МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР: ТАЛАПТАР, ДАЯРДЫКТАР

  • 21.05.2020
  • 0

Быйыл кырдаалга байланыштуу жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында мамлекеттик экзамендер, бүтүрүүчү квалификациялык иштерди жактоо аралыктан өткөрүлөт. Мындай буйрукка Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду. Учурда ар бир окуу жайда мамлекеттик аттестациялык комиссиялар түзүлүп, экзамендерди өткөрүү боюнча нускамалар даярдалууда.

МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР: ТАЛАПТАР, ДАЯРДЫКТАР

 КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

Буйрукка ылайык, ар бир окуу жай мамлекеттик аттестацияны уюштуруу үчүн бүтүрүүчү студенттердин санына жараша талапка жооп берген атайын кааналарды  (бир же эки) даярдашы керек. Ал кааналарда бир чоң экран жана аны тейлөөчү интернетке туташтырылган компьютер, атайын микрофон, видео камера, техкатчы үчүн интернетке туташтырылган компьютер, студенттер билетти кокустан тандоосу үчүн кокустук сандарды генерациялоочу Randum программасын иштетүү үчүн компьютер болуусу зарыл. Эгерде атайын микрофон жана атайын камера жок болсо, МАКтын ар бир мүчөсүн интернетке туташтырылган ноутбук же чөнтөк телефон менен камсыздоо зарыл болот.

 

ЭКЗАМЕНДИН ЖҮРҮШҮ

Техкатчылар ITадистин жардамы менен алдын ала түзүлүп бекитилген жадыбалдын негизинде видеоконференцияларды пландаштырып уюштурат. Ал сынак тапшыруучу студенттердин тизмесин колдонуп бир канча күн мурда WhatsAppтан группаларды түзүп, ошол жакка тиешелүү маалыматтарды жана видеоконференциялардын шилтемесин жөнөтүп турат. Экзамен учурунда студенттер тизмедеги кезеги менен (оозеки сынакта 4-5 мүнөт аралыгында) шилтеме боюнча видеоконференцияга кирип, идентификациялоо үчүн өзүн тастыктаган документин көрсөтүп, билетти тандоо үчүн кокустук сандарды генерациялоочу атайын программасы (Randum программасы) коюлган атайын компьютерден билетти тандайт. Техкатчы ал студентке билетти сүрөткө тартып WhatsAppтан жөнөтөт. Ал  билетти алгандан кийин, видеоконференциядан чыкпастан, камераны өчүрбөстөн, жүзүн камерадан бурбастан, суроолорго жоопторду жазат. Эгерде МАКтын отурумунда форс-мажордук жагдайлардан улам студенттин байланышы үзгүлтүккө учураса, отурумдун төрагасы кайрадан видеоконференцияга студентти идентификациялоо менен кирүүгө уруксат берет. Ал эми МАКтын отурумунда форс-мажордук жагдайлардан улам бүтүндөй байланыш үзгүлтүккө учураса, отурумдун төрагасы аттестациялык сынактан кайрадан өтүү үчүн кошумча убакытты белгилейт.

Студент берилген билеттеги суроого видео конференцияда оозеки жооп бергенден кийин, суроонун жообун сүрөткө тартып, WhatsApp аркылуу техкатчыга жөнөтүп видеоконференциядан чыгып кете берсе болот. Жыйынтыгын угуу үчүн идентификация болбостон эле, техкатчы айткан убакытта кайрадан видеоконференцияга кире алат. Видеоконференция башынан аягына чейин жазылууга тийиш жана ага техкатчы менен IT адиси жооп берет.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШТЕРДИ КОРГОО

 Квалификациялык иштерди, магистрдик диссертацияларды коргоого эки күн калганга чейин МАКтын бардык мүчөлөрүнө иштердин тексти, сын пикир, илимий жетекчисинин пикири, “Антиплагиат” программасынан текшерилгени боюнча маалымдама (справка), презентация ж.б. жардамчы материалдардын комплекси электрондук форматта жөнөтүлүүгө тийиш. Бекитилген мөөнөттө бүтүрүүчүлөр кезеги менен жактап, комиссиянын суроолоруна жооп беришет. Ар бир бүтүрүүчүгө 20 минутадан ашпаган убакыт бөлүнөт.

  

ЧЫГАРМАЧЫЛ ЖАНА СПОРТ БАГЫТЫНДАГЫ ЖОЖДОРДО ЭКЗАМЕН САЛТТУУ ТҮРДӨ ӨТӨТ

Маданият, искусство, сүрөт, дене тарбия жана спорт адистиктеринде окугандардан, Ички иштер министрлигинин Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнөн  аралыктан экзамен алуу мүмкүн болбогондуктан, экзамендер мурдагыдай эле салттуу түрдө жүргүзүлөт. Башкача айтканда, студенттер атайын даярдалган жадыбалдын негизинде, тиешелүү санитардык талаптар аткарылгандан кийин, окуу жайга келип тапшырышат.

  • Биздин окуу жай чыгармачылык болгондуктан адистик сабактар боюнча бүтүрүүчүлөрдөн аралыктан экзамен алуу мүмкүн эмес. Өзгөчө дипломдук ишти коргоо бир топ түйшүк жаратат. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашып, ушундай чечимге келдик. Биздин бүтүрүүчүлөр буюрса, 17-июндан баштап карантиндик эрежелерди сактоо жолу менен окуу жайга келип, экзамендерин тапшырып, дипломдорун коргошот. Ал үчүн бардык даярдыктар көрүлүп жатат, — дейт окуу жайдын маалымат катчысы Эрлан Жумагазиев.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болсо мамлекеттик экзамендер 20-июндан башталат. Ал учурда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

  • Бүтүрүүчүлөргө, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнө вирустун жугуп калуу коркунучун алдын алуу үчүн тепловизор коюп, баарын бет кап, кол кап менен акысыз камсыздайбыз. Студенттердин баарын бир убакка чакырбайбыз. Атайын жадыбал түзүп, биринин артынан бирин келтиргендей кылабыз. Тилекке каршы, чет мамлекеттик студенттерибиз экзамендерин бере албай калышат экен. Себеби алар карантин башталганда өздөрүнүн мамлекеттерине кетишкен, азыр болсо чек аралар жабык. Аларды күз айларына калтырып жатабыз, — дейт окуу жайдын ректору Токтобек Иманалиев.

 

ДАЯРДЫКТАР КАНДАЙ

Бардык окуу жайлар жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен уюштуруу жана өткөрүү тартибин иштеп чыгышты. Мисалы, учурда Ош мамлекеттик университетинин ар бир факультети, колледждери ЖМАны уюштуруу үчүн бүтүрүүчү студенттердин санына жараша интернетке туташтырылган кааналарды даярдашууда. Экзамендер видеоконференцияларды онлайн пландаштыруучу жана уюштуруучу атайын вебинардык каражаттардын http://webinar.oshsu.kg (BigBlueButton, ZOOM, ж.б.) жардамында ишке ашырылат. Азыр техкатчылар тарабынан WhatsAppтан группалар түзүлүп, тийиштүү маалыматтар жөнөтүлүүдө.

МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР: ТАЛАПТАР, ДАЯРДЫКТАР

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде онлайн режиминде алгачкы мамлекеттик экзамен тест түрүндө 21-майда Кыргызстандын тарыхы боюнча өттү. Аны транспорт жана машина куруу факультетинин убагында Кыргызстандын тарыхынан экзамен бере албай калган бүтүрүүчүлөрү тапшырды.

Бул экзаменди алуу боюнча даярдыктар 7-майда эле башталган. Алдын ала студенттер менен маалымат алмашуу үчүн What’s App топ түзүлгөн. Ага студенттерден сырткары МАКтын мүчөлөрү, декан, кафедра башчылары кирген. Студенттерге экзаменге даярданышы үчүн online.kstu.kg порталында атайын курс түзүлүп, ага кыргыз, орус тилдеринде видео-лекциялар, экзамендин суроолору жүктөлгөн.

Байланыш үчүн бир канча видеоконференция программаларынын ичинен Zoom тандалып алынып, 19-майда 33 студенттен сыноо тести ийгиликтүү жүргүзүлгөн.

  • Муну мамлекеттик экзамендерди аралыктан алууга, дипломдук иштерди аралыктан жактоого болгон даярдык деп дагы эсептесек болот. Себеби бул экзаменди алып жатып бир топ тажрыйба топтодук жана кемчиликтердин үстүнөн иштөөгө жакшы өбөлгө болду, — дейт окуу жайдын маалымат катчысы Айнура Чойтонбаева.

 

2-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕРИН КҮЗҮНДӨ ТАПШЫРАТ

Быйыл 2-курстун студенттери бере турган кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан географиясы жана Кыргызстан тарыхы дисциплиналары боюнча мамлекеттик экзамен 2020-жылдын күзгү семестрине жылдырылды. Мындай буйрукка Билим берүү жана илим министри кол койду.

 

ЖАЙКЫ СЕССИЯ БАШТАЛДЫ 

Азыр дээрлик  бардык окуу жайларда жайкы сессия жүрүп жатат. Студенттерге экзамен, зачеттор модулдарда топтогон баллына жараша коюлууда. Андан сырткары тест аркылуу алып жаткандар дагы бар. Мисалы, мен өзүмдүн студенттеримдин экинчи модулун карантин башталгандан берки онлайн сабактарга катышуусуна, өздүк иштерди, практикалык иштерди аткарганына жараша коюп бердим. Тапшырмаларды тийиштүү деңгээлде аткара албагандар AVN аркылуу тест тапшырышты. Алыскы интернет жакшы жетпеген айылдардан байланышка чыгып жаткандарды түшүнүү менен кабыл алып, жеңилдиктерди бердим. Бир студенттин өзүнүн заманбап телефону жок, такыр байланышка чыга албай жатты эле, кошунасы жардамга келип, жумасына бир жолу ошол аркылуу байланышып турдук, ата-энеси дагы кары адамдар экен.

Арабызда аралыктан экзамен алып жаткандар дагы жок эмес. Алар алгач студент менен ZOOM же WhatsApp аркылуу байланышып, студентке билет тандатып, тандалган номердеги билеттин суроолорун сүрөткө тартып  WhatsApp менен жөнөтүшөт. Студент белгиленген мөөнөттө жообун жөнөтүшү керек. Бирок бул ыкма дагы өзүн толук актабайт, себеби студент               ошол берилген убакта жоопторду интернеттен же башка булактардан көчүрүп алып жатканына эч ким кепилдик бере албайт.

Азыр техника өнүккөн кезде интернет аркылуу экзамен алуунун түрдүү жолдору дагы бар экен. Аны ЖОЖдордун окутуучулары бири-бирине жардам беришип, вебинарларды өткөрүп жатышат. Мисалы, кечээ жакында эле Онлайн Университет платформасы жүздөгөн окутуучуларга вебинар аркылуу Jitsi Meet жана Google Meet платформасын онлайн сынакка колдонуунун жолдорун көрсөтүп беришти. Анда видеоконференция аркылуу бир убакта бир канча студенттен экзамен алуу мүмкүнчүлүгү бар экен.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Поделиться

Комментарии