21 ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ

  • 10.08.2023
  • 0

Мекемелер аралык жумушчу топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

21 ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ

Маалыматка ылайык, “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын” ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында диний экстремизм идеологиясынын жана салттуу эмес диний агымдардын жайылышына каршы туруу, ошондой эле Ош облусунда диний кырдаалды жакшыртуу максатында, ушул жылдын 20-июлунан тартып КР УКМК, Ички иштер министрлигинин, ДИМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрүнөн, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБдан турган ведомстволор аралык жумушчу топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун өкүлдөрү белгилегендей, Ош облусунда диний кырдаалга терс таасирин тийгизген жана динге ишенгендер арасында радикал-экстремисттик идеологиянын жайылышына шарт түзгөн негизги факторлор болуп төмөнкүлөр саналат:

— белгиленген архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактабастан жана калктын реалдуу керектөөлөрүн эсепке албастан диний объектилерди башаламан куруу;

— диний окуу жайларында билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу, жеке жана формалдуу эмес диний түзүмдөрдөгү («худжра», «таалим», «дарс» ж.б.) диний билим берүү процессине көзөмөлдүн жоктугу.

Көрсөтүлгөн шарттарда ведомстволор аралык топтун ишинин жүрүшүндө “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 48 мечитке, 40 диний окуу жайга карата талаптар, актылар түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди, 15 факты боюнча материалдар ББРга (9 мечитке, 6 диний билим берүү мекемесине) катталды, 7 материал МКЖ АМСга каттоого алынды. 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Толтурунган протоколдордун негизинде 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. Христиандык багыттагы 18 диний объектинин иши текшерилди.

Белгиленген архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу менен курулгандыгы үчүн (“кызыл сызыкта” турган) 39 мечит каттоого алынбай турганы жана тиешелүү документтери жок экени аныкталды.

Комиссиянын иш-чарасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында координациялык кеңешме болуп, анда диний чөйрөдөгү орун алган көйгөйлөр талкууланып, аныкталган кемчиликтер айтылды. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча компетенттүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилип, диний жана сыйынуу жайларынын жетекчилерине аныкталган кемчиликтерди четтетүү, түшүндүрүү-профилактикалык иштерди, диний экстремизмдин көрүнүштөрүнүн алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгы айтылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер