12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧТАР
- 08.09.2025
- 0
Кыргызстандын мектеп системасы заманбап жаңыланып, 12 жылдык билим берүүгө өткөнүбүзгө бир жума болду. Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы айтылуу №24 мектепке барып, 1- жана 2-класстагы окуучуларга мугалимдер дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбага айкалышкан заманбап усул менен сабак өтүп жатканына күбө болдук.

Заманбап өзгөрүүгө кадам
Дүйнө тез өзгөрүп жатканына баарыбыз күбө болуудабыз. Артта калбаш үчүн Кыргызстанда мектептик билим берүү системасы дагы түп тамырынан трансформацияланды. Быйыл мектепке 6 жаштан барган балдар 1-класска, жетиге чыккандар 2-класска барып отурушту. Партага отурган бөбөктөр ой жүгүртүүнү, маалымат издөөнү, командада иштөөнү, өзүн жана башкаларды түшүнө билүүсү керек.
«Алтын Казык» программасынын негизинде 12 жылдык билим берүүнүн концепциясы, мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, предметтик стандарттар иштелип чыкты. Бул модель балдарга дүйнөлүк деңгээлдеги билимдерди жана көндүмдөрдү камсыз кылып, алардын талантын жана потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берет.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтканы бар: “Ата-энелердин, мугалимдердин, коомдук-саясий ишмерлердин жана коомдук пикирдин лидерлеринин колдоосу болбосо, билим берүүдө эч кандай өзгөрүүлөр ишке ашпайт. Биз баарыбыз биргелешип гана – чоңдор да, балдар да, бүтүндөй өлкөбүз сыймыктана турган билим берүү системасын кура алабыз”.
Биз дагы кур сөз менен эле маалымат таратпай, жерине барып, сабакка катышып, анан жаңы система кандай иштеп жатканын көрүп, мугалимдердин өзгөргөнүн коомго көрсөтөлү дедик.
Инновациялык окутуу
Таң эрте эле Бишкек шаарында жайгашкан айтылуу №24 мектепке барып, 34 жылдан бери ушул мектепте эмгектенип келаткан башталгыч классынын мугалими Л.В.Шубинанын математика сабагына кирдик. Мугалим балдар отурчу эки партаны бири-бирине каратып, айрым жерде төрт окуучу отурса, айрымдары төрт тарабын ээлеп, алтыдан окуучу отурат. Балдардын мындай отуруусу дагы сингапурдук методиканын бири, анткени сабак учурунда, биринчиден, команда менен иштейт, экинчиден, бири-бирине тоскоол болушпайт. Сабак балдардын «кулач жайып саламдашуу» жана «кол берип учурашуу» ыкмасы менен башталды. Ушул эле сабакта мугалим «учуп-конуу» деген оюн аркылуу өттү. Мындай жаңы ыкмалар окуучулардын кызыгуусун арттырып, билимди терең өздөштүрүүгө жардам берет.

— Мисалы, мурунку тема боюнча суроо берилет: «Тегеректин бурчтары жок фигурабы?» Эгер “ооба” деп ойлошсо, окуучулар турат, эгер “жок” болсо орундарында отура беришет. Же болбосо, «эшикте жаан жаап жатабы?» деген сыяктуу суроолор берилет. Бул оюн жаңыдан, болгону бир жума мурун мектеп босогосун аттап келген кичинекей балдар үчүн көңүл буруу жөндөмүн өнүктүрөт. Дагы бир ыкма — «Хайфай» (кол көтөрүү белгиси). Бул ыкмага балдар абдан жакшы жооп кайтарышат. Кол көтөрүлсө, дароо тынчтанып, орундарында отуруп калышат, — дейт тажрыйбалуу мугалим.

Оюн түрүндөгү сабак аркылуу балдарды социалдаштыруу, башкача айтканда мектеп шартына көндүрүү керек. 57 бала отурган классты бир дем менен кармап туруу, ар бирине сабакты жеткиликтүү жана кызыктуу кылып туруу чыныгы кесипкөй мугалимдин гана колунан келери бышык.


— Кээ бир балдар мектепке даярдоо борборлорунан келишкен, айрымдары «а» жана «о» тамгаларын гана билишет. Класстын 50%ы орусча такыр сүйлөбөйт. Совет мезгилинде мен мектепке келгенде эч нерсе билчү эмеспиз. Бизди отургузуп эле окута башташкан. Анда бир жылда эле тамгаларды таанып, аны муундап окуп, санаганды үйрөнүп чыкчу элек. Ал эми сингапурдук методика аркылуу балдар сабакка тез көңүл бурганды үйрөнүшөт. Эми «отургула», «тургула», «тынчталыгыла» дегенге зарылчылык жок. Болгону колумду көтөрүп “хайфай” деген белги менен балдарды тынчтандырып коем, — дейт Л.В.Шубина. — Сингапурдук методика — бул бардык окуучуларды окуу процессине тарткан, чыгармачылык ой жүгүртүүнү, топто иштөөнү өнүктүргөн инновациялык окутуу ыкмасы. Бул абдан сонун ыкма. Азыркы учурда бизге ошол методикага ылайык жаңы окуу китептеринин келүүсүн күтүп жатабыз.

Ар бир бала — кайталангыс дүйнө
Ушул эле мектептин башталгыч классынын мугалими Чолпон Алдаярованын иштегенине 25 жыл болду. Бирок улуттук жаңы модель боюнча окутууга даярданууга, кошумча окууга туура келди. Бир жылдан бери бүтүн өлкө боюнча мугалимдер жаңы стандарттар, жаңы программа боюнча кайра даярдоодон өтүп же билимин жогорулатып жатышат.

— Мугалим катары мен даярмын, квалификацияны жогорулатуу курсунан өттүм. Класста 58 окуучу бар. Бул жылы мен алты жаштагы балдарды кабыл алдым. Албетте, алты жаштагы балдар үчүн бир орунда тынч отуруу өтө кыйын. Азырынча окуу китептери жана жумушчу дептерлер келе элек. Убактылуу сингапурдук методиканын электрондук версиясы менен иштеп жатам. Окуу жылы жаңыдан эле башталды, андыктан экинчи жуманын ичинде балдар партада отурууну, кол көтөрүп жооп берүүнү үйрөнө башташты. Иш процессинде ызы-чуу да бар – бул биз үчүн табигый эле көрүнүш. Сингапурдук методиканын өзөгүндө – ар бир окуучуну өзүнчө инсан катары кароо турат. Ар бир бала — кайталангыс жеке дүйнө. Биз окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө көңүл бурабыз: билимдерин, көндүмдөрүн, жашоо үчүн керектүү «hard skills» жана «soft skills» – жумшак жана катуу көндүмдөрүн, «growth mindset» – өспүрүм ой жүгүртүүсүн калыптандырабыз. Балдардын социалдашуусуна чоң маани беребиз, — дейт билим берүүнүн мыктысы.

Жаңы методиканын өзгөчөлүгү – окуучулар жылуу, тең салмактуу мамилени түзөт. Мисалы, биз «ийиндерин тийгизип таанышуу», «бетме-бет саламдашуу» сыяктуу ыкмаларды колдонуп, окуучулардын бири-бири менен достошуусуна, таанып-билүүсүнө өбөлгө түзөөрүн көрдүк. Бул болсо сабакта достукту, ишенимдүү атмосфераны жаратат жана окуу процесси натыйжалуу өтөт деген ойго келдик.

Сабактын темасы: “Мамлекеттик символдор” экен. Мугалим “Кыргызстандын желеги класста барбы? Ким көрсөтөт?” деген суроо менен баштады. Билгендер чурулдап, мен айтайм, мен айтам болушту. Кичинекей бөбөктөрдүн көңүлүн оорутуп албоо үчүн мугалим кол көтөргөндөрдү сурап, баарын мактады. Ошентип, ар бир столдо турган пазлдан Кыргызстандын желегин чогултуу керек болду. Командага бөлүнгөн балдар заматта эле желекти чогултуп коюшту.
Андан соң экспериментке өттү. Чолпон эжей үч литрдик банканы алып, ага түстүү суу куюну тапшырды. Банканын сыртында сары түстөгү күндүн чачыраган 40 нуру чапталган. Ичине кандай түстөгү суу куюулушу керек? — деген суроо берилди.

— Сингапурдук ыкмада ар бир сабакта тажрыйба же эксперимент болушу шарт. Мугалим суроолор аркылуу балдарды өз алдынча ой жүгүртүүгө жетелейт. Балдар тажрыйбаны өздөрү жасашты: мисалы, таза, бош банкага суу менен боёкту аралаштырып, практикалык иш жүргүзүштү, — дейт мугалим.
Салттуу сабакка даярданганга мугалим 2-3 саат жумшаса, азыркы жаңырган программа бери дегенде эле алты саатты талап кылат. Себеби мурдагыдай шаблон боюнча сабак өтүлбөйт. Азыр ар бир этапта окуучулар өз алдынча тыянак чыгарат, ойлонуп, анализдеп үйрөнөт. Бул билимдин терең жана бат сиңишине өбөлгө түзөт.
Окуу китептери келе элек деп отурбай, мугалим санарип кампа( stem.edu.gov.kg) сайтынан тийиштүү сабакка керектүү китеп, дептерлерди чыгарып алган. Бул жаатынан, албетте, мугалимге ата-эне жардамга келет.
— Ата-энелер ар түрдүү колдоо көрсөтүп жатат. Азыр мен бир гана окуучуларга эмес, ата-энелерге да үйрөтүп жатам. Анткени мамлекеттик саясатты колдошубуз керек. Өлкөбүз өнүгүшү үчүн — бул реформа абдан маанилүү. Ата-энелердин жардамысыз, биз, мугалимдер эч нерсе кыла албайбыз. Жада калса эксперимент жасоо үчүн мен бардык керектүү жабдыктарды өз чөнтөгүмөн сатып алып жатам. Айрымдарына ата-энелер өз ыктыяры менен жардам беришүүдө, — дейт Чолпон.
1-класстын окуучуларына, биринчиден, үй тапшырмасы берилбейт, бардык тапшырмалар класста аткарылат. Экинчиден, баалоо системасы жок. Ар бир тема илим менен жашоонун ортосундагы байланышка негизделет, маселен, автобустагы төлөм, канча акча берип, канча кайра алыш керек, QR код аркылуу кантип төлөө керек – мунун баары жашоодон алынган реалдуу мисалдар. Сабакта колдонгон эсептер да ошолор менен байланыштуу.
— Учурда телефон алып келүүгө тыюу сала элекмин, бирок мектеп атайын кутуларды даярдап берген – окуучулар телефонду ошол жакка коюшат. Кийинчерээк биз дагы гаджеттер менен иштөөнү улантабыз, анткени бул да заманбап билим берүүнүн бир бөлүгү. 12 жылдык билим берүү түзүмүндө нөлүнчү класс – биринчи класстын ордун ээлейт жана балдар мектепке 6 жаштан баштап барышат. Бул тандоо эң оболу башталгыч билимдин сапатын жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган. Анткени бул деңгээл социалдык көндүмдөрдүн, функционалдык сабаттуулуктун жана кийинки билимдин пайдубалы болуп эсептелет. Ошондой эле, ар түрдүү даярдык менен келген балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүүгө жардам берет, алардын акыл-эсин, социалдык көндүмдөрүн жана чыгармачылыгын эрте өнүктүрүүгө да мүмкүндүк бар».
Шаар менен айылдын айырмасы эмнеде?
12 жылдыкка карата мамлекеттик, предметтик стандарттар, программалар, мугалимге керектүү бардык документтер улуттук моделге ыңгайлаштырылып жазылды. Андыктан окуудан өткөн мугалимдерге тренерлер баарына бирдей эле сабак өтүштү. Демек, шаардын мугалимдери башкача, элеттиктер башкача ыкма менен окутпайт.

Новопокровка айылында жайгашкан №1 мектептин башталгыч классынын мугалимдери Жамал Байгутуева, Алина Андашова жана Чолпон Арыкбаевалар дагы кичинекей бөбөктөр менен алпурушуп, жаңыча ыкма менен окутканга бардык аракеттерин көрүп жатышыптыр. Алардын айтымында, 12 жылдыкта балдарды оюн аркылуу турмушка көндүрүү, практика жүзүндө иштетүүгө көп көңүл бурулат. Балдарды көбүрөөк иштетип, алардын өзүлөрүнүн билим алууга умтулуусун ойготуу, алган билимин практикада пайдалануу зарыл экенине токтошту. Жаңы билим берүү ар бир окуучуга сабактарды тереңирээк өздөштүрүүгө шарт түзөт.

— Азыр биз балдар менен оюн түрүндө, аз окутуп, көп практикалык көндүмдөрдү жасатуу керек экенин окуп, практика жүзүндө ишке ашырып жатам. Биринчиден, мугалим өзү балдарга эксперимент көрсөтүп, бири-бири менен салыштырып, акырында жыйынтык чыгарып, балдарга түшүндүрүп берүүсү керек. Мугалим ар бир балага көңүл бурушу керек, аларды отур, тур дебей, анткени алты жаштагы балдар бири ойноп жүрүп түшүнөт, бири басып жүрүп түшүнөт, бири отуруп алып айткандарды илип алат. Ошондуктан ар бир баланын ою менен эсептешишибиз керек. Үнүбүз да катуу чыкпашы керек. Балдарды чочутпай окутуу — биздин милдет, — дейт жаш адис.

Чолпон Арыкбаева “Мен жана дүйнө” деген сабагында тажрыйба көрсөтүп, балдар өздөрү кармап көрүп, жасаганга багыт берди. Мени кубандырганы эки мотурайган кыз эжейине жардам берип, балдарды тынчтандырып, кошо ойноп, сабакты өздөштүрүп алышканы кубандырбай койгон жок. Ар бир бала өзгөчө. Бири активдүү болсо, экинчиси жоош, үчүнчүсү бош болот. Ошондуктан ар биринин оюн угуу, эркин айтууга үйрөтүү ар бир мугалимдин милдети экенин Жамал Байгутуева да баса белгиледи.
Алты жаштан окутуу эрте эмеспи?
Көп ата-эне алты жашта окуу эрте деп кейип жаткан учуру. Бирок практика көрсөткөндөй, балдарды алты жаштан баштап окутууну жакшы ойлонулган, илимий далилдерге жана эл аралык тажрыйбага негизделген. Себеби бала мээсинин активдүүлүгү жаш куракта өтө жогору болот. Мисалы, менин неберем 5,5 жашта. “Бала бакчага барбайм, мен мектепке барам” деп болбой эжеси менен байкесин таң эрте ээрчип мектепке жөнөйт. Жөн койдук, бара берсин деп. Ал санаганды билет, айрым англис сөздөрүн өздөштүрүп алган. Бирок “Түндүк” программасы 2020-жылкыларды каттоодон өткөрбөй койду. Тамга билген, санаганды, логикалык ой жүгүртүүсү кенен баланы “сен алтыга чыга элексиң” деп дагы бир жыл бала бакчага отургузуш керекпи? Логика каякта? Программаны түзүп жаткандар беш жашында эле окуганды үйрөнүп, жатка ыр айтып, өзүнүн курбуларынан бир топ алдыга өнүгүп бараткан балдарды эмнеге эске алышкан эмес?

Физиологиялык жактан алып караганда, баланын мээси жашоонун алгачкы жылдарында укмуш ылдамдыкта өнүгөт экен. Беш жашка чыкканда мээнин салмагы чоң кишинин мээсинин 90% жетет. Дал ушул убакта келечектеги ийгиликтүү окууга негиз боло турган нейрондук байланыштар калыптанат.
Адистердин пикиринде, беш жашка чейинки мезгил – “мүмкүнчүлүктөр терезеси” деп аталат. Бул учурда бала дүйнөнү таанып-билүүдө, ой жүгүртүүсүн жана социалдык-эмоционалдык жөндөмдөрүн активдүү өнүктүрөт.
Алты жаштагы балдардын акылы тунук жана кызыгуусу жогору болот. Алар мектепти жаңы ажайып ачылган жер катары кабыл алат, өздөрүн чоң адамдардай сезгилери келип жана өз алдынча болууну каалайт.
Дүйнөлүк тажрыйба жана илимий изилдөөлөр (психолог Л.С.Выготский жана жапон ойлоп табуучу Масару Ибуки) көрсөткөндөй, 5–6 жаштагы балдарды окууга үйрөтүү 7–8 жаштагы балдарга караганда жеңилирээк. Масару Ибукинин теориясы баланын 3 жашка чейинки өнүгүүсүнүн маанисин баса белгилейт.
— Биринчи класс – бул адаптация мезгили болуп, сабактар оюн түрүндө өтүүдө. Негизги көңүл жеке сапаттарды, функционалдык сабаттуулукту жана баарлашуу жөндөмүн өнүктүрүүгө бурулат. Бул баланын мектепке көнүүсүндө стрессти азайтууга жардам берет. Башталгыч класстын мугалими бала бакчанын тарбиячысы катары да компетенциялуу болот. Ал баланын табиятын түшүнүп, боорукер мамиле жасап, достук чөйрөнү түзө алат. Алты жаштагы балдар менен иштеген мугалимдердин даярдыгы – бул реформанын маанилүү багыты. Бүгүнкү алты жаштагы балдар – бул келечектеги экономика, илим жана коом. Эгерде биз аларды жаңыланган стандарттар жана программалар менен азыртан баштап окутпасак, анда алар тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жашоо жана иштөө үчүн жетиштүү деңгээлде даяр болбой калышат, — дейт мектеп жетекчиси Анара Хабибовна.
Мектеп көйгөйү
Ачыгын айтыш керек, баш калаадагы мектептерде ашыкча жүктөм бар: класстар шыкалган, балдар эки, кээде үч нөөмөт менен окушат. Бул жаңы эле чыга калган маселе эмес, бирок жаңы системага өтүү процессинде бул көйгөй ачык эле көрүнүп калды. Ошондуктан бул мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө.
Жаңы билим берүү системасын киргизүү менен мектептерди жана кошумча корпустарды курууну талап кылат. Азыркы учурда жаңы мектептерди куруу, иштеп жаткан мектептерди кеңейтүү жана оңдоо менен катар альтернативдүү ыкмаларды киргизүү каралууда. Бишкекте мектептер чындап эле жетишсиз – анткени азыр Кыргызстандын бардык аймактарынан ички мигранттар борборго агылып жатат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Президент кошумча корпустарды жана ири мектептерди куруу демилгесин колдоп, баш калаага 50 миллион доллар каражат бөлдү. Эгерде 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын бештен мектеп курулганда, мүмкүн мындай тартыштык болбойт эле.
Баса, министрликтин расмий маалыматы боюнча, 2025-2026-окуу жылында 1-класска жалпы 148 110 орун бөлүнгөн. Ушул жылдын 2-сентябрына карата 96 743 бала катталды, алардын ичинен 1 556сы жеңилдик укугу менен кабыл алынды. Азыркы учурда мектептерде 51 368 бош орун бар.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер