ЧЕРЧИЛЛДИН КӨСӨМДҮГҮ ЖАНА БИЙЛИКТИН ТЕКЕБЕРЧИЛИГИ
- 28.05.2021
- 0
Черчиллдин Вестминстер колледжиндеги 15 мүнөттүк ошол кебинде кылым бою адамзатты түйшөлтө турган маселелерди козгогон делет. Ал эскерткен проблемалар реалдуулукка айланып, аны кооптондурган коркунучтар алигиче актуалдуу. Адамзат эми согушту көтөрө албайт, согуштан жабыркаган миллиондогон адамдардын камын бирге көрөлү, тиранияга жол берилсе адамзат умтулган демократиялык, укуктук, маданий дөөлөттөр кыйрайт, деп эскерткен экен кайран киши. Дүйнөнүн экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки келбетин даана сыпаттап, эми эмне болорун болжоп, эмне кылуу керек экендигин керээздеп айткан. Айрымдар кансыз согушту Черчилль баштаган деген ойдон да алыс эмес.
“Балтикада Штеттинден, Адриатикада Трестага чейин темир көшөгө жабылды, Ал Борбордук жана Чыгыш Европанын байыркы ордо калаалары темир тордун артында калды. Варшава, Берлин, Прага, Вена, Будапешт, Белград, Бухарест жана София – ушул атактуу шаарлар совет бийлигинин таасиринде” деген үч сүйлөмдү гана контексттен сууруп алып, калган сөзүнүн мааниси бурмаланып, антагонисттик эки системанын айыгышып кармашынын, кансыз согуштун автору
Черчилль деген аныктама азыркыга чейин күчүндө. Жок. Экинчи дүйнөлүк согушту ал баштаган эмес, бирок отузунчу жылдардын ортосунда эле согуш болорун көзү ачыктай эле так айтса, кансыз согуш башталганын да ошондой эле таамай айткан.
Ал дүйнөнүн кайда баратканын туура баамдап, окуялардын генезиси менен натыйжасын тереңтүшүнгөн, келечекти болжой билген акылман инсан, чоңинтеллектуал саясатчы, гениалдуу стратег болгон. Гитлер бийликке келгенде, Батыш Европанын бир катар өлкөлөрү, анын арасында англис өкмөтү балким тоготпой, балким, энөөлүк кылып, тил табышабыз, кесепети тийбейт деп бейкапар мамиле жасаганда, Черчилль «амбициясы күч бул саясатчы, балакеттин баарын баштаганы турат, дүйнөлүк согуш босогого кирип келди, коммунисттик режим деп СССРди жектебей, аны менен биригели, эмитен Германияны ооздуктабасак болбойт» деп Англия менен Европанын лидерлерин чакырган.
«Эгер эмитен коркунучка каршы чогуу аракеттенбесек, анда эртеңдүйнөлүк согушка даярданышыбыз, туура келет, ал согушта да Германияга каршы турбасак, баарыбызды бир-бирден жайлайт» деп эскерткен. Бир эле айтып тим калган эмес, макалаларында, ар кайсы аудитория менен жолугушууларында, саясатчыларга жазган каттарында, Британ парламентине жолдогон билдирүүлөрүндө кайра-кайра эскертип, өз оюнун тууралыгына ынандырыш үчүн улам жаўы жүйөлөрдү бийлик башындагылардын алдына жайган. Кедерине кетээр, эли-журтун азапка салаар бийликтегилердин трагедиясы ушунда, өзүнөн башка кишини укпай, манчыркап, биротоло акыл-эстен ажырап калат окшойт. Не Европанын калган өлкөлөрү, не бир кездеги үзөўгүлөштөрү Рэмси Макдональд,
Стенли Болдуин жана Невилл
Чемберлен жетектеген министрлер кабинети көўүл бурган эмес, тилекке каршы.
Ушундай эле кырдаалга согуштун алдында Шарль де Голль туш болгон. Француз армиясы алсыз, танк, артиллерия, аскер-аба күчтөрү келечектеги согушта чечүүчү роль ойнойт деген докладдарын, баяндамаларын Франциянын өкмөтү четке кагып, каяктагы согуш, кайсыны айтып жатат бул генерал дегенчелик кылып, ырыс кесер мамиле кылган. Француз аскер жетекчилиги дасыккан генералдын кеўешин укпай, саясий жетекчилиги текеберлик кылган. Британиянын расмий бийлиги да Гитлер Европадагы жана калган дүйнөдөгү стабилдүүлүккө коркунуч жаратат, амбициясы күч бул инсан бизди азапка салат, эмитен бирге каршы туралы, даярданалы деген Черчиллдин сөзүнө кулак салган эмес.
Черчиллдин айтканы бир нече жылдан соңчындыкка айланды, бирок кубаттанып алган Гитлер бейкапар Европаны аралай чаап, кечиккен Францияны бат эле уйпалап, Англияга мөндүрдөй кылып ок атып, жамгырдай кылып жаа атып жүдөткөн. Ошентип адамзат тарыхындагы эңоор трагедияга айланган экинчи дүйнөлүк согуштун болорун алда канча мурда билген, болтурбай коюунун жолун билген Черчилль 1946-жылы эми алдыда дүйнө эки лагерге бөлүнүп, элдешкис душманга айланганы турат деп эскерткен экен, кайран киши.
Фултондогу лекциясында Черчилль эгер Америка менен Батыш Европа СССРге кол сунбаса, дүйнөлүк маселелерди аны менен бирге чечүүгө аракеттенбесе, анда бир тарабы Америка менен Батыш Европа, экинчи тарабы СССР жана Чыгыш Европа, Азиянын айрым мамлекеттери болуп эки лагерге бөлүнүп, бири бирин кас душман деп эсептеп, адамзатты түйшүккө сала турганын бекем айткан. Экинчиден, дүйнөлүк державалар дүйнөдөгү жоопкерчилигин сезүүгө тийиш, адамзаттын кас душманы тирания экенин, ага англис-америка тилдүүлөр биригип алып каршы турууга тийиш, Бириккен Улуттар
Уюмун чыныгы эл аралык таасирдүү институтка айландыруу зарыл, ар кандай проблемаларды биргелешип чечпесе адамзат кечээ эле башынан кечирген трагедияга кайра туш болот деп керээздеген.
СССР согушту каалабайт, бирок таасирин арттырууга жана доктринасын (социалисттик идеологияны) жайылтууга аракет кылат, ошондуктан согушту болтурбоого жана демократия менен эркиндикке шарт түзүүгө чогуу аракеттин зарылдыгын белгилеген. Анда да угулбады Черчиллдин
сөзү, укпады бийликтегилер.
Черчиллди жанында жүргөн президент Трумэн да укпаптыр, а тургай өчөшкөнсүп андан көп узабай СССР менен кармашты күчөткөн, АКШнын үстөмдүгүн орнотууга багытталган доктрина жарыялайт.
Черчиллдин ошол сөзүнө кулак төшөбөгөн мамлекет башчыларынын оргу-баргы, өзүм билемдик саясатынын айынан дүйнө нечендеген кризисти башынан кечирди (Кариб кризиси ж.б.). Жарыша куралдануу күч алды, а тургай өзөктүк бомбага ээ мамлекеттер ушул куралды колдонуудан кайра тартпай турганын билдиришти. Эңкоркунучтуу куралдар пайда болду, ага мамлекеттердин армиясы гана эмес, террористтик, кылмыштуу топтор да ээлик кыла баштады. Мисалы, учкучу жок учуучу аппараттар, же аскерий тилде камикадзе дрон-аткычтардын жана бомбалагычтардын 1998-жылы бир-эки эле түрү болсо, 2003-2010-жылдар аралыгында алардын онго жакын түрү,
2016-жылы эле жети түрү согуштук техникалардын рыногуна чыгарылган.
Берлин дубалы кулап, СССР ыдырап, социалисттик лагерь жоюлуп, Чыгыш Европадагы социалисттик мамлекеттер Батыштын кучагына кирди. Дүйнө андан бери кыйла өзгөрдү. Коммунизмди идеология туткандын койдук, эски социалисттик баалуулуктардын айрымдарын сактап, саясий режимдин элементтерин мурастап калган мамлекеттер саналуу гана калды. Кытай, Түндүк Корея, Куба, Венесуэла сыяктуу өлкөлөр шарттуу түрдө гана эски социалисттик түзүлүштү элестетет. Коммунизмге каршы деп башталган айыгышкан кармаш али токтогону жок. Башка өўүттө кайра күч алды, мазмуну байыды, форматы кеўейди. Эч нерсеге карабастан кармашаарын кыйытмак тургай, ачык жарыялап да келишет. Россия, Кытай бир тарабы, Америка менен Европа экинчи тарабы болуп жаўы тирешке аттанганын кай жагын караба даана байкалып турат. Индия, Пакистан сыяктуу калкынын саны арбын, аймагы кенен, экономикалык потенциалы жетиштүү өзөктүк державалар да бир кезде үн катышы мүмкүн.
Соўку эки жыл ичиндеги окуялар, дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтар, аналитикалык изилдөөлөр жана отчеттор ушул эки тараптын атаандаштыгынын тигил же бул жагдайына арналып келет. Ири державалар Черчилль айткандай дүйнөдөгү эркиндик жана демократия үчүн бирге аракеттенмек тургай, тескерисинче адам эркиндигине, коопсуздугуна шек келтирип, жашоого акысын тартып алып, ар кайсы өлкөдөгү конфликттерди жаратты, согуш жаўжалы басылбады, дүйнөдөгү калктын теўинен көбү жакырчылыктан башы чыкпады. Соўку 20 жыл ичиндеги конфликттер, кыйраган мамлекеттер, миллиондогон качкындар сыяктуу проблемалар ошол каржалган, чабылып-чачылган мамлекеттердин жалаңички көйгөйлөрдү улам чыкканы жок. Тышкы державалардын кармашы, атаандаштыгы проблемаларды чечмек тургай күчөттү.
Кыйынчылык, оорчулук адамдардын башын бириктирет, эсине келтирет деген социалдык психологиянын теориясы глобалдык масштабда иштебейт көрүнөт. Чочуламыш этип, кокуй жапырт күрөшөлү деген сөздөр айтылганы менен, пандемия да бириктирбеди. Кайра күчөгөндөй. А тургай, таажылуу илдетти да айрым державалар атаандаштыктын куралына, бизнесмендер баюунун жолуна айлантты. Пандемия жакыр-кедейди теўеп койду дегендер да болгон. Жок, андай болбоптур. Теўебептир, теўелгиси да жок экен…
75 жыл мурда көсөм Уинстон Черчилль Вестминстр колледжиндеги сөзүндө дүйнөнүн эгеси болгусу келгендерге “биз байкабай же көрбөй калгандан кыйынчылык менен коркунуч жок болуп кетпейт. Өзүнөн өзү чечилип калаар деп отура бергенден проблема жоюлбайт. Күчөйт, дарт ырбайт. Жөнгө салыш керек” — деп эскерткен экен. Глобал дүйнөдө курчуган көйгөйлөрдү акыл калчап чечүү максатында дүйнө лидерлеринин түйшөлмөгү, бийлик башындагылардын, кубаттуу державалардын өзүнөн башка кишилердин кебине кулак салмагы зарыл бейм.
Алмаз Кулматов,
коомдук ишмер
Комментарийлер