БИЛИМ ОЛИМПИН ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР БАГЫНДЫРДЫ

  • 25.03.2023
  • 0

Окуучулардын  республикалык олимпиадасынын  IV этабы жыйынтыкталды. Билим таймашына республиканын булуң-бурчунан келген 325 зирек окуучу таймашып, финалга 56 окуучу чыкты. Анын ичинен I орунду – 19, II орунду – 17, III орунду – 20 окуучу багындырды.

БИЛИМ ОЛИМПИН ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР БАГЫНДЫРДЫ

Кыргызстандын келечеги – таланттуу окуучулар

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева бүгүнкү олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдердин эмгегин баалоо өтө маанилүү экендигин айтып, жеңүүчү болгон мектеп бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларына өтүүдө артыкчылыктарга ээ болорун билдирди.

БИЛИМ ОЛИМПИН ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР БАГЫНДЫРДЫ

— Үч күндөн бери созулган олимпиадада республиканын булуң-бурчунан келген ар бир окуучу өзүнүн жогорку билим деңгээлин тастыктоо үчүн бүт мүмкүнчүлүгүн жумшады. Республикалык сынакта жогорку деңгээлге жетүү ар бир эле окуучунун максаты, ою, тилеги. Бирок ошол бакыт 56 гана окуучуга буюрган экен. Эми жеңүүчүлөр эл аралык сынакта Кыргызстанды даназалап, желегибизди бийик көтөрөт деген ишенич бар. Сиздерге мындан аркы жеңиштерди, ийгиликтерди каалайм, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу үчүн мектепти ийгиликтүү аяктап, туура кесипти тандап, татыктуу билим алыңыздар. Биздин өлкөнү алдыга сүрөй турган келечектеги чоң окумуштуу, атактуу инсан же бир кесиптин ээси болгон мыкты адистер бүгүн силердин араңарда олтурат. Силердин мектепте канча жылдан бери талыкпай окуган эмгегиңердин, ал эми силерге көп интеллектуалдык, педагогикалык күч жумшаган агай-эжейлериңердин, балам, кызым жакшы билим алсын, келечекте өлкөсүнө кереги тийген уул-кыздардан болсун деп демөөрчүлүк кылып, материалдык жана моралдык жактан колдогон ата-энеңердин акыбети кайта турган күн, — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле Токтобүбү Ашымбаева жеңишке таптап, ишеним арткан, татыктуу жарандарын тарбиялап өстүргөн ата-энелерге жана мугалимдерге өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Олимпиада ачык-айкын өттү

— Балдардын билимин баалоо үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын тажрыйбалуу мугалимдеринен, окутуучуларынан турган калыстар тобу иштешти. Олимпиаданы ачык-айкын өткөрүү максатында көз карандысыз байкоочулар да тартылган. Сынак үч күн бою Ч.Айтматов атындагы Бишкек  жана «Айчүрөк» кыздар лицейлери тарабынан олимпиаданын жүрүшүн көрүү үчүн онлайн түз көрсөтүү уюштурулуп, каалоочулар интернет булактарынан көрүштү, — дейт министрликтин башкы адиси А.Кусейинова.

Олимпиаданын катышуучулары жана мугалимдер үчүн сынактан кийин ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлүп турду.

Айта кетсек, 24-мартта Кыргыз улуттук опера жана балет театрына барышты. Сынак өтүп жаткан лицейлердин администрациясы тарабынан окуучулар үчүн спорттук-маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Мындан сырткары Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинде окуучулар үчүн 15 жогорку окуу жайлар келип, кесиптик тандоо боюнча презентацияларын тартуулашты.

Олимпиаданын жабылуу аземинде билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана Мектепте, мектептен тышкаркы жана окуу китеп саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Алдыңкы окуучунун – алдыңкы мугалими

Талас «Мээрим» окуу-тарбия комплекс-лицейинин англис тили мугалими Камила Аппаcованын айтымында, олимпиада өтө таза, адилеттүү өттү. Республикалык этапка жетүү үчүн ириде мектепте олимпиадалык предметтерди тандоо 7-класста жүргүзүлөт.

— Лицейдин окутуу системасына көнүп калгандан кийин, 7-класстардын арасында өтүлүп жаткан предметтерден тестирлөө өткөрүлөт. Андан кийин окуучунун кайсыл сабактардан олимпиадаларга баргысы келип жаткандыгын аныкташ үчүн сурамжылоо жүргүзүлөт. Тесттин жана сурамжылоонун жыйынтыгынын негизинде предметтик мугалимдер лицейдин мүдүрү менен болгон кеңешмеде окуучуларды олимпиадаларга бөлүштүрүшөт. (Эгер кааласа, окуучу предметин өзгөртө алат), — дейт К.Аппасова.

Аталган лицейде окуучулар предметтерин тандашкандан кийин олимпиадаларга даярдоо үчүн кошумча сабактар өтүлө баштайт. Т.а. жумасына төрт саат (жума күнү сабактан кийин жана ишемби күнү түшкө чейин) сабактар коюлган.

— Олимпиадага даярдык сабактар 7-11-класстарга өткөрүлөт. Чейрек сайын «Сапат» аралык олимпиада предметтик сынагы өткөрүлүп турат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар каралган. Лицейде республикалык предметтик олимпиадага тандоо сынагы өткөрүлөт, ал сынакка бардык класстардан олимпиадага даярданып жаткан окуучулар катыша алат. Эң мыктылары тандалат. Окуучулар 7-класска келгенде англис тилин канчалык деңгээлде билүү үчүн тестирлөө өтөт. Деңгээлине жараша группаларга бөлүштүрүп, сабак өтө баштайм. Чоң класстардын окуучулары кенже класстарга англис тилине байланыштуу клубдарды уюштурушкан (мисалы: Reading, TED (speaking) ж.б.). Мектепте англис тили мугалимдери окуучулар менен жалаң гана англис тилинде сүйлөшкөнгө аракет кылышат.

«Сапат» ББМде 10 жылдан бери иштеп келем. Ушул убакыттын ичинде акыркы 7-8 жылдан бери республикалык предметтик олимпиаданын шаардык жана облустук деңгээлдеги турларында комиссиянын мүчөсү болдум. Комиссиянын мүчөлөрү окуучулардын аткарган иштерин максималдуу түрдө акыйкаттуу баалаганга аракет кылышат, — дейт мугалим.

К.Аппасова 10-класстын окуучусу Эркинбекова  Эльнураны олимпиадага акыркы үч жылдан бери даярдап келатат. Эльнура 8-классында олимпиаданын облустук турунда 1- орунду ээлеген. Тилекке каршы, пандемия учуру болгондугу үчүн республикалык туруна катыша алган эмес. Бирок ал жылы облустук турунда орун алган окуучулар республикалык турда орун алды деп эсептелип, Билим берүү жана илим министринин грамотасы менен сыйланган. Ал эми былтыркы окуу жылында, т.а. 9-классында дагы Эльнура олимпиадага катышып, бирок республикалык турунда байгелүү орунга жете алган эмес. Быйылкы жылы эмгегинин үзүрүн көрүп, 1-орунга чыкты.

Англис тилине болгон сүйүү

Эльнура Эркинбекованын англис тилине болгон сүйүүсүнүн, кызыгуусунун алгачкы бутактары башталгыч класста пайда болгон.

БИЛИМ ОЛИМПИН ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР БАГЫНДЫРДЫ

БИЛИМ ОЛИМПИН ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР БАГЫНДЫРДЫ

— Башталгыч класстын англис тили мугалими мага абдан жаккан. Бирок азыркы окуу жайыма өткөндөн кийин гана бул предметти окуганга катуу кириштим. Лицейде башталгыч класстагы мугалимимдей эле тилди үйрөнүүгө Камила эжейим түрткү болду. Мугалимдин аркасы менен кайрадан англис тилине кызыгып кеттим. Ал эми 7-класста англис тилин эч күмөнсүз тандап алдым. Бул предметти изилдеп баштап, анын мага кандай пайда алып келерин тез эле түшүндүм. Мисалы, англис тили алтымыш жети өлкөнүн расмий тили болуп саналат. Бул тилди билүү менен жогорку денгээлде билим алып жана карьералык мүмкүнчүлүктөрүм көп болот. Мындан тышкары, олимпиада үчүн англис тилин так үйрөнүп, IELTS жана TOEFL сыяктуу сынактарга автоматтык түрдө даярданам, — дейт женүүчү. – Олимпиадага даярданып жатып өзүмдү-өзүм тарбиялоо көндүмдөргө ээ болдум. Күн сайын англис тилин үйрөнүү менен мен сабырдуулукка тарбияландым. Эми эмнени окубайын, мен үчүн бир топ жеңил болот, анткени мен тынымсыз окууга көнүп калдым. Мен үчүн олимпиаданын эң кыйыны – адашып калбоо, — дейт Э.Эркинбекова.

Женүүчүнүн  айтуусуна караганда, сынактын райондук, облустук турлары бири-биринен көп деле  айырмаланган эмес. Ал эми республикалык олимпиадада тапшырмалар кыйла татаал болгон.  Бирок Эльнура чыккан жыйынтыкка ыраазы.

— Эң негизгиси, эмненин үстүндө иштөө керектигин жана эмнени тез-тезден иштетүү керектигин көрдүм. Эмдиги жылы быйылкыдан да күчтүү даярдык көрөм, — деди окуучу.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер