ФОТОСҮРӨТКӨ СЫНАК

  • 02.03.2020
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду фотосүрөт сынагын жарыялайт. Сынакка Кыргызстандын бардык жарандары (чет өлкөдө жашаган мекендештер дагы) катыша алат жана эч кандай чектөө жок.

Кызыктуу, күлкүлүү, сапаттуу сүрөттөрдөгү өзгөчө көз ирмемдер төмөнкү багыттарда сунушталат:

“Майрам деген майрам!”, “Бала жана маданият”, “Тентек балдар”,  “Жаратылышка чыкканда”, “Китеп окуйлу”, “Боорум эзилгиче күлдүм”, “Компьютер менен “сен” дегенде”, “Менин балам – гений”, “Мастер класста иштейбиз”, “Баламдын белеги”, “Алгачкы кадам”, “Муундардын баарлашуусу” (чоң ата, чоң апа,таене,таята), “Самын менен достошом”, “Мен мугалим болгондо”, “Мага жарашабы?”, “Улуттук кийим”, “Атам менен селфи”, “Апам менен селфи”, “Досум менен селфи”.

Сынактын шарттары:

  1. @3tonkiyinkech Instagram баракчасына жазылып
  2. Сынакка чыккан сүрөттү өз баракчаңызга жүктөп, #@3tonkiyinkech хештегин жана сүрөттүн темасын жазасыз
  3. Сүрөт чоң планда (крупный план), бажырайып тартылышы керек жана өтө сапаттуу болууга тийиш.

Конкурска сүрөттөрдү кабыл алуу 15-мартка чейин уланат! Андан кийин сүрөттөргө добуш берүү башталып, эң көп добуш алган сүрөт жеңүүчү болуп табылат!

Сынактын башкы жеңүүчүсүнө – акыркы үлгүдөгү смартфон белекке берилет! Андан тышкары китептер, жаратылыш койнуна саякаттоого тур жана башка кызыктуу, сонун белектер күтөт! Суроолор боюнча 0555850707 номерине саат 9:00-19:00 аралыгында байланышсаңыз болот!

Эл аралык коомдук фонду тарабынан Инстаграмда жана башка социалдык тармактарда ата-энелерге арналган «Үч жаштан кийин кеч» баракчалары балдарды ар тараптан өнүктүрүү боюнча пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды бөлүшүп келет.

Г.А., «КБ»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер