БИЛИМ МЕНЕН ТАРБИЯ ТАРМАГЫНДАГЫ КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ

  • 17.05.2021
  • 0

“Мен”, “Мен” деп төшүн какпай, өзүн жөнөкөй, басмырт алып жүрүп, бирок өзүнүн иш ордунда күн-түн тер төгүп иштеп, коомго зор пайда келтирип, активдүү жаратмандык, чыгармачылык ишмердиги менен айланасына нур чачып, билим-тарбия майданында атак-абройго ээ болгон кыргызымдын кыйын кыздары бар. Ал КРнын Билим берүү академиясында жетектөөчү илимий кызматкер, педагог-илимпоз, методист, таанымал акын, жазуучу, котормочу, тилчи, тарбиячы жана көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Бермет Алымбаева жөнүндө иштеген иши жана инсандык бейнесине шрихтер.

Бермет Бекешовна алгач Кыргыз билим берүү академиясында 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жетектөөчү кызматкер катары үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Илимий-изилдөө ишин “Педагогика илими жана кесиптик билим берүү борборунда” тарбиялоонун теориясы жана практикасы лабораториясында, ата-энелердин жана мектептин балдарды тарбиялоодогу учурдагы абалы, мазмуну, илимий жактан өркүндөтүү багыттары боюнча, республиканын көпчүлүк мектептерине барып класс жетекчилердин кеңешмелерине, семинарларына, тарбиялык иш-чараларга катышуу аркылуу алардын кыйынчылыктарын аныктап анан класс жетекчилерге жардам берүү максатында, азыркы шартка ылайык колдонмолорун чыгарууда.

КРнын педагогикасынын тарыхында биринчи жолу “Тарбиялык иштердин программасы” (Г.Жумабаева, Б.Алымбаева) иштеп чыгышты. Ал ББЖИМнин тапшырмасынын негизинде түзүлүп, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен жактырылды. Андан кийин орус жана кыргыз тилдеринде, бир нече методикалык куралдарды чыгарды. Алардын аттарын санай кетели:

“Тарбиялык иштердин программасы” (Тарбия завучтары, класс жетекчилер үчүн методикалык колдонмо); “Тарбия ийгиликтин башаты”, 5-класс (Мугалимдер, класс жетекчилер үчүн методикалык колдонмо); “Адептүүлүктүн булагы – татыктуу тарбия”, 6-класс; “Туура тарбия – ийгиликке өбөлгө, 7-класс”; “Тарбиянын жакшысы – тагдырдын ачкычы, 8 класс”; “Мектепте жана үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо” (мугалимдер, класс жетекчилер үчүн методикалык колдонмо). Орусча чыккандары: “Сценарии внеклассных мероприятий, посвященных русскому языку 5-11 класс” (Методическое пособие для учителей); “Занимательная грамматика по русскому языку с кыргызским языком обучения 5-11 кл”, “Писатели XIX-века” (пособие для учителей), “Писатели XX-века” (пособие для учителей); “А.С.Пушкин – всегда открытие и всегда тайна” — 1-2 часть (пособие для учителей); “Золотой век” 9-класс Поурочное планирование по русской литературе (Методическое пособие для учителей); “Поурочное планирование по русской литературе 10-класс”; “Поурочное планирование по русской литературе 11-класс”, “Сборник диктантов по русскому языку для средних и старших классов кыргызских школ”; “Контрольный тест по русскому языку для средних и старших классов”;  “Адамды адам кылган асыл эмгек” (5-8-класстар мугалимдер, класс жетекчилер үчүн методикалык колдонмо 2019-ж); “Балдарды тарбиялоодо ата-эне жана мектептин биргеликте кызматташуусу” — деген атайын (5-8 класстар үчүн класс жетекчилер, ата-энелер үчүн методикалык колдонмо. 2020-ж.); “Ата-эненин коомдогу орду” (5-11-класстар үчүн класс жетекчилер, ата-энелер үчүн методикалык колдонмо). 2021-жыл. Бул методикалык колдонмолору (китептери) мектептерде колдонулууда.

Деги эле, Бермет Бекешовнанын изилдөө ишинин негизги багыты – бул жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоого, эмгек аркылуу алардын аң-сезимин жогорулатууга, акыл-эсин өстүрүүгө, ден соолугун чыңдоого умтулуп келди. Ар кандай эмгекти баалай билүүгө жана эмгектен качпоого, баланын эң алгач үй-бүлөдө көбүрөөк тарбиялоону аныктоо маселелери методикалык колдонмолорунда туруктуу орунду ээлөөдө.

Ушул жылдар аралыгында жетектөөчү илимий кызматкерликти көп жылдык тажрыйбасына айкалыштыра алды го деп ойлойм. Анткени, мектепте да 34-жыл иштеген тажрыйбасын колдонуп, мугалимдер үчүн жыйырмага жакын илимий усулдук колдонмолорду түзүп, 60дан ашык илимий-теориялык макалалардын автору болду.

«Сапаттуу, эффективдүү иштеген мугалимсиз билим берүү тутуму эле эмес, бүтүндөй өлкө өнүкпөйт» — деген принципти туу тутуп, 90-жылдары окутуунун методикасы салттуудан интерактивдүүлүккө оогондо, сабактарын окутууда «Сынчыл ой жүгүртүүнүн стратегиялары», «интеллектуалдык көз караш», «Монаховдун технологиялары», өңдүү педагогикалык оюндарды колдонуп, билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө көп изденген.

Алымбаева Бермет, Свердлов районундагы Келечек №87 жалпы орто билим берүү мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип андан кийин Кыргыз билим берүү академиясында иштеп калды. Мектепте иштеген аралыгында жаш өспүрүмдөрдү орус тили жана адабияты сабагына кызыктыруу максатында түрдүү формадагы стандарттык жана интерактивдүү метод менен сабак өтүп, андан сырткары адабий кечелерди уюштуруп, адабий сабагына кызыктырып, балдардын сүйлөө речине өзгөчө көңүл буруп, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасады. Өзүн чыгармачыл жана жоопкерчиликтүү мугалим катары көрсөтүп, педагогикалык чеберчилигинин жогорку деңгээлде экендигин далилдей алды.

Мугалимдерге да үлгүлүү кадыр-барктуу насаатчы, өз билгенин кийинки муундарга жайылтуу менен окуучулардын билим сапатын көтөрүү багытында өзүнүн зор салымын кошуп келди. Уюштуруучулук өнөрү, педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндө жамаат ичинде жылуу пикирлер дайыма айтылып келет. Ата-энелер менен иштөөдө “Үй-бүлөдө балдарды кантип тарбиялайт” аттуу темадагы конференция көп мектептерде уюштурулган.

Эң оболу, үй-бүлө деген эмне? Ал кандай түзүлүшкө ээ? Өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо анын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар? Тарбиялоо процессинде ата-эненин атайын орду барбы? Үй-бүлөдө мектепке чейинки баланы кантип тарбияласа болот? Анын сырлары эмнеде? деген ата-энелер менен баарлашуу, талаш-тартыш эң сонун деңгээлде өткөн. Жана ошондой эле 9-класстар аралыгында адабият боюнча А.С.Пушкиндин “Солнце русской поэзии” аттуу мелдеш өтүп, окуучулардын арасында кызыгуу пайда болуп, андан кийин дагы орус адабияты сабагында, 9, 10-11-класстарда өтүлгөн мектеп программадагы классиктердин чыгармалары боюнча сахна-сабактары даярдалып окуучулар ролдорду тандап, ой жүгүртүсү, айрым мимикалар, көркөм эмоцияга үндү келтирип жатташып, анан сценага ошол чыгармалардан үзүндү коюлган. Негизи сабак-сахна окуучулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн ачты. Бир эле класс эмес, бир нече класстардын ортосунда жарыш, конкурстук мелдешүүлөрдү да Бермет Алымбаева өткөрүп жүрдү. Ушундай сабактарда балдардын тутанган ышкылары алоолонуп жалбырттап өсөрүн байкадык. Бул аткарылган иш-аракеттер балдардын тулку боюнун ой жүгүртүүсүнүн өсүп өнүгүшүнө улуулардын берген тапшырмаларын жоопкерчилик менен аткарып, милдетин сезип чыдамкайлык сапаттарын калыптандырды.

Сабак-жомок, сабак-таймаш, сабак-талкуу (диспут) окуучулардын арасында көп жолу өткөрүлдү. Сүрөт-альбомдор, газета-плакаттарды түзүшүп, чоң класстар аралыгында өнөрлөрүн сынашты. Мындай сабактар окуучулардын активдүүлүгүн арттырып, дүйнө таануу сезимдерин, туюмдарын активдештирерин байкадык.

Жогоруда сөз болгон мугалим Б.Алымбаеванын ушундай чыгармачыл сабактары учурдун талаптарына шайкеш келип, окуучуларын адабият дүйнөсүнө жетелеп кирип, адабият аркылуу тарбия берди десем жаңылышпайм.

Отуз жылдан ашык жаш муундарды – окуучулар менен жаштарды тарбиялап өстүргөн, элине ак эмгеги сиңип, кийинки муундардын жүрөгүнөн түнөк таап, артында өчпөс из калтырып, мугалим деген ардактуу кесиптин чыныгы ээси – бул Бермет Алымбаева.

Профсоюздун башкы милдети мугалимдердин эмгегин, социалдык-тиричилик, руханий укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоду. Бермет Алымбаева профсоюздун төрайымы катары мектеп ичиндеги эмгек мыйзамынын сакталышына, ден соолугуна келтирилген залалдын ордун толтуруу менен байланышкан маселелерди чечүүдө көмөктөшүп, мыйзамдарды жана башка нормативдик актыларды сактоосуна туруктуу контролду жүргүзгөн.

Кыргыз эли тегинден “устат” деген сөздү бийик кастарлап, ал эми мугалимге эжей, агай деп бекеринен кайрылбаса керек. Сен дал ушул “устат”, “эжей” деген улуу сөздөргө татыктуусуң. Сенин энелик, устаттык мээримиңден, чыныгы мугалим таалимиңден таасир алып, тамыр жайган элибиздин татыктуу уул-кыздарын өлкөбүздүн кайсы гана булуң-бурчунан болбосун кездештирбей койбойсуң. Алар сенин атыңды айтып сыймыктанышат. Ийгиликтин сыры эмнеде? — десе. Албетте, мугалимдин ар убак бала деп, окуучу деп каккан аруу жүрөгүңдө. Сен сепкен билим-үрөнүң көйкөлүп өсүп, түшүмдүү болуп, ар бир салган арыгыңдан өмүр-дайрасы ашып-ташый берсин!

Ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин алдында дагы педагогдордун квалификациясынын жогорулатуу институтунда мугалимдерге орус тили методикасынан сабак берип келет. Ошондой эле көптөгөн Бишкек шаарындагы №32, 87, 16, З.Кайназарова атындагы кош тилдүү орто мектеп Сокулук району Чат-Көл айылы, Аламедин району Бер-Булак орто мектеби, Бишкек Шаары №5 Свердлов району гимназия мектеби, Джалал-Абад областы Ноокен району, Тоскол-Ата айылы №5 Н.Токторбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, Токмок шаары №13 Тогуз жылдык мектеп, Сокулук району Орок мектеби, Селекция айылы, Жети-Өгүз району, Кичи Жаргылчак орто мектеби ж.б. мектептер менен окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, класс жетекчилер менен тыгыз иш алып барат.

Класс жетекчилердин өткөн тарбиялык сааттарга анализ берүүдө Бермет Алымбаева «көнгөн салттык анализдин дыңын бузуп», мугалимдин эмгегин жогоруу баалоо; сабактын этабын туура колдонгонун, окуучуларга жасаган кылдат мамилесин, чыгармачылык менен уюштурган педагогикалык оюндарын, мактап, көбү этибар албаган мугалимдин өз каражатынан көрсөтмө куралдарды жасоого коротулган чыгымын да баса белгилеп өткөнү мугалимге методикалык колдоо, мотивация берүү эле. Педагогикалык жаңы багыттагы анализ берүүсүн угуп, Берметтин мугалимдик оор түйшүктү жон терисинен өткөргөн мугалим катары да, бийик адамгерчилик сапатынан да сабак алып келишет. Ушундай иштин жыйынтыгы менен класс жетекчилер үчүн «Адамды адам кылган эмгек» усулдук колдонмого өтүлгөн тарбиялык сааттардан тандап мектеп боюнча он мыкты тарбиялык сааттардын иштелмелери киргизилген.

Бермет Бекешовна көп кырдуу талант ээси. Анткени, көркөм чыгармачылык менен илимдик-изилдөө ишин бирдей аркалап, экөөндө тең чыгармачылык дареметин көргөзүп келүүдө. Мындай дегенимдин себеби,

“Жылдыз жанган көл кечи” ырлар жыйнагы окурмандардын колуна тийген китеп жылуу кабыл алынып, бир нече обончу, композиторлор, бир топ ырларына обондорду жаратып, көптөгөн ырлары теле-радионун алтын фондуна жазылып алынды. Айталы, Каныкей Эралиева “Жылдыз жанган көл кечи”, “Кеч күздөгү толкундар” аттуу ырларына обон чыгарып, өзү аткарып калың элге таратты. Динара Акулова “Сүйүү таза”, ал эми обончу Съездбек Искеналиев орус жана кыргыз тилдеринде бир нече ырларына обон чыгарып, автордун аткаруусунда радиодон байма-бай берилүүдө.

Жаныш-Байыш тобунун жигиттери ырларына обон чыгарышып, азыр жаштар арасында ырдалып жүрөт. Неля “Махабат деми” , “Өмүр”, “Өчпөй турган сүйүү бар”, “Апама”, “Атама” ж.б. ырларды аткарып келет. Нена “Мен сенден сүйүү күтөм” деген ыры менен көп ийгиликтерге жетишти. Мухтар Атаналиев Берметтин “Махабатка кеч кирбейт” аттуу ырына убагында эң эле кызыктуу, мукам кайрыктарга толгон ыр чыгарган эле. Ал угуучулардын кумарын кандырган ырга айланган.

Элиза Орозова “Сүйүү деми”, “Балалык”, “Сен турганда кереги эмне өзгөнүн”, “Ашыкмын сага”, аттуу ырларын аткарат. ж.б.

Ал жазуучу катары жараткан чыгармалары, дүйнөгө, адамдарга болгон көз карашын көрсөткөн учкул сөздөрүндөгү катылган сырларын шурудай тизип, чыгармаларында бермет чачыладай ажарланткан. Негизинен, көркөм адабияттын чыгаан өкүлдөрү гана тилдин байлыгын кеңири катмарга таратуучулар боло алышат. Ошондой сөз кадырын билген көптөгөн китептердин автору Алымбаева Бермет жөнүндө кеп кылсак ал ар тараптуу инсан. Анын чыгармаларында Ата-журт, ата-эне, үй-бүлө жөнүндө жөнөкөй тил менен көркөм, кызыктуу кылып баяндайт. Айталы, өлкөнүн биримдигин, ынтымагын, жашоонун туткасын, тамырын кармап турган нерсе бул үй-бүлө. Баланы өстүрүп, тарбиялап, муундарды байланыштырып турган да үй-бүлө. Тарбиялык мааниде үй-бүлөнүн бекем болуусуна, бактылуу жашаган үй-бүлө бактылуу мамлекеттин тиреги, муундан-муунга узатаар көчтүн негизги кербени деп жазат. Бактылуу үй-бүлөдө – бактылуу балдар төрөлүп, жашоо бардык тараптан бакубат болот, — деп чыгармаларында таамай айтылган.

Өмүрдө аз же көп жашоо бир башка, ал эми турмушта эл үчүн кызмат кылуу, элдик адам болуу бир башка. Демек, “Адал сөз, ак эмгеги карытпайт” — дегендей, ар дайым Бермет кайталангыс асыл инсан, окуучуларың, студентериң үчүн идеал туткан адам катары кала бер!

Советбек Байгазиев,
Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, КР эл жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер