуп, байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Окуучулардын “Туулган жерим” туристтик-аймак таануу кыймылынын “Экология жана биз” программасынын алкагында өткөн жылдын 13-февралынан 20-октябрга чейин “Келечек үчүн бир мүнөт» аттуу республикалык конкурсу аралыктан өткөрүлгөнү маалым.

— Бул конкурска республика ичиндеги жалпы билим берүүчү мектептин окуучулары жана алардын ата-энелери, педагогдор катышты. Калыстар тобуна экология темасында үч түрдүү номинация боюнча видеороликтер келип түштү. Жыйынтыгында, ар бир номинация боюнча үч жеңүүчү жана 10 активдүү катышуучу аныкталып, сыйлуу белектер менен сыйланды.

2023-жылдын 15-мартынан 30-октябрына чейин өткөн “Жаратуу менен бүлүндүрбө!” конкурсуна 5-11-класстардын окуучулары катышты. Жыйынтыгында “Жаратылыш деми” жана “Айланабыздагы сулуулук” экологиялык темасында балдардын көз карашы чагылдырылган керемет кооз сүрөттөр келип түштү. Мына ушундай конкурстар окуучуларды табиятты сүйүүгө гана тарбиялабастан, табитин да жогорулатары бышык, — дейт жаш жетекчи.

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ КРИЗИСИ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Окуучулардын жогорку экологиялык маданиятын калыптандыруу, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө өсүп келе жаткан муунду тартуу максатында, эл аралык кароо-сынактарды аралыктан өткөрүү да жакшы жолго коюлган. Алсак, Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2023-2027-жылдарды “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоо жөнүндөгү резолюциясынын жана окуучулардын “Туулган жерим” туристтик-аймак таануу кыймылынын “Экология жана биз” программасынын алкагында 2023-жылдын 10-октябрынан 20-декабрына чейин “Бар бол, Жер-Эне-2023” республикалык экологиялык конкурсу аралыктан өткөрүлгөн. Сынактын алкагында балдар “Жаратылыш дүйнөсү” экологиялык сүрөттөр, “Биздин үй — жер планетасы” декоративдик-прикладдык чыгармачылык иштери жана “Биз баарыбыз планетабыз үчүн жооптуубуз” темаларында эссе жана дилбаян жазышкан. Жыйынтыгында, республика ичинде 80дей мектеп окуучу катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Андан тышкары, октябрда мектеп окуучулар арасында Kahoot платмормасынын жардамы менен онлайн викторинасы уюштурулган. Ушул эле экология темасы боюнча бала бакчаларда жана мектептерде ачык сабактар да өткөрүлүүдө.

— Биздин борбордун экология бөлүмү Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорунда жайгашкан эки бала бакчага жана сегиз мектепке 30 экологиялык темадан турган 30 сабак өттү. Мындай иш-чараларга бала бакча жана мектептер менен бирге жогорку окуу жайларынын студенттерин да тартууга аракеттенебиз. Алсак, “Климаттык өзгөрүү кризиси” темасында БААУнун студенттеринин жардамы менен мектеп окуучулары арасында “Climate fresk” оюну өткөрүлдү. Оюндун жүрүшүндө мектеп окуучулары климаттык өзгөрүүнүн себептерин жана коркунучтарын аныктап, пайдалуу маалыматтарды алышты.

Ал эми Бишкектеги Бишкек финансы-экономикалык колледжинин “Oicos жаш эколог-туристтер” ийриминин алкагында “Туруктуу өнүгүүнүн 17 максаты жана жашыл экономика” аттуу иш-чара ийгиликтүү ишке ашты. Андан тышкары борбордун экология бөлүмү КМУнун студенттери үчүн экология боюнча “Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттин камкордугубу же ар бир адамдын жеке маселесиби?” темасында олимпиада өткөрдү. Студенттер крандан аккан суунун экологиялык абалына баа берүү, Бишкек шаарынын абасына экологиялык баа берүү, таштандылар жана аны кайра иштетүү темаларынын айланасында илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн, — дейт Улан Рыскулов.

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ КРИЗИСИ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Борбордо үстүбүздөгү жылдын 3-февралында экологиялык маданияттуулукка тарбиялоо, жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, экономикалык жактан окуучулардын сабаттуулугун жогорулатуу максатында борбордун ийрим жетекчилери жана окуучулары Герман Гмайнер SOS окуу-тарбия комплексинин базасында “Экономика маанилүүбү же экологиябы?” темасында дебат мастер-класс өткөрдү. Демилгечилер мындай дебаттарды байма-бай өткөрүп турууну колго алышууда.

Андан тышкары, борбордун базасында география, биология мугалимдерине онлайн семинар өткөрүү да жакшы жолго коюлуп келатат. Мугалимдерге “Билим берүү базасын өзгөртүү. Жашыл көндүмдөр. PISA-2025ке даярдыктар” аттуу темаларда өткөн семинарга 100дөн ашуун мугалим катышты. Мындай семинарлар аларга кандай пайдалуу экендиги айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Табигый илимдер боюнча окуучуларды PISA-2025ке даярдоо максатында өткөн мына ушундай акысыз вебинарлар мугалимдерге долбоордук иштерди уюштурууга жакындан жардамчы болору анык.

Республикалык экология, жерин таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борбору ар бир даталуу күндөрдү белгилөөдө четте калбай, иш-чараларды активдүү уюштуруу менен балдар, ата-энелер, мектеп жана коомдук уюмдардын ортосундагы мамилени бекемдөөгө аракеттенет. Анан албетте, иш-чаралардын натыйжасына, канчалык деңгээлде балдарга пайдалуу болоруна басым жасайт.

Экология, табият дегенде эле баардыгын тазалоо, керектен чыгаруу деп түшүнбөш керек. Мисалы, ар түрдүү калдыктардан да пайда тапса болот. Бул максатта 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Билим берүү жана илим министрлиги Ч.Айтматов атындагы Эмен паркында уюштурган иш-чарада борбордун экология ийриминин жетекчиси Н.Жумамүдүнова үй шартында органикалык жер семирткичтерден, тамак-аш калдыктарынан кантип компост жасаса болорун айтып берди.

5-июнь — “Эл аралык айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө” карата ачык бурч интеллектуалдык оюну да абдан кызыктуу өттү. Ошол эле июнь айында Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда экологиялык багытта уюштурулган “Оззи Озон” оюндары балдарга көңүлдүү маанай тартуулады. Ысык-Көлдүн жээгиндеги балдардын жайкы лагерлеринде өткөн “Күн нурунан сактан-2024” акциясында да балдар ден соолукка пайдалуу көптөгөн кеп-кеңештерди угушту.

Борбордун жаш активисттери жаз айларында “Жашыл келечек өлкөгө керек!” ураандын астында демөөрчүлөрдүн жардамы менен алынган 30 түп туяны жана 120 түп алма көчөттөрүн беш мектептин короосуна отургузушту.

КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮ КРИЗИСИ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Ал эми Эгемендүүлүк күнүнө арналган Ата мекендик өндүрүш продукцияларынын жарманкесинде республикалык “Жашыл бакча багбаны жана шаардагы жашыл балкондор” экологиялык сынагынын алкагында окуучулардын күчү менен өстүрүлгөн жер-жемиштер көргөзмөгө коюлду. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышкан жарманкеде ийрим жетекчилери менен бирге мектеп окуучулары кулпунай, помидор, калемпир, бадыраң өңдүү өсүмдүктөрүн кандай жол менен өстүргөндөрүн айтып беришти.

— Биз өткөргөн жана алдыда өткөрүүнү мерчемдеп жаткан иш-чаралардын баардыгы биринчиден, балдарга, өспүрүмдөргө табиятты таануу, ага аяр мамиле жасап, аздектеп сүйүүнү үйрөтүүгө багытталса, экинчиден, алардын дүйнө таанымын кеңейтип, сабаттуулугун арттырууга түрткү болмокчу. Даталуу күндөргө байланыштуу болобу же тек гана айлык, кварталдык иш-планга байланыштуу болобу, баардыгы шаардык мэриянын, аймактык өз алдынча башкаруу мекеме-уюмдарынын максаттарына, иш пландарына шайкеш келет. Мисалы, ошол эле ишембиликтер, ботаникалык бакчаларды тазалоо жана ошондой эле вебинарлар, семинарлар жөнүндө айтсак, мында да теория менен практикалык иштер айкалыштырылып өткөрүлөт. Иш-чараларды утурумдук эле өткөрүп тим болбой, жеңүүчүлөрдү сыйлоо, сүрөт көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, усулдук семинарларды уюштуруп, жыйынтыктарын чыгарып турабыз.

Учурдан пайдаланып жарыялай кетейин, биздин борбордун методисттери 12-октябрдан тарта мугалимдер жана мектеп окуучулары үчүн ар жуманын ишемби күндөрү “Жашыл көндүмдөр”, “Экологиялык көйгөйлөр”, “Эко билим”, “Геоэкология негиздери”, “Табигый кырсыктар жана сактануу жолдору” деген темада вебинарларды өткөрүүдө. Каалоочулар вебинарлардын түрмөгүн борбордун Ютуб каналынан акысыз көрсө болот.

Ошондой эле мугалимдерге жашыл көндүмдөр тууралуу усулдук колдоо көрсөтүү максатында онлайн жана офлайн вебинар, семинарлар байма-бай өткөрүлүүдө келүүдө. Андыктан кызыккандар борборубузга кайрылса, эмгек жамаатына жашыл көндүмдөр, экологиянын негиздери тууралуу семинар өтүп берүүгө даярбыз, — дейт Улан Рыскулов.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер