АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ

  • 14.11.2022
  • 0

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ

Айдаралы Айтмырзаевдин өмүрүнүн туура кырк жылы борбор калаадагы №5 кесиптик лицей менен биргеликте өттү. Ал 1976-жылы мектепти аяктап эле ушул окуу жайына тапшырып, шыбакчы, сырдоочу, кафель коючу деген адистикти алып чыккан. Андан кийин окуусун Душанбедеги Индустриалдык педагогикалык техникумдан улантып, аскерге барып, кайра өзү окуган окуу жайына 1983-жылы кайтып келип, мастер, кийин мугалим, 10 жылдан ашуун директордун орун басары болуп иштеди. Акыркы 16 жылдан бери лицейди жетектеп, окуу жайды заман менен тең жарыштыра алып  келе жатат.

 

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ

ТАРЫХЫ БАЙ ОКУУ ЖАЙ

Бул лицей республикадагы башталгыч кесиптик билим берүү тутумунда өз орду бар, тарыхы бай, кыркынчы жылдары алгачкылардан болуп ачылган окуу жайлардын бири. 76 жылдан бери мамлекет үчүн курулуш кесиптери боюнча миңдеген адистерди даярдап келет. Азыркы күндө үч жүз алтымыштан ашуун келечектеги шыбакчылар, сырдоочулар, кафель коючулар, жыгач, эмерек усталар, электр жана газ ширетүүчүлөр билим алууда.

  • Борбор калаада чоң-чоң курулуштар башталып, сантехниктер, электромонтаждоочулар жетишсиз болуп баштаганда иш берүүчүлөрдүн суроо-талабына жараша төрт жыл мурун слесарь-сантехниктерди, гипсокартончуларды, бир жыл мурун электромонтаждоочуларды даярдап баштаганбыз. Негизинен кабыл алуу планын шаардагы курулуш мекемелери, компаниялардын суроо-талабына жараша бекитебиз, — дейт Айдаралы Айтмырзаев.

Лицей 2021-жылы сантехник кесиби боюнча алдыңкы тажрыйба борбору катары тандалып алынган. Бул борбордо Кыргызстан боюнча сантехниктерди даярдаган 15 окуу жайынын мугалимдери, мастерлери келип кесиптик чеберчилигин жогорулатып турушат. Ушул жылы эле лицейдин эксперт статусун алган эки мугалими Эстебесова Айни жана Токтогулов Кубан  Чүй облусунун суу менен камсыз кылуу мекемелеринин жетекчилерин, жумушчуларын лицейге чогултуп, үч күн окутту. Май айында Ысык-Көл облусун суу менен камсыз кылуу мекемелеринин бардык жетекчилерин, кызматчыларын үч күн  окутуп келген.

Окуу жай эки жыл мурун дуалдык билим берүүгө өткөн. Окуучулар бир ай лицейден билим алса, экинчи айын өндүрүштө болушат.

  • Азыр заман ушундай болуп калды. Керек болсо бир жыл мурун алган жабдыктарыбыз эскирип калууда. Мындайда дуалдык билим берүү ыкмасы абдан чоң жардамга келет экен. Биз бир ай теориялык билим берип, практикалык сабактарда жабдыктар, аспаптар, станоктор менен иштегенди үйрөтүп, колдорун көндүрүп туруп анан мекеме-ишканаларга жөнөтөбүз. Ал үчүн бизде бардык керектүү жабдыктар бар. АБР аркылуу алганбыз. Жакшы жери эмерек, жыгач устасына окуган балдар, шыбакчылар практикада жүрүп эле акча таап жатышат. Биз менен иштешкен мекеме, ишканалар менен атайын келишимдерди түзүп алганбыз, — дейт жетекчи.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ СЕРТИФИКАЦИЯЛОО БИЛИМ САПАТЫН АРТТЫРАТ

Акыркы үч жылдан бери лицейдин окуучулары бүтүрүү экзамендерин көз карандысыз сертификациялоо аркылуу тапшырат. Анда белгилүү болгондой, экзаменди окуткан мугалимдери эмес, жумуш берүүчүлөр, өнөктөштөр жана башка кесиптик окуу жайлардын мугалимдери алат. Бул окуучуларга да, мугалимдерге да чоң жоопкерчилик жүктөйт. Анткени окуткан окуучусунун экзаменден өтпөй калганы мугалимге гана эмес, окуучунун өзүнө да минус болот. Андыктан балдардын экзаменге даярдыгы да башкача болот. Мындай ыкманын жакшы жери – экзамен алганга келген иш берүүчү бүтүрүүчүнүн билимин, ишке болгон жөндөмүн өзү баалап, разряд берип, мыктыларын ошол жерден эле тандап кетет. Кыскасы, лицейди бүткөн балдар ишсиз калбайт.

Лицей жылына эки жүзгө жакын жаранды кыска мөөнөттөгү курстарда окутат. Учурда сентябрь айынан бери 25 жаштан 50 жашка чейинки 45 киши билим алууда. Алар дагы окууну бүткөндөн кийин ишсиз калбайт. Лицей жетекчилиги эле ар бирине жумуш таап, ишке орноштуруп коет.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ

ПРОФИЛДИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРАКТИКАЛАНАТ

Лицей кийинки окуу жылынан тарта профилдик билим берүү практикасын баштап №69, 29 мектептин окуучуларын  кесипке даярдап баштайт. Ал үчүн учурда даярдык иштери жүрүүдө. Канча окуучу  кесиптик билим алам десе, ошончону окутууга лицейде мүмкүнчүлүк бар.

  • Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн баары эле кесиптик лицейлерге бара бербейт. Андыктан өзгөчө эркек балдар жок дегенде мектепте окуп жүргөндө эле мык какканды, анча-мынча бузулуп же сынып калган буюм-тайымдарды оңдогонду үйрөнүп алышы керек. Эшиктин бузулуп калган кулпусун өзү эле оңдоп салса жаманбы? Ошондуктан окуучу балдарды өздөрү тандаган кесиби боюнча окуталык деп жатабыз. Буга биздин күчүбүз жетет, — дейт жетекчиси.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер