АМАН КАЛУУ ҮЧҮН БИЛИМДИ БЕКЕМДЕЙЛИ

  • 11.02.2022
  • 0
АМАН КАЛУУ ҮЧҮН БИЛИМДИ БЕКЕМДЕЙЛИ

“Көз караш” рубрикасынын астында билим берүүдөгү түрдүү маселелерди чечүү боюнча ар кимибиз өзүбүздүн оюбузду ортого салып туралы. Бул ирет үч авторго сөз бердик.

Уядан көргөндү учканда алат

Илим, технология кулачын жайган ааламдашуу доорунда балдарды интернет оюндарынан китеп окууга тартуу абдан кыйын экенин баарыбыз жакшы билебиз. Бул үчүн балдарга ата-энелер, мугалимдер тарабынан өзгөчө тарбия, мамиле талап этилет.

Көпчүлүк ата-энелер балдарына туура мамиле кылууну билишпейт. Натыйжада айрыкча айыл жеринде бала ата-энесине кыялдарын, максаттарын эркин айта албаган учурлар көп кездешет. Мисалы, бала ата-энесине келип: “Ата, апа мен келечекте Юрий Гагарин, Салижан Шариповдой космонавт болуп, айга баргым келет. Жылдыздарды изилдегим келет”, — десе, ата-энеси: “Оо-й
эми балам, кайдагы жөө жомокторуңду айтасың да. Сен жерде түз жүрүп алсаң боло, асманда эмне бар? Космоско учуу, асмандагы ай-жылдыздарды изилдөө тээ тиги Америка, Европада болот. Кыргызстанда кайдан дейсиң. Эл өзү араң жанын багып жатат. Андан көрө үй иштерин кыл же болбосо сыртка чыгып малдын астын тазалап, аларга чөп сал”, — дешет.

Чынында бул күнүмдүк турмушта эле айтылып жаткан сөздөр. Мындай сөздөр эрезеге жетип келе жаткан баланын ой жүгүртүү, элестетүү жөндөмүн чектеп коёт. Баланын дүйнө таанымын ошол үй иштери, малкана гана ээлеп алат. Натыйжада ата-эне баласына кандай китеп сатып алып берүүнү да билбей калат. Анткени алар баласынын кыял, максаттарына кызыгышпайт.

Балага китеп тандоодо анын кандай кыял-максаттары бар экенин сурап, ошонун негизинде китеп алып берип, окууга тартуу маанилүү. Көптөгөн үйлөрдө китеп, журнал-гезиттерге толгон шкаф, текчелерди кездештирүү кыйын. Себеби, ата-эне деген бала-чакамдын кийгени бүтүн, курсагы ток болсун деп күн чыгып батканга чейин кыбырап жүрүшөт.

Ата-энени да туура түшүнсө болот. Бирок айлык алышып же колунда акчалары турганда 100-200 сом коротуп, үйүнө китеп алуудан көпчүлүк ата-эне тартынат же болбосо кайдыгер мамиле жасайт. 100-200 сомдон тартынып олтурушуп чогулуш, той-аштарга, “чёрная касса” дасторконун толтурганга он, жүз эселеп акчаларын коротушат. Билимге жумшалуучу инвестиция бөгөттөлөт.

Баласынын колунан смартфонун тартып алып, китеп оку деп коюшат да, өздөрү интернетте олтурушат. Мындай аракеттери менен ата-эне баласына эч качан үлгү боло албайт. Ошондуктан алгач ата-эне өзү китеп сатып алып, үйүнүн бир бөлмөсүнө китеп шкаф жайгаштыруу үчүн орун түзүп, ал процесске балдарын катыштырса дурус болот. Анткени китептерди жайгаштырууда ата-энесине жардам берген бала бир күнү ошол китептерге кызыгып, аларды ачып көрүүгө кызыгышы көбүрөөк ыктымал.

Элдик жомокторду окуган баланын дүйнөгө болгон көз карашы кеңейет, чыгармачыл ой жүгүртүүсү өнүгөт. Өзү жашап жаткан дүйнө менен жомоктор дүйнөсүн салыштырып, анализ кылганга үйрөнөт.

Ата-энелердин арасынан өзү баласынын китеп окуусуна үлгү боло албай жатып, мугалимине: “Балам китеп окубайт, окуусуна көңүл буруп койсоңор боло. Мамлекеттен айлык алып жатасыңар”, — деп догурунганы да туура эмес. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”. Ошондуктан алгач ата-энелер өздөрү балдарынын китеп окуусуна көңүл буруп, кызыгуусун колдой билиши кажет.

АМАН КАЛУУ ҮЧҮН БИЛИМДИ БЕКЕМДЕЙЛИ

Марлэн Матназаров,
Борбор Азиядагы Америка университетинин магистранты

 

Билим начарласа, улутка убал

Калктын билим алуу, адеп-ахлактык жана маданий дараметинин начарлашы Кыргыз Республикасынын УЛУТТУК КООПСУЗДУГУНУН ички коркунучтарына кирет деп мыйзамда баса белгиленип турат.

«Улуттук коопсуздук концепциясына» минтип жазып алганыбыз менен, акыркы 30 жылда билим берүүгө да, маданиятка да иш жүзүндө жарытарлык көңүл бурулган жок.

Анын кесепетин эми көрүп жатабыз.

Азыр соцтармактан айрымдардын жазгандарын окуп, грамматикалык каталарына көздү жуумп эле коёлу, ой жүгүртүүсүнүн тайкылыгынан, акылга сыйбас көз караштарынан, анысы аз келгенсип, тайкы көз карашын башкаларга ыксыз таңуулаганын көргөндө, төбө чачың тик туруп, үрөйүң учат.

Бул биздин, баарыбыздын, шорубуз да билгенге.

Мындан да коркунучтуусу – билими менен эсептешпей, айрымдар түз эле мамлекеттик жогорку кызматтарга чап салып жаткандарын көрүп, ого бетер жакаңды кармайсың.

Ушундан улам мамлекеттик кызматка орношуу үчүн учурда тест-экзамен уюштуруп, анан калса, эссе жаздырган сынакты айрым тармактарга киргизип жатканы ырас эле болду деп жатам.

Жок дегенде ишке кирем деп конкурска даярданса, биртике билим алууга жетишип калат эмеспи.

Мындай талапты Жогорку Кеңештин депутаты болууга умтулгандарга да коюш керек эле. Ошенткенибизде, көп талапкерлер тесттен, эссе жазуудан өтпөй, улагадан эле шыпырылмак. Эл алардын шорун тартып отурбай, башында эле кутулуп, билим деңгээли барлардын колуна мамлекет тагдыры тапшырылмак.

Азыркыдай Жогорку Кеңешке айрым эл өкүлдөрү сыяктуу куру дымак менен өтүп кеткен балакеттен алыс болмокпуз.

Билим берүүдө реформа жасайбыз деп бийлик алмашкан сайын каңкуулаганыбыз менен, учурда деле билим берүүнү негизги стратегиялык багыт катары колго алуу кечеңдеп жатат.

Бул тармакка күчтүү адистерди ишке тартып, тез арада ыкчам чараларга өтпөсөк, бул саясий, экономикалык, социалдык, маданий туңгуюктан жакынкы келечекте чыгышыбыз түк мүмкүн эмес.

Дагы өзгөчө белгилеп айтарым, мектептерди салуу менен эле билим берүүнүн маселеси толугу менен чечилип калбайт.

Имарат маселесинен кийин, билим берүүнүн мазмунун байытуу, мугалимдердин кесипкөйлүгүн өнүктүрүү, айлык акыларын чеке жылытарлык деңгээлде көбөйтүү сыяктуу курч маселелер тезирээк чечилиши керек.

Бул маселени чечүү да кесипкөй адистердин гана колунан келе турган иш.

Болгону тааныш-билиштерге очойгон гранттарды карматып, жеке кызыкчылыктарды ойлобой, бул ишти азыркы заман талабына жооп берген стратег адистерге тапшыруу зарыл.

Анан да билим берүүнүн өксүктөрүн тыкыр талдоодон өткөргөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, ошолордун натыйжасында гана алгач эмне иштерди аткаруу керек, ага кимдерди тартабыз, экинчи кезекте кайсы иш турат, ал кимдин колунан келет деген таризде ишке компетенттүү жана чынчыл мамиле жасабасак, мындан кийин деле жарытылуу майнап чыкпашы айдан ачык.

Мамлекеттин келечеги МЕНИН, СЕНИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫҢДАН өйдө турат!

Ар ишти анын ички сырын жакшы билген, өз кесибинин фанаты болгон адис жасасын!

Болбосо, дагы отуз жылда жапайы коомго айланып кетүү өңдүү (Кудай сактасын!) УЛУТТУК КООПСУЗДУГУБУЗГА коркунуч апкеле турган жагдайлар күчөй берет.

P.S. Баса, кесипкөй адистерди эмес, тааныш-билишин мамлекеттин ишине тарткан ЖЕРДЕШЧИЛИК, УРУУЧУЛУК менен ЖЕМКОРЛУК да улуттук коопсуздук коркунучтарына кирет!

АМАН КАЛУУ ҮЧҮН БИЛИМДИ БЕКЕМДЕЙЛИ

Гүлзада Станалиева,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу

 

Билим берүүнүн канчалык маанилүү экенин көңүлдөн чыгарбоо үчүн Түштүк Африка Республикасындагы эң эски, азыркы эң чоң жогорку окуу жайлардын бири болгон Стелленбос университетинин дубалында жазылган бул жазууну биздеги ар бир окуу жайдын көрүнөө жерине илиш керек:

Каалагандай улутту жок кылуу үчүн атом бомбасы же алыска учуучу ракеталар деле керек эмес. Билим сапатын эле начарлатып, экзамендерде окуучулардын алдоосуна уруксат кылып койсо, жетишет.

Ушундайча “билим алган” догдурлардын колунан кеселдер өлөт. Ушундай инженерлер курган имараттар урай берет. Ушундай соттор менен юристтер адилеттикти жок кылат.

 

Билим тармагынын кыйроосу – улуттун кыйроосу.

Кайран гана он бир жыл…

Эмне үчүн он бир жыл математика, кыргыз, орус тил окуп, ЖРТга катышкан 50 миңдей окуучунун 50% жакыны босоголук 110 баллды топтой албайт?

Негизи он бир жыл “чындап” мектеп окуган адам мынча баллды жөн эле топтосо болот, анткени ЖРТ оор деле эмес. Бирок бизде тең жарымы “босогодон” мүдүрүлөт.

Тарых окуйбуз, дүйнөлүк, кыргыз деп бөлүп, “Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы башталып, 1945-жылы бүткөн” деп, дата жаттап жатып бүтүп кетебиз, эч бир тарыхый окуянын себеп-натыйжасына кызыкпай…

Орус, кыргыз адабиятын окуйбуз жумасына 4-5 саат. Чыгарманы окуп, түшүнүп, анализ кылбай эле, көбүрөөк жазуучулардын каерде туулуп, өлгөн жылдарын жаттайбыз.

Сегиз жыл бою чет тил окутулат, жумасына орто эсеп менен 3 сааттан. Аягында көпчүлүк балдар эки сөздү кошуп сүйлөй албай эле бүтүп кетет.

Кол эмгек, АЧД (аскерге чейинки даярдык) деген сабактар кирет, ал сабактар кандай “окутулууда”? Майнап барбы?..

Информатика деген азыркы күнгө эң керектүү сабак араң 7-класста кирет. Анда да жумасына араң 2 саат. Кээ бир мектептерде ал сабакты өтүүгө бир компьютер жок же информатик мугалим жок.

Коомубуздун диний радикалдашып кетүү коркунучу бар, бирок “Диндердин тарыхы” канчалык туура окутулуп жатат?

Ата-эне менен биздин менталитетте сүйлөшүүдөн тартынган жыныстык тарбияны сабак катары киргизүүнү “уят” деп көрүшөт.

Башкасын айтпаганда деле, окуучулардын көбү он бир жыл окуп, туура жазууну үйрөнбөй эле бүтүп кетип жатса, күнөөнү кимден издеш керек?..

“Айлыгынын аздыгынан жакшы окутпай жатат” деп мугалимдерденби же “телефон карап окубайт” деп окуучуданбы?

Же 110 балл албагандарга деле педфакка тапшырууга уруксат берген, коррупциялашкан билим берүү системасынанбы?..

Баарына койсо болот, бирок окуучуларды көп жемелей бербеш керек. Анткени деңгээли окшош балдардын жеке менчик мектептерди бүтүп, кандай ийгиликтерге жеткенин көрүп жатабыз. Жөнөкөй мектеп менен салыштырууга болбойт…

Бийлик алмашып эле жатат, бирок билим берүү тармагында бир өзгөрүү жок.

Кайран гана он бир жыл…

АМАН КАЛУУ ҮЧҮН БИЛИМДИ БЕКЕМДЕЙЛИ

Айдана Абакир,
 Германиядагы Ганновер техникалык университетинин студенти

Даярдаган Ж. Турдубаев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер