БИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН ТОЛКУН

  • 21.11.2022
  • 0

Ала-Тоо эл аралык университетинин медицина факультетинин дарылоо иши бөлүмүнүн  5-курсунун студенти Толкун Жеткинбекова  “АКШнын институттарын окуу “(SUSI) программасынын жеңүүчүсү.  Бул программанын негизги максаты — аялдардын коомдогу ордун көтөрүп, алардын ийгиликтерине себепчи болуу, коомдогу маселелерди чечүүдө өз салымын кошууга шыктандыруу.

БИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН ТОЛКУН

Билимдүүгө жол ачык

Толкун Жеткинбекова мектепте окуп жүргөндө эле ар тараптуу өнүгүүгө аракет кылган, көп окуп, көптү билүүгө, коомго пайдалуу адам болсом деп кичинекейинен эле максат коё билген, аны өнүктүрүүгө болгон күчүн жумшаган. Мындай көкжал мүнөздүн калыптанышына, албетте, анын  ата-энесинин, бир туугандарынын, өзгөчө, мугалим-апасынын  салымы чоң.

Толкун Ат-Башы районунун  Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебин артыкчылык менен аяктап, ЖРТны да жакшы тапшырып, алтын сертификатка ээ болуп, бир нече жогорку окуу жайларга өтүп, бирок ал Ала-Тоо эл аралык университетинин медицина факультетинин дарылоо иши бөлүмүн тандап алган. Азыр ал 5-курстун ийгиликтүү студенти.

БИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН ТОЛКУН

— Алдыма койгон чоң максаттарым, керемет кыялдарым бар. Аларга жетиш үчүн, ириде руханий байлыгым, ыйманым толук болуп, аны менен катар, акыл, билим деңгээлимдин да бийик болушун эске алам. Ошол үчүн дагы, өзүмө деген жоопкерчилик жана талап аябай жогору. Келечектеги адам өмүрүнүн сакчысы болгондуктан, окуума көңүл кош караганым таптакыр туура эмес. Андыктан, бар дитимди, көңүлүмдү окуума, практикалык иштерге бурам, — дейт мыкты студент.

Бош убактысында комуз чертет, ырдайт, ыр, баяндарды жазат, китеп окуйт. Анан да, жаратылышка суктанып, ар бир кубулушуна абай салып, сейилдегенди жакшы көрөт.

Үч тилде бирдей сүйлөйт

Толкун Жеткинбекова университетке тапшыргандан кийин дагы активдүүлүгүн жоготкон жок. Ал окууга да жетишип,  окуудан тышкаркы иш-чараларга да активдүү катышып келатат.

БИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН ТОЛКУНБИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН ТОЛКУН

Толкун тайпанын президенти. Түрдүү улуттун өкүлдөрү окугандыктан,  негизинен англис тилинде баарлашат. Анын студенттик күндөрү кызыктуу, ары эсте каларлык болсун деген тилек менен, тил үйрөнүү курстарына жазылып, кыска убакытта англис, немис, түрк тилдерин өздөштүрө алды. Окуу жайдын “Прогрессивдүү кыргызстандыктардын клубу” — жаңы студент болгон улан-кыздарды колдоп, стипендия берип, илим-билим жактан да азыктандырып турат. Ушул долбоорду да Толкун ийгиликтүү  бүтүрдү. Себеби, бул программа жана андагы прогрессивдүү адамдар жаңы студенттик күндөргө аралашып жатканын Толкундун өз багытын тапканга себепчи болушту.

Толкун ар кыл тренинг, семинарларга катышып, дүйнө таанымын керектүү маалыматтар менен кеңейтүүнүн жолун издеп келет. Студент болгону, көптөгөн социалдык долбоорлорду ишке ашырып, ыктыярчы болуу жактан да өзүн сынап көрдү. Көптөгөн жакшы адамдарды жолуктуруп, чыныгы досторду таап, чөйрөсүн кызыктуу, илим-билимге сугарылган адамдар менен толтуруп келе жатат. Эң негизгиси, инсан катары мүнөзүн, максаттарын калыптандырып, кадыресе олуттуу көз караштар менен ой жүгүртүп, салмактуу аракеттер менен ийгиликке жетүүнүн изине түшүп, жаркын келечекти көздөй алгачкы кадамдарын таштаганына кубанат. Эң эле көп тилек кылганы — ата-энесинин, жакындарынын ак эмгегин актап, алардын көздөрүнө үмүт отун жандырып, калкка кызматы сиңген мыкты дарыгер болуу.

Комуз күүсү Америкада жаңырды

Америка элчилиги  мыкты окуган кыздардан  сынакка катышуу үчүн университеттен тандап берүүсүн суранышкан эле. Медицина факультетинен Толкун тандалып, сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, андан камчы салдырбай эле эки этабынан тең өтүп кеткен.  Ошентип, Ала-Тоо университетинен Толкун жана башка окуу жайлардан төрт кыз болуп Американы жакындан таанууга багытталган “АКШнын институттарын окуу“ (SUSI) программасы боюнча Вашингтонго барып келишти.

БИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН ТОЛКУН

— Ал жакта Борбордук Азиянын өлкөлөрүнөн барган 20 кыз Америкадагы төрт кыз менен бир топ болуп, ар кандай маселелерди, аларды чечүү жолдорун талкуулап, өзүбүздөгү күчтүү сапаттарды изилдеп, мыкты көндүмдөрдү адатка айландыра алдык. Бул саякат басымды экологиялык проблемага койгондуктан, биз жаратылышка көп изилдөө кылдык.  Вашингтондун көп шаарларын кыдырып, көптөгөн чыгаан айымдар менен таанышып, жакшы акыл-насааттарды, жашоодогу тажрыйбаларды үйрөндүк. Саякатты окуу менен айкалыштырган сонун программанын катышуучусу болдум. Программанын финалисттери катары башка мамлекеттерден барган кыздар менен таанышып, дос болуп, пайдалуу адамдардын жанында пайдалуу убакыт өткөрө алганыма сүйүнөм. Биз ал жактан улуттук баалуулугубузду, кылымдар бою сакталган каада-салтыбызды чагылдырууга аракет кылдык. Комузумду колума алып, кыргыз обонун Америкада жаңыртып жатканымда көөдөнүмдө бөтөнчө кубаныч болгонун айткым келет,  – дейт Толкун Жеткинбекова.

Жаштарды шыктандырган программа

Сынак Американын өкмөтү тарабынан уюштурулуп, бардык чыгымдар, коопсуздуктар камсыздалган. Жыйынтыктоочу күнү эки эл аралык мааниси бар, артыкчылык сертификаты тапшырылды.

— Учурда ал жактан алган билимимди өлкөм үчүн колдонуп, коомубуздун өнүгүшүнө салым кошуу ниетинде долбоорлор менен иштөөнү максат кылып жатам. Андан сырткары, бул программанын катышуучусу болуулары үчүн, айланамдагы кыздарды шыктандырып, жол-жоболорун айтып берип жүргөн кезим. Америкада бардык нерсе системалаштырылып, проблемаларды чечүүдө кичинекей нерселерге да маани берилип, жогорку деңгээлде уюштурулганы жакты. Мисалы, биз лабораторияларга саякат кылганыбызда, изилдөө иштеринин канчалык дыкат жана олуттуу жүрүп жатканы чоң таасир калтырды, — дейт студент.

БИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН ТОЛКУНБИЙИКТИККЕ УМТУЛГАН ТОЛКУН

Элинин кичипейил, жөнөкөй жана эркиндикти абдан баалагандары купулуна толгонун студент жашырган жок. Жаңы адамдар менен таанышып, маданиятын үйрөнүп, билим куржунун толтурганына сүйүнөт.

— Чынында эле, Мекениме келгенден соң максаттарымдын арышы дагы кеңейгенин байкадым. Буюрса, бардык жакшы иштер, ийгиликтер алдыда деп ишенем, — дейт Толкун Жеткинбекова.

“Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат” деп бекеринен айтылбаса керек. Толкундун бир эжеси Германияда, бир эжеси Кореяда билим алып, чет мамлекеттерди багындырып жүрүшөт. Албетте, үйдөгү мыкты таалим-тарбия, өзгөчө, апасы, Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлүмкан Турганбаеванын салымы зор. Жакында эле окуу жай Толкунду Президенттик стипендияга көрсөтүштү. Жаштайынан билимге умтулган карапайым мугалимдин үй-бүлөсүнөн татыктуу тарбияланып чыккан Толкунга ийгилик каалайлы!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер