АДАМДЫН КОШ КАНАТЫ: РУХ ЖАНА АДЕП

  • 17.05.2021
  • 0

Белгилүү окумуштуу, педагог, публицист, жазуучу Абдыкерим Муратов 17-майда 65 жашка чыгат. Биз агайыбыздын кутман курагы менен чын дилден куттуктап, төмөндөгү макаласын жарыялайбыз.

Абдыкерим МУРАТОВ,
И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору

Советтик учурда да, андан кийинки отуз жыл аралыгында да кыргыз коомундагы балдарды, жаштарды тарбиялоо иши – бөтөн маданияттардын таасиринде болуп, билим берүү мекемелеринде элдик педагогиканын салттарын жана тажрыйбаларын колдонууну, улуттук негиздеги тарбия берүүнү өзүбүздөн оолак түртүп келди. Жар четине жакындап калганда КР Президенти С.Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндөгү жарлыгы чыгып, ал көп нерседен үмүт байлатты.

«Кыргыз Республикасынын жарандарын, жаш муундарын рухий-адептик, патриоттук жактан тарбиялоо концепциясында» мындай пикирлер айтылган: «…бүгүн эгемендүү Кыргызстан экономиканы көтөрүү озуйпасы менен катар эле, биринчи иретте, коомдун руханий-адептик, ыймандык негиздерин чыңдоонун зарылдыгына келип такалып отурат. Биздин маалыматтуулугубуз, билимдүүлүгүбүз, кесипкөйлүгүбүз, материалдык-экономикалык өнүгүүбүз тунук адеп-ахлак, цивилизациялуу жүрүм-турум, ички рухий маданият менен коштолууга тийиш. Коом, Ата-Мекен деген ар бир атуулдун абийири жана жоопкерчилиги аркылуу гана жакшырары анык болуп калды. Таза ыйман, айкөл рух болсо коомубузда таза башкаруу, таза жаратмандык эмгек, тынчтык, ынтымак жана стабилдүүлүк болмок. Демек, бүгүн биринчи иретте, жарандардын, келечек муундарыбыздын рухий-адептик тарбиясын колго алуу, анын концепциясын, стратегиясын иштеп чыгуу жана аны ишке чегүү өлкөбүздүн масштабындагы кечиктирилгис милдет жана коомубуздун зарыл социалдык муктаждыгы» (“Кыргыз Республикасынын жарандарын, жаш муундарын рухий-адептик, патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы”//Кут Билим. – 2010-ж. – 20-авг.). Мына ушул муктаждыкты канааттандыруу жараянында дүйнөлүк классикалык педагогика менен улуттук педагогика жана кыргыздык тарбия терең жуурулушуп жалпы адамзаттык гуманисттик педагогика менен ашташышы зарыл.

УЙКУДАГЫ УЛУТ

В.Шекспир өзү айтайын дегенин каарманы Гамлеттин оозу менен кыйкырттырып атпайбы: «Быть или не быть» деп. Кыргыз улутунун эртеңки келечеги да ушул суроонун тегерегине барып такалат. «Дүйнөлөшүү» дейбизби, «ааламдашуу» дейбизби, кыскасы, улуттардын глобалдашуу доорундагы тагдыры маданияттардын интеграцияланышына алып барат да, ал бара-бара майда улуттардын улуттук касиеттерин жеп тынат, кыргыз деген адамдар жер үстүндө жашаганы менен алардан кыргыздык белгилерди таппай калабыз. Мына ушул «жеп-жутуу» процессин ооздуктайбыз деп далай кишилер мерт болду. Нобелдик сыйлыктын ээси ХХ кылымдын теңдешсиз чоң ойчулу А.Солженицин өз кезегинде «орус маселесин» көтөрүп чыгып, «быть нашему народу или не быть» деген суроону кабыргасынан койду. Теңдешсиз территорияны ээлеп аткан орустар ушинтип атса, анан биз эмне болобуз? Дагы бир нобелчи И.Бродский «Күлдөн сура, күйүп бүтүү эмне экенин» деп атпайбы. Тарыхта күйүп-күйүп күл болуп калган улуу державалар аз эмес. Мурат Аджи «Европа, тюрки, Великий степ» деген китебинде кыпчактар Күнчыгыштан Күнжүрүшкө күйүп барып, күлгө айланып кетпедиби деп тастыктап бербедиби? Кана эми ошол кыпчактар? Монгол татарлары кана? Улуу кыргыз дөөлөтү кана? Эл, мамлекет, улут жоголуп кетиши мүмкүн, бирок ошол элдин, улуттун маданиятка калтырган издери кала берет, ошол эле орустар жоголуп кетсе да алардын Пушкинин, Толстоюн, Достоевскийин, Чеховун, Тургеневин, Шолоховун эч бир цивилизация жок кыла албайт. Азыркы орус лингвисттери А.Пушкиндин чыгармаларын казып окуп, ал акын орус лексикасын, стилистикасын байыткан, жаңы сөздөрдү киргизген деп атпайбы, Пушкин аларды кайдан алган – элден алган, ал сөздөр, сөз айкаштары, идеомалар эл ичинде болгон да. Ошон үчүн накта элдик маданият менен сугарылгандар элин оңой менен жоготпой турушка аракет кылат.

Улутту жок кылуунун дагы бир оңой жолу, кыйтыр амалы – өз ичинен иритүү, ичке «курт» таштап коюу. Өткөн кылымдын 1933-жылдарынан башталып, 1937-1938-жылы апогейине жеткен зыялыларга «аңчылык», «мээлерге чабуул» мыкты-мыкты уулдарыбызды алып кетип гана калбай, жалпы улуттун сезтентти, мокотту. Биз мындан күйүп калганбыз да. Ошол жылдары кыргыздын каймактары атылып кеткен, ошолор бул «алашчыл», тигил «алашчыл», бул «Туран» партиясында, тигил «Алаш» партиясында деп отуруп бирин-бири аттырып, Динмухаммед Кунаев айткандай «кыргыздын душманы – кыргыз болуп», бири-бирин кыйратып салган. Кийин орустарга кыргыз тилин окутканы үчүн И.Раззаков Москванын жазасын алган. Ошондон кийин улуттук кызыкчылык дегенди унутуп, өлгөн жерге барып куран окутуштан да коркуп калбадыкпы. Айылыңды коргоп турган күлүк аттарды башкалар келип аттырып салса, кийин алардын басып кирүүсүнө жакшы жол ачыларын ошол башкалар кылдат ойлошкон да. Балким ошондон улам жанагы кодура партиялар улут маселесин көтөрүп чыгуудан алыс тургандыр. Мен азыркы саясий партияларды «паралич» партия деп алдым. Азыр партиялар негизги күч. Ошол эле кезде алар элдин «аллергиясын» гана жаратпаса, негизи жөн гана турушат, башкы ойду эптеп кандай болсо да бийликке жетүү керек деген багытка жумшоодо. Ошол үчүн алар азыр адашпаш керек, башка улуттарга жаман көрүнбөш керек деген принципти карманат да, натыйжада, кыргыз кызыкчылыгын арткы орунга сүрүп ташташат. Мисалы, жакынкы кошуна Казакстан чын эле азыр казак маданиятын көтөрүүгө, улуттук тарыхын, этнографиясын, этнопедагогикасын, деги эле казак этносун изилдөөгө катуу киришти: чет өлкөлөрдө калган казактарга жер берип, каражат берип, көчүп келгиле деди, негизинен европалыктар көбөйө баштаган түндүк жактарын колдон чыгарып ийбеш үчүн борборун Алматыдан Астанага көчүрүп алды, аларда эне тилин билбегендер аябай көбөйүп кетти эле, азыр мамлекеттик бийлик башчыларынын баары казакча билсин, жазуу каттары казакча жүрсүн деп чыгышты. Бир кезде, тагыраагы, XIX кылымда, орус турмушунда улуттук кризис болуп, жалпы коом деградацияланган кезде алдыңкы интеллигенция ошол абалдан чыгуунун бирден-бир жолу деп мектеп ачууну, бала чактан келечектеги орус улутундагылардын оюн оң жакка бурууну максат кылышкан. Ал эми азыр дүйнөлүк өсүштүн кереметин көрсөткөн Жапония өлкөсүнүн ушунчалык даражага жетишин алардын XX кылымдын 60-70-жылдардагы билим берүү тармагында жасаган реформасы менен түшүндүрүшөт. Өткөн кылым башында орустардын диний ойчулу, жазуучу-публицисти В.Розанов улутташтарынын жабыры жанына ушунчалык баткам белем, күйгөнүнөн М.Гершензонго минтип кат жазган: «Бизде өз Мекенибизге карата ой-туйгубуз жокко эсе: гректерде ал бар; урумдуктарда болгон; еврейлерде, албетте, ал жашайт; француздарда «ажайып Франция» деген мактаныч дайым коштоп жүрөт; англичандарда – «өтмүштөгү Англия»; немецтерде – «биздин эски Фриц». Бир гана Орусия гимназиясынан жана университеттеринен бүткөндөрдө – «Проклятая Россия…»; бизде «Отечество» деген түшүнүк «проклятие» дегенди туюндуруп калган. Мына ушинтет дейт да, ал мен орустардын тагдырына ушунчалык ыйлаймын, орустар кайда жоголду деп ушунчалык кейиймин дейт. Бизде азыр мына ошол 1911-жылдагы, Розанов айткан кездеги, орустардын абалы кайталанып тургандай, ошондогу розановдук кыйкырык азыр ар бир кыргыз зыялысынын жүрөгүн жарып чыгышы керек эле. Тилекке каршы, жымжыртпыз. Көбүбүз кыргыздык патриоттуулук дегенди жарма менен кымызды көбүртүп көчөдө сатып пул табуу, кийиздери самсаалаган бозүйлөрдү көрүнгөн жерге тигип коюп, анда тамак кылып сатуу, болбосо ак калпакты башка кондуруу деп түшүнөбүз. А улут үчүн күйгөн, каныбызда ойноп турган мүнөз, менталитет ойгонбой быкшып жатат. Азыр ошол беймарал уктап аткан нерсени эптеп ойготуп калбасак, а түбөлүк уктаган бойдон жок болушу ыктымалбы дейм…

ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КЕТКЕНДЕР КАЙРА КЫРГЫЗ БОЙДОН КЕЛЕБИ?

Орус телекөрсөтүүсүндөгү бир жолугушууда Орусиянын таанымал кинорежиссеру Никита Михалков мындай бир ойлорун айтты: орус мамлекети борбор жактан орустарды чыгышка карай сүрүү керек, биздин келечегибиз дагы, иштей турган ишибиз дагы ошол чыгыш жагыбыз, андыктан Сибирь жак боюнча өзгөчө кам көрүүсү зарыл деди. Эмне үчүн? Чын эле азыр ойлоп көргөндө Орусиянын табийгый шарты катаал чыгыш жагы келечексиз деп эсептелип, ал жерден орустар АКШ, Израиль, Европа өлкөлөрүнө, Орусиянын борбордук аймактарына көчө качышууда, мунун айынан мектептер жабылып, айрым айылдар аңгырап бош калууда. Булардын ордун ким толтурат? Албетте, кытайлар, вьетнамдыктар, азыр аябай эле өсүш алып, дүйнөнү дүрбөлөң түшүрүп аткан индиялыктар ал жерлерге байыр алышы мүмкүн. Анан кавказдыктар, борбор азиялыктар, ошонун ичинде биздин кыргыздар да бар дейли. Эгер ушундай болсо бара-бара Сибирь жакта орустар азайып, ал жерден орустук таасир экинчи, үчүнчү, андан өтүп эң арткы планга сүрүлүшү мүмкүн. Белгилүү кино ишмери ошону айтып жатат болуш керек. Эгер ошондой болсо, орустар баягы Ермакка чейинки жери менен Орол тоонун күнжүрүш жагында гана калат. Мына ушул дүйнөлүк миграциялык процесстер кыргыздарды дагы бир проблемалар менен кездештириши бышык. Айрым маалыматтарда азыр кыргыздардын жарым миллионго жакыны, айрымдар бир миллионго барып калат дешет, айтор, жалпы калктын олуттуу бөлүгү кийинки жыйырма жылда сырт өлкөлөргө убактылуу иштеп кеткендер экен. Алардын эң көбү ошол Орусиянын чыгыш жагында. Алар ошол жерлерде орустардын ордун толтура алабы, деги эле алардын Ала-Тоосунан алыстап кеткени туурабы, туура эмеспи деген ойлор да түйшөлтпөй койбойт. Бул кеткендерди билбейм, алардын неберелери кыргыз болбой каларына ишенип эле турам. Демек, азыркы мигранаттар урпактарын кыргыз кыла албайт, аны үчүн аларга шарт жок. Же дагы биздин АКШга кетип, барып иштеп, үй-бүлө күтүп алгандарыбыз балалуу болушса, наристесин «АКШ жараны» деп каттап, «кыргыз» дегенди документтерине жазышпайт. Кореядагылар да, Түркиядагылар да кыргыздыгынан ажырайт, ал жактагы көчмөн кыргыздар чоң элге сиңип жок болуп кетет. Ошондо элин тоздурган XX кылымдын аягындагы бийлик башчыларын ашатып сөккөндөн башка айла калбайт. Белгилүү журналист Мелора Стуруанын мындай деген сөзүн ойлошубуз зарыл: «Бийик материялар тууралуу гана ойлоно берүүнүн кажети жок, ар ким өз ордунда иштеши керек, иштегенде да жакшы иштеши керек, кала берсе үйрөнчүк эле бир нерселер менен алектенип жатсаң да. Ошондо гана адегенде сенин үйүң, анан сенин көчөң, шаарың, өлкөң… өзгөрүүгө бет алат… Анан бир күн эле уйкудан турсаң бүт коом ажайып өзгөрүп, күн баарына бирдей жарык чачып калат…» Биз окуп-билген соңку жүз жылдагы улут тагдырында кыргызды улут катары, эл катары көтөрүп чыгайын деген жетекчи аз болгондой да, андан көрө өзүмдүн жылуу ордумду сактап турайын, башкалардан сөз укпайын дегендер көп болгондой.

Уландысы бар

Бөлүшүү

Комментарийлер