КАРАНТИНДЕ КАНИКУЛ КАНДАЙ ӨТӨТ?

  • 28.05.2020
  • 0

Балдардын жайкы эс алуусу өтө турган аймакта эпидемиологиялык абал туруктуу болушу шарт. Бул тууралуу КР Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов кечээ билдирди.

— Учурда жайкы лагерь жана жайкы мектептерди уюштуруу маселеси чечиле элек. Бирок бара турган аймакта оорунун очогу жок болсо жана ошондой эле ал жакта жакын туугандары жашаса, посттордон өтүүдө эч кандай чектөөлөр болбойт,-деди Мирлан Каниметов.

Дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинен улам, 22-марттан тарта Кыргызстанга киргизилген өзгөчө кырдаал эрежеси сакталып жаткандыктан, ата-энелер балдарынын коопсуздугү үчүн коргонуу чараларын көрүүгө тийиш.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер