КАРАНТИН УБАГЫНДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КҮЧӨДҮ

  • 22.06.2020
  • 0

«Турмуш курганыбызгаа эки жарым жыл болду. Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз, бир кызыбыз бар. Мурда деле биздин үйдө чыр-чатак, казан-аяк кагышуулар болуп келген. Бирок карантин болуп үйдө олтуруп калгандан баштап жолдошум мага көп кол көтөрчү болду. Жасаган тамактарымды жактырбай, болоор-болбос нерселерге ачууланып, колуна эмне тийсе уруп жиберет. Акыркы жолку урушканыбызда «колуңдан телефон түшпөй калды» деген шылтоо менен уруш чыгарып, телефонумду талкалап, уруп-согуп, темир менен муунтуп, акырында кечирим сурап койду. Карантин маалында же төркүнүмө кете алган жокмун»,-деп сырын ачкан келин аты-жөнүн жарыялабай коюшумду суранды.

КАРАНТИН УБАГЫНДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КҮЧӨДҮ

Аты жаман таажы вирус бүт дүйнө жүзүн каптап калайыктын башына каран күн түшүп турган маалда дал ушуга окшогон үй-бүлөлүк зордук-зомбулук өскөнүн расмий маалымат сайттары кабарлап келет. Өкүнүчтүүсү ага кабылгандардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. 2020-жылдын 24-мартынан 24-апрелге чейин үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 162 факт (былтыр 100 факт) катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 62%га көп экенин билдирет. Албетте бул ачыкка чыгып, зомбулук көргөнүн жашырбай айтып чыккандардын гана саны ал эми, дарбаза артында кандай окуялар болуп атканын эч ким божомолдой албайт. Дал ушул карантин убагындагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун чыгуу, көбөйүү себептерин, жана анын чечүү жолдорун изилдеп көрүүнү туура көрдүм.

“Зордук-зомбулуктун обьективдүү жана субьективдүү себептери бар…”

Маалыматтарга ылайык карантин маалында Кыргызстанда эле эмес дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде үй-бүлөлүк чыр-чатактар, зордук-зомбулуктар күч алган. Адистердин айтымында, карантинде адамдар үйдөн чыкпай олтурууга аргасыз болгон шартта буулугуп, эмоцияларын, агрессияларын жакын адамдарынан башкача айтканда үй-бүлө мүчөлөрүнөн чыгара башташкан. Карантинде жабыр тарткан аялдар кызыл камчы күйөөлөрү менен керээлден кечке бир үйдө олтурууга аргасыз болушкан, ал түгүл зөөкүр күйөөлөрүнөн корккон аялдар жардам сурап милицияга же кризистик борборлорго да кабар бере албагандарын айтышкан. Анын үстүнө кризистик борборлордун баары эле кадимки шарттагыдай толук кандуу иш алып бара алышкан эмес. Аймактарда атайын телефондор уюштурулуп, акысыз психологдор менен байланышууга шарт түзүлгөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш баса белгилегендей, “аялдар жана кыздар үчүн эң коопсуз деп саналган өз үйлөрү эң коркунучтуу жерге айланганы өтө өкүнүчтүү”. Албетте, кырдаалга байланыштуу жумушсуздук, эртеңки күнгө болгон тынчсыздануу, үй-бүлөсүн кантип багам деген түйшүктүү ой-санаа, кредит, батир акысы булардын баары адамдарды тынчсыздандырбай койбойт. Бирок, бул шартта кызуу кандуулукка алдырып физикалык күч колдонуп алсыз аялы менен баласына муштум кайроосу маселени чечүүгө алып келбеси анык.

Зомбулуктун келип чыгуусунун обьективдүү жана субьективдүү себептери бар. Зордук-зомбулук ар бир үй-бүлөнүн жекече өзгөчөлүктөрүнө, баалуулуктарына, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке сапаттарынын калыптанышына жана тарбияга жараша өзгөрүшү мүмкүн экендигин Ош облустук“Акжүрөк” кризистик борборунун үй-бүлөлүк психологу Оңкошова Гүлнара  айтып берди:

 — Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук буга чейин эле актуалдуу маселе болуп келсе, карантин маалында да бул көйгөй күчөдү. Карантин учурунда мага 161 адам телефон аркылуу кайрылса, алардын 16сы эркек, калганы кыз-келиндер болду. Булардын баары эле зордук-зомбулукка кабылды дегенден алысмын. 31 аял зомбулук көрсө, калгандары депрессияга кабылып, стресске түшкөндөр, суицид жөнүндө ойлонгондор, балдары менен тил табыша албагандар, тынчсызданууга, ипохандрияга кабылгандар байланышты. Ошондой эле гуманитардык жардамга муктаж адамдар көп чалышты. Муну менен аз камсыз үй-бүлөлөрдүн көп экенин да байкадым. Жетишпестик, тамак-аш тартыштыгы да чыр-чатактын чыгуусунун негизги себептеринин бири. Андан сырткары, кайын-журтунун келинге кылган катаал мамилелерин айтсак болот. Мага кайрылгандардын ичинен кайненеси да кол көтөргөнүн айткандар болду. Кара-Кулжадан бир жаш келин күйөөсүнүн Москвада экенин, кайын атасы катаал мамиле жасаарын айтып кайрылды. 

Зордук-зомбулук — социалдык илдет, коомдун трагедиясы

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун баары эле уруп сабоо менен коштолбойт анын физикалык, психологиялык, сексуалдык жана экономикалык деген түрлөрү бар. Физикалык зомбулук уруп-согуу, ал гана эмес өлтүрүп коюууга чейин жетсе, психологиялык зомбулук билинбегени менен эң коркунучтуусу. Ал адамдын өзүнө болгон ишенимин, баалуулуктарын бузуп, өзүн коргой албай калган деңгээлге жеткирет. Зомбулуктун кандай гана түрү болбосун ал коомдун трагедиясы, социалдык илдет деп баа берсе болот. Көпчүлүк учурда аялдар өздөрүнө жасалган жаман мамилени башкача айтканда зордук-зомбулукка кабылганын моюндагысы келбейт же моюндаган күндө да бул маселени башкаларга айтууну туура көрүшпөйт. Муну гендер маселеси боюнча адис, укук коргоочу Гүлбарчын Жумабаева «Азаттыкка» берген маегинде төмөндөгүчө түшүндүрөт:

-Кыргыз коомунда үй-бүлөлүк зомбулукту сыртка чыгарбай, чыдап жашаш керек деген түшүнүк калыптанып калган, ал тургай айрым учурларда үй-бүлө бузулганы үчүн аял кишинин өзүн айыптагандар кадыресе көрүнүш. Дайыма физикалык жана моралдык зомбулукта жашаган аялдын аң-сезиминде өзгөрүүлөр болот. Ал “жашоо ушуну менен бүттү, эгер кетчү болсом балдарым менен кайда барам, көчөдө калам” деп ойлойт. Ага бул ойду анын күйөөсү да дайыма айтып, басынтып турат. Биз мындай учурда “башкысы дениң сакпы, иштей аласыңбы, демек баары жакшы болот” дейбиз. Ал аялга “сен жаңы жашоо баштап кете аласың” деп өзүнө болгон ишенимди пайда кылууга аракет кылабыз. Себеби көбү коркот, ошон үчүн кете албайт. Алар үчүн кийинки жашоосу бүдөмүк сезилет. Ар бир учурда зомбулукка чыдабаш керек, тилекке каршы, айрым учурда анын аягы аянычтуу бүтүшү мүмкүн деп түшүндүрөбүз.  

Зомбулук балдардын саламаттыгына эле эмес, келечегине да кедергисин тийгизет

2020-жылды аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланганына карабастан, балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун саны азайбай келет. Карантин учурунда өз жанын кыйган өспүрүмдөр аймактарда көп катталды. Өзгөчө кырдаалда балдар да үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан өзгөчө камкордукка, түшүнүүгө, колдоого муктаж болушат. Зомбулук балдардын саламаттыгына эле эмес келечегине да кедергисин тийгизет. Ошондой эле үй-бүлөдө аял-күйөөнүн ортосунда чыккан чыр-чатак, зордук-зомбулуктан да балдар көп жапа чегишет. Эң коркунучтуусу, күйөөсү менен аялынын пикир келишпестиктери үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдарынын психологиялык жаракат алуусуна алып келет.

-Күйөөсүнүн токмогуна кабылган аялдарды стресс депрессиядан чыгарып психико-эмоционалдык абалдарын турукташтыруу зарыл. Себеби аялдар күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылса ыза-күчүнүн баарын баласынан чыгарышат же балдарына көңүл бурбай коёт. Балада да ар кандай маселелер жаралып, психологиясы бузулат. Эс тартып калган баланын ата-энеси урушканда, бала биринчи кезекте атасына “эмне себептен апамды урат?” деп ачууланса, апасына “эмне себептен өзүн коргой албайт, урганга жол берет” деп кыжаалаттанып, бул суроолорго жооп таба албай кыйналат. Бул учурда эне ар түрдүү методикаларды, оюндарды  колдонуп баласына үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук туура эмес экенин түшүндүрүшү зарыл. Себеби, эркек балада “аялдарды ура берсе болот турбайбы”, ал эми кыздарда “эркектердин баары эле аялдарды урат турбайбы” деген туура эмес түшүнүктөр калыптанып калбашы үчүн,-дейт психолог Оңкошова Гүлнара.

“Кылмыш жаза кодексине кирген маанилүү укуктук кылмыш…”

“Зомбулук көрсөтүү — КРнын Кылмыш жаза кодексине кирген маанилүү укуктук кылмыш деп бааланат”-дейт юрист-окумуштуу Чолпонбай Карынов:

-Эски кодексте бул административдик тартип бузуу катары каралып, зомбулук көрсөткөн адам эскертүү алып, айып пул төлөп чыга берген болсо, 2019-жылы өзгөртүү киргизилген мыйзамдын негизинде 75-беренеге ылайык кылмыш катары каралат. Зордук-зомбулук көргөн адам (аял) өзү же жакындары, капыстан күбө болгон адам деле укук коргоо органдарына билдирсе болот. Бул учурда мыйзамдын негизинде жабырлануучу аялды коргоо үчүн сөзсүз түрдө үй-бүлөлүү экенин тастыктоочу нике күбөлүк талап кылынат. Зомбулук көргөн аялдын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция 3 күндүк коргоо ордерин берет. Бул деген зомбулук көрсөткөн күйөөсү менен жабырлануучу аялы  сүйлөшө албайт дегенди түшүндүрөт. Эгер коргоо ордеринин шартын бузса, жаңы мыйзам боюнча айып пул төлөп, 40 сааттык коомдук жумушка тартылат. Мындай учурда жабыр тарткан аял жарым жылдын ичинде сотко кайрылып, моралдык жабыр тартып, ден-соолугуна, психологиясына тийгизген таасири үчүн зомбулук көрсөткөн күйөөсүнөн конпенсация өндүрүп алганга укугу бар.

  Зордук бар жерде кордук бар. Эне кордолсо, бала да кордолот. Балдар мамлекеттиин келечеги болсо, аялдар кордолууга эмес корголуу үчүн жаратылган аманат зат. Ал эми акыл-эстүү адам эч качан зордук-зомбулукка жол бербейт.

Айгерим Качкынбекова, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 3-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер