КАДР САЯСАТЫ РЕФОРМАГА МУКТАЖ

  • 29.01.2021
  • 0

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын жетекчи болуп дайындалып, бирок жамааттын кабыл албай, кайрадан жетекчилик кызматтан баш тартышы окуу жайларга жетекчи тандоонун эреже-шартында көп өксүктөр бар экенин ачыктап койду.

БАШЫНАН БАШТАГАНДА

Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын деректири болуп 2018-жылдын октябрында дайындалган. Бирок эки күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул дайындоо мыйзамсыз болуп калганын айтып, буйрукту жокко чыгарган. Самара Каримова болсо министрдин чечимине макул болбой, сотко кайрылып, эки жылдан кийин утуп алып, 14-январда азыркы министр Нуржигит Кадырбековдун дайындоосу менен кайрадан жетекчилик кызматка барган.

МАСЕЛЕНИН ТҮЙҮНҮ

Ошол кезде министр Азамат Жаманкулов “Азаттыкка” берген маегинде окуу жайларга жетекчилик кызматка дайындоо жоболорун кайра карап чыгуу зарыл экенин айтып, “Бизде мектептердин деректири кандай тажрыйбага ээ болушу керек, билими кандай болушу керек деген квалификациялык талаптар бар. Бирок орто окуу жайыныкы жок экен. Учурда биз ошол боштукту толукташыбыз керек. Тажрыйбага, деректирлерди шайлоо талаптарына карасак, ал киши бул талапка жооп берген эмес. Анын адистик билими башка, тажрыйбасы да топтоло элек экен. Ошондуктан директор болууга мүмкүнчүлүгү жок болчу”, — деген эле.

Азамат Жаманкуловдун бул сөзү ошол кезде министрликке караган орто окуу жайлардын жетекчилерин дайындоодо талап кылынуучу квалификациялык ченемдердин болбогондугун тастыктап турат.

Негизи Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караган окуу жайларга дайындала турган жетекчи кандай талаптарга жооп бериши керек деген суроо менен министрликтин маалымат кызматына кайрылып, жарытылуу жооп ала албадык. Алар болгону Өкмөттүн 2020-жыл, 29-майдагы №278 токтомуна ылайык дайындалат дешти. Токтомдун Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу орто кесиптик (анын ичинде атайын) билим берүү мекемелеринин (техникалык окуу жайларынын) кызматкерлери үчүн деген 12-тиркемесинде окуу жайларга деректир боло турган адамдын маданият жана искусство багыты боюнча жогорку кесиптик билими, окутуучулук же жетекчилик кызматтарда беш жылдан кем эмес иш стажы болушу керек деп жазылып турат. Бирок бул Токтом 2020-жылы кабыл алынган. Самара Каримова болсо 2018-жылы дайындалган.

КАДР САЯСАТЫ РЕФОРМАГА МУКТАЖ

Бул иш боюнча Самара Каримованын өзү менен байланыша алган жокпуз. Анын билими тууралуу маалыматты Фейсбук баракчасынан гана алууга туура келди. Ал 2009-2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Консерваториясынын актёрдук бөлүмүндө окугандыгын, андан кийин 2012-2017-жылдары Ош экономикалык институтунун бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигин, 2017-2020-жылдары Ош мамлекеттик юридикалык институтун юриспруденция багыты боюнча аяктагандыгын, учурда Жалал-Абад маданият техникумунун режиссура адистигинде окуп жаткандыгын жазып, дипломдорунун сүрөттөрүн тиркептир. Ошол жактагы маалыматтарга таянсак, бир топ маданий, чыгармачыл борборлорго жетекчи болгону менен, педагогикалык стажы жок экен.

МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТЕР БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНЕ ӨТКӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК

Кыргызстанда маданият кызматкерлерин даярдаган окуу жайлар совет мезгилинен бери эле Маданият министрлигине карайт. Окуу жайлар окуу жараянына тийиштүү маселелер боюнча гана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашпаса, калган иштердин баардыгын Маданият министрлиги өзү жүргүзөт. Бирок дипломду Билим берүү жана илим министрлиги берет. Мурдагы министр Ишенгүл Болжурова азыр эки министрлик отуруп алып, ийри отуруп, түз кеңешип, функцияларын бөлүштүрүп алышы керек дейт. Башкаларын болбосо да музыкалык мектептерди Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүп берүү зарылдыгын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду:

– Бул совет доорунан бери эле келе жатат. Башка мамлекеттерде деле ошондой. Бирок ал убакта министрликте окуу-усулдук борборлор болгон. Ошол жерлерде окутуунун усулдары үйрөтүлүп, окуу китептеринин маселелери чечилип турган. Мен билгенден, Союз кулагандан бери кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жагы да өтө оор бойдон турат. Музыкалык мектептерде кыргыз тилинде жаңы окуу китептери, окуу куралдары жок. Ошондуктан азыр башкаларын бербесе да, музыкалык мектептерди Билим берүү министрлигине өткөрүү зарыл. Билим берүү министрлиги методикалык жактан жардам берип, окуу китептери менен камсыз кылмак. Ушул жагын Маданият министрлиги такыр карабай калды. Негизи бул министрликтин миссиясы такыр башка. Убагында өтө чоң кыйынчылыктар менен орто жана баштапкы кесиптик билим берүү тармагын Билим берүү министрлигине алып келдик эле. Азыр жакшынакай болуп бир системада иштеп жатат. Ошондуктан азыр эки министрлик өздөрүнүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн отуруп алып сүйлөшүп, функцияларын бөлүштүрүп алганы жакшы.

БУЛ БИР ОКУУ ЖАЙДЫН ГАНА ПРОБЛЕМАСЫ ЭМЕС

Адистер бул бир гана музыкалык окуу жайдын эмес, бүтүндөй республиканын маселеси экенин, кадр саясаты чукул реформага муктаж болуп турганын айтышат. Алар кандай гана билим берүү мекемеси болбосун жетекчиси өз ишин мыкты билген, дасыккан, педагогикалык, жетекчилик тажрыйбасы бар киши болушу керек деп эсептешет.

– Билим берүүчү мекеменин жетекчиси жамааттан бир кадам өйдө болушу керек. Окуу процессиндеби, усулдук-окутуу жактанбы, тарбия жагынанбы, айтор, баардык жагынан жогору болушу керек. Энциклопедиялык билими да болуп, мыкты менеджер, азыркы абалды, маданияттын дүйнөлүк процесстерин түшүнгөн киши болууга тийиш. Ошондо гана балдарга жаңы билим бере алат, жамаатты жетектей алат. Азыр бизге 19-20-кылымдагы билимдин кереги жок. Азыр маалыматтын, технологиянын, инновациянын заманы. Ош музыкалык окуу жайына дайындалган С.Каримова мүмкүн, таланттуу ырчыдыр, чыгармачыл кишидир, адамгерчилиги бийиктир, бирок кесиптик даярдыгы, иш тажрыйбасы жок болсо, жетекчи боло албайт. Дагы бир маселе — кандай болбосун, жамааттын дагы пикири эске алынууга тийиш. Анткени биз демократиялык өлкөбүз, — дейт мурунку билим берүү жана илим министри, педагогика илимдеринин доктору Ишенгүл Болжурова.

Ишенгүл Садыковнанын айтымында, азыр кадр маселеси бизде гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө да чоң көйгөй болууда. Анын бирден бир себеби партиялык шайлоо болуп саналат. Партиялар мүчөлүккө билимине, тажрыйбасына эмес, акчасына, беделине карап алышат да, шайлоодон утуп чыккандан кийин фракцияларга бөлүнүп алып, тармак боюнча мамлекеттик мекемелерди көзөмөлдөшөт. Ал жакка жалаң тааныш-билиштерин алып барышат.

– Азыр керек болсо кат жазганды билбеген жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер бар. Расмий каттын өзгөчөлүгүн билишпейт, орусча кой, кыргызча жаза алышпайт. Ошондуктан бул жеке Ош музыкалык окуу жайынын эмес, бул бүтүндөй бир мамлекеттин маселеси болуп жатат. Кадрлар туура эмес дайындалып жаткандыктан ушул абалга кептелдик. Бизде керек болсо жакшы долбоор жаза албагандар бар. Биз акча берели, жакшы долбоор жазып бергиле дешсе да, эч ким жаза албай койду. Эмнеге? Анткени мамлекеттик мекемелерде билими дагы, түшүнүгү дагы төмөн, мамлекеттик иштин өзгөчөлүгүн билбеген, өзүнүн чөнтөгүнө гана иштегендер көп. Мен канча жылдан бери КМШ мамлекеттериндеги кесиптештер менен кызматташып келем. Ошолор “мурунку адистерге караганда азыркылардын деңгээли өтө төмөн болуп жатат, керек болсо кээде эки сөздү кошуп сүйлөй албаган адамдар келет, бул эмне деген кадр саясаты” деп жатышат. Алардан мен уялам. Ошондуктан биздин экономикабыз да чабал. Бул кырдаал билим системасына да, элдин психологиясына дагы өтө оор залакасын тийгизип жатат, — дейт Ишенгүл Садыковна.

Кеп ЭМГЕК ЖАМААТЫнда эмеспи…

Кайрадан Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына кайтып келели. Гезит чыгаардын алдында окуу жайдын эмгек жамааты жаңы дайындалган деректирди да кабыл албай, анын иштешине каршылык көрсөтүп жатканы маалым болду. Аларга азыркы дайындалган деректири дагы жакпай жатса, мурунку дайындалганы да жакпаса, демек, кеп дайындалган жетекчилерде эмес, эмгек жамааттын өзүндө болуп жүрбөсүн… Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков айткандай, алардын пикирин угуп, алардын пикири менен эсептешкенибиз менен мыйзамды дагы сыйлашыбыз керек го. Дайындалган жетекчилерди жамаатка жакпайт экен деп, улам бирин алмаштыра берсек, аягы кандай болот?

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер