ГАЛИНА ЖУНУСОВА: “МЕНИ МЕКТЕП КЕТИРБЕЙ КАРМАП ЖҮРДҮ”
- 20.05.2021
- 0
Соолуган согуш далай тагдырларды талкалап, далайларды туш тарапка чачпадыбы. Ата мекендик согуштун аяктаганына кылым таяп калса да, анын ыйы, муңу таркабай, бүтпөс жара болуп келатканы келаткан… Канчалаган жоокерлердин тагдырлары тарых барактарынын бүктөмүндө, бизге жетпей, белгисиз бойдон кала берди. Биз угуп билген, бизге жеткен сүйүү баянынын баш каармандары — ак-талаалык кыргыз жигит Саяк Жунусов менен украин улутунун кызы Галина Жунусованы табыштырган да ошол тилеги каткыр согуш болгон.
“Мени Кыргызстанга кызымдын атасы алып келсе, иштеген мектебим кетирбей алып калды” — деген Галина апа быйыл 90 жашка чыкты. Ал кылымга тете сүргөн өмүрүнүн 40 жылын Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы мектепте мугалимдик кесипке арнады. 90 жаш деген оңойбу, а бирок Галина апанын кулагы гана бир аз каңырыштап калганы болбосо, күүлүү-күчтүү, демдүү экен. Небереси Руслан үчөөбүз Галина апанын Бишкек шаарындагы батиринде азын-оолак аңгеме курдук.
Ак-кыялык жигиттин арзуусу
— Мен 1929-жылы Украинанын Витебск облусундагы Винница шаарында төрөлгөм. 1947-жылы Острог шаарындагы педагогикалык училищеде окуп калдым. Жолдошум менен 1949-жылы таанышкам. Ал көрсө, 1943-жылы согушка аттанып, танк бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн экен. Анын бөлүгү көп өтпөй Острог шаарына, мен окуп жүргөн жерге жакын которулуп калат. Жаштыктын дем-күчүнө көрсө, ок учкан апаат дагы тоскоолдук боло албайт тура, баардык жаштардай эле кечинде биз дагы бий аянтына чогулуп калаар элек. Бийге келген аскер жигиттердин арасынан нарындык Саяк Жунусов деген жигит менен жылдызыбыз келишип калдыбы, айтор, бийлеп калчумун, бийден кийин ал мени узатып келчү. Ошентип мамилебиз уланып, 1951-жылы 21-апрелде никеге турганбыз. Бир жылдан кийин кызыбыз Тамара төрөлдү. Жолдошумдун аскердик мөөнөтү аяктаганда, өз туулуп-өскөн жерине кетмей болуп калды, мени болсо атам жибербей койду. Бирок Саяк кеткенден кийин көп өтпөй, боорума алты айлык кызымды кысып алып, артынан жөнөдүм, — деп, эскерет Галина апа.
Кызынын атасы табыштырган Кыргызстан
Галина Филипповна атасы айткандай эле, Кыргызстан деген атты өмүрү биринчи укканына, өлүп-тирилерине карабай, кызынын атасынан чакыруу келгенде, эч кимге айтпай алыскы жолго чыгат. Колунда — чемодан, боорунда — алты айлык кызы Тамара. Бир билгени: Нарын облусу, Ак-Талаа району, Дөрбөлжүн деп жазылган бир барактагы эч кимге белгисиз дарек. Ал барактын жардамы жакшы эле тийди бирок. Ошол дарек менен Галина Филиповна 14-сентябрда жетээр жерине жеткен. Кантсе да мугалимдик билими бар да, жолдошунун аскер адамы экенин эстеп, дароо аскер комитетине барат. Азыр ойлоп таң каласың, жери да, тили да, дили да, жадагалса адамдары да бейтааныш чөйрөгө алып-учуп жетелеп келген не деген күч болду экен? Бул суроону Галина апага баары эле берсе керек буга дейре, мен да узаттым. Анын жүзүнөн өкүт, кайгы же өкүнүч сезилбеди. Тек гана бейпил турмуш кечирип отурган карыялык токтоолукту, барга-жокко каниеттенген топуктукту байкагансыдым.
— Кызым атасыз өсүшүн каалабасам керек деп ойлойм. Ушунча жылдан бери унутуп деле калдым да, бирок атабыз менен чогуу болсок деген тилегим күч эле. Мен ошентип, эч кимге айтпай, атабызды издеп чыгып, Ак-Талааны таап келгеним менен, атабызды дароо таба алганым жок. Сентябрь айы эле, аба ырайы эртели кеч суук тарта баштаган. Кеч киргенде каякка бараарымды билбей турсам, аскер комиссариатынын маңдайындагы түрмөгө түнөсөң болот деп калышты. Ал жерде отурган орус аялдын жанына бир түнөгөн соң, кайда бараарымды болжолдой албай, кайра эле аскер комиссариатына келдим. Ал жердегилер ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Ак-Кыянын сельсовет башчысын чакырышты. Кудай жалгап, андан Саяктын дайнын билдим. Ал жерден мен сельсовет башчысына кошулуп, Үгүт деген айылга жөнөдүм. Жол алыс болгондуктан, мени төөгө мингизип коюшту. Ошол жерден акыры жолугуштук анан, экөөбүздүн көз жашыбыз он талаа…
Галина Филипповна издегенин таап келген менен андан аркы турмушу деле оңой болбоптур. Элестетип көрүңүз, согуштан кийинки ачылып-чачылган, ач-жылаңач жылдар, келген жери борбор калаа же ага жакын аймак болсо бир жөн, кадимки эле алыскы Ак-Талаа районундагы аңгыраган бир айыл. Көрсө, экөө жетелешип кирип бара турган үйү да жок экен, арзып келген адамынын… А бирок миңдеген чакырымды артка таштап келген адамга чатыры жок үй кеп бекен, бат эле дубалын бекемдеп, чатырын жаап, терезесин салышып, башкалардай эле очор-бачар турмуш кечире башташты. Жок, башкалардай эмес, өзгөчөрөөк оокат кыла башташты. Ак топурак сапырылган Ак-Талаанын Ак-Кыя айылына алгач пияз, сабиз, картошка айдаган ушул Галина апа экенин айылдаштары эстеринен чыгарыша электир…
— Мен кара жумуштан да, башка жумуштан да коркподум. Адегенде райондук билим берүү бөлүмүнө барып, мектепке мугалим болуп ишке орноштум. Жолдошумду да аскер таануу сабагынан мугалимдикке сунуштасак, тиешелүү билими жок деп болбой коюшту. Ал кезде тиешелүү билим алуу кайда, ал ошентип сельсоветте, андан кийин колхоздо бригадир болуп иштеп калды. Мен бир сааттык жол басып жете турган мектепте балдарга орус тили жана адабияты сабагын окута баштадым. Баардык класстарга орус тилин мен окуткандыктан, сааты көп болуп, ошого жараша алган маянам да жакшы чыкчу, анын үстүнө бийик тоолуу аймак катары кошумчалары да бар эле, — деди Галина апа.
Кыргыз тилин кыска мөөнөттө сөздүк менен үйрөнгөн
Ал кыргыз тилин тез эле үйрөнүп алганын, көбүнчө сөздүктөрдү карап үйрөнүп жүргөнүн эскерди. Кызынын кашында, жолдошунун жанында, өзү сүйгөн мугалимдик кесибинде иштеп жүрүп, арадан беш жыл өткөнчө ата-энесине кабар билдирген эмес экен. Атасына жада калса жолдошу Борбор Азиянын кайсы жеринен экенин айтпаптыр. Атасы күйөө баласынын аты-жөнүн билгендиктен, Москва аркылуу издеп табышкан экен.
— Атам артымдан издеп, беш жылдан кийин таап келди. Аны жакшы тосуп алышып, кетээр кеткиче коноктошту. Кетээрде бешке чыгып калган кызымды ала кетти. Кызымды кийин, ал экинчи классты аяктаганда өзүм барып алып келдим. Саяк экөөбүздүн башыбызга не деген түйшүк түшпөдү, баарын көтөрдүк. Кызымдан бөлөк, бир тууган кайнимдин эки эркегин багып чоңойттук. Кызым Фрунзеден экономист кесибине ээ болду. Өзүм да училищени эле аяктагандыктан, борбор шаардагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда окуумду улантып, жогорку кесипке ээ болдум. Ал ортодо төркүнүмдү да эстен чыгарбай, Украинага байма-бай барып турдук, туугандарым да келип турушчу. Элдин турмушу оңолуп, биздин жашоо да эл катары оңолгончо бир топ мезгил өттү. Мезгилден өктөм эч нерсе жок тура, көп кыйынчылыктарды көрдүк. Ач болгон курсак тоет экен, жыртылган кийим бүтөлөт экен, анткени эмгектенип, акча таап сатып аласың, а бирок шум ажал жакындарыңды алып кетсе, эч нерсе кыла албайт экенсиң. Абышкам 2002-жылы каза болгондон кийин кызым: “Айылда жалгыз эмне кылмак элең” деп, биякка алып келди. Андан кийин 2008-жылы жалгыз кызымдан да ажырап калдым… – деди ойлуу.
Төркүндөн жакын туугандар
Мен ортодогу жым-жырттыкты бузуп: “Киндик кан тамган жериңизге кетүүнү каалаган жоксузбу?” деген суроону узаттым. Бул суроону апага далайлары берсе керек, Галина апа тек гана ийнин куушура, тунжурап унчукпаган соң, небереси Руслан: “Таянем Украинага көчүп кетсек деп жүрдү. Апамдан ал жактан үй сатып алганга акча чогултуп жүргөнүн да уккан элем. Балким буйрук эмес чыгар деп ойлойм, ал аңгыча СССР тарады, таянем чогулткан акчанын куну кулап, сапырылган кагаздай болуп калды. А бирок таянемдин, сарамжалдуулугу, карапайым мугалимдик кесипте иштеп тапканы менен борбор калаадан ушул үйдү алдык.
Чынында сиз берген суроону биз да далай бердик. Ал дайыма: “Мени мектеп кетирбей кармап калды. Мен бул жерде иштеп тапканды башка жерден таба албайм” – деп айтканын угуп калчумун. Анткени таянем өзү иштеген мектепте орус тили жана адабияты сабагын окуткан көзгө басар жалгыз мугалим эле. Ал кезде орус тилине өтө жогору маани берилгендиктен, сааты да көп болчу. Анан, жаш кезинде келип, камыр-жумур болуп аралашып калган элден кетүү эле оңой болбосо керек. Албетте, оош-кыйыштар далай эле болду, айрыкча, өңүнүн өзгөчөлүгү, тилинин буруулугу далай кыйынчылыктарды жаратканын угуп, кээ бирлерине өзүм да күбө болуп жүрдүм. Мени таянем алты айымдан колуна алып багыптыр. Бир сааттык жолдун алыстыгына карабай, өзү менен бирге мектепке алып келчү экен. Кийин эс тартканда эсимде, мени столдун астына отургузуп коер эле, мен ошол столдун бир тешигинен класстагы балдарды карап отура берчүмүн, — деп сөзгө аралашты, Галина апанын небереси Руслан.
Азыр ал ушул небересинин колунда турат. Кесиби боюнча учкуч небереси Русланга иши боюнча өлкөдөн сырткары көп чыгууга туура келчү. Акыркы жылдары таянеси ал-күчтөн тайып, мурдагыдай болбой калгандан бери, жанынан алыс чыкпай калды.
Галина Филипповна менен коштошуп жолдо келатып, тагдырын жүрөгү эңсеген жакка буруп, буруп эле тим болбой, аны кайратмандык, жаратмандык менен башкарууга эрки, күчү жеткен ак-кыялык карапайым ардагер агартуучуга качанкы бир кезде өзү кызын бооруна кысып алып таштап келген төркүнү эмес, береги эле Ак-Кыядагы кайын журту жакын экенин сезгендей болдум.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер