ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН БИРДИКТҮҮ ПЛАТФОРМАСЫ: II ТУРДА 15 МИҢДЕН АШУУН ТАЛОН ТҮШТҮ

  • 03.08.2020
  • 0

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун II турунда (27-29-июль) «Абитуриент Онлайн» (https://2020.edu.gov.kg/) системасына 15 131 талон келип түштү. Анын 5730у бюджеттик орундарга, 9401 талон келишимдик негизде билим алууга.

II турдун жыйынтыгы менен 6260 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды. Анын 1130у бюджеттик негизде, 5130у келишимдик негизде билим алышат.

Онлайн кабыл алуунун ар бир турунда абитуриентте экиден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.

Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Мындан сырткары, абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачат, бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаратат, окуу жайлардагы кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялайт, алардын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин азайтат.

ЖОЖдорго кабыл алуунун  III туру 3-5-август күндөрү өтөт. Абитуриенттер 5-август, саат 14:00гө чейин өтүнмөлөрдү бериши керек. Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер