«ҮЙ-БҮЛӨ ЖАНА АНЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫ»

  • 28.05.2020
  • 0

Онлайн Университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы 29-майда саат 15.00дө «Чачыранды үй-бүлө жана анын проблемалары» темасында кезектеги вебинарын өткөрөт.

"ҮЙ-БҮЛӨ ЖАНА АНЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫ"

Вебинарда дүйнѳдѳ жана ѳлкѳдѳ заманбап үй-бүлө түрлөрү, үй-бүлө куруу жана аны сактап калуу маселеси, бѳлүнүү себептери, ажырашуу, ага байланыштуу проблеманын чыгышы жана бул тенденциянын каякка алып бараткандыгы талкууланат. Учурда үй-бүлѳ тууралуу түпкү түшүнүктөр ѳзгѳрүп, жаштар арасында ажырашуунун кѳбѳйүшү, толук эмес, бѳлүнгѳн, чачыранды же жалгыз бой үй-бүлѳлөрдүн көбөйүшү, үй-бүлө функциясынын алсызданышы, структурасы өзгөрүүгө учурашы туурасында сөз болот.

Вебинардын спикери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын ага окутуучусу, илимдин доктору Кадиян Бообекова.

Эске салсак, Онлайн Университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыштар, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбия берүү маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

 

Вебинардын шилтемеси:

https://zoom.us/j/92367192268

Конференциянын идентификатору: 923 6719 2268
Паролу: 193360

#ҮйрөнүүнүҮйрөн

 

Бөлүшүү

Комментарийлер