АДАМГЕРЧИЛИККЕ ТАРБИЯЛООНУН АСЫЛ САБАКТАРЫ

  • 07.05.2021
  • 0

Акматали Алимбеков, 
п.и.д., Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, профессор

АДАМГЕРЧИЛИККЕ ТАРБИЯЛООНУН АСЫЛ САБАКТАРЫ

Учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын турмушка ашыруу максатында улуттук тарбиянын идеалдарын айкындоо багытында активдүү аракеттер жасалууда. Буга байланыштуу биз баардык эмгектерибизде азыркы кыргыз коомунун улуттук тарбия идеалынын базалык баалуулуктары нукура улуттук нарктар менен азыркы доордун адамына коюлган талаптардын синтезинен турушун ырастап келебиз. Бул макалабызда ошол маселелердин айрым бир алкагы катары кыргыз элинин балдарды боорукерлик, жоомарттык, берешендикке тарбиялоого негиз болгон асыл сабактарын ачыктоону көзөмөл туттук.

Күтүлбөгөн опурталдуу окуялар менен коштолгон көчмөн коомдун шарттарында урпактарды бири-бирине карамдуулукка, боорукерликке тарбиялоо башкы зарылдык катары кабылданган. Кыргыз тилинде адамдын адамгерчилигин, мээримдүүлүгүн өлчөп баалоодо “боору жумшак”, “боору тааныйт”, “боору билет”, “боору тартып турат”, “боордош”, “боору бир” деген сөздөр көп учурайт.

Эл тарабынан тууган урукка, эл журт ичиндеги бей бечараларга «карамы жок», кайрымсыздар адамгерчилиги тайыз адамдар катары саналган. Буларды ажыратып баалоо үчүн «Боор ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт», «Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт» — деген макалдар бар.

Жетим-жесирлерге, карыларга, бечара кедейлерге, оорулууларга, ошондой эле айланадагы жан-жаныбарларга боорукер жосун күткөн ак пейил адамдарды «соопко белин байлаган» деп мүнөздөшкөн. Айрыкча жетим-жесирлерге карамдуулук, камкордук эң жогорку даражалуу сооп иш катары каралган. «Жетимдин акысы – тозоктун оту», «Жетимдин акысы жети жыл уктатпайт» — деген накыл кептер аркылуу жетим жесирлердин мээнетине аксымдык кылгандык кечиримсиз оор күнөө катары эскертип келишкен. Ал эми Арстанбек акын адамдар арасындагы кара мүртөздүктү айыптоо менен «Алабарман сөз сүйлөп, Азамат көөнүн оорутпа. Жетимге камчы көтөрбө, Жесирдин отун өчүрбө» деп эскерткен.

Кыргыздар урпактарын кайрымы жок таш боор болуп калбашы үчүн абдан кабатырланышып, андай жоруктан алыс болуп чоңоюшу үчүн ар түрдүү камкордуктарды көрүшкөн. Эгер үйгө жол сураган жолоочу келсе, аны алгач үйгө киргизип ысык чай, кымыз менен сыйлап, анан барар жолун көргөзүп, узатып же жеткирип коюу салт катары калыптанган. Көбүнесе мындай иштерди балдарга тапшырышкан. Элдик ырымдарга ылайык, «Балага чучук бербейт. Чучук жеген бала мээримсиз болуп калат», «Баланын жаздыгын өтө жумшак койбойт», «Баланын таманынан өппөйт, өпсө кайрымсыз болуп калат».

Балдардын мээримдүү өсүшү жөнүндөгү ак тилектер «Кең пейил, акылман кыл, кедейге кайрымдуу, тууганга сүйкүмдүү кыл» деп баталарда да өзгөчө белгиленет.

Кыргыздар күндөлүк турмушта балдардын боорукерлик жана кайрымдуулукка байланыштуу демилгелерин өтө канааттануу менен колдоого алышкан. Буга байланыштуу Шабдан баатырдын балалык чагындагы окуя өзгөчө кызыгууну туудурат. Бишкек шаарында 1992-жылы чыккан «Шабдан баатыр» деген китептин 45-бетиндеги Абдрасул Осмоновдун эскерүүсүнөн үзүндү окуп көрөлү:

— Шабдан жети жашар кези экен. Жантай бир топ кишилер менен карагайдын көлөкөсүнө, суунун жээгине шырдак салдырып, дасторкон жайдырып коюп, Күрөңкөйгө комуз черттирип отурган экен. Шабдан атасынын жанына келип:

— Ата, сизден бирдеме сурасам бересизби? — дейт.

— Бере турган нерсе болсо берейин. Айтчы, эмне сурайсың?

— Ата, бир семиз кой бериңизчи?

— Ошол элеби? Аны эмне кыласың?

– Досум Зайнидиндин апасы үч күндөн бери ооруп төшөктө жатат. Суук тийиптир. Эт жеп, шорпо ичсе эле айыгып кетет Зайнидин жетим эмеспи ыйлап отурат дейт. Жантай шашкалактап: — Ал, балам, ала кой» — дегенде Шабдан учуп жөнөйт. Зайнидин досунун үйү абдан алыс экен. Ошого чейин тынбай чуркап барат. Жантай ыраазы болуп, «Буюрса балам боорукер болот тура» — деп сүйүнгөн экен…

Атанын тилеги кабыл болуп Шабдан жанда жок боорукер карапайым адамдарга жакын карамдуу болуп өскөндүгү эл ичинде өрнөк катары айтылып келет. Шабданга жолдон кайырчы, думана чыкса, ат мингизип, чепкен жапкан дешет.

Балдарды боорукерликке, кайрымдуулукка тарбиялоодо «Манас» эпосундагы өрнөктөр өзгөчө мааниге ээ болгон. Эпосто адамдын сүйүүсүнүн мазмуну ата-эненин перзентине болгон мээрими, перзенттеринин ата-энеге күйүмдүүлүгү, өз улутунун боордоштугу, бөтөн эл, бөлөк журтка боор берип элдешүү сыяктуу боорукерлик мамилелер баяндалып, үлгү катары айтылган. Манас Чоң казатка бара жаткан жолдо: «жерди айтып бир кейип», «элди санап бир кейип» өзү жөнүндө эмес, элдин келечеги үчүн санаага батат.

Кокустан өлүп кетсем

            Бээжинде

Биринин тилин бири албай,

Баш аламан кокуй эл,

Бирөөнү бирөө көрө албай,

Ала болуп кетет бейм,

Аңдып жүргөн көп душман,

Алакандай элимди,

Түбүнө түгөл жетет бейм .

Оор салгылашуулардын биринде жеңилип калган тараптан бир эне балдарынын өмүрүн сурап Манаска кайрылганда, ал боорукерлик менен эненин сөзүн эки кылбай орундатат:

Балдарың кечтим күнөөсүн,

Жакшы киши окшойсуң,

Байкоо менен сүйлөйсүң.

Турсун, аман балаңыз,

Турсун, мына калааңыз,

Өз жаныңа караңыз.

Кыргыз элинде бирөөлөргө кыйынчылыкта кол сунуп жардам, көмөккө келип же, көп жылдык карызын кечип жиберген, же бирөөлөрдүн айып акыларын төлөп башын бошотуп алган адамдардын ысмы ооздон оозго, муундан муунга суктануу жана сыймык менен даңазаланып, боорукерликтин, пейили кенендиктин үлгүсү катары унутулбай айтылып келген. Бул гумандуу жөрөлгө «ажат ачуу» деп аталган.

Кыргыз фольклорунда балдарды жан-жаныбарларга да боорукерлик менен мамиле кылууга тарбиялоону көзөмөл туткан чыгармалар арбын. Алардын бири «Баба дыйкан батасы» кыргыздын залкар батасынын бирөө болуп, бул айдоо жерге үрөн себээрде колу берекелүү, дили таза киши үрөн себүүнүн эң алгачкы башталышында, бир ууч үрөндү сепкенче айтылат. Батанын негизги мазмуну бул үрөндөн өнүп чыккан дан жалгыз эле эгүүчүнүн өзү үчүн өнбөй, дагы табияттагы жан-жаныбарлардын акысы, алардын ырыскысы үчүн өнүү керектигин айтат. Бул бата түпкүлүгүндө кыргыздардын табияттагы жан-жаныбарларга боорукерлик менен мамиле жасоо жана алар менен ырыскысы үчүн кызмат кылуу нускасын туюнтуп турат. Ушундай боорукерлик менен кең пейилдик калыстыкка чакыруу өрнөгү аты аңызга айланган ойчул акын Асан кайгынын ырларында да таасын чагылдырылган. Асан акындын атына «Кайгы» деген сөздүн кошулуп айтылышы адамдардан баштап жан-жаныбар макулуктарга чейин баарынын абалына жаны кейип, боору ачып, жашоо кечирген өрнөктөрү менен байланыштуу болгон.

Маселен, кыш мезгилинде көп жаныбарлар жабыр тарта тургандыгын эстеп сар-санаага батат:

«Таразасын көтөрүп,

Тарбаңдаган жер тумшук

Ташбака байкуш

            кантти экен?

Боору жерге жабышкан,

Баса албаган балчактап

Бака байкуш кантти экен?

Кирер эшиги жок,

Корголор тешиги жок,

Коңуз байкуш кантти экен?

Курт-кумурска үйү жок,

Куурап баары өлгөн чыгар,

Өлбөсө да байкуштар

Көргүлүктү көргөн чыгар», — деп жаны жай албайт.

Мындай купуя сырдуу рухий көрүнүштөрдүн түптөлүшүнө, калыптанып системаланышына адегенде элдик архаикалык мифтик түшүнүктөр, кийинчерээк ислам дининин эреже-жоболору чоң таасир тийгизген. Ислам осуяттарында айбанаттарга аяр мамиле кылуу, аларды кокустуктардан сактоо адам баласынын милдети катары каралат. Бул жөнүндө ар кандай жандуу айбанаттарга зулумдук кылып, зыяны жок айбанаттарды өлтүрүү, кыруу, аларды кыйын абалга дуушар кылуу ж.б.д.у.с. баардыгы арам иштер катары айыпталат. «Ар кандай айбанаттардын сүт эмген жаш балдары болсо, биротоло энеден баласын ажыратып таштагандан өтө сак бол». «Жаңы тууган малдын сүтүнө кызыгып анын баласын эмиздирбей ач калтырба». «Майда курт-кумурскалардын жана куштардын, канаттуулардын уясын бузба». «Зыяны тие турган бөрү, жылан, чаян, чычкан сыяктуу айбандарды өлтүргөндө маңдайга чаап, же башка жолдор менен өтө катуу кыйнап өлтүрбө». «Эч убакта айбанатты отко салып өлтүрбө». «Мал жанды асырап карай турган болсоң, албетте ырасмини так карман». «Аларга ачууланган учурда сөгүнүп-кагынуудан, уруп-согуудан өзүң корк».

Кыргыздардын да калк акылмандыгын камтыган булактарында кең пейилдик, жоомарттык сыяктуу инсандык сапаттар эң жогорку даражадагы нарк нуска катары муундан-муунга мурасталып келген.

Алсак, «Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт», «Пейили кеткен кишинин, казанынан аш кетет», «Пейили кенен – калысчыл, пейили тар — арызчыл», «Акылдуунуку — ортодо, акмактыкы — калтада», «Көкүрөк ачык болсо, көңүл ачык болот», «Көңүлүң каш болсо, ичкениң таш болот» деген сыяктуу макалдарда урпактарга пейилдин тардыгы менен кеңдигинин маани-маңызын таанытуу көзөмөл тутулат.

XVIII кылымдын аягында XIX кылымдын башында Ысык-Көл өрөөнүндө өмүр кечирип «Акылдын ээси» аталган Сарт аке (1775-1865) байлык, пейилдин кеңдиги тууралуу минтип айткан экен: «Негизи эле адам пейилинен табат. Короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, үй толо дүнүйө болсо да, бирок пейили тар болсо, дүйнөдө мындан өткөн жарды адам болбойт. Малдын түгү жок, үрүп чыгаар ити жок, мыёологон мышыгы жок, сызга олтурган жарды болсо, ошого карабастан, жаратылышынан пейили кенен болсо, акыйкатта мындай адам бай. Балам мал жан күтсөң, пейил кошо күт. Сараң адамда ынак дос жан бирге тууган, эзилишип эришкен сөөк болбой, жалгыздап калат. Мындан ашкан жардылык болобу» — деген. Кыргыздардын тарыхында колунда бар байлар байлыгынын көптүгү менен эмес, эң обол пейилинин кеңдиги менен аты аңызга айланып, жаштарды тарбиялоонун өнөгөлүү өрнөк нускасына айланып калган. Алсак, Каныкейдин чын дили, колунун ачыктыгы, берешендиги «Жетишпедим» — дегенге жеңин кесип бергендей берендик жайы бар экен» — деп үлгү тутулат.

Балдар жакшы өрнөктөрдөн гана эмес, пейили тардыкты ашкерелеген окуялардан да сабак алышаарын элдик тарбиячылар даана баамдашкан. Муну «Карымбайдын кайрымсыздыгы», «Чык таттырбас Чынарбай» аттуу жомоктор тастыктайт. «Карымбайдын кайрымсыздыгы» деген жомокто өмүрүндө бей-бечараларга кайыр садага бермек тургай, жалданып малын багышкандардын акысын убагында бербей убара кылуучу экен. Теңир Карымбайдын ал кылыктарын эскертип, кайрымдуу болууга үндөгөн экен. Карымбай ага кулак какпагандыктан кара жер аны биротоло соруп кетиптир. Ошондон тартып Кайрымынын жогунан Карымбайды жер жуткан» деп сабак калган имиш. Ал эми «Чык таттырбас Чынарбайдын» мейман кирип келгенде байбичеси койдун ичегисин, башын өзү, тамакка белендеген камырын келини беките койгонун Алдаркөсөө өтө чебер шакаба түрүндө ашкерелейт. Бул жомоктордогу осол жоруктарды турмуштук мисалдар менен шөкөттөп чечмелөө аркылуу эл бакылдык, сараңдык пейили тардыкка карата балдардын жийиркеничтүү мамилесин калыптандырууга аракет кылышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер