ЭӉ ЗАРЫЛ КЕСИПТИН БАРКЫН БИЛЕЛИ

  • 22.01.2021
  • 0

Профессор Дүйшөн Шаматов үч жылдан бери уюштуруп келаткан «Мен мугалим болгум келет» деп аталган конкурс бул ирет республикалык деӊгээлге чыкты. 1400дөй окуучу катышкан сынак алардын мугалимдерин, ата-энелерин, классташтарын да толкунданткан өзгөчө окуя болду. Жеӊүүчүлөргө байге тапшыруу аземи 18-январда Бишкектеги Т. Эрматов ат. Музыкалык-педагогикалык колледжде өткөрүлдү.

ЭӉ ЗАРЫЛ КЕСИПТИН БАРКЫН БИЛЕЛИ

— Сынактын максаты: окуучулардын көркөм ой жүгүртүү жөндөмүн арттырып, мугалимдик кесипке дилгирлентүү, ошондой эле бул кесиптин коомдогу аброюн жогорулатууга салым кошуу, — дейт Дүйшөн Шаматов. — Окуучулар дилбаянда мугалимдин ролу жана коомдогу орду тууралуу ой толгоолорун жазышты. Бул сынакта ушул кесипти тандабаган окуучулар да катышып, агай-эжейлеринин өзгөчө эмгеги, ар бир адамдын тагдырына тийгизген таасири жөнүндө баяндап беришти.

Окуучулар оозеки жакшы эле сүйлөшөт, бирок өз оюн жеткиликтүү жазып бере алышпайт. Чет өлкөлүк абройлуу университеттерде тапшырмалар жазуу иретинде кабыл алынат, оозеки сынактар болбойт. Ошондуктан балдарга өз оюн аргументтештирип жазууну үйрөтүшүбүз кажет. Бул конкурстун экинчи максаты ушундай.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз

1-орун. Абдалбек кызы Чолпонай, Ак-Талаа районундагы М.Базаркулов мектеби. Байгеси – ноутбук.

2-орун. Фрунзебек кызы Айганыш, Токтогул районундагы №26 мектеп. Байгеси – планшет.

3-орун. Адисова Нургүл, Ак-Талаа районундагы Кыдыраалы айылы, Ж.Омуралиев ат. орто мектеп. Байгеси – уюк телефон.

Булардан тышкары өз ойлорун мыкты берген окуучуларга да китеп ж.б. белектер тартууланды:

  1. Ражапова Мээримгүл, Кара-Суу районундагы «Учар» орто мектебинен.
  2. Татходжаева Нигора, Кызыл-Кыя шаарындагы Д. Карбышев ат. №1 мектептен.
  3. Кудабаева Эркайым, Ысык-Көл районундагы Ичке-Жергез айылындагы мектептен.
  4. Жоломанова Аймырза, Ак-Талаа районундагы Базаркулов ат. мектептен.
  5. Янки Рейна, Бишкек ш. №27 орто мектептен.
  6. Алайчыева Асылзат, Кара-Кулжа районундагы Орозали Сайдилкановдун автордук гимназия-мектебинен.
  7. Өмүров Жанболот, Ысык-Көл районундагы Кудургу айылындагы К.Усенбеков ат. мектептен.
  8. Расулова Рейна, Кара-Суу районундагы Чолпон мектебинен.
  9. Халилова Жасмина, Кызыл-Кыя шаарындагы №2 мектептен.
  10. Нурматова Дилфуза, Кара-Суу районундагы.№15 Мирзажанов ат. мектептен.
  11. Эсенканова Айдай, Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинен.
  12. Махмут кызы Бегайым, Кара-Суу районундагы “Жетиген” мектеп-лицейинен.
  13. Асекова Айгерим, Нарын районундагы Баймоңол Кыязов ат. мектептен.

Агай-эжейлерден алтын сөз

 Салтанатка Жогорку Кеӊеш депутаты Абдувахап Нурбаев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев келип, куттук сөз сүйлөштү.

А. Нурбаев:

— Баардык кесип ээлери мугалимдин колунан чыгат. Мугалим балдарды чыныгы кесипкөй болууга багыттап, мекенди иш жүзүндө сүйүүгө тарбияласа, көп нерсе өзгөрөт. Бүгүнкү сынак ушул чындыкты элге, коомчулукка жакшы жеткирүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем.

А. Бейшеналиев:

— Ушул конкурсту уюштургандар менен чын жүрөктөн тилектешмин. Анын демилгечиси жердешибиз Дүйшөн Шаматов Кыргызстанда эле эмес, региондо таанымал, дүйнөлүк билим берүүнүн мыкты жетишкендиктерин өздөштүргөн адис экенин билебиз, анын ийгиликтери менен сыймыктанабыз.

Тилекке каршы, мугалимдик кесиптин кадыр-баркы абдан төмөндөп кетти. Ооба, жагдайды жакшыртуу үчүн айлык акыны көтөрүү зарыл. Бирок педагогдордун кесипкөйлүгүн арттырууну да эстен чыгарбашыбыз керек. Окутуунун заманбап усулдарын, технологияларын ар бир мугалим жакшы билүүгө тийиш.

Дүйшөн агайга министрликтин атынан тереӊ ыраазылык билдирем. Эссе жаздыруудан башталган бул демилгени мындан ары максаттуу долбоорлорду түзүп, ишке ашыруу менен улантуу зарыл.

Эски жыл аяктап жатканда мугалимдердин категорияларын кайра ордуна койдуруп, бюджеттен камсыздалышын Жогорку Кеӊештен бекиттирүүгө жетиштик. Министрликтин эӊ башкы эки милдетинин бири – мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү, экинчиси – билим берүүнү өнүктүрүүгө коомчулукту тартуу.

Кийинки иш-чараны өткөрүүгө келгенде бул колледжде мындан да жакшы өзгөрүүлөр, мыкты ийгиликтер болгонун көрөбүз деп үмүттөнөм.

Кеӊешбек Сайназаров:

— Быйылкы жаӊы жылды утурлай республикалык деӊгээлде уюштурулган конкурска билим берүү тутумунда иштеп, мугалимдердин абалын ичкериден билген көп достор жардамга келишти. Бул ирет 1400дөй окуучунун эсселерин окуп баалаган калыстар тобунда кээде талашып-тартышып да кеттик. Ошончонун ичинен 50 бала экинчи турга чыкты. Бүгүн биринчи үч орунду ээлегендер менен кошо 14 окуучуга мыкты дилбаян жазганы учун кызыктыруучу сыйлыктарын тапшырмакчыбыз. Журналисттерден ушул эсселерди мүмкүн болушунча көбүрөөк жарыялап, элге жеткириӊиздер деп өтүнөбүз. Балким, бул конкурска катышкандардын арасында Кыргызстандын келечектеги лидерлери бар чыгар.

Бактыгүл Байтикова, калыстар тобунун мүчөсү:

— Мыктылардан мыктысын тандоо оӊой болгон жок. Өтө түйшүктүү, бирок сыймыктуу ишти санаалаш педагогдор командасы болуп аткара алганыбызга сүйүнөм. 9-10-11-класстардан сынактын 2-туруна өткөн 50 окуучу ZOOM платформасында онлайн форматта баштапкы темада эмес, калыстар тандаган темада жазышты. Эссени дээрлик бардык катышуучулар өз убагында баштап, кечиктирбей тапшырышты.

Мырза Каримов:

— Биз ким жазганын билбей, номур менен эле белгиленген тексттерди окудук. Балким, Ак-Талаадан келген кызыбыздын биринчи орунга арзыган эссесин да окугандырмын.

Биздин билим берүүдөгү чоӊ көйгөй – бул эссе жазганды билбегенибиз. Мында биринчи кезекте сынчыл ой жүгүртүүгө басым жасалат. Биздин балдар Лев Толстой менен Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларына азыркы доордун көз карашынан туруп сын айтуудан тартынбашы керек.

Окуучуларга айтарым, бийик максатка умтулуп, өжөрлүк менен иштегиле, окугула, үйрөнгүлө, изденгиле. Атыӊа затыӊ жарашкан азыркынын Дүйшөнү, сен баштаган демилгени баарыбыз колдоп, рухий революция жасашыбыз керек.

Дүйшөн Шаматов:

— Мен жөн гана демилге баштадым. Конкурстун бардык түйшүктөрүн досторум, кесиптештерим, санаалаштарым көтөрүштү. Жарыя текстти даярдап, “Марал FM» радиосуна, “Кут Билим” гезитине жарыялашты. Дагы бир достор келип түшкөн тексттерди иреттеп берди. Калыстар тобуна кирген достор эсселерди бөлүшүп карап, мыктыларын чогуу талкуулап тандашты. Мен өзүм аралашпадым. Данияр Карабаев, Бактыгуль Байтикова, Асылбек Жоодонбеков, Кеӊешбек Сайназаров, Назима Абдыбекова, Бийик Рыскулов, Бакытбек Абдуллаев, Кыялбек Акматов, Жамал Парпиева, Чынара Жээнбекова, Тынчтыкбек Досмуратов, Мелисбек Музулманов, Мырза Каримов, Акынбек Эргешов, Казыбек Асылбеков, Гулмайрам Жанболотова, Нурида Касымбекова, Чынара Жээнбекова жана башка достор жакындан жардам беришти. Баарына ыраазычылык билдирем.

Бул конкурстун өзгөчөлүгү – бир дагы жеӊилүүчү болгон жок, катышкандардын баары – жеӊүүчүлөр! Ар бир окуучу өзгөчө мааниси бар тажрыйба алышты.

Дагы бир өзгөчөлүгү – окуучулар үч тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазышты. “Мугалим болгум келет” деген теманы сунуштаганда, биз авторлордун баары сөзсүз түрдө мугалим болот деген жокпуз. Албетте, коом үчүн, мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү бул кесипти тандагандар көбөйсө, кубанабыз.

Уюштуруу жагынан көмөктөшкөн досторго алкыш айтам. Ошто сыйлык тапшыруу аземин “Китеп.kg” дүкөнүндө уюштурдук. Бишкекте музыкалык-педагогикалык колледждин деректири Түмөнбай Колдошев өзү ушул окуу жайга чакырды. Бул окуу жайдын жамаатына тереӊ ыраазылык билдирем. Конкурстун мугалимдерди даярдаган дал ушул жерде жыйынтыкталып жатканы символикалуу тереӊ мааниге ээ.

Пандемия убагында мугалимдин кадыры айрыкча билинди. Көпчүлүк ата-энелер үйүндө бир-эки баласы менен төрт саат отура албайт. Ошол кезде алыста жүрсөм да, Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга дайым көз салып турдум. Кайгылуу окуяларга баарыбыз кайыштык. Жакшы демилгелерге сүйүндүк. Көӊүл жаркыткан ошондой көрүнүштөрдүн бири – бүгүн биз чогулган ушул окуу жайдын жамааттын күчү менен оӊдолуп, таанылгыстай өзгөргөндүгү болду. Ынтымагы бекем бул жамаатка дагы бир ирет таазим этебиз — өзүмдүн жага үй-бүлөмдүн атынан.

Сөзүмдүн акырында жумуштан тышкары бүгүнкүдөй иштер менен да алектенип, үй-бүлөм менен чогуу болгонго убактым аз калганы үчүн жубайымдан жана балдарымдан кечирим сурайм (залда кол чабылды). Мени туура түшүнгөнү үчүн өзүмдүн эӊ жакын адамдарыма алкыш айтам (кол чабуулар..

Күйөрмандар да белек тартуулады

Бул иш-чарага кол кабыш кылган Кадыралы Коӊкобаев, Данияр Карабаев, Бакытбек Абдуллаев, Кыялбек Акматов, Куштарбек Кимсанов, Кылычбек Эркинбеков, Акынбек Эргешев сыяктуу замандаштар жеӊүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлык ирээтинде китептерди тапшырышты.

Биринчи, экинчи, үчүнчү орундарга ээ болгондорду КЭУ алдындагы колледждин деректири Кылычбек Эркинбеков конкурс жеӊүүчүлөрүн окууга чакырып, контракт акысын жарымына чейин жеӊилдетүүгө убада кылса, “Креатив-таалим” комплексинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сарыгулова Жылдызкан ушул комплекстен акысыз окууга чакырды.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директорунун орун басары Чынара Батракеева жеӊүүчүлөргө ЖРТ жана сынак тесттери боюнча абдан пайдалуу колдонмолорду, ошондой эле окуу жана түшүнүү, математика жана кыргыз же орус тилинин грамматикасы боюнча тесттен акысыз өтүүгө сертификаттарды тартуулады.

Салтанаттуу иш-чаранын акырында абдан таасирдүү жазылган бир эссе көркөм окулду (аны гезитибиздин келерки сандарынын биринде жарыялайбыз). Музыкалык колледждин окутуучулары менен студенттери чакан концерт коюшту.

Жолдош Турдубаев

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер