НАРЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ДЕЗИНФЕКЦИЯЛАНДЫ

  • 29.03.2020
  • 0

Нарын облусундагы бардык билим берүү мекемелери дезинфекциядан өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунун директору Касымбек Мамытов билдирди.

Директордун берген маалыматына таянсак, бул ишке мектептердин 154 химик мугалими, 177 биология мугалими, соцпедагогдор, уюштуруучулар, жер-жерлердеги ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 64 медицина кызматкери тартылган. Ошондой эле алар жугушсуздандыруу боюнча окуудан өтүшкөн.

— Бүгүнкү күндө 142 мектеп жана 137 бала бакча толугу менен дезинфекциядан өткөрүлдү.

Ошондой эле Ак-Талаа районундагы 42 билим берүү мекемеси айыл өкмөттөрдүн жардамы менен экинчи жолу дезинфекцияланды. Мындан тышкары, бардык ата-энелерге сунуштамалар берилди, — дейт директор.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии