КАЛК КАДЫРЫНА, ЭЛ УРМАТЫНА ЭЭ БОЛГОН ИНСАН

  • 24.05.2021
  • 0

Адабиятты окутуунун, этнопедагогиканы жайылтуунун көч башчысы Абдыкерим Муратов 65 жашта

Илимдин дыйканы   

Абдыкерим агай менен кесиптеш катары жакындан тааныш болгондуктан, илим жолунда, педагогикалык ишмердүүлүктө үзөңгүлөш жүргөндүктөн мен аны көп кырдуу талант катары билем жана урматтайм. Ал – адабиятчы, сынчы, илимпоз, методист-педагог, журналист, публицист, жазуучу. Ушундай көп кырдуу талант, улуу инсан менен замандаш болуп калганыма сыймыктанам. Ал кыргыз педагогикасына гана эмес, адабият таануу илимин өнүктүрүүгө да өз салымын кошту. Профессор Жээналы Шериев менен биргеликте адабият таануу терминдерин системага салуу, түшүнүктөргө аныктама берүүдө бир топ иштерди жасаган, ал эмгеги улам толуктоолор менен басылып чыкты: “Адабият терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү” (1987-ж.); “Кыргыз адабияты. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү” (1993-ж.); “Кыргыз адабияты. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү” (2003-ж.). Ушул эле терминдерге аныктамалары “Кыргыз адабияты”, “Манас” энциклопедияларына, жети томдук “Кыргызстан” энциклопедиясына пайдаланылган.

КАЛК КАДЫРЫНА, ЭЛ УРМАТЫНА ЭЭ БОЛГОН ИНСАН

Анын катышуусунда жазылган кыргыз адабиятынын терминдеринин бул түшүндүрмө сөздүгү мугалимдердин, студенттердин жана мектеп окуучуларынын колдон чыгаргыс үстөл китебине айланды.

Ал эми анын жогорудагы эле агайы менен жазган “Адабият теориясы” деген окуулугу студенттердин издеп окуган китеби экендиги талашсыз чындык. Көркөм өнөрдүн башка тармактарынын ичиндеги адабияттын өзгөчөлүгү, кыргыз ыр түзүлүшү, адабияттагы тек, түр, жанр, метод жана стиль өңдүү маселелердин тегерегинде бул китеп студенттердин, окуучулардын түшүнүгүн байытууга, эстетикалык табитин көтөрүүгө өбөлгө болот.

Чейрек кылымга жакын убакыттан бери жалпы билим берүүчү мектептер анын С. Байгазиев менен бирдикте түзгөн окуу программасы боюнча окутуп келишет. Ошону менен катар кыргыз мектептери үчүн кыргыз адабиятынан билим берүүнүн стандартын, адабий билим берүүнүн концепциясын, окутуу орус (өзбек, тажик) мектептеринде колдонулуп жаткан кыргыз адабиятынын жарыш программасын түзүүчүлөрдүн бири.

А. Муратовду республиканын булуң-бурчтарында методист-педагог катары жакшы таанышат. Адабиятты окутуу, адабияттын терминологиясын калыптандыруу, адабий-теориялык түшүнүктөрдү мектеп сабактарында үйрөтүү технологияларына багытталган эмгектери педагогика илиминдеги, агартуу тармагындагы орду өлчөөсүз жогору.

Илимдин үч докторун, ондон ашуун кандидатын даярдады, жыйырмадан ашык диссертацияга оппонент болгон. 13.00.02 – окутуунун теориясы жана методикасы адистиги боюнча адистештирилген кеңештин төрагасы болуп дайындалган мезгилде изденүүчүлөргө жакындан жардам берип, аларга камкордук менен жол көрсөттү, илим жактоолоруна шарт түздү.

Абдыкерим агай үй-бүлөдө жубайынын сүйүктүү жары, өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү. Балдарынын, неберелеринин камкор атасы, бир туугандарына жасаган гумандуу мамилеси – өзүнчө эле чоң, ар бир адам үлгү ала турган тереңфилософия. Окуган лекциялары мазмундуу, терең, инсанга багытталган. Студенттер агайдын лекцияларына калтырбай келишет, себеби ар бир лекцияда жаңы маалыматка ээ болушат, агайды сыйлап жана барктап турушат.

Анын эл үчүн жасаган эмгеги тууралуу дагы далай орошон ойлор айтылар. Чыгармачыл инсан катары алдыда дагы көп чыгармаларын жаратат деп тереңишенебиз. Азыр кажыбас курч калемиңизге канат байлап, ала-тоолук ак калпак кыргыз калкы үчүн дагы далай эмгектерди жаратчу жашка келдиңиз. Мындан аркы чыгармачылык сапарыңыз байсалдуу болсун! Ден соолукта бар болуп, узак өмүр сүрүңүз, көп кырдуу талант
ээси!

Айчүрөк Калдыбаева,
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор

 

КӨҢҮЛ СЫРТЫНДА КАЛГАН МЕКТЕПКЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ БЕРГЕН АБДЫКЕРИМ АГАЙ

Көпчүлүк мугалимдер теориялык билимди өтө жакшы өздөштүрсө да, усулдук жактан аксап, ошол билимди окуучуга кантип жеткирүүнүн жолун билбей, ыгын таппай жүргөн учурлары көп кездешет. Мен да бир кезде мектепке эми барып, пенсияга кетип жаткан агай бүт саатын мага берип, иштен чыгып кеткенде, жаш мугалим болуп ишке киргенимде, ошол жагдайга туш болгом. Бул учурда студент кезде сатып алган, кийинчерээк мектепте колума келип калган китептердин көрүнүктүүсү Абдыкерим агайдын китептери эле. “Адабият – ыйман сабагы” деген китебин ушунчалык аспиеттеп, ичинен кайра-кайра үңүлүп караганым – Алыкул Осмонов менен Ч.Айтматовдун чыгармаларын окутуу. Ал мезгилде союз ыдырап таркагандан кийин китеп чыгаруу да кыйын болуп, билим берүүгө астейдил көңүл бурулбай, өкмөттөн, жетекчиликтен “эмне болсоңошол бол” дегендей кайдигер абалда таштап койгондо биз, мугалимдер, ушул китептер менен бала окутканбыз. А.Муратовдун усулдук жактан мыкты иштелген китептеринин жардамы менен мектепте адабий-музыкалык кечелерди өткөрүп, адабий ийримдердин ишин жандандырганбыз. Ал тургай, 10-11-класстардын таланттуу окуучулары менен айылдык клубдарга чейин адабият сабагын даңазалап, өнөр тартуулаганыбыз эстен кетпейт.

 Агайдын “Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романын үйрөнүүнүн айрым маселелери”, “Көркөм текстти жана адабият теориясын үйрөнүү” деген китептерин ошол кездеги мугалимдер, биз, башыбызга жазданып уктайт элек. Өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан айтсам, А.Муратовдун профессор Ж.Шериев менен авторлош болуп жазган “Адабият терминдеринин түшүндүрмө сөздүгүн” бүгүн да олимпиадага даярдаган мугалимдер колдонуп жүрөбүз. Агайдын жазганы турмуштук кырдаалдарга дал келип, ушунчалык жөнөкөй, жатык тилде жазылып, ар бир айткан ою маанилүү, практикалык жактан колдонууга ыңгайлуу болчу. Билим берүү айдыңында усулдук жактан изденип, мыкты сабак өтөм деген агай-эжейлер сөзсүз А.Муратовдун китептерин издеп, тапканына сүйүнүп, устат көрсөткөн улуу жолдо канчалаган уул-кыздарды тарбиялап чыгарышпады. Андан кийинки “Усулчунун устаканасынан” сериясындагы “Кыргыз адабияты сабактарында көркөм тексттин маңызын ачуу”, “Көркөм чыгарма жана анын ички сырлары”, “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” китептерин да колдонуп, сабак өтүүдө бул китептер жол көрсөткүч маяк катары кызмат кылганын тана албайбыз.

 Бүгүн да агайдын этнопедагогика тууралуу ой толгоолору жазылган эмгектери менин эле эмес, кыргызмын деген инсандардын сүйүп окуган чыгармасы. Адамзат баары бир өзү суу ичкен башатка-элдик педагогикага кайрылат тура. Элдин улуттук иденттүүлүккө жакындап, тамырын сактап калууга болгон далалатты азыр Абдыкерим агайдай улуу окумуштуулар жасап жатышат. Ушунусуна шүгүр деп, каниет кылабыз.

Мына ушул биздин устат 65 жаш кутман куракты аркалап турат. Агайды маарекеси менен чын дилден куттуктап, узун өмүр каалайм.

Динара Жумабаева,
Ош мамлекеттик университетинин
 ага окутуучусу

 

УСТАТКА УРМАТ

Окумуштуу деген ким? Окумуштуу – илимий ишмердиги, илимий даремети менен коомчулукка эмгектери аркылуу таанылып,  эмгеги менен атпай журттун жадымында, илим тармагында опол-тоодой эмгек жараткан адам. Менин азыр азын-оолак сөз кыла турган инсан — педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча жана Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты, менин илимий жетекчим Абдыкерим Муратов тууралуу болмокчу.

А. Муратовдун эмгектери кыргыз адабиятынын өткөн кылымдын аягындагы айрым адабият өкүлдөрүнүн чыгармачылыгына арналуу менен адабиятты окутуу, адабияттын терминологиясын калыптандыруу, адабий-теориялык түшүнүктөрдү мектеп сабактарында үйрөтүү технологиялары багытында үзүрлүү болуп, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн билим берүү системасынын өкүлдөрүнүн ири кызыгуусун жаратып келет. Арийне, мындай адамдын шакирти болуу мен үчүн ары сыймыктуу, ары жооптуу милдет…

Кандидаттык ишимди жазуу аралыгында агайдан бир да жолу катуу кагуу же уруш укпадым…

– Ммм, ошондой деп ойлойсуңбу, дагы ойлонуп көрчү, дагы оңдоп көрчү, уят болуп калбагай элек… Бул тууралуу башка илимпоздор эмне дептир? Дагы кандай өңүттөн алып карасак болот экен? Ар бир айткан сөзгө илимий далил менен жооп бере ала тургандай бололу, — деп илимий иштин жазылышына өтө кылдаттык менен мамиле кылат. Устатымды уят кылып албайын, мен үчүн жер карап уялбаса экен деген ой, ан сайын зор ынтаа менен көшөкөрлөнө изденүү мен сыяктуу агайдын шакирттеринин ар бирине тааныш болсо керек деп ойлойм…

Агайдын туулган күнү өзү доктордук диссертациясын коргогон күнгө туш келгени дагы окумуштуу катары оңой эмес залкар илимпоз экенинен кабар бергенсийт. Өмүр бою илим-билимди аркалаган илимпоз адамдын жанында ар дайым бекем тыл болуп, үй-бүлөдө өөдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон агайдын жубайы Бурул эженин да эмгеги ат көтөргүс. Жанында жаркылдап, тартиптүү балдарды тарбиялап, жагымдуу атмосфера түзүп, тамагын бапестеп, жакасын агартып жүргөндөгү дагы агайдын улуу илимпоз болуусуна эгедер болгондугу калетсиз.

Эмне дейин агай, жаратканым сизге, үй-бүлөңүзгө ырыскысын мол берсин, өздүк майрамыңыз кут болсун, өзүңүз айтмакчы жакшылыктар көп
болсун!

Назгүл Адраева,
И.Арабаев атындагы КМУнун, доценти, педагогика илимдеринин кандидаты

Бөлүшүү

Комментарийлер