АТАКТУУ ПЕДАГОГДУН АТЫНДАГЫ АВТОРДУК КЛАСС

  • 26.05.2021
  • 0

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, ардагер Акин Токтосунова атындагы автордук класс ачылып, пайдаланууга берилди.

АТАКТУУ ПЕДАГОГДУН АТЫНДАГЫ АВТОРДУК КЛАССАвтордук класстын ачылыш аземи 21-майда өтүп, Бишкек шаардык «Мыкты айым» коомдук бирикмеси Акин Токтосуновага «Датка айым» төш белгисин ыйгарды.

Ал аталган мектепте 40 жыл тарых мугалими болуп эмгектенген. Анын ичинде 13 жыл мектеп директору болгон.

Автордук класстын ачылышына педагогдун уул-кыздары, күйөө балдары демөөрчүлүк кылып, 100 миңден ашык акча каражаты сарпталган.

АТАКТУУ ПЕДАГОГДУН АТЫНДАГЫ АВТОРДУК КЛАССАвтордук класс бир даана компьютер, сенсордук интерактивдүү доска, парта, стол жана башка заманбап жабдуулар менен жабдылды. Ошондой эле мектептин китепканасына көркөм адабият жана окуу китептери дагы тапшырылды.

АТАКТУУ ПЕДАГОГДУН АТЫНДАГЫ АВТОРДУК КЛАССМындан сырткары Акин Токтосунова атындагы 1000 сом өлчөмүндөгү стипендия жети тарыхчы мугалимге жана 11 окуучуга берилди. Бул стипендия мындан ары жыл сайын тапшырылып турмакчы.

Акин Токтосунова жеке пенсиясынан мектепке 42 миң сомдук интерактивдүү доска, мугалимдердин көрсөтмө куралы коюла турган текче дагы сатып берди.

АТАКТУУ ПЕДАГОГДУН АТЫНДАГЫ АВТОРДУК КЛАСС-Билим берүү бир гана мамлекеттин, мугалимдердин колундагы иш эмес. Бул өзгөчө жалпы коомчулуктун назаарындагы маселе. Пенсия курагында болсом дагы өлкөгө иштеп берейин деп чуркап жүрөм. Көптөн бери пенсионерлерди мектептерге жардам берүүгө үндөп, аларды тренинг, жолугушууларга чакырып жатам.

Ардагер мугалим мектепте парта жетишсиз болгондуктан Билим берүү жана илим министрлигине атайын кат менен кайрылып, министрдин орун басары Надира Джусупбекованын кабыл алуусунда болгон.

Мектептин деректирине эмне керек десем, парта жетишсиз экенин айтты. Бул маселени чечүүгө аракет кылып, министрликке кат жолдодум. Ал жерден министрдин орун басары  Надира Джусупбековага жолуктум. Менден ушунун баарын өзүңүздүн чөнтөгүңүздөн чыгарып жасаттыңызбы? деп сурады. Анткени анын баарын кат жүзүндөгү кайрылуумда жазгам. Ал мага министрликте парта, стул сактаган сактоочу жайдын жоктугун жана бул нерсе үчүн атайын каражат каралбаганын билдирди. Бирок катымды жерде калтырбай, эртеси эле күнү Бүткүл дүйнөлүк банк, Юнисеф сыяктуу төрт мекемеге кат жаздырды.17-мартта жиберген каттан азыркы күнгө чейин жооп келе элек. Сурасам алар каражаттын жоктугун айтып жатышыптыр. Мындан улам министрлик мурдагы мектептерден калган эски парталардан бешти топтоп берди. Бирок бул жетишсиз, билим уясында парта маселеси болбошу керек.

АТАКТУУ ПЕДАГОГДУН АТЫНДАГЫ АВТОРДУК КЛАССАкин Токтосунова 1968-жылы «СССРдин 50 жылдыгы» атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин окуп бүтүргөн.

Элге билим берүү министрлигинин жиберүүсү менен Баетов айылындагы М.В.Ломоносов (азыркы Ш.Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп эмгек жолун баштаган. 1983-1987-жылдар аралыгында аталган мектепте окуу иштери боюнча директордун орун басары, 1989-2002-жылдары мектеп директору кызматын аркалаган.

2002-жылы райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Билим берүү тармагына кошкон үзүрлүү салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» ардактуу наамы ыйгарылган. Мындан сырткары Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер