ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА БАКТЫБЕКТИН БЕЛЕГИ

  • 28.05.2020
  • 0

Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Абдыкадыров Бактыбек Улуу Жеништин 75 жылдыгына арнап,  “Майсалбектин катын”  зор чеберчилик менен көркөм окуп берди.

ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА БАКТЫБЕКТИН БЕЛЕГИ

Бактыбек бул ишке күн мурунтан дыкат даярданганы көрүнүп турат. Башындагы аскердик пилоткасы, кийген кийими, деги койчу баары согуш мезгилин эске салат.
Калем кармап, ак баракты тиктеп олтурушу чыгармадагы Майсалбектин элесин таамай берет.
Ал эми катты окуганычы! Бактыбек эмес эле, Майсалбек өзү окуп жаткандай…

ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА БАКТЫБЕКТИН БЕЛЕГИ

Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апаке! Мен сенин кандай адам экениңди билбесем, бул катты жазбайт болчумун. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам.
Ошентсе да, эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз таба албай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим.
Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың.
Ооба, апа! Туура дээрсиң! Сөзсүз, туура дээрсиң!

ЖЕҢИШ МАЙРАМЫНА БАКТЫБЕКТИН БЕЛЕГИ

Согушту биз тилеп алган жокпуз. Бул көптүн башына келген кыйын иш. Бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшбөй коё албайбыз. Ан үчүн ант берип, ан үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек, биздин адам деген атыбыз өчөт.
Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөм деп, эч качан эңсеген эмесмин. Мен өзүмдү дүйнөдөгү эң бир асыл, эң бир жөнөкөй ишке – мугалимдикке даярдап жүргөм…

Талантың өрчүй берсин, Бактыбек! Сен өзүңдү азыртан чоң сахнага даярдап жүрүпсүң, ошол кыялдарың ишке ашсын!

А. Алибеков, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер