БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ КАДАМ

  • 22.11.2022
  • 0

«Борбордук Азияда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) ыкмалары аркылуу туруктуу өнүгүү үчүн сапаттуу билим берүү» долбоорунун алкагында Эстония өкмөтү уюштурган «Билим берүүнүн алдыңкы тажрыйбалары» конкурсуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан  Республикаларынын мугалимдери катышты. Сынак Алматы шаарындагы Туруктуу өнүгүү үчүн (ESD) ЮНЕСКОнун кластердик бюросунун колдоосу менен «EdNed»  Билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттиги тарабынан ишке ашырылды. Бул сынакка Ак-Талаа районунун Муса Баетов атындагы орто мектебинин  башталгыч класс мугалими Нургүл Итибаева да катышып, 20 алдыңкы мугалимдердин катарын толуктады.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ КАДАМ

Нургүл Итибаева мектепте иштегенине 20 жылдын жүзү болду.  Ал алгачкы эмгек жолун ушул эле мектептен англис тилчи мугалим болуп  баштаган.

Аталган сынакка ал Фейсбук социалдык тармактан  эл аралык сынак жөнүндө маалыматты  көргөндөн кийин уюштуруучуларга кайрылып, сынактын Жобосун алып, таанышып чыккан. Жободогу «Билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсүнө кадам»  деген темада 90 секунддук видео жана сабактын иштелмесин орус тилинде жазып кетирүү керек экен. Аны толугу менен мугалим аткарып, материалды тийиштүү дарекке жөнөткөн.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ КАДАМ

— Сынакка жиберген сабакта экономика,  экология,  спорт,  маалымат булактары боюнча окуучулар менен ой бөлүштүк. Экономиканы өнүктүрүү үчүн  — 9-10-11-класста кошумча тигүүчү,  жыгач жана  темир устачылык боюнча сабактар өтүлүп, сертификат берилсе, экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө болоорун окуучулар белгилешти. Экология боюнча — таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорлор ишке ашса, ал эми спортко келгенде  бизде спорт залдын жок болгондугу, кышкы дене тарбия сабагында балдар  кыйналып жаткандыгын билдиришти. Маалымат булактары — интернеттин жана телефондун пайдасы жана зыяны жөнүндө да айтып беришти, — дейт мугалим.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ КАДАМ

Конкурста Нургүл Итибаева орунга жетише алган жок. Бирок сынакка катышкандардын алдыңкы 20 мугалимдин бири болду. Бул дагы жетишкендик.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ КАДАМ

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ КАДАМ

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ КАДАМ

Нургүл Итибаева мектепте болгон техникалык каражатты пайдалануу менен сабак өткөн. Анткени заманбап окуучуларга кызыктуу сабак өтүү үчүн акыркы муундагы технологияларды пайдалануу абдан пайдалуу.

 

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ КАДАМ

— Бизге электрондук такта керек болуп жатат. Техниканын заманында заманбап каражаттарды пайдалануу окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы жакшы ийгилик алып келет деген ойдомун. Ар бир иштеген эмгегибиз жана ишибиз, келечек муундарыбыздын өсүп-өнүгүшү үчүн болуп жатат, — дейт элеттик мугалим.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер