СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨ – МАМЛЕКЕТТИН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТЫ

  • 05.08.2020
  • 0

Өкмөт түзүлгөн оор кырдаалга карабастан авариялык абалдагы мектептерди 2020-жылдын аягына чейин оңдоо иштерин бүтүрүүнү камсыздайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, мектептерди оңдоп-түздөө иштерине жумшала турган каражаттын булагы чечилген.

«Covid-19 пандемиясынан улам түзүлгөн бюджеттик татаал кырдаалга карабастан, бир нече мектепте оңдоо иштери жүрүүдө. Авариялык абалда деп чечим чыгарылып, окуучулар башка имаратта окуп жаткан айылдардагы билим берүү жайларын быйылкы жылдын соңуна чейин колдонууга берүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө», — деди Премьер-министр.

Эскерте кетсек, төмөнкү жалпы бирим берүү жайлары быйыл колдонууга берилет:

—         Чүй облусунун Москва районундагы 1-Май орто мектеби;

—         Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя орто мектеби;

—         Кочкордогу районундагы  Туз айылындагы билим берүү жайы;

—         Нарын районундагы Эмгек-Талаа жана Кеңеш айылдарындагы  мектептер;

—         Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Терек орто мектеби;

—         Ноокат районундагы Жаш айылындагы жалпы билим берүү жайы;

—         Өзгөн районундагы Конкошев жана Кысык-Алма орто мектептери,

—         Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Дөбө айылындагы мектеп;

—         Талас районундагы Нанаев жалпы билим берүү мекемеси.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер