ДЕНИ САК БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

  • 25.03.2021
  • 0
ДЕНИ САК БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Адамдын бала кездеги кыялы, мүнөзү, ата-энеси берген тарбиясы аны инсан катары калыптандырат. Советтик доордогу балдар керели-кечке эшикте ойноп, чымыр денелүү, бышык келишээр эле. Мектепте да дене тарбия сабагы жумасына үч жолудан кирип, ар бир окуучу тиешелүү нормаларды аткарууга милдеттүү болчу.  Ал эми 21-кылымдын балдарын электрондук жабдуулар толугу менен анын мейкиндигин ээлеп алды. Бала эшикке чыкмак тургай, бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө чыкпай, көргөн-бакканы интернет, тамак ичкенди да унутуп калууда. Ата-энеси акыркы муундагы телефон алып берип, аны эркелеткени нормага айланды. Анткени телефонго көз каранды болгон бала ата-энесинин  ишине тоскоолдук кылбайт. Натыйжада мууну бош, агрессивдүү, ден соолугунан жабыркаган муун өсүп келатат.

ДЕНИ САК БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

Баланы башынан…

Ата-эне кичине кезинен эле туура багытка тарбиялаганда гана бала келечекте ден соолугу чың, жашоо-турмушу коопсуз болот.  Эгерде ата-эне баласын  эки-үч  жаштан кийин башка бөлмөдө уктаганга көндүрсө, ал өз алдынчалыкка үйрөнөт. Бала уктагыча ата-эне  бир-эки саат жанына жатып, жомок айтып берүү керек экенин психологдор сунушташат. Ошондой эле балага ар түрдүү жомокторду бирге окуп, мультфильмдерди чогуу көрүп, анан аларды талкуулап, оң каармандар аркылуу жакшы нукта тарбияласа болот. Ар бир баланын кызыгуусун, жаңы нерсеге умтулуусун өркүндөтүү ата-энеге жүктөлөт. Маселен, менин неберем төрт жашта. “Баластан” программасын калтырбай көрөт, өзүнө жаккан нерселерди туурайт, менден бышыктап сурайт. “Мен дагы сүрөт тартам, мен дагы бийлейм, ырдайм, шахмат ойнойм” дейт. Мен муну айтып жатканымдын себеби, азыркы ата-энелер өзүнүн жанына тынч болуусу үчүн ар бир баласына чөнтөк телефонду карматып коюп, тарбиялап жатышат. Гаджетке көнгөн бөбөк  эшикке чыгып ойногонду билбей, жалаң гана бир бөлмөдөн чыкпай, ар кандай компьютер оюндары менен алек. Балдарга заманбап технологиянын пайдасынан зыяны көп экенин адистер айтышууда. Болгону адистердин кеп-кеңештерин ата-энелер туура пайдалануусу зарыл.

Көйгөй

Азыркы замандын балдары же телефонду чукулап отурушат, же керели-кечке телевизор көрүшөт. Адистердин айтуусуна караганда, чөнтөк телефон баланын аң-сезиминин активдешүүсүнө тоскоолдук жаратат. Телевизор, телефондон көргөн окуялар баланын өнүгүүсүнө себеп боло албайт. «Бүгүн бир эле мультфильм көр, антпесең көзүң ооруп калат» деп бала менен макулдашып алып, бир жумушту жасоого үндөө, эшикке чыгып ойноого шарт түзүү зарыл экенин психолог Жамалкан Исмаилова айтат.

ДЕНИ САК БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

— Төрт жаштан өткөн балага сүрөт тарттырып, чаң сүрттүрүп, кичирээктерине пирамида тиздирип, анын формасын, түсүн үйрөтүү зарыл. Эгер бала телевизор көрбөй, өзүнүн жашына ылайык китеп окуса, китептеги окуяга таң калат, кызыгат, эмнеге андай болду деп ойлонот. Китептеги каармандай болгусу келет. Китеп окуганды билбесе, жомок айтып берүү керек. Бул учурда ойлонуусу өсөт. Албетте, эшикке чыгарып кышында хоккей, жайында футбол ойногонго балдарды көндүрүү керек. Менимче, кыргыз балдарын чүкө ойнотконго үйрөтүү зарыл. Антпесек кыргыз оюндарын балдар дээрлик ойнобой калышты. Кыздарга болсо скакалка тебүү, качма топ ж.б.у.с. оюндарга кызыктыруу керек. Сергек жашоо образына тарбиялоо бир эле мектептин эмес, ата-эненин дагы милдети, — дейт Ж.Исмаилова.

Гаджеттин эң жаман жери балдар ал жерден ууру кылган, киши өлтүргөн оюндарды ойноп, психологиясын бузуп жатышат. Кайсы компьютердик оюндарга барба, ал жерде мектеп жашындагы балдардын отурганын көрөсүң. Эн башкысы, баланын ден соолугу, өзгөчө психологиясы жабыр тартып жатса, экинчиден, үй-бүлөлүк бюджетке залакасын тийгизип жатат. Мындан беш-алты жыл мурда мен жашаган үйдүн жанына бир ишкер чакан компьютердик клуб ачты. Маңдайында мектеп бар. Мен мектеп директоруна барып, “окуучулар жалаң ушул жерде жүрөт” деп коңгуроо каккандан кийин, жетекчиси, мугалимдер, ата-энелер байма-бай клубга кирип, отурган окуучуларды алып чыгып кетип жатып, акыры ал клуб жабылып калды. Ушундай терс нерселерге ар бир жаран кайдыгер карабашы керек деп ойлойм. Үйдө дагы мейли атасы, мейли энеси баласынын сергек жашоо образына көңүл буруусу керек. Кичинесинен бала эмнеге көнсө, ал ошол бойдон калыптанып калаары бышык. Гаджеттен чыкпаган баланы, эшикке чыгарып ойнойто да албайсың, үй жумушуна да тарта албайсың. Ошондуктан заманбап бала сөздү да укпайт,  кеп-кеңешти кулагынын сыртынан кетирет.

Сергек жашоо образы

“Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо” аталыштагы Билим берүү жана илим министрлиги алып бара турган жумуштун стратегиялык багытын аныктаган Концепциянын долбоору иштелип чыкты. Жумушчу топту профессор, академик А.Мамытов жетектейт.  Топтун курамында илимдин алты доктору, профессорлор А.Алымбеков, Н.Асипова, Н.Дюйшеева, А.Калдыбаева, С.Байгазиев, илимдин эки кандидаты А.Токтомаметов жана Д.Мусина бар.

ДЕНИ САК БАЛА – ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

— Концепциянын руханий-адеп-ахлактык бөлүмүн негизинен А.Алымбеков, дене тарбия бөлүмүн мен иштеп чыктым. Концепцияда дене тарбиянын максаты, негизги баалуулуктары, жетектөөчү идея, аталган процесстин адамзаттык баалуулуктарга негизделиши жана багыттары такталды. Дене тарбия процессин уюштуруу негиздери жана принциптери, программалык иш-чаралар, күтүлүүчү натыйжалар жана аларды баалоо мүнөздөлдү. Нормативдик-укуктук, илимий-методикалык жактан камсыздоо, уюштуруу, башкаруу жана координациялоо маселелери такталды. Дене тарбиянын негизги максаты — окуучунун жеке дене маданиятын калыптандыруу иретинде мүнөздөлдү. Аталган маданияттын өзөгүн инсандын сергек жашоо образын калыптаныдыруу түзөт, — дейт Абакир Мамытов.

Ырас, дене тарбия жаш муундарды тарбиялоонун жана окутуунун ажырагыс бөлүгү. Жалпы билим берүүчү мектепте дене тарбия, ажырагыс процесс болгондуктан, анын багыты, мазмуну, уюштуруу формалары, ишке ашыруу ыкмалары жана башка айрым мүнөздөмөлөрү боюнча негизги төрт түргө бөлүнөт: дене тарбия сабагы; окуу күнүндө ден соолукту чыңдоо иш-чаралары; класстан тышкаркы спорт иштери жана жалпы мектептик дене тарбия жана спорттук иш-чаралар.

— Мектептерде жумасына эки жолу дене тарбия сабагы берилет. Ар бир чейрекке 34 саат бөлүнгөн, — дейт билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева.

Бишкек шаарындагы №21 мектебинин дене тарбия мугалими Ѳзгѳнбек уулу Чыңгыздын айтуусуна караганда,  мектеп окуучулары спортко абдан кызыгышат. Анын тарбиялаган окуучулары  2018-жылы волейбол боюнча мектеп лигасында балдар арасындагы оюнда райондон 1-орунду, шаар аралык мелдеште 3-орунду, кыздар арасындагы оюнда 3-орунга ээ болушкан. Ал эми 2019-жылы балдар арасындагы мелдеште 1-орунду, кыздар арасындагы мелдеште 2-орунду ээлешкен.

— Кыймыл, спорт  – ден соолуктун булагы деп бекер айтылбаса керек. Биздин ѳсүп келе жаткан жаш муундар үчүн спорт жана анын түрлѳрү аба-суудай эле керек болуп турган учур. Анткени заманбап балдардын көбүнчөсү интернеттен чыкпай калышты. Биздин максат – окуучуларыбыздын денеси чымыр, булчуңдары чыйрак болушу керек, — дейт мектеп директору Гайде Умарова.

Заманбап балдар интернет алардын дүйнө таанымынын ажырагыс бөлүгүнө айланган дүйнөдө төрөлүп жана чоңоюп жатышканын Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейдин дене тарбия мугалими Багдан Тургуналиев да белгиледи.

— Балдардын электрондук каражаттарды пайдалануусу боюнча көп маселелер менен талаш суроолор жаралат. Бала интернетте өзүн коопсуз жана эркин сезиши үчүн ата-энелер эмнелерди билиши керек деген суроолор баарыбызды ойлонтуп келатат. Маселен, биздин лицейде балдарга денени чыңдоону, чымыр денелүү болууну, достукту, ынтымакты үйрөтөбүз.  Кандай гана спорттун түрү болбосун биримдик ынтымак керек. Алсак,  футбол, волейбол, баскетбол командалык оюндар, ошондуктан бардыгы тегиз ынтымакта ойнобосо, ал мелдеште жеңишке жетүү кыйын болот. Биздин максат — балдарга туура багыт көрсөтүү, кимдин кандай спортко шыгы бар экенин байкайбыз. Ал окуучуну ошол күндөн тарта шыгына жараша спорттун түрү менен машыктыра баштайбыз, — дейт мугалим.

Эгерде жалпы билим берүү мектептеринде бир жылга 136 саат бөлүнүп, ар бир чейректе 34 саат берилсе, лицейлерде бир жылга 1-курстарга 68 саат бөлүнгөн, 2-курстарга — 34, 3-курстарга — 34 саат. Ушул аз убакыттын ичинде балдарга баардык спорттун эрежелери, техника, тактика үстүртөн окутулат. Ал эми жогорку жогорку окуу жайларга 360 саат каралган. Ар бир окуу жай өздөрү билет, кайсы курстарга канча саат  коюш керек экенин.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер