АРАЛЫКТАН ЖАҢЫРГАН АКЫРКЫ КОҢГУРОО

  • 28.05.2021
  • 0

Быйыл өлкө боюнча 11-классты 61 546 окуучу, 9-классты 103 414 окуучу аяктап жатат. Адатта айлана кызыл-тазыл гүлдөргө, окуучулардын шаңдуу күлкүлөрүнө толуп, салтанат шарданында өтүүчү акыркы коңгуроо быйыл өлкөбүздү каптаган коронавирус пандемиясынын кийинки толкундарынан сестенип, эл көп чогулуучу иш-чаралар чектелип турган шартта, онлайн форматында өткөрүлдү.

Бул салтанат Баткен облусундагы Лейлек районунун Максат айылындагы Максат мектебинде да онлайн өттү. Мектепте жалпысынан 208 бала билим алат, 19 мугалим эмгектенет. Быйыл бул мектепте 11-класста окугандар жок болгондуктан, 9-классты 20 бүтүрүүчү аяктап жатат. Мектептин директору Каттабек Жумабаев бүтүрүүчүлөргө аралыктан кайрылып, куттуктоо сөзүн жолдоду:

АРАЛЫКТАН ЖАҢЫРГАН АКЫРКЫ КОҢГУРОО

– Билим уясынан учуп келечекке сапар алып жаткан жалпы эле бүтүрүүчүлөрүбүзгө, анын ичинде, биздин Максат мектебин аяктап жаткан 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалайм. Арасында колледждерде билим алууну каалагандар бар, аларды ийгилик коштосун. Баарыңыздарга маалым болгондой, биз быйыл окуу жылын башкачараак шартта аяктап жатабыз. Бул кыйынчылыктарга майышпашыбыз керек, силерге айтаарым – кайда жүрсөңөр да өз айылыңарды эстен чыгарбагыла, себеби, туулуп-өскөн жер Мекен деп айтылат. Алыска кетсеңер да, ошол кичи мекениңерди эстен чыгарбай, колдоп-коштоп жүргүлө. Алдыңарга койгон максаттарыңарга жетип, кыргыздын ар-намыстуу, билимдүү алдыңкы азаматтарынан болгула, — деди директор ал куттуктоосунда.

Акыркы коңгурообуз акыркысы болбосун!

Лейлек районундагы Максат мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Чынара Сагинбаеванын айтымында, азыр абал кыйла турукташып, элдин маанайы кадыресе оңолуп, ошол мезгилде окуусун башка мектептерде улантып жатышкан балдар өз мектептерине кайтып
келишти.

– Аралыктан өткөрүлүп жаткан акыркы коңгуроо салтанаты аяктаган соң, окуучуларыбызды жайкы эс алуу лагерлерине жөнөтөбүз. Жайкы каникул мезгилинде балдардын көңүлдүү эс алуусуна кам көрүп, алар үчүн эс алуу лагерлерин уюштуруп жатышкандарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биринчи партия менен “Аврора” лагерине – 23 окуучу, “Жетиген” лагерине – 19 окуучу жана башка пансионаттарга 10 окуучу жөнөп кетет, — дейт.

Ушул эле райондогу Интернационал айылынын мектебинде 880 окуучу окуйт. Быйыл 11-классты 29 окуучу, 9-классты 52 окуучу аяктап жатат. Мектептин директору Гүлнара Исакова бүтүрүүчүлөр үчүн тездетилген курстарды даярдап, ата-энелери менен сүйлөшүп, кесиптик билим тандоо менен алектенип жаткан кезде, аларга дагы бир маселе – окуу жылын тынчтык, ынтымакта аяктоо тилеги да кошулганын айтты.

– Буга чейин биздин бүтүрүүчүлөрүбүз ЖТРга татыктуу даярдануу, кесипти туура тандоо сыяктуу бир эле маселе менен алектенип жатышкан болсо, эми аларда мындан аркы жашообуз кандай болот деген кабатырлануу коштолуп жатканын баарыбыз туура түшүнүп жатабыз. Бузулган үй-жайларды көрүп, жабыркаган мектеп, бала бакчаларды көрүп, зээнибиз кейип турат. Ата-энелерге байланышып, аларга дем-күч берүүгө аракеттенүүдөбүз. Ким эле баш паанектеген жайында кабатырланбай, көңүлү жай, көөнү тынч жашагысы келбесин. Бирок биз өзүбүз, ата-бабаларыбыз туулуп-өскөн жерден кетип кайда барабыз? Биз качып кетсек, чек арада ким калат?! Биз жерибизди, элибизди, окуган мектебибизди таштап эч жакка кете албайбыз. Биздин мектепте да башка мектептердей эле жыл сайын акыркы коңгуроо жаңырып турушун каалайбыз. Быйылкы кагылган коңгуроо акыркысы болушун каалабайбыз!, — дейт Интернационал айылындагы 40 жылдык орто мектебинин директору
Гүлнара Исакова.

Директордун айтымында, азыркы тапта балдарды этап-этабы менен жайкы эс алуу лагерлерине жөнөтүүгө даярдашууда. Биринчи кезекте үйлөрү ок тийип кыйраган, таланып-тонолгон, турмушу кыйындаган үй-бүлөлөрдүн балдарын жөнөтүшөт. Акыркы эсептөөлөр боюнча Интернационал айылынан 18 окуучу өзгөчө камкордукка муктаж. Мектеп администрациясы жана жергиликтүү бийлик Максат мектебинин тажрыйбасын улай демилге көтөрүп чыгышып, эс алууга жөнөп жаткан балдардын колдоруна үч миң сомдон акча берип, кем-карчтарын толуктоого жардам-
дашууда.

Жабырланган аймактардан тышкары, райондун башка айылдарынан жалпысынан 1500 бала жайкы эс алуу күндөрүн көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүү үчүн Ысык-Көл, Ош, Лейлек аймактарындагы эс алуу лагерлерине барышмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер