ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ САРТБАЕВДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

  • 31.10.2025
  • 0

ОРОШОН ОКУМУШТУУНУН ӨЧПӨЗ ИЗИ

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракелик иш-чарасынын алкагында жана Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата профессор Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгына, академик Болот Каратаевич Сартбаевдин 70 жылдыгына арналган “Окуучунун, студенттин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү- XXI кылымдын негизги компетенциясы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ САРТБАЕВДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

Ата-бала Каратай Сартбаев 95 жылдыгына жана Болот Сартбаевдин 75 жылдыгына арналган конференцияга окумуштуулар, студенттер катышты. Конференцияда башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы илимин негиздөөчүлөрдүн бири, усулчу-окумуштуу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими, СССР жана Кыргыз ССР Эл агартуусунун мыктысы, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык коомдук академиянын академиги, И.Арабаев атындагы медалдын жана сыйлыктын ээси, И.Арабаев атындагы илимий-изилдөө лабораториясынын негиздөөчүсү, “Алиппе” жана “Кыргыз тили” окуу китептеринин автору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Каратай Сартбаев, анын уулу СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, СССР дизайнерлер союзунун мүчөсү, КРнын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРнын “Дизайн академиясы” УИБнин академиги, Т.Жүргенов атындагы Казак улуттук искусство академиясынын ардактуу профессору Болот Сартбаевдин өмүрү жана педагогикалык ишмердиги туурасында баяндамалар жасалды.

ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ САРТБАЕВДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

К.Сартбаевдин небереси, Болот Сартбаевдин кызы Британия Королевствосунун илимий коомунун мүчөсү, илимдин доктору, эл аралык бир нече сыйлыктардын лауреаты, дүйнөлүк окумуштуу Асел Сартбаева иш чарада онлайн видео байланышка чыгып, чыгармачылык жаратмандуулукка үй-бүлөнүн таасири жана илимий сапары туурасында кеп кылды.

Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору А.Токтомаметов “Алтын казык: баалулуктарга негизделген билим берүү” аттуу баяндамасында аталган программанын артыкчылыктарын айтуу менен бирге К.Сартбаевдин илимий педагогикалык ишмердигинин бул программага дал келген негизги байланыштарына токтолду. Иш чарада белгилүү журналист, “Кыргыз туусу” гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Б. Таштаналиев К.Сартбаевдин уулу, академик Б.Сартбаевдин баскан жолу, илимий ишмердиги туурасында баяндама жасады. С.Чуйков атындагы Кыргыз көркөм окуу жайынын директору Ж.Төлбашиева Болот Сартбаевдин педагогдук, теориялык, дизайнердик ишмердик боюнча зор салымы туурасында сөз кылды.

ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ САРТБАЕВДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

И.Арабаев атындагы КМУнун профессору В.Мусаева баяндамасында илим, билимдеги Сартбаевдердин үй-бүлөлүк династиясын ачып берди.

-Каратай агайга убагында билим тармагын башкарып бер деп министрлик кызматты сунуш кылганда, андан баш тартып, жалаң гана илимге, мектеп ишине баш байлаган экен. Ооба, аалым болуш оңой, адам болуш кыйын дегендей, ал ар дайым адам болуп жашады. Каратай Сартбаевдин өмүрү баарыбызга үлгү боло алат. Бүгүнкү күндө медицинада Ахунбаевдердин, музыкада Малдыбаевдердин династиясы болсо, билим, илимде Сартбаевдердин уникалдуу династиясы бар деп сыймык менен атай алабыз. Каратай агайыбыз жубайы КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери Акүпү эжей экөө агартуу тармагында өмүр бою иштеп ийгилик жаратышса, баласы, “Дизайн” академиясынын академиги Болот Сартбаев бул тармакты ат чабым алдыга сүрөп кетти. Биз айткан династияны андан соң небереси А.Сартбаева дүйнөлүк деңгээлге алып чыкты. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Асел Сартбаеванын бүгүнкү күндө илимдеги ачылыштары дүйнөлүк маанидеги окумуштуулардын көңүлүн өзүнө бурдуруп турган кези. Асел азыр өзү да дүйнөлүк маанидеги окумуштуулардын катарына кирип олтурат, -деди В.Мусаева өз сөзүндө.

ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ САРТБАЕВДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

Мындан тышкары Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору С.Сакиева К.Сартбаевдин эмгектеринде окуучунун чыгармачылыгын өнүктүрүүнүн изилденишине токтолду.

-Агайдын илимдеги жазып кеткен эмгектери 10 томдон да ашып кетет экен. Ал башталгыч класстарда кыргыз тилин үйрөтүүнүн, окутуунун усулун ачып берип кетти. 1-класстан баштап окутуудагы орфографияга, синтаксиске, сөз түркүмдөрүнө, жазуу маданиятына, каталарды жоюуга, стилистика арналган теориялык, практикалык эмгектери күнү бүгүнкүдөй актуалдуу. Ошондуктан биз аймактарды “Сартбаевдик окууларды” уюштуруп келебиз. Бул иште агайдын өмүрлүк жары Акүпү Мураталиеванын жардамы зор болду, -дейт Каратай агайдын шакирттеринин бири С.Сакиева. Учурда Каратай агайдын, Акүпү эженин жүздөгөн шакирттери башталгыч класстагы билим берүүнүн усулдук багыттарынын үстүндө иштеп, илим жактап келишүүдө.

ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ САРТБАЕВДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

Иш чара андан ары секциялык иштерде, андан соң талкуу, суроо-жооп, сунуштарды кабыл алуу багытында уланды.

Конференцияда К.Сартбаевдин өмүрлүк жубайы, белгилүү окумуштуу А.Мураталиева эжей менен журналист, акын Б.Таштаналиев менен биргелешип жазган “Б.Сартбаев: атанын уулу, эненин кубанычы, элинин сыймыгы” аттуу китептин бет ачары да болду.

“-Болот Ленинградга кеткенде колуна бир чемоданын көтөрүп кеткен. Келгенде 7-8 таӊгак менен келди. Биз жиберген акчага китеп алып, өзү алган стипендияга жашаптыр. Ушундай да китептин фанаты болобу. Үйүбүздүн бир бөлмөсүнүн бир жагы балабыздын китептерине толду. Китеп текче алып, китептерин койдук. Кийин өзүнчө үй-жайлуу болгондо китептеринин баарын алып кетти. Калган жүгү бир теӊ, китептери бир теӊ болду деп айтып жүрүшөт. А биз үчүн ал нерсе көнүмүш болчу. Атасы да, мен да китеп дүкөнгө жумасына бир жолу кирип-чыкпасак башыбыз ооруп калчу. Жакшы китеп болсо, кыя өтпөй ала берчүбүз. Кезектешип окуп болуп, анан ал китеп досторго, туугандарга колмо кол өтүп, элдин энчисине айланып кетчү,”- деп эскерет Болот Сартбаевдин энеси, көрүнүктүү педагог, филология илимдеринин кандидаты Акүпү Мураталиева эже.

ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ САРТБАЕВДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

Ооба, Болот Каратаевич Сартбаев артына кайталангыс из калтырып кетти. Окумуштуу атасын тартып аз өмүрүндө өзү “Мен академик боломун” деп максат кылгандай, “Дизайн академиясынын” ИИБнин академиги, “Бишкек дизайнерлер бирикмеси” башкармалыгынын төрагасы, Т.Жүргенов атындагы казак улуттук көркөм академиясынын ардактуу профессору болгонго жетишти.

Өз кесиби боюнча “Универсальный словарь дизайнера” окуу китебин, “Методические указания по курсу графической пропедевтики” методикалык окуу куралын, “Өнөр жай графикасы”, “Станоктук живопись”, “Станоктук скульптура”, “Көркөм керамика”, “Чөйрөнү көркөм жасалгалоо” адистиктери боюнча окуу пландарын жазып, ошондой эле “Дизайн” боюнча окуу планын жана стандарттарын иштеп чыкты. “В поисках утерянного Эдема”, “Дизайн это результат идеи”, “Кредит в искусстве или искусственный кредит” аттуу макалалары Бишкек, Алматыдагы мезгилдик басма сөзгө жарыяланып турган.

Журналист Б.Таштаналиев Б.Сартбаевдин адамдык жана инсандык парасатына төмөндөгүдөй баа берген: “Учурунда Кыргызстанда дизайн академиясын ачууга мүмкүн болбой, колу-буту байлалуу болгондо, кошуна Казакстанга кетип, “Сымбат” дизайн академиясы жана Т.Жүргенов атындагы Казак улуттук искусство академиясы менен кызматташып, барып-келип иштегени ошондон. Ал мунун баарын өмүр бою алган билими, тажрыйбасы кийинки муундарга калсын жана унутулуп калбасын, өмүрү сая кетпесин үчүн жасаган. Анткен менен Болот Сартбаев өз мекенинин патриоту болгон. Казакстандын дизайн академиясы тарабынан Алматыда жашап калууга канчалык сунуштар түшпөсүн, ал бул сунушка макулдугун берген эмес. Өз мекенинде, өзүбүздүн окуу жайлардын биринде дизайн академиясын ачууну көздөгөн. Тилекке каршы, бул кыялдары, ойлогон ойлору анын көзү тирүүсүндө жарым-жартылай гана ишке ашкан. Болот Каратаевич Сартбаев бул дүйнөдө аз жашады. Бирок, мына ошол аз өмүрүндө байманалуу жана майнаптуу өмүр сүрдү. Ал дайыма идеялар менен, изги максаттар менен жашаган жана ал максаттарын, ойлогон ойлорун турмушка ашыруу үчүн тынымсыз аракет кылган, талбай күрөшкөн. Анын өмүрү кийинки муундар үчүн үлгү болот десек эч жаӊылышпайбыз.”

ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ САРТБАЕВДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫ

Өмүрү сая кетпеген, өз элинин өнүгүшүнө жан үрөп эмгектенип, табылгалуу жашап, зор эмгек сиңирип кеткен ата, бала окумуштуу Каратай, Болот Сартбаевдердин династиясы, улуу көчү уланууда.

Кеченин жүрүшүндө Сартбаевдердин үй-бүлөсүнүн, И.Арабаев атындагы КМУнун атынан окутуучуларга, студенттерге Профессор Каратай Сартбаев атындагы стипендия, диплом, төш белгилер салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер