ОРУС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ МУГАЛИМДЕРИНИН СЫНАГЫ ӨТӨТ. МЫКТЫЛАРЫ МОСКВАГА БАРАТ

  • 27.11.2019
  • 0

ОРУС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ МУГАЛИМДЕРИНИН СЫНАГЫ ӨТӨТ. МЫКТЫЛАРЫ МОСКВАГА БАРАТ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Росскызматташуунун Кыргызстандагы өкүлдөрү Виктор Нефедов жана Ирина Тузова менен “Россия гуманитардык миссиясынын” башкы директору Алексей Полковниковду кабыл алды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова да катышты.

ОРУС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ МУГАЛИМДЕРИНИН СЫНАГЫ ӨТӨТ. МЫКТЫЛАРЫ МОСКВАГА БАРАТ

“Россия гуманитардык миссиясынын” башкы директору Кыргызстандагы орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн сынак уюштуруу планы менен тааныштырды. “Кесипке карай менин жолум” темасындагы сынак 2019-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 31-мартына чейин өтөөрү болжолдонууда.

Сынак эки этап менен уюштурулат: биринчи этапта катышуучулар эссенин негизинде тандалып алынат. Экинчи баскычка өткөн 30 мугалим орус тили сабагын өтүү методикасы боюнча жеке көз карашын чагылдырган видео-роликтерди даярдашы керек болот.

Мындан сырткары экинчи этапка жолдомо алган 30 мугалим үчүн Бишкек шаарында дүйнөгө аты чыккан орус тили жана адабияты мугалимдеринин биринин катышуусу менен мастер-класс өткөрүү пландалды. Ал педагогдорго окутуунун жаңы методикаларын көрсөтөт.

Сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынган эң мыкты он мугалим 2020-жылы Москвага жолдомо-сертификаттарына ээ болот.

Конкурс 2020-жыл Кыргызстан менен Орусияда жарыялаган эки өлкөнүн кызматташуу жылынын алкагында өтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер