БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

  • 18.11.2019
  • 0

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине өбөлгө түзөрү бышык. Албетте, улуттун келечеги кең болушу үчүн өзүбүздүн көөнө дөөлөттөрдү дүйнөлүк озгур тажрыйба менен айкалыштыруубуз кажет. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун билим берүү багытындагы иштери ушул талашсыз чындыкты эске алуу менен жүргүзүлүп жатат. Мунун дагы бир мисалы – жакында иштелип чыгып, бала бакчаларга тартууланган “Билим сандыгы” колдонмо комплекти.

Ушул дидактикалык-усулдук колдонмо комплект жөнүндө аны сынактан өткөргөн  “Кыргызтелеком” ААКтын Бишкектеги №47 балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү борборунун педагогдору менен маектештик.

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Мамлякат Жыргалбаева: “Заманбап, көзгө толумдуу”

— Абдан жакшы колдонмо. Сапаты да сонун. Он жылдай мурун мындай темада чыккан колдонмолор мазмундук жактан өтө эле эскидей сезилчү. А булар заманбап түстө, көзгө толумдуу, балдарга жакын дем менен иштелген. Айрыкча 7 облустун аймагын, аларда жашаган жан-жаныбар, өскөн өсүмдүктөр чагылдырылган республикабыздын куралма (пазл) картасы сонун жасалыптыр. Сандыктан алып чыкканда эле, дароо жактырдык, жан дилибиз менен баарыбыз колдоно баштадык. Ар бир тайпага жеткириш үчүн түстүү көчүрмөлөрүн даярдап, ламинат менен тыштап алдык.

 

Татьяна Попова: “Эң жакшы таяныч”

— Бизде азыр улуттук мазмундагы материалдар өтө аз. Интернеттен издеп таап, Россиянын, башка өлкөлөрдүн бала бакчалары үчүн иштелип чыккан усулдук колдонмолорду пайдаланып, өзүбүз да жасап келдик эле. Ушундай шартта “Билим сандыгы” эң пайдалуу каражат болуп калды. Ички мазмуну бай, жасалгасы балдарга жаккыдай ачык, шаңдуу. Сандыктагы нерселердин баары бири-бирин өтө шайкеш толуктап турат.

Китеп да сонун – “Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз”! Үй-бүлөдөгү жылуу, мээримдүү мамиле, туулган жерге, мекенге болгон сүйүү, өлкөнү таанып-билүүгө, табиятка жакындык жана элдик каада-салттарды үйрөнүүгө кызыктырган маалыматтар… Балдардын дилгирлигин ойготуп, мекенчилдикке, биримдикке, сабырдуулукка тарбиялай турган жакшы каражаттар топтому ушул сандыкта. Мына, жыл мезгилдерин чагылдырган сүрөттөрдөгү аялдардын улуттук кийими жаш курагына жарашып калган: жаз – жаштык, жай – толукшуп турган курак, күз – токтолуп, салабаттуу тарткан кез, кыш – кадыр-баркы бийик байбичедей. А бул “Кыргызстандын 7 керемети”, муну да көчүрмөлөп көбөйтүп алдык.

Үй-бүлөгө келсек, чоң ата-чоң эне, ата-эне, балдар заманбап стилге ылайыкталган улуттук кийимчен.

Сандыктагы айрым нерселер сиздерге мурда эле тааныш болгон окшойт?

— Бул комплектти иштеп чыгууда усулчубуз Аэлита Ураловна Агайдарова менен сүрөт мугалимибиз Екатерина Александровна Плечкандын эмгеги чоң.

Ушул сандыкты камдаш үчүн пайдаланылган мыкты каражаттардын көбү биздеги улуттук колорит менен жасалган куралдар конкурсунда иргелип алынган. «Роза Отунбаеванын Фонду” эң кызыктууларын иргеп, комлект түзүп, толуктап, фабрикалык сапатта даярдап берди.

— Демек, практикадан келип чыккан экен да?

— Албетте. Биздин тарбиячылар дайыма изденип, чыгармачыл иштейт, табылгаларын ортого салып, колдонуп көрүп, чогуу өркүндөтүшөт. Бакчабызда түркүн темалар (экологиялык, адеп-ахлак, эстетикалык тарбия ж.б.) боюнча көптөгөн семинарларды, консультацияларды өткөрүп келгенбиз. Колубуз жеткен адабияттарды дайыма чогултуп жүрөбүз. Бизде Кызыл китеп да бар.

Балдар үчүн жакшы китептер, колдонмолор бизде аз. Ырас, көркөм чыгармалар жетиштүү эле табылат, бирок тематикасы, мазмуну, усулдук колдонулушу боюнча ылайыктап иштелип чыккан тутумдуу каражаттар, мисалы, жакшы иллюстрациялар жокко эсе. Ошондуктан биз бакчабызда пайдаланган нерселердин баарын өзүбүз издеп, кураштырып, толуктап, өркүндөтүп келдик.

Эми  “Билим сандыгы” эң жакшы таянычыбыз болуп калды.

— Келечекте муну дагы өркүндөтүп, мазмунун тереңдетели, байыталы деген оюңуздар барбы?

— Жумуш менен катары изденүү да токтобойт, демек, мындан да жакшы нерселерди иштеп чыгабыз деп ойлойм. Биздин тарбиячылар баары чыгармачылык менен иштейт. Идеялар көп. Мисалы, математика боюнча бул куралманы (пазлды) колдонуп, балдарга ирети менен санаганды үйрөтөбүз.

Буларды баардык бакчаларга жеткидей кылып чыгарса сонун болмок экен.

— Албетте. Ошентсе, ар бир даанасынын өздүк наркы да арзандамак. Азыр биздин усулдук борбордо гана бир нуска бар. Эгер кеңири тираж менен арзан чыгарылса, ар бир тайпага сатып алмакпыз.

 

Екатерина Плечкан: “Зарылдыктан жаралган колдонмо”

 

— Екатерина Александровна, бул сандык кандайча жаралды?

— Азыр биз колдонуп жаткан нерселердин дээрлик баары россиялык, украиналык, белоруссиялык, казак кесиптештерибиздин иштелмелери, буларды интернеттен көчүрүп, пайдаланчубуз. Бирок өзүбүздүн жерибизге, элибизге тиешелүү материалдар өтө аз. Балдар үчүн кандайдыр бир китептер, анча-мынча жасалгалар, боёмо сүрөттөр гана табылат. Системалуу, ырааттуу иштелген куралдар комплекси жок. Ошондуктан айрым бир каражаттарды өзүбүз ойлоп чыгарып, өз колубуз менен жасачубуз, башка кесиптештерибизден алып, биздеги шартка, өзгөчөлүктөргө ылайыкташтырчубуз.

Өткөн окуу жылы биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун юбилейинде да ушундай кыйынчылыкка туш келдик. Мектепке чейинки курактагы балдарды Айтматовдун чыгармачылыгы менен тааныштыруу оңой эместигин көрдүк: атайын материалдар, иллюстрациялар жок. Залкар жазуучу дээрлик баардык чыгармаларында баланын тагдыры, бала менен жаныбарлардын байланыштуулугу (мисалы, Акбара менен Кенжебек, Бала менен Бугу Эне), жаратылышты, туулуп өскөн жерди жакшы көрүү ж.б.у.с. темаларга кайрылган эмеспи.

Роза Отунбаеванын Фондунун адистери ушундай сандык түзүүнү ойлонуштуруп келген экен. Алардын идеясын жүзөгө ашырууда биздин бала бакчадагы чыгармачыл тарбиячылардын кеп-кеңеши эске алынды. Сандыктын түзүүчүлөрү  ага камтылуучу эң зарыл материалдардын топтому, алардын форматы боюнча кесипкөй сүрөтчүлөр жана башка эксперттер менен да көп акылдашышкан. “Билим сандыгы”  зарылдыктан, бүгүнкү турмуштун талабынан жаралды. Биз, көп жылдар бою иштеп келаткан педагогдор, соңку он жылдан бери балдарды туулган жер, өлкөбүз менен тааныштыруу үчүн практикалык, усулдук, иллюстрациялык, көргөзмөлүү материалдарды таппай кыйналып келдик эле. Мектепке чейинки билим берүү программасына туулган жер, кыргыз элинин маданияты, тиричилиги, каада-салттары менен тааныштыруу, элдик педагогиканын ыкмаларын колдонуу талабы коюлган. Бирок бөбөктөргө мунун баарын беш манжабыз менен жеткире түшүндүрүп бере албайбыз да. Көргөзмөлүү куралдар, дидактикалык каражаттар керек.

Ошентип, жоктун баарын өз күчүбүз, колубуз менен жасап алууга, башкалардын материалдарын ыңгайлаштырууга кириштик. Биздин усулчубуз Аэлита Ураловна бул колдонмолорду, оюндарды баардык сабак-оюндарда (математика, сүрөт, экологиялык, адеп-ахлак тарбиясында, атүгүл дене тарбияда деле) колдонууга ылайык түрмөк кылып иштеп чыгууну сунуштады. Кыргыздын ыкчам же азыраак кыймылдуу (биргелешип аткара билүүчүлүктү, тапкычтыкты өнүктүрүүчү) оюндарын кичинекейлерге ылайыктап иштеп чыгалы дедик. Ушул максатты алдыбызга койгондон кийин бара-бара, баскыч-баскычы менен материалдарыбыз толукталып, өркүндөтүлүп турду. Мисалы, адегенде табият таануу, күнүмдүк тиричилик темаларынан баштап, анан кол өнөрчүлүк, өлкөбүздөгү, жаныбарлар жана өсүмдүктөр, экология темаларына өттүк. Ошентип, көргөзмөлүү буюмдар, дидактикалык материалдар кыйла топтолуп калганда, ушунун баарын бирдиктүү сюжетке туташтырууну чечтик.

Аэлита Агайдарова жазган “Кыргызстаныбызды окуп үйрөнөбүз” усулдук колдонмосуна “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду буга чейин чыгарган “Кыргызстаныбызды кыдырабыз” көркөм китебинен Бекжан менен Эркинайдын сапары, биздин сюжеттүү оюндар, кыргыздын салттуу үй-бүлөсү жөнүндөгү темалар да кошулду. Көп темалар боюнча, мисалы, чоң ата менен чоң эненин жакшы сүрөтүн таппай кыйналдык. Ошондуктан кесипкөй сүрөтчүнүн жардамы менен көргөзмө куралдарды башкача иштеп чыктык. Алсак, жыл мезгилдерин улуттук кийимчен кыздарга, аялдарга окшотуп тартканы абдан жакшы болду. Бул иллюстрацияларды сүрөтчү кыргыздын каада-салттарын мыкты билген Айдай Асангулованын көрсөтүүсү боюнча иштеп чыкты. Бир эле учурда улуттук колоритке да шайкеш, азыркы балдардын кабылдоосуна да ылайык келгидей сүрөттөрдү иштеп чыгууда сүрөтчүлөр көп түйшүк тартышты.

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Ошентип, Фонд иштеп чыккан комплект биздин бакчада сынактан өткөрүлө баштады. Балдар буларды өтө дилгирлик менен кабылдашты, анткени алар жаңы нерселердин баарын оюн, фантазия, чыгармачылык аркылуу өздөштүрүшөт.

— Сандыктагы табериктин баары шайкеш келип, бири-бирин толуктап турат экен…

— Ооба. Сандыктын дагы бир жакшы жагы – бул баланын жан дүйнөсүн байытуу жолунун башталышы гана болгонунда. Эң башкысы, ар бир адамга эң керектүү өзөк баалуулуктарды бала бармактайынан өздөштүрүшү үчүн ушундай мыкты иштелген куралдарга таянышыбыз керек.

Сандык биздин тарбия-таалим ишибизге керектүү башка нерселер менен да толуктала берет, бул жагынан алганда, анын мүмкүнчүлүгү чексиз. Ишти уланта беришибиз керек, анткени бул деңизге тамган тамчыдай аз.

Сандыктын дагы бир артыкчылыгы – аны ата-энелер да колдонсо болот. Балдарыбызга ар түрдүү өнүктүрүүчү оюндарды сатып беребиз го, бирок алар көбүнчө башка өлкөлөрдөн чыккан, башка баалуулуктарды жайылтат эмеспи. Андан көрө өзүбүздүн дөөлөттөргө таянып, чоң ата, чоң энелердин таалимине каныктырган оӊ.

— Мындан ары эмне кылуу керек?

— Албетте, жетишилген чекте токтоп калбай, башка бакчалардагы чыгармачыл педагогдордун тажрыйбасын да эске алып, бул колдонмолорду өркүндөтүү керек. Балким, кайсы бир башка жамаат биздикинен да кызыктуу нерселерди сунуштап калаар? Анткени бул чоң иштин башталышы гана. Массалык түрдө өндүрүп чыгарылса, өздүк наркы да арзандайт. Мунун баары балдарга, бакчаларга, балалуу үй-бүлөлөргө абдан зарыл.

 

Маектешкен Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер