ТЭК: ОНЛАЙН САБАКТАРДЫН САПАТТУУ БЕРИЛИШИ ЗАРЫЛ

  • 29.03.2020
  • 0

КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин жамааты Билим берүү жана илим министрлигинин дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндөгү буйругунун негизинде онлайн режиминде окуу процессинин сапаттуу уюштурулушуна колледждин жетекчилиги күн сайын көзөмөлдөп жатат.

КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин директору, тех.и.д, профессор Жыргалбек Шаршембиевдин маалыматына таянсак, ар бир бөлүм башчы студенттердин мугалимдер менен байланышы боюнча атайын таблица түрүндө күн сайын саат 15.00дон 16.00го чейин жетекчиликке WhatsApp аркылуу жөнөтүп турушат.

— Билим берүү жана илим министрлиги менен ректорат таблица аркылуу маалымат берүүнү талап кылып жатышат. Мугалимдердин алдында азыркы учурда эң негизги эки милдет турат. Биринчиси — КТП (календардык тематикалык план) боюнча өз убагында сапаттуу окуу материалдарын группаларга жөнөтүү. Экинчиси — жөнөтүлгөн окуу материалдарын ким окуду, берилген тапшырмаларын аткарып жатабы? Башкача айтканда студенттердин өз убагында расписание боюнча сабакка катышуусун жана берилген тапшырмаларын аткарганы боюнча сабакка жетишүүсүн көзөмөлдөө, — дейт директор.

Албетте, жаңыдан дистанттык окууга өтүп жаткандан кийин кыйынчылыктар болбой койгон жок. Анткени айрым студенттер WhatsAppка кирбей тапшырмаларды алалбай жатышат.

— Айрым студенттер алыскы айылдарда жашайт. Албетте интернеттин жай иштеши да сабакка тоскоолдук болуп жатат. Ошондуктан мугалимдер, кураторлор тынымсыз ата-энелер менен телефон аркылуу байланышып иштеп жатышат. Саат 8.00до мугалимдер ар бири өз сабактары боюнча студенттерге тапшырмаларын жөнөтүп жатышат. Аны студенттер саат 15.00го чейин кабыл алышууда. Берилген таблицада студенттердин онлайн сабакка катышуусунун пайызы көрсөтүлүп жатат. Сабакты үзгүлтүккө учураткан мугалимдерге тиешелүү чараларды көрүп жатабыз. Сабакты кандай нукта жиберип жатышат? Мисалы, ириде мугалим студенттер менен учурашып, анан ар бири сабагынын темасын жазышат. Окуп чыгып, аны дептерге жазгыла, андан соң түшүнбөгөн суроолоруңарды кайра жазгыла деп мугалимдер WhatsApp аркылуу жөнөтүп жатышат. Биз күнүгө сабактардын сапаттуу өтүлүшүнө көзөмөл салып атабыз, — дейт Ж.Шаршембиев.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии