КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ОКУУ МӨӨНӨТҮ КЫСКАРДЫ

  • 04.11.2022
  • 0

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ОКУУ МӨӨНӨТҮ КЫСКАРДЫ

Кесиптик лицейлерде окуу мөөнөтү кыскарды, мурун окуучулар эки жыл он ай окушса, эми эки жылда орто билими тууралуу аттестатын да, дипломун да алып чыгат.  Башталгыч кесиптик билим берүү тармагында болуп жаткан ушуга окшогон реформалар жана келечекте аткарыла турган иштер тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мамырова Гүлнур “Кут Билимге” берген маегинде айтып берди.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ОКУУ МӨӨНӨТҮ КЫСКАРДЫ

— Кыргызстандын билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардан башталгыч кесиптик билим берүү тармагы дагы сыртта калган жок. Биринчиден, өзүңүздөр билгендей, билим берүү мыйзамынын жаңы долбоору иштелүүдө. Бул жаңы мыйзамда биздин бүтүрүүчүлөргө жакшы мүмкүнчүлүктөр берилип жатат. Эң башкысы, КР Министрлер Кабинетинин токтому менен окуу мөөнөтү бир жылга кыскарды. Мурда 2 жыл 10 ай окушса, эми эки жыл эле окушат. Учурда окуу  программалары иштелип жатат.

Экинчиси, кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө профили дал келсе, орто кесиптик окуу жайына 2-курска отуруу мүмкүнчүлүгү берилип жатат. Башкача айтканда, кесиптик лицейин бүткөндөр профили туура келген каалаган колледжине барып, 2-курска отура алат.

Үчүнчүсү, учурда ЖК депутаттары менен биргеликте Бюджеттик кодекске өзгөртүү киргизип жатабыз. Лицейлердин ичинде окуу өндүрүштүк базаларды ачып, аларга өз алдынча акча табуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө. Буга чейин төрт окуу жайында — Бишкек шаарындагы №18 лицейде, Жалал-Абад шаарындагы №1 лицейде, Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №43 лицейинде, Баткен облусундагы №8 лицейде өндүрүштүк база ачылган. Өзүңүздөр билгендей, башталгыч кесиптик лицейлер республикалык бюджеттен каржыланат. Ошондуктан лицейлерге мамлекеттин гана көзүн карап отура бербестен өз алдынча акча табуусуна шарт түзүп берип жатабыз. Жогоруда айтылган төрт лицей автоунааларды тейлөө кызматын көрсөтө алат. Базасы донорлор тарабынан бардык жабдыктар менен жабдылган. Ар бир базага 400 миң АКШ доллардан салынган.

Төртүнчүсү, лицейлердин бардыгында окуучулар жатакана менен камсыздалып, бир маал ысык тамак берилет. Биз балдардын тамагына бөлүнгөн каражатты көбөйтөлүк деп жатабыз. Азыр болгону күнүнө 30 сомдон бөлүнөт, бул албетте, аз. Учурда Министрлер Кабинети, Каржы министрлиги менен биргеликте 100 пайыз көбөйтүү боюнча иштешүүдөбүз. Бул тармакта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуган реабилитациялык топтор бар. Алардын тамагына бөлүнгөн каражат да 110 сом бойдон калып калыптыр. Азыр атайын токтом долбоору даярдалып жатат, буюрса, бул дагы 100 пайызга көтөрүлөт.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ОКУУ МӨӨНӨТҮ КЫСКАРДЫ

 

  • Окуучуларга дагы окуп жүргөндө эле акча табуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берсек кандай болот? Бул биринчиден, жаштардын баштапкы кесиптик билим алууга болгон кызыгуусун арттырса, экинчиден, теориялык алган билимин практика менен айкалыштырышына жакшы мүмкүнчүлүк болсо керек.
  • Эң туура айтасыз. Буга чейин балдар арасында токарлык кесип анчейин престижге ээ болбой калды эле, Бишкектеги №3 кесиптик лицейдин жетекчиси “Дастан” заводу менен келишим түзүп, бир жакшы ишти баштады. Завод практикага келген ар бир студентке 15000 сомдон эмгек акы төлөп берип жатат. Бул кесипке окугусу келген балдардын саны көбөйө баштады. Азыр эки группада балдар окуйт. Бул дагы иш берүүчүлөр менен түз иштешкендин пайдасы. Тигүүчүлөрдү даярдаган окуу жайлар дагы “Легпром” жана бир канча цехтер менен иштешип, дуалдык билим берүүнүн элементтерин колдонуп жатышат. Буюрса, келечекте бардык окуу жайларга киргизебиз.
  • Биздин окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы мекеме-ишканалдардын базасына туура келбейт, бул жашыруун эмес. Өзгөчө мастерлердин кесиптик чеберчилиги боюнча маселе орчундуу бойдон.
  • Туура айтасыз. “Ооруну жашырсаң – өлүм ашкере”, биз муну жашырбашыбыз керек. Негизи кесиптик лицейлердеги билимдин сапаты мастерлерден, анан директорлордон көз каранды. Мугалимдер болсо кесиптик чеберчилигинин Республикалык илимий методикалык борбордон жогорулатышат. Мастерлер өзүнүн тармагы боюнча мекеме, ишканалардан жогорулатышы керек. Мыкты жетекчилер кырдаалдан чыгуунун жолдорун таап алышууда. Мисалы, №3 кесиптик лицейдин мастерлери «Дастан» заводунун мастерлери менен чогуу иштешет.

2018-жылы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан чоң долбоор ишке ашырылып, лицейлерде көптөгөн жабдуулар  жаңыланган.  Бирок андан бери беш жылдай убакыт өттү, айрымдары эскирди. Ошол эле учурда айрым окуу жайларда кээ бир кесиптер боюнча жабдуулары иш берүүчүлөрдүкүнөн алдыда. Мисалы, №18 лицейде виртуалдык ширетүүчү аппарат бар. Компьютер аркылуу эле ширетишет. Мындай ширетүүчү аппарат өндүрүүчүлөрдүн өздөрүндө  жок.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ОКУУ МӨӨНӨТҮ КЫСКАРДЫ

  • Быйыл биринчи жолу башталгыч кесиптик окуу жайларга кабыл алуу онлайн жүргүзүлдү. Бул дагы жасалып жаткан реформалардын бир салаасы болуп саналат эмеспи. Жыйынтыгы кандай болду?
  • Ооба, быйыл биринчи жолу лицейлерге кабыл алуу онлайн жүрдү. Буюрса, үмүт акталып, кабыл алуу планы 90%  аткарылды. Жылдан жылга эмгек рыногунда да, жаштар арасында да адистиктерге болгон суроо-талап өзгөрүп жатат. Мисалы, быйыл тикмечиликке, куруучулукка аз тапшырышты. Мурун бул адистиктерге суроо-талап көп болчу. Сураштырсак, иш берүүчүлөрдүн жабдыктары автоматташтырылгандыктан азыр бычканын да, тиккенин да, кыскасы баарын бир эле жабдык аткарып калыптыр. Болгону материалды туура салып, туура команда бергенди билиши керек экен. Ошондуктан быйылкы кабыл алууда лицейлердин жетекчилерине жергиликтүү бийлик менен иштешкиле, кайсы кесип боюнча адис керектигин аныктап чыккыла, ошого жараша кабыл алуу планын бекители дедик. Кабыл алуу онлайн болуп, директорлорго кичине кыйыныраак болду. Алар канча жылдан бери бул адистикке  бир группа, бул адистикке эки группа алабыз деп көнүп алышкан. Онлайн кабыл алууда болсо андайга жол берилбейт. Мисалы, бир лицей 300 орун пландап алыптыр, бирок болгону 180 окуучу кабыл алды. Ошондуктан азыр группаларды кыскарткыла деп жатабыз. Жетекчилерге Эмгек министрлигинин жер-жерлердеги кызматкерлери, жергиликтүү бийлик менен биргеликте иштешип,  ар бир кесип боюнча канча адис керектигин аныктап, кийинки жылга прогнозду так жасагыла  деген  милдеттеме бердик.
  • Жогоруда сапатка жетекчилердин менеджерлик жөндөмү да таасирин тийгизет дедиңиз. Лицейлердин директорлорун тандоо жагы кандай каралууда?
  • Быйыл лицейлердин жетекчилерин аттестациядан өткөрөбүз. 50 жылдан ашуун убактан бери бир окуу жайды жетектеп келе жаткандар бар экен. Онлайн кабыл алуу биздин жетекчилердин санариптик жактан сабатсыз экенин көрсөтүп койду. Он чакты директор өз каалоосу менен эле жумуштан кетти. Буюрса, быйыл башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын 80 жылдыгын белгилөө алдында турабыз. Мааракени ийгиликтүү өткөрүп алгандан кийин биринчи кезекте жетекчилерди аттестациялоодон баштайбыз. Жаңы жылда жаңы директорлор менен жаңыча иш баштайлы деген изги тилегибиз бар.

Быйыл алты директорду Эстонияга алып барып, санариптештирүү боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатып келдик. Анткени лицейлер дагы санариптештирүүдөн сыртта калбашы керек.  Балдардын толук эсеби керек. Себеби ар бир балага стипендия, тамак берилет. Баары санариптешсе «Мертвые души» дегендер жоголот. Онлайн кабыл алуунун эң негизги пайдасы да мына ушунда болду.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ОКУУ МӨӨНӨТҮ КЫСКАРДЫ

  • 80 жылдыкка даярдыктар кандай?
  • Мааракени татыктуу өткөрөлү деген максатта атайын бир айлык жарыялаганбыз. 1-октябрдан 31-октябрга чейин спорттук мелдештер, кесиптик чеберчилик боюнча конкурстар, ардагерлерди сыйлоо, аларды даңазалоо боюнча түрдүү иш-чаралар өттү. Жыйынтыктоочу иш-чара 18-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өтөт. 4-ноябрда “Эң мыкты кесиптик лицей” деген бир жылдан бери өтүп жаткан сынактын жыйынтыгын чыгарабыз.

Окуучулар арасында өткөн республикалык спартакиадада окуучулар спорттун алты түрү боюнча ат салышты. Командалык эсеп боюнча биринчи орунду Бишкек, экинчини Ош, үчүнчүнү Жалал-Абад облусу алды.

 

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер