КАРА-ТОКОЙДУН МЭЭРИМДҮҮ ДИРЕКТОРУ  

  • 28.09.2022
  • 0

Тажиктер кол салган күнү Баткен районунун Кара-Токой айылына чек арага жакын айылдардан жана Баткен шаарынан жети миңге жакын киши качып барган. Алардын көбү айылдагы үйлөргө жайгашса, үч жүздөйү айылдын мектебинде жашады. Гуманитардык жардам келгенче аларды үч маал ысык тамак, күнүмдүк керектелүүчү каражаттар менен камсыз кылууда, психологиялык жардам берүүдө Буркан Мергенов атындагы орто мектептин директору Гайназаров Ибраимжан опол тоодой иш жасады. Ал өз үйүндө да жетимиштен ашуун кишини бир жума эч нерседен кем кылбай бакты.   

КАРА-ТОКОЙДУН МЭЭРИМДҮҮ ДИРЕКТОРУ  

Ибраимжан Токтоназарович 16-сентябрда чек арада атышуу башталды дегенде эле эмгек жамаатын чогултуп, жыйын өткөрүп, мекендештерин тосуп алууга даярдык көрө баштаган. Ал күнү айылга эки миңдей киши келген. Баарын айылдагы үйлөргө, калганын мектепке жайгаштырып, гуманитардык жардам келгенче үч маал ысык тамак уюштуруп, кем-карчыларын толуктап турду.

  • Биринчи күнү келгендердин баардыгын айыл башчысы, мектептин мугалимдери менен биргеликте айылга жайгаштырып, ысык тамак берип жаттык. Кечки тамакты болсо айыл эли менен биргеликте даярдадык. Элден айланса болот. Бир заматта бардык иштерди уюшкандык менен бүтүрүп коюп жатышты. Мугалимдердин да жаны тынган жок, — дейт Гайназаров Ибраимжан.

Айылга Бишкектен психологдор барганча өзү психолог уулу менен биргеликте балдар менен иштешип, кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатты. Коркуп калган элди, балдарды алаксытуу үчүн түрдүү иш-чараларды уюштуруп, ар бир бала менен психолог катары жеке иштешкенге да жетишти.

  • Качкындарга тиешелүү шартты түзүп берүүдө мектептин эмгек жамааты бир топ иштерди аткарды. Бул иштерди уюштурууда мектеп жетекчиси Гайназаров Ибраимжандын эмгеги зор. Агай дароо мектепте өзүнчө медициналык бөлмө уюштуруп, алгачкы тез жардамга муктаждарга жардам берүүгө шарт түзүп берди. Борбордон келген психологдорго да атайын бөлмө уюштуруп, музыкалык оюндарды, спорттук мелдештерди өткөрүп жатты. Бишкек шаарынан келген эки психологду да өз үйүнө жаткырып, аларга тиешелүү шарт түзүп берди. Ошондой эле айылга келген гуманитардык жардамдын бөлүнүшүн да көзөмөлдөөдө чоң иш аткарды, — дейт мектептин соцпедагогу Амираев Колчубек.

КАРА-ТОКОЙДУН МЭЭРИМДҮҮ ДИРЕКТОРУ  

КАРА-ТОКОЙДУН КҮЖҮРМӨН УУЛУ

Гайназаров Ибраимжан ушул Кара-Токой айылынын кулуну. 1988-жылы мектепти бүткөндөн кийин Орусиянын Чита шаарында атайын медициналык алты айлык окуусун аяктап, Монгол-Кытай чек арасында аскердик медициналык кызмат өтөгөн. 1993-1998-жылдары ОшМУнун филология факультетин аяктап, 1994-1995-жылдары ОшМУнун студенттик «Нур» гезитинде иштеген. 1996-жылдары Баткен райондук «Кызыл-Туу» гезитинин социалдык-маданий жана адабий бөлүмүн жетектеген.  1997-2001-жылдары Кара-Токой гимназия мектебинде иштеп, 2001-жылы БатМУга сынактык негизде өтүп, 2005-жылга чейин педагогика, психология кафедрасында иштеген. 2006-жылдан 2011-жылга чейин Москва шаарында мигрант болуп, 2011-жылдан баштап Баткен көп тармактуу, Баткен педагогикалык колледждеринде психолог болуп эмгектенди. Кара-Токой айылындагы Б.Мергенов атындагы орто мектебинде 2019-жылдан бери директорлук кызматты татыктуу аркалап келет. Учурда ОшМУда психолог адистиги боюнча магистратурада окуп жатат.

 

МЫКТЫ МЕНЕДЖЕР

Мектепке жетекчи болуп келери менен Ибраимжан агай мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого көңүл бөлүп, эл аралык уюмдар менен иштешип, кыска мөөнөттө миллиондогон каражаттарды тартты. Аскар Салымбековдун жардамы менен мектептин спорт залын, актовый залын бүтүрүп, былтыр бир миллион сомго 108 кв. м аянттагы ашкананы заман талабына ылайык ремонттотуп, ишке киргизди. Быйыл 350 миң сомдук спорт буюмдарын долбоордун негизинде алып жатат. Мектеп компьютер, спорт инвентарлары менен толук камсыз болгон.

  • Мен келгенде мектептин окуу аянты 450 кв. метр болчу. Бүгүнкү күндө 1912 кв. метрге чейин кеңейттим. 150 орундуу быйылкы жаңы окуу жылында пайдаланууга берилген эки кабаттуу имаратты жасалгалоого демөөрчүлөрдү таап, 300 миң сомго жакын каражатка заман талабына ылайык жасалгалап алдык, — дейт жетекчи.

Ибраимжан агай мектепке директор болуп келгенден баштап мугалимдерге жана окуучуларга кеңсе товарларын акысыз берип келет. Бардык сынактарда жеңүүчүлөр байгесиз калбайт. Аймактык, райондук олимпиадаларда мугалимдердин жана окуучулардын жол акысын, тамак-ашын да дайыма өзү каржылайт.

  • Аймактык, райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар бекитилген. Ош, Кызыл-Кыя шаарында өткөн эл аралык мелдештерге спортчу окуучуларын өзү алып барып келген. Алар үмүтүбүздү актап чемпион болуп келишти, — дейт Амираев Колчубек.

Ибраимжан Токтоназарович айылдык кенешке эки жолу депутат болуп шайланып, айылдын социалдык-маданий маселелерин чечүүдө да зор эмгек кылып келет. Чек арадагы дарыя нугун бирдей кармоодо, көчөлөрдү оңдооп, жарыктандырууда, бала бакча курууда, жайыт маселесинде, чек араны сактоо, тактоо иштеринде бир топ иштерди жасап, көпчүлүгүнүн ишке ашышына түздөн түз салымын кошкон. Ал беш баланы татыктуу атасы. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, уулу Жумабек да бүгүнкү күндө Баткен районунда таанымал психолог. Кыйын күндөрдө атасы менен биргеликте жүздөгөн балдарга, ата-энелерге жардам көрсөттү.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер